21-июль 2020/informator.kg-

 Биздин эсеп боюнча, өлкөдө 4 миңден ашык кычкылтек концентратор бар. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттөгү онлайн брифингде билдирди.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген билдирүүсүнө ылайык, республика боюнча 2250 кычкылтек концентратор керек деп айтылган. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги медицина мекемелеринде кычкылтек концентратор иштетилип жатканы 3041 түзөт. Мындан тышкары жеке компаниялар, жеке ишкерлер аталган аппаратты алып келип жатышты. Биздин эсеп боюнча, учурда 4 миңден ашык кычкылтек концентратору бар. Ар бир айылдын ФАПтарына кычкылтек концентраторун коелу деп пландап жатабыз. Себеби жасалма дем алдыруучу аппаратка караганда кычкылтек концентраторго талап көп болорун практика көрсөттү», – деди премьер-министр.Анын айтымында, жакынкы күндөрү Кытайдан дагы 500 кычкылтек концентраты келе турганы күтүлүүдө. Буга чейин Кытайдан 1500 даана кычкылтек концентраты алынып келинген.