29-июнь 2020/informator.kg-

“Эркиндик!” деп чакырык таштаган митингчилер Эркиндик гүл багынан Ак үйдүн алдына жөө жүрүш менен келишти. Ушул тапта катышуучулар Жогорку Кеңештин алдында аралыкты сактап турушат. Алар “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы чакырыктарды айтып, мыйзамдын автору Гүлшат Асылбаеваны мандатын тапшыруусун талап кылып жатышат.
Уюштуруучулар акцияга миңден ашык киши, негизинен жаштар катышып, алар аянтка “элдин үнүн” алып чыгып жатышканын, артына эч кандай саясий күчтөр жок экенин белгилеп жатышат.
Митингге милиция кызматкерлери көз салып турушат. Алар аянтка канча киши чыкканын айтыша элек. “Эркиндик!” деп чакырык таштаган митингчилер Эркиндик гүл багынан Акүйдүн алдына жөө жүрүш менен келишти. Ушул тапта катышуучулар Жогорку Кеңештин алдында аралыкты сактап турушат. Алар “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы чакырыктарды айтып, мыйзамдын автору Гүлшат Асылбаеваны мандатын тапшыруусун талап кылып жатышат.
Уюштуруучулар акцияга миңден ашык киши, негизинен жаштар катышып, алар аянтка “элдин үнүн” алып чыгып жатышканын, артына эч кандай саясий күчтөр жок экенин белгилеп жатышат.
Митингге милиция кызматкерлери көз салып турушат. Алар аянтка канча киши чыкканын айтыша элек.