Бишкек. 3.08.20 informator.kg

Борбордук Азия Университети БАУ Төш-Булак чөлкөмүнүн жашоочуларына Курман Айт майрамына карата азык-түлүк жана башка керек-жарактарды таратты. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Анда, Университеттин жетекчилиги Нарын шаарындагы Төш-Булак чөлкөмүнүн жашоочуларына Курман Айт майрамына карата күндөлүк турмушка зарыл болгон азык-түлүк жана гигеналык коргоочу каражаттар салынган тазалык баштыктарын таратып, 30 үй-бүлөө кубанычка бөлөнгөн.

Алардын арасында жол кырсыгынан каза болгон инисинин 2 жана өзүнүн 5, баардыгы болуп 7 баланы тарбиялап жаткан Сыйнабүбү апа берилген жардам баштыктарын сүйүнүп тосун алды:  “Биздин чөлкөм БАУнун Нарын шаарындагы кампусу менен кошуна жайгашкан жана биз дайыма Ага Хан уюму тарабынан көрсөтүлүп келе жаткан жардамдарга ыраазыбыз”,-деди ал.

 “Таажы илдети пандемиясы башталган алгачкы күндөрдөн тартып биз БАУдан зарыл болгон жардамдарды жана колдоолорду алып келе жатабыз. Биз Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун жергиликтүү бийлик менен кызматташуусун жогорку деңгээлде баалайбыз. Өткөндө БАУ 500 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктарын жана Нарын облустук ооруканасынын дарыгерлерине медициналык керек-жарактарды жана жекече коргонуу каражаттарын таратышты. Биз окуу жайга ыраазычылык билдиребиз”,-деди  Нарын шаарынын мэринин орун басары Назира Жумакадырова иш чара учурунда.