7-сентябрь 2020/informator.kg

Парламенттик шайлоого катышууга уруксат берилген 15 саясий партия 1 миң 957 талапкерди көрсөтүштү, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды. Жалпысынан 1 миң 912 талапкер катталды. 1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32% аялдар. Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталды.