Бишкек. 01.09.20. informator.kg   Бишкектин эки жаңы конушу таштанды ташуунун акысы үчүн миллион сомго чукул карыз болуп, мунун айынан мындан ары таштандылары ташылбай турган болууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анда таштанды тазалоочуларга  “Рухий Мурас” жаңы конушунун тургундары 399 660 сом карыз болушса, “Алтын Ордо” жаңы конушунун жашоочулары 599 286 сом каражатты тазалыкчыларга төлөп берише элек.

“Аталган конуштардын айрым жашоочулары 2017-жылдан бери таштандыга төлөмдөрдү төлөбөй, кээ бир үйлөрдүн карызы 8000 сомдон ашканы белгилүү болду. Алар акы төлөшпөйт бирок, ар бир жуманын аягында үйүндөгү таштандыларды көчөгө алып чыгып коюшат. Аталган жаңы конуштарды  тейлеген  “Комтранском”  ЖЧКсы карыздын өнбөгөнүнөн улам мындан ары таштандыны тазалоого чыкпай турганын билдирүүдө”,-деп айтылат маалыматта.