15-сентябрь 2020/informator.kg-

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабековду жарыштан четтетүүнү сунушташты. Ал административдик ресурс колдонуп жана добуш сатып алууга негизделген иштерди жасап жатканын айтышууда. Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Ал жерде көз жарган келинге сүйүнчү пул катары 50 миң сом бергени жазылган. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүнкү жыйында Дастан Жумабековдун же ал кирген “Кыргызстан” партиясын жарыштан четтетүүнү сунуштай турганын билдирди.