28-июль 2020/informator.kg-

Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Виктория Мозгачева дайындалды. Татьяна Кузнецова вице-мэрлик кызматын тапшырганын мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда билдирген.Мозгачева социалдык тармакты көзөмөлдөйт. Ал буга чейин «Бишкек жылуулук» коммуналдык ишканасынын директору болчу. И.Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетте инженер-экономист адистиги боюнча жогорку билим алган.