22-сентябрь 2020/iinformator.kg-

Бишкекте тергөө абагына баңги зат алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 21-сентябрда Бишкек шаарындагы СИЗО-1дин ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мекеменин аймагына баңги заттарды алып кирүү боюнча 2 фактыны алдын алышкан. “Болжол менен саат 10:30 чамасында №1-тергөө изоляторунда кармалган жарандардын тамак-аш азыктарын кабыл алуу блогунда, Чүй облусунун 1986-жылы туулган З.Т. аттуу тургуну 1992-жылы туулган А.Т. аттуу айыпталуучу жаранга азык-түлүк алып келген. Тинтүү учурунда, буюмдардын ичинен болжол менен салмагы 13 граммды түзгөн полиэтилен баштыктарына оролгон, белгилүү бир кара куурай жыты бар заты табылган”, – деп айытлат маалыматта. Бул факт “Кылмыштардын жана жосунсуз жоруктардын бирдиктүү реестрине” катталып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.