22-ноябрь 2020/informator.kg- Атактуулугу менен Түштүк Кореяны гана эмес, дүйнөнү да багынткан “BTS” тобунун жаңы клиби бир суткада 95 миллиондон ашуун кароо топтоп, 10 миң “жакты” белгиси басылды. Учурда клиптин кароосу дагы өсүүдө. Аталган топтун “Life Goes On” деп аталган чыгармасы COVID-19 илдетинен жабыркагандарга арналып жазылган. Ырчылар пандемия шартында өздөрүнүн гана элин эмес, дүйнө элин дагы колдоо максатында ырды аткарып чыгышканын билдирген.