Аналитика

Аналитика

Эркин Тойгонбаев, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы:“Элге ишеним бере алсаң, элет өнүгөт”

Бишкек. informator.kg Өткөн айда КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна иш сапарга чыгып, анда Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү жаңы обьектилер менен таанышып, андагы ийгиликтерге күбө болгон болчу. Айрыкча, Кара-Тектир айылындагы “Aselim” 90 орундуу  чакан тигүүчү фабрикаданын жетишкендиктери үчүн кубанып, элет жеринде мындай ишканалардын ачылып, кыз-келиндердин жумуш оруну менен камсыз болуп, айылдан чыккан текстиль продукциясынын чет өлкөлөргө экспорттолуп жатканы  башкалар үчүн эң мыкты мисал экендигин, ишкана иш орундарын гана түзбөстөн айыл өкмөтүнүн бюджетине да салым кошуп, аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болоорун айтканы бар.

Ушундан улам биз  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Тойгонбаевге кезигип, кепке тарттык...

Арал, Бала-Чычкан, Кара-Тектир, Кызыл-Туу, Жпром айылы, Жаңы-Жол айылы, Кара-суу айылы биригип бир айыл өкмөттү түзөт.

-Эркинбек Абасканович, Сиздин айыл өкмөт башчылыгына качан, кандай шайланып келгенсиз?

-Бул өзү кызык окуя болгон. Өзүм тээ эгемендик жылдарынын башынан тарта эле соода-сатык менен болуп, алгачкы челнокчулардын бири болгомун. Ыраматылык Мухтар Өмүракуновдор менен бирге ишкерлик жасап, Орусиянын шаарларында иштегенбиз. Кийинчерээк, негизги ишти үй-бүлөөм аркалап, мен ислам динин жайылтып, дабаатка чыгып, руханий тазартуу, агартуу иштери менен дээрлик 10 жылдан ашык алек болдум. Акыркы жылдары туулуп-өскөн Токтогул районун Кара-Тектир айылына келип, павлония дарагын тигип, алма-өрүк шактарын отургузуп, эки дыйкан чарбаны өнүктүрүү иштери менен болдум.

2017-жыл эле. Күндөрдүн биринде айыл өкмөттөн мал-жанга справка алууга барсам, айыл өкмөт башчыбыз иш ордунда жок. Справка анын мөөрүсүз берилбейт экен. Эртеси келсем дагы баягы көрүнүш. Кызматкерлер иш орундарында жок. Мен го унаачанмын, айыл өкмөткө 15-20 чакырым жолду басып, ар кайсы айылдардан келген кары-картаңдар, майыптар, жаш балалуулар келсе, ушинтип убара болсо жакшыбы? Кыскасы, жергиликтүү бийликте тартиптин, жоопкерчиликтин аздыгы мени намыстандырып, ушул терс көрүнүштү жоюп, элге кызмат кылып, жок дегенде тазалык менен тартипти ордуна коюу үчүн айыл өкмөт башчылыкка талапкерлигимди койдум. Жергиликтүү кеңештин 21 депутаттынын 14 колдоп, айыл өкмөт башчысы болуп дайындалдым. Башында, “ушул дабаатчы кайсы ишти кыйратсын?!” дегендер да көп болду Бирок, ошондо эле “эгер 1 жылда иштен мыкты жыйынтык бере албасам өз эрким менен кетем”,-деп арыз жазып койгом.  Кудайга шүгүр, 4 жылда райондогу эң мыкты көрсөткүчтөрдү берген айыл өкмөтү боло алдык.

-Анда ошол ийгиликтерге өтөлү. Кана кандай жумуштар жасалды?

-Биздин айыл өкмөт -Арал, Бала-Чычкан, Кара-Тектир, Кызыл-Туу, Жпром, Жаңы-Жол, Кара-суу деген 7 айылдан туруп, жалпы калктын саны 18 миңге чукул. Токтогул шаарчасын курчап турабыз. Сөздү көлдүн жээгиндеги алыскы Кара-Суу айылынан баштасак, айылдагы мектептин эскилиги жетип бараткандыктан, мамлекеттик бюджеттен алгач 5 млн. сом бөлдүрүп, азыр жер пайы толугу менен бүтүп, эми дубалдарын көтөрүү алдында турабыз. Ошондой эле айылга түрткү берүүчү  гранттын негизинде чакан ФАП салдык да, мурдагы ФАПты капиталдык ремонттон өткөрүп, 75 орунду бала бакчаны быйылкы жылга ишке берсек деп турабыз. Буга болгону 1,4 млн сом керектелип, каражат абдан үнөмдөлдү десек болот.

Кара-Суу жана Жаңы-Жол айылдарындагы  ичиндеги жолдорду ремонттоо, жаңы жолдорду куруу, шагылдоо, боюнча көп иштер жасалды. Жаңы-Жол айылына таза суу киргизүү боюнча долбоор жазып, мурда Бала-Чычкан айылы менен биргеликте таза суу келсе, азыр өзүнчө линия менен жеткиликтүү таза суу келип калды.

Бала-Чычкан айылына келсек, айылга жабык спорттук аянтча салуу боюнча, долбоорубузду даярдап, аны Токтогул районун өнүктүрүү фондуна жолдогонбуз. Каржы бөлдүрүү аракетибиз жыйынтыгын берип, 4 млн. 900 миң сомго курулуш иши башталган. Токтогул району боюнча мурда мындай спорттук жай куруган эмес, бул уникалдуу, жергиликтүү калкты кыштын күнү да спорт менен алектенүүгө чакырган аянтты жаңы жылга чейин ишке берели деп турабыз. Азыр үстүнкү жабуусу жабылып жатат.

Арал айылына келсек, Чычкан суусунан жаңы линия менен таза суу алып келүү боюнча стим.гранттан колдоо алып, иштер жүргөн. Бирок, жумуш аткаруучу тараптын бир аз кемчилигинен улам мөөнөтүнөн кечигип жатат. Бирок, таза суу айылга жетти. 

Жаңы-Жолдо айыл өкмөттүн өзүнүн кеңсеси эски жана тар болчу. Жергиликтүү кеңештин 21 депутаты сессия учурунда батыша албай мектептерде жыйын кылышчу экен. 7 айылдын башчылары, кызматкерлер деле жалпы чогулушта кыйналып шарт жок эле. Эшигин көрүп төрүнө өт демекчи, атайын долбоор жазып, стим.гранттын негизине  2,6 млн. сомго ушул жаңы имаратты бүтүрүп, көчүп кирдик. Өткөндө бул жакта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны өтүп, шарттын жакшырганына күбө болушту.  

Ошондой эле айылга жергиликтүү акча карап, айылга кичи футболдук аянтчасын салдык. Тээ союздан калган айылдын техникалыкаларын токтотуучу гараж кийин менчиктештирүүнүн капшабы менен жеке жактарга өтүп кеткен экен, биз жергиликтүү бюджеттен 1,8 млн. сом каржы бөлүп, жаңы гаражды салып бүттүк. Жакында айылдагы баардык техникаларды, эски-жаңысына карабай чогултуп, ушул жерден оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөбүз деген ниет бар.

Айылдагы ашар ыкмасы менен башталган дагы бир иш-бул бала бакчанын курулушу. Былтыркы жылы жергиликтүү кеңештин депутаты Самат аттуу жигитибиз чөнтөгүнөн 700 миң сомун чыгарып, Адылбек деген агабыз 150 миң сом чыгарып, айыл өкмөт бөлүп берген жерге 75 орундуу бала бакчанын дубалы туруп, чатыры жабылды. Буюрса, стим.грантка жазып, 2019-жылы бүтүрөбүз.

Кийинки Кызыл-Туу айылындагы жаңылыктарды алсак, айылдагы бала бакчанын жанына каржы министрлиги аркылуу “колдоо каржысы” доболбоору менен 25 орунга ылайыкташкан кошумча имарат куруп, быйылкы окуу жылында ишке киргиздик. Ал жерде 5-6 жаштагы жогорку топтогу жеткинчектер тарбияланып жатышат. Бул айылдагы сугатка суу чыгаруучу насостук станция көп жылдан бери көйгөй жаратып, эч ким жоопкерчилик албай келген эле. Ошону аракеттенип жатып суу чарба департаментинин балансына өткөрүп бердик. Алар эми сугат суусун камсыздап станцияны карап турушат.

Дагы бир жакшы иш-Кара-Тектира айылы менен Жпром айылын туташтырган Ош-Бишкек кан жолунун эки жээгин 1,5 чакырымды жарыктандырып, жөө адамдарды унаалардын сүзүп кетүү кооптуулугунан кутулттук деген ойдобуз. Буга райондун өнүктүрүү фондунан каржылык колдоо болду. Кара-Тектир айылынын ичиндеги 2 чакырымга чукул жаңы жол да, айылдагылардын катташуусуна шарт түздү. Анткени, мурда долбоорлонуп бирок курулбай калган жолдун нугун жергиликтүү тургундар менчиктеп, тосуп алган эле. Түшүндүрүү иштеринен кийин тосмолор алынып, курулуштар жылдырылып, эски сайдын орду, аңдар толтурулуп, элдик ашар ыкмасынан кийин айланып өтүүчү жол кыйла кыскарды.

Ошол эле Кара-Тектир айылына 2 млн. сомго чакан футбол аянтчасы салынып, жаштар спорт менен алек болушууда. Мына, 2 айдан бери бул айылдын “Манас” аймагында Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу  каржыланган “Таза суу” долбоору башталып, АРИСтин жетекчилиги астында ар бир үйгө таза суу тартылып кирип жатат.

Бул жерден өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылына карата, биз Кара-Тектир айыл аймагында 90 жумушчу орундуу “Аселим“ кийим тигүүчү фабрикасын ачууга жетиштик. Бул жерде айыл жергиликтүү бийлик өзүбүз демөөрчү-ишкерди таап, анын менен сүйлөшүүдөн кийин ага даяр имаратты сунуш кылып, акыры жыйынтык биз күткөндөй болду. Фабрикада 90 кыз-келин эмгектенип, спорттук ийимдерди айымдардын жана мырзалардын кышкы-жайкы кийимдерин тигип, даярдалган продукциялар Кыргызстандын базарынан тышкары Орусия,Казакстанга экспорттолуп жатат. 2 айдын ичинде буюртма бергендер арбып, кошуна айылдардагы кыз-келиндер эртең менен кечинде коомдук транспорт менен бекер каттап, 3 маал ысык тамак ичип, узчулук менен алектенишүүдө. Түркиядан келген атайын технологдун окуусунан өткөн кыздарыбыз 12-20 миңдин ортосунда айлык маянага ээ болуп жатышат. Андан тышкары соцфондго, салыкка төлөмдөр түшүп, айылды дотациядан чыгарууга далалаттар болууда. Президентибиз бул фабрикада болуп, абдан кубанып кайтты.

Биз аталган фабриканы ачкан ишкерлер менен сүйлөшүп, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык курулуштарга делген жеринен дагы 2 гектар жер бөлүп, 500 орундуу текстиль фабрикасын ачканы жатабыз. Ал жерде жатакана, бала бакча, маданий-спорттук жайлар менен кошо комплекс түшүп, райондо облуста жок ишкана түптөлөт деген ишеничтебиз.

-Ушунча ишти жылдырууга жергиликтүү бюджеттин кантип чамасы жетти?

-2017-жылы мен айыл өкмөт болуп шайланган маалда жергиликтүү бюджетибиз 6 млн. 200-300 миң сом болчу. Мен келгени бюджетибизди көбөйтүүнүн аркасында иштеп, быйылкы 2019-жылга 12 млн. 400 миң сом деп бекиттик. Буюрса, 2 жылда эки эсеге өстү.

-Бул эмненин эсебинен? Кошумча булактар, өндүрүш, тоо кен тармагы жандандыбы?

-Азырынча, биздин айыл өкмөттүн аймагында эч кандай тоо-кен өнөр жайы жок. Бюджетибиздин арбышына ички булактарыбыз эле себепчи болуп жатат. А дегенде биз аймак боюнча инвентаризация жасап, убагында ашыкча жер алып алгандарды, мыйзамсыз мүлк, жерге ээ болгондорду ачыктадык. Салыкты жашырып, аз төлөп жүргөндөрдү тактап, жайыт, жер комитеттери, салык бөлүмү мыкты иш көргөздү. Мисалы, Ош-Бишкек жолунун жээктери, Чычкан капчыгайындагы тамактануучу жайлар да бизге карайт. Биз салык кызматы менен бирге мыйзам чегиндеги аракеттерибизден кийин мисалы, мурда айына 30 миң сом төлөгөн обьектилер азыр 100-120 миң сомго чейин салык төлөмдөрүнө төгүүгө мажбур болушту. Ашыкча жер ээлеп алгандар, 5 сотых жерди курулуш курууга ижарага алып, 10 сотых мыйзамсыз ээлеп алган ишкерлер ачыкталды. Кыскасы, биз мыйзам жолунда ачык иштеп, элге жашырылган көмүскө булактарды ачып берип жатабыз. Мындайда элдин баары эле жакшы көрө бербейт экен. Ошентсе да, Жаңы-Жол айылынын эли, жергиликтүү кеңеши бизди колдоп, ынтымак менен ырыскы уланып жаткан чак.

-Эмнегедир, айылда таштанды, бутка чалынган желим бөтөлкө, баштык дегендер көзгө чалдыкпайт. Ишембиликтер тез-тез жүрүп турабы?  

-Тазалык боюнча эл аралык каржы уюмдарына долбоор жазып, колдоо катары эки техника алганбыз. Азыр  7 айылда айына 2 жолу катуу таштандыларды чогултуп, атайын карьерге ташып, ал жактан утилизация ишин кылып жатабыз. Буга эл дагы макул болуп, тазалык кызматкерлерине айылдык кеңештин токтомуна ылайык акы төлөп беришет.

-“Булак-Суу” деген муниципиалдык ишкана ачыпсыздар. Булар эмне иш алып барат?

-“Булак-Суу” ишканасы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн. Бул ишкана өлкө боюнча башталган “Таза суу” долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөйт, АРИС сыяктуу уюмдар айылдарга, көчөлөргө сууну тартып келсе, “Булак-Суу” ишти көзөмөлдөп, бүткөндө өткөрүп алат жана ар бир үйгө суу киргизүү жумуштарын жасайт.   

-Алдыда кандай максаттар турат?

-Мен жетекчи болгондо элге да, өзүмө да сөз бергем. Ар бир айылда бала бакча, ФАП, футболдук аянтчалар болууга тийиш. Ички жолдорго шагылдан тышкары асфальт басуу ишке ашырылып, абалы начар 2-3 мектепти жаңы курсак деп турабыз. Жаңы-Жол айылына кан жолдун боюнча баардык шарты бар, 24 саат бою иштеп, кардарларды толук тейлей турган касапканасы бар мал базарды да ачууга аз калдык. Ошону менен бирге жайытардын жолун жакшыртуу, билим сапатын көтөрүү, жогоруда айткандай 500 жумушүчу оруну бар тигүү фабрикасын ишке киргизип, кыз-келиндерге иш берүү приоритеттеги максаттарыбыз. Дагы бир жакшы жаңылык, айыл өкмөттүн аймагындагы 5 гектардан ашуун бак аянтчасы кайсы бир жылдары негиссиз эле токой чарбасына өтүп кеткен экен, биз архивди көтөрүп жатып аны айыл өкмөткө кайтардык. Жаздан тарта ал жакка карлик түрүндөгү алма, жүзүм, алмурут бактарын отургузуп, киреше булагына айландырабыз.

-Башта айткандай, 15 жыл дабаатта жүргөн адамга мамлекеттик кызматта иштөө оор болгон жокпу?

-Бизде ислам жолуна түшкөндөрдү, дабаатчыларды көрсө эле “булар караңгы” деген терс түшүнүк дале жашап жатат. Болбосо дүйнөлүк ачылыштарды жасаган билимдүүлөр, окумуштуулар мусулмандардан чыгышкан. Мага эл менен иштөөдө, таза, так, сабырдуу болуп, элдин талабын орундатып, Кудай алдында ыйманымды таза кармоого ислам дини жакшы түрткү болду десем болот. Эл колдоп жатат, иштер жылып жатат, райондо эки жыл катары менен мыкты айыл өкмөтү боло алдык. Демек, туура багытта бара жатам, аздыр-көптүр иш жасап жатам деген ойдомун.

Чынгыз Шер, молодой политик: «Кыргызстан раздроблен по племенам, кланам и регионам, родо-клановая или регионалистическая демократия никогда не приведет нас к развитию»

02.08.2019- informator.kg Самая трудная задача для лидера — это объединить людей и направить их к одной цели, поддерживая равновесие интересов разных кланов (племен) и стабильность всей страны.

Размышляя над особенностью демократии в Кыргызстане пришел к выводу, что страна постоянно тянется к своим естественным историческим привычкам, она раздроблена по племенам, кланам и регионам. При такой конфигурации обстоятельств будет очень трудно объединить людей под одним знаменем и направить страну по траектории агрессивного экономического, социального и культурного развития.

Наша новейшая история власти напоминает маятник. Север-юг-север-юг. Но переход власти происходит либо силовым путем, либо в результате безысходности.

Родо-клановая или регионалистическая демократия никогда не приведет нас к развитию или процветанию. Ибо у такой системы главная цель — это власть, а не идея процветания страны. Когда у лидера только одна цель — удержать власть, тогда он вынужден набирать вокруг себя только лояльных «своячков» в лице родственников и друзей. Профессиональность человека переходит на задний план или вообще не рассматривается. Пусть тупой, но свой. В такой системе нет места меритократии, нет справедливости.

В такой системе талантливые люди с потенциалом теряют мотивацию и страна стагнирует, нет никаких достижений в науке, промышленности и в искусстве.

Почему в советское время появились такие люди как Ч. Айтматов, Булат Минжилкиев или Б. Бейшеналиева?

Б. Бейшеналиева в 1958 — году получила почетное звание Народный артист СССР, она стала легендой. Государство имело цели и идеологию, при которой малейшие достижения поощрялись на высоком уровне. Это мотивировало людей искусства, науки, промышленности и спорта.

Сегодня в Кыргызском национальном академическом театре оперы и балета имени А. Малдыбаева есть балерины с не меньшим потенциалом, но государство их не поощрит или не поддержит на таком уровне, как это делалось в советское время.

Это говорит о том, что страна развивается только в условиях меритократии, поддержки и наличия цели — идеологии.

Вывод. Надо сломать систему родо-племенной демократии.

Как? Только путем идеологической работы. Нужна четко проработанная идеология с ясными, амбициозными целями и понятной структурой поощрения людей за достижения. Только так, можно переломить существующую систему и направить ход истории к развитию.

Новая идеология должна сломать систему племен и регионов. Цели, принципы и идеи такой идеологии должны внедрятся внутри племен и расколоть сами племена на части. На сторонников Идеологии Первенства и на остальные мелкие части, таким образом, чтобы в стране появилась политическая сила, заряженная идеей. Чтобы эта сила включала в себя представителей всех кланов и племен, всех областей и всех партий. Члены лидирующих партий должны отказаться от своих партий, основанных на регионализме в пользу идеи.

Так мы применим принцип «разделяй и властвуй», чтобы заново объединить страну.

Применение принципа Разделяй и властвуй играло очень важную роль, когда Индия была частью Британской империи. Британцы использовали эту стратегию, чтобы получить контроль над большой территорией Индии, покорив её людей, разделённых по религии, языку, кастам и т. д., и установили контроль над мелкими государствами в Индии по частям. Так же поступали и испанцы при покорении Америки, когда горстка конкистадоров с помощью союзных индейских племен покорила империю ацтеков.

Сторонников Идеологии Первенства прошу более детально изучить Послание будущему Президенту, там расписаны все цели и идеи. Активно лоббируйте людей. В наших руках возможность переломить. Это важная миссия — заменить родоплеменные ценности общенациональными.

Мы вместе сломаем эту систему! Родоплеменные отношения как религия — должны быть отстранены от государственного управления.

Государством должны управлять люди, имеющие общенациональные цели и задачи.

Каждый человек может сделать свой вклад. Изучить идеологию Первенства и распространить ее среди тех, кто живет в прошлом.

Чынгыз Шер, молодой политик

Китай выглядит крупнейшим теневым кредитором мира

17.07.2019- informator.kg На фоне доминирования КНР в мировой торговле растущая роль страны в глобальных финансовых потоках остается в тени, хотя экспорт китайского капитала по всему миру в последние десятилетия достиг рекордных масштабов, говорится в работе группы экономистов из Гарварда, Университета Мюнхена и кильского ИМЭ. Половина долгов не учитывается в статистике МВФ и ВБ, ранее списывавших долги части кредиторов Китая. Резкий рост внешних долговых обязательств в руках китайского правительства превратил страну в крупнейшего официального мирового кредитора (по общей сумме выданных кредитов лидером остается США), однако сам мир практически ничего не знает о китайском экспорте капитала и его глобальных последствиях. КНР не отчитывается о своих кредитных активах международным организациям, ни МВФ, ни Всемирный банк (ВБ), ни кредитные рейтинговые агентства не учитывают эти долги в отчетах, стандартизированных данных не существует. Группа исследователей из Гарварда, Университета Мюнхена и Института мировой экономики (ИМЭ) немецкого Киля, опубликовавшая препринт статьи в серии американского Национального бюро экономических исследований (NBER), выявила около 2 тыс. займов и 3 тыс. грантов, выданных КНР с 1949 по 2017 год на общую сумму $530 млрд. Около 50% кредитования остается «теневым».

В отличие от других крупных экономик, почти все китайские зарубежные кредиты и инвестиции выдаются правительством КНР, госкомпаниями или нацбанком. Для развитых стран и стран со средне-высоким доходом речь идет о покупке суверенных бондов, осуществляемой Народным банком Китая, для развивающихся — о прямых кредитах госбанков КНР, часто по рыночным ставкам и с обеспечением в виде нефти. По официальной балансовой статистике, китайские прямые займы и торговые кредиты выросли почти с нуля в 1998 году до более чем $1,6 трлн (2% мирового ВВП) в 2018 году, большинство займов получили страны с низким и средним доходом. По оценке исследователей, на долю структур Китая приходится четверть банковского кредитования развивающихся стран, это делает Китай крупнейшим официальным кредитором, оставляющим позади МВФ и ВБ. С учетом суверенных бондов эта сумма вырастает до более чем $5 трлн (6% мирового ВВП). А вместе с иностранными ценными бумагами и прямыми инвестициями размер внешних финансовых обязательств мира перед КНР в 2017 году превышал 8% ВВП мира.

Кредитная экспансия Китая в последние 20 лет вызвана не менее резким ростом ВВП страны в сочетании со стратегией (с 1999 года) «выхода за рубеж» (рост иноинвестиций). Скачок госзаймов и инвестиций беспрецедентен для мирного времени, он сравним лишь с ростом внешних кредитов США в годы двух мировых войн. Китайские кредиты способствовали финансированию масштабных инфраструктурных, энергетических и добывающих проектов в более чем 100 экономиках. В то же время у 50 основных заемщиков размер долга перед КНР вырос в среднем с 1% ВВП в 2005-м до более 15% ВВП в 2017 году (более 40% общего внешнего долга) — и это по самым низким оценкам. «Теневой» китайский долг особенно велик для Венесуэлы, Зимбабве и Ирана. С учетом «теневого» китайского кредитования уровень задолженности и долговая нагрузка развивающихся стран оказываются значительно выше, чем считается. Это не учитывается ни в рекомендациях международных финансовых организаций, ни в рыночной оценке суверенных долгов. Часть стран—заемщиков КНР ранее являлись бенефициарами инициативы МВФ и Всемирного банка по снижению долгового бремени (HIPC). В последние десятилетия официальные кредиторы кредитовали развивающиеся страны на льготных условиях, Китай же часто кредитует по рыночным ставкам с премией за риск, с более коротким сроком погашения и частично с залогом сырьевых доходов заемщика. Такая практика была характерна для зарубежных кредитов Франции, Германии и Великобритании в XIX веке, отмечают авторы, другой исторический аналог — кредитный бум в международных финансах в 1970-х, окончившийся после 1982 года массовыми дефолтами и «потерянным десятилетием» в экономиках Латинской Америки. Источник – Коммерсантъ

Кыргызстан попал в топ-5 главных должников Китая. Половина кредитов засекречена

Китай в последние десять лет резко увеличил выдачу кредитов развивающимся странам и государствам с переходной экономикой, причем примерно половина таких займов засекречена. К такому выводу пришел германо-американский коллектив экономистов, пишет Deutsche Welle. В составленный ими список 50 крупнейших получателей прямых китайских кредитов вошли важные союзники и партнеры России: Беларусь, Кыргызстан, Таджикистан, Туркмения и Узбекистан. Кыргызстан задолжал Китаю 30 процентов своего ВВП Так, в пятерке самых закредитованных стран вместе с Джибути, Тонга, Мальдивскими островами и Республикой Конго оказался Кыргызстан. Объемы ее долгов перед Китаем достигли 30 процентов кыргызского ВВП. У Беларуси задолженность перед Пекином составляет 13 процентов ВВП. Обе страны являются партнерами России по Евразийскому экономическому союзу (ЕАЭС), а также союзниками РФ по Организации Договора о коллективной безопасности (ОДКБ). В этот военно-политический союз с Россией входит также Таджикистан, задолжавший КНР примерно 15 процентов своего ВВП. У Туркмении доля долгов, предположительно, несколько выше белорусской, у Узбекистана, на экономическое и политическое сближение с которым Москва сейчас весьма рассчитывает, она превышает 5 процентов. В то же время у партнеров РФ по ЕАЭС и ОДКБ Армении и Казахстана эта доля меньше 5 процентов. Такие данные сообщил DW профессор Института мировой экономики (IfW) в Киле Кристоф Требеш (Christoph Trebesch). Над опубликованным 1 июля исследованием под названием «Кредитование Китаем зарубежных стран» (China’s Overseas Lending) он работал вместе с немецким коллегой из Мюнхенского университета Себастьяном Хорном (Sebastian Horn) и американской экономисткой из Гарвардского университета Кармен Рейнхарт (Carmen Reinhart). Половина кредитов развивающимся странам засекречена Исследование выдаваемых Китаем другим странам кредитов стало составной частью большого многолетнего проекта по изучению мирового опыта межгосударственного кредитования. Деятельности КНР в этой сфере, по словам Кристофа Требеша, в научных кругах до сих пор почти не уделяли внимания, интерес экономистов вызывали в основном экспорт Китая или его торговые конфликты. В ходе кропотливой поисковой работы авторский коллектив, собирая информацию из всевозможных источников, составил первый банк данных китайских зарубежных кредитов. «Мы пришли к двум основным выводам. Первый: роль Китая в мировой финансовой системе куда более значительная, чем до сих пор считалось», — рассказал профессор Требеш. Выяснилось, что страны планеты задолжали КНР к концу 2017 года свыше $5 триллионов — это 6 процентов мирового ВВП. В начале XXI века было меньше одного процента. «Второй ключевой вывод: Китай явно сосредоточился на выдаче займов развивающимся странам и государствам с переходной экономикой, которые имеют лишь ограниченный доступ к международному рынку капитала либо вообще его лишены. При этом, мы сами были удивлены, примерно 50 процентов таких кредитов засекречены», — подчеркнул собеседник DW. Эти прямые кредиты, в отличие, например, от приобретенных Китаем государственных облигаций США, не учитываются, в частности, в статистике МВФ и Всемирного банка. Но именно на эту статистику опираются, как правило, эксперты банков и рейтинговых агентств, оценивая риски кредитования различных стран. Получается, что эти оценки, возможно, слишком оптимистичны, так что вероятность неожиданной неплатежеспособности тех или иных государств намного выше, чем считается. А это уже несет в себе угрозу внезапной дестабилизации всей мировой финансовой системы. Страны Евразии важны как мост между Китаем и Евросоюзом Очень активное кредитование Китаем постсоветских государств логично вытекает из ключевой роли евразийского пространства как моста между Китаем и Европейским союзом в рамках китайского проекта «Один пояс и один путь» (Новый шелковый путь), отметил Кристоф Требеш. При этом задолженность, в частности, Кыргызстана перед КНР он назвал «необычайно высокой». Можно ли в такой ситуации говорить уже о долговой зависимости? Отметив, что это скорее политический, чем экономический вопрос, профессор Требеш ответил, что в любом случае Кыргызстан стал весьма зависимым от экономического развития в Китае. Если в КНР, скажем, разразится кризис и она не сможет или не захочет продлевать выданные ранее займы, правительство в Бишкеке окажется в очень сложной ситуации. Но главную проблему ученый видит в непрозрачности китайских кредитов и их условий. «Мы нашли, например, долги Туркменистана перед Китаем в размере $6,7 миллиарда, но это лишь оценочные данные», — отметил профессор Требиш. Главная проблема — непрозрачность китайских кредитов Теперь представим себе, продолжил он, что Туркмения, или Кыргызстан, или Беларусь захотят взять взаймы деньги на мировом рынке капитала, и международные кредиторы, не имея четкого представления о подлинной задолженности этих стран, выдадут им больше кредитов, чем те способны обслужить. Часто непрозрачны не только размеры, но и условия выдачи китайских кредитов. Насколько вероятно повторение в странах Центральной Азии или в Беларуси того, что случилось в Шри-Ланке? Эта страна была вынуждена на 99 лет отдать практически новый порт в аренду китайской фирме, поскольку не смогла обслуживать долги перед Китаем. «Всем нам, — отметил Кристоф Требеш, — знакома эта история, но насколько она репрезентативная, мы просто не знаем из-за непрозрачности кредитных договоров. Некоторые из тех, что мы видели, действительно содержат гарантии их обслуживания в виде поставок сырья или обеспечены другими источниками дохода государства». А может ли Китай, как это не раз делала Россия, просто списать какие-то долги определенным странам? Такое, ответил Кристоф Требеш, случалось уже неоднократно в ходе реструктуризации долгов, примерно треть из них Пекин списал. Но на каких условиях это происходило, тоже неизвестно. Источник 

Источник: https://ia-centr.ru/publications/kyrgyzstan-popal-v-top-5-glavnykh-dolzhnikov-kitaya-polovina-kreditov-zasekrechena/?fbclid=IwAR14Yi8mR8s6aurgZCyOVxvQJ_P2-Z_jjgaJnSlyE6QF9APZEBsXOxygGeg/
© ИАЦ МГУ

Алмазбек Атамбаев: “Мага намыс – өмүрдөн кымбат!”

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда айтылган айыптоолорго байланыштуу калкка билдирүү таратты.

Анда мындай деп айтылат:

Урматтуу мекендештер!
КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан менин дарегиме айтылган айыптоолор жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясый атаандашты четтеттүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан.
Сооронбай Жээнбеков менин оозумду жабуу үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат. Бул максатта бир жылдан ашуун эң эле ыплас ыкмалар, жеткен ыплас саясатчылар, ыплас ушактар пайдаланылып жатат. Бийлик тарабынан мени каралоо үчүн пайдаланылып жаткан депутаттардын кебете-кешпирин кыргыз эли көрдү, өз баасын берди. Алардын Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө жагалданып, коркоктук менен шаша-буша Конституцияны бузгандары, башка мыйзамдарды тоготпогондору, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан уялбай туруп калп айтышканы, чындык менин тарабымда экендигин мындан да кашкайта далилдеп турат. Булар Атамбаевди кантип өзөртө согуп, өчүбүздү алсак деп турушат, анткени Апрель революциясынан кийин алардын көпчүлүгү жеңилдиктеринен, мыйзамсыз жем жеген акырынан жана уурдаган мүлкүнөн кол жуушкан.
Тилекке каршы, мен жанымдагы адамдардан абдан адашкан экенмин. Президент кезимде Жээнбековдор баш болгон кошоматчылар бүгүн ашынган душман менен сынчыга айланып чыга келишти. Мени коргоп жаткандардын көпчүлүгү болсо кезинде кызматы жок, же алтургай, мен бийликте турган кезимде кордук көргөн адамдар.
Мен Кудай алдында жана элимдин алдында акмын! Мыйзам жана абийирим алдында тазамын! Бул жылдардын ичинде аткарган иштеримдин баарын эл үчүн жасаганга аракет кылдым жана анын баары элге калат!
Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматындагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын. Бирок мага Жээнбековдор тарабынан таңууланып жаткан, күнөөкөрдүн ролуна, калп менен ушактарга эч качан макул болбойм, койго окшоп мойнумду тосуп бербейм. Булар элди көпкө алдай албайт, өзүлөрүнүн ыплас ушактарны да мага оодара албайт. Жээнбековдордун, алардын кошоматчыларынын бирин да эч ким «автомат такап» өкмөттү, парламентти, комитеттерди башкарууга, укуктук-ченемдик актыларга кол койгонго мажбурлабаганын адамдар көрүп, билип турат. Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мага намыс – өмүрдөн кымбат!

Туйгуналы Абдраимов Ысык-Ата санаторийин кантип капчыгына айлантууда?

Бишкек. 7.06.19.informator.kg

Эсил кайран СССР куруп берген кереметтүү Ысык-Ата санаторийин ким билбейт? Жылдын төрт мезгилинде тең санаторийге барсаңыз жаратылыштын жагымдуу шартында дем алып, денсоолугун калыбына келтирип, оору-сыркоолорунан айыгып жаткандардын аягы суюлбайт. Бирок, эс алуучулар арбын болгону менен санаторийдин имараттары эскирип, жылдан жылга капиталдык ремонтко муктаж болуп, жаңырууну күтүп турат. Ушундай шартта санарийдин төрүндө жаркыраган  заманбап бир имарат көзгө урунат. Бир көргөн адам ал имаратты “курорттун жетекчилиги жаңы куруп, акырындап корпустарды жаңыртып жаткан тура…” деп ойлошу ыктымал. Бирок, ал имарат санаторийдин №0-корпусу болгону менен Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимовдун менчигин экендигин укканда таң калбай койбойсуң…

Мандемдүү менчиктештирилген VIP-корпус

Ооба, биз бул маалыматты ошол жердеги карапайым кызматкерлерден угуп, тактоо үчүн сураштырдык. Чындап эле №0-корпус аталган төрт бөлмөдөн турган бул VIP-корпус Абдраимовдуку экендиги, ага жалаң капчыгы калың кадыр-сыйлуу коноктор келип эс алаары, бирок аларга көрсөтүлгөн кызматтардын баардыгы санаторийдин кызматчылары тарабынан аткарылып, ал эми эс алууга төлөнгөн каражаттар Туйгуналы Абдраимовдун аялы Клара менен уулу Элмураттын чөнтөгүнө түшүп тураары белгилүү болду.

Абдраимовго таандык жаңы корпустун жанындагы корпустардын азыркы абалы

“0-корпуска көбүнчө казактар же болбосо акчалуу кыргызстандыктар келип жатышат. Анткени, ал корпус жаңы салынып баардык шарттары бар, ичи-сырты заманбап, эмеректери да жаңы. Дарылануу процедуралары толугу менен санаторийдин врачтары, медайымдары аркылуу жасалат, тамак-ашы да жалпы ашканадан атайын ташылып берилип турат. Бирок, ал жак жеке менчик болгондуктан кызматтар үчүн же тейлегендерге атайын каражат  төлөнүп берилбейт, баягы өзүнүн айлык маянасы жазылат. Бирок, кардарлар тарабынан төлөгөн каражаттар толугу менен Туйгуналы Абдраимовдорго кетет деп жүрүшөт. Бул акыйкат мамиле эмес”,-дейт санатоийдеги дарыгерлердин бири Майрам Раимкулова.

Андан соң биз корпустун кире беришиндеги телефон номерге чалып, корпустун төлөмдөрү жана шарттары тууралуу сурадык. Телефондун аркы учундагы айым бизге “бул жаңы корпус, баардык шарттар-муздаткыч, телевизор, интернет бар. Тамакты жалпы ашканадан эмес ошол корпустун ичиндеги холлго алып келип беришет. 2 кишилик бир бөлмөнүн баасы бир суткага 2500 сом. Андан тышкары тамак-аш менен дарылоо процедураларына ар бир кишиге 400 сом өзүнчө төлөйсүңөр. Ошондо бир адамга бир күнгө 1750 сомдон айланат. Азыр биздин корпуста орун жок, эгер кааласаңар бул жакка келип бир ай, жыйырма күн мурун орун брондоп кетишиңер керек”,-деп жооп кайтарды.

Демек, бул корпустан Туйгуналы Абраимовдорго ай сайын аз эмес акча түшүп  тураары белгилүү болду. Кыргызстан профсоюздар союзу ээлик кылган, мамлекеттик санаторийдин ичине кандайча бул менчик корпус пайда болуп, пайда болгондо да жаңы курулуп калганы тууралуу суроолорубузга жооп алуу максатында санаторийдин директору Алчын Осмонгазиевдин иш бөлмөсүнө баш бактык. Анын айтымында, №0-корпус аталган жаңы имарат 2008-жылы салынып, ишке берилиптир.

Ысык-Ата санаторийин башкы деректири Алчын Осмонгазиев

“Мен бул жерге профсоюз уюму тарабынан директор болуп шайланып иштегениме аз эле жыл болду. Мендеги маалыматтар боюнча, силер сураган №0-корпус 2008-жылы эле азыркы Чүй облусунун башчысы Туйгуналы Абдраимовдун жеке каражаты менен салынып, ишке берилиптир.  Ал ага кантип менчикке өтүп калган десек, мурда бул жерде эски чайхана болгон экен, профсоюз уюмунун чечими менен 2002-жылдары эле ал чайхананын орду реконструкциялоо максатында Туйгуналы Абдраимовго жеке менчикке чыгарылып берилиптир. Биз ошол чечимге баш иебиз. Менин учурумда алар корпустун айланасынан кошумча жер чыгарып берүү боюнча арыз жазып, биз ага жол берген жокпуз,-деп өзүн актогоо аракет жасады.

Бирок, Алчын Осмонгазиев биздин ал корпуска жаткан бейтаптар санаторийдин кызматтарын пайдаланаарын моюнга алып, бирок, 2008-жылдан бери корпустун чыгымдары-сууга, жылытууга, электр энергиясына болгон төлөмдөрү тууралуу суроолорубузга жооп таппай, ачык калтырды. Ошондой эле корпуска жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн атайын келишим да түзбөптүр. “Баардыгын кагаз түрүндө көрсөтүп беребиз” деген деректир биз санаторийди кыдырып бүтүп кеткенче ал кагаздарды таппай, бушайман болду.

Жазында Т. Абдраимов экс-президент Алмаз Атамбаев менен Дубайга учуп барып, кайтып келгенде аны Сооронбай Жээнбеков менен элдештирүүгө аракет жасаганын ачыктаган…

Жыйынтыктай келгенде, 2000-жылдардын башында парламенттин депутаты, КРнын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары,  Милдеттүү камсыздандыруу фондурун директору кызматтарында эмгектен Туйгуналы Абдраимов Ысык-Ата курортунан корпуска жерди профсоюздар уюмунан кандайдыр жол менен чыгарып алууга жетишкен.  Ал жерге заманбап корпусту куруп, 10 жылдан бери санаторийге келген акчалуу бейтаптардын агымын өзүнө буруп, капчыгын калыңдатып келетат. Эч кандай чыгым жок, эч кимге айлык бербейт, коммуналдык чыгым төлөбөйт, 100 пайыз киреше…

Санаторийдин ичиндеги сырдуу санаторий…

Чүй облусунун башчысына караштуу санаторийдеги №0-корпустун төркүнү болсо ушинтип ачыкка чыкты. Бирок, бизге, биз тургай санаторийди үч жылдан бери жетектеп келе жаткан Алчын Осмонгазиевге да таң калычтуу дагы бир жагдай бар. Ал-Туйгуналы Абдраимовго таандык, анын улуу баласы Элмурат жетекчиликке алып, акыркы эки жылдан бери курулуп жаткан жер төлөсүн кошкондо беш кабаттуу жаңы мейманкана. Биз барган кезде курулуштун дээрлик 50 пайыз курулуш иштери аяктап, сөөгү туруп, чатыры чыгып, ичиндеги электр түйүндөрү монтаждалып жаткан экен. Албетте, азыр бир чакан үй салууга эле бери жагы 1 млн. сом керектелээрин эске алсак, бул имарат бери жагы эле 50 млн. сомдун башын чапчый турган. Анда өмүр бою мамлекеттик кызматта жүргөн Т. Абдраимов мындай каражатты кайдан табат болду экен?

Баарынан кызыгы имараттын айланасындагы көп жылдык бактар, жаш тал-теректер ченемсиз көп кыркылыптыр. Муну биз Туйгуналы Абдраимовдун мейманканасына күндүн табы түз тийиш үчүн же болбосо мейманкананын фассады санатрийдегилерге жаркырап ачык көрүнүп турушу үчүн атайылап жасалган иш катары түшүндүк. Балким, экологияны коргоочу мамлекеттик органдар мөөнөтүнөн эрте, же эч кандай чиригени, ооруганы жок туруп кыркылган бактар үчүн санаторийдин жетекчилигине суроо салса, чыныгы жооп ачыкка чыгаар…

Бизге маанилүүсү-эскилиги жетип турган санаторийдин имараттарынын фонунда заманбап көп кабаттуу курулуш кандайча кайрадан эле Туйгуналы Абдраимовго таандык болуп калганы. Бул боюнча түз сурообузга  санатрийдин башкы деректири Алчын Осмонгазиев да жооп бере албай, колун куушурду.

Санаторийдеги эскирген имараттар

“Үч жылдан бери төмөн жакта Туйгуналы Абдраимовго таандык мейманкананын курулушу башталды. Мен башчы катары санаторийдин ичиндеги курулушка кызыгып, бул жактан документтерди көтөртүп, ал жер кандайча аларга тийип калганын таппай жатам. Мейманканага тиешелүү жер мыйзам ченемдүү түрдө Абдраимовдорго таандык экендигин боюнча Ысык-Ата райондук мамлекеттик каттоо кызматына суроо жөнөтсөк ал жактан кыска эле-“жер тилкеси алардын мыйзамдуу менчиги” деген жооп келди. Бирок, тиешелүү документтерди көрсөткөн жок. Аны талап кылып алууга менин укуктарым жетишсиз, мен профсоюз уюму тарабынан шайланган кишимин. Бул боюнча, өзүңөр деле профсоюзга  кайрылып сурап көргүлөчү”,-деп кайра бизден жардам сурады.

Бул КРнын профсоюздар федерациясынын курортторду башкаруу башкармалыгына чалганыбызда алар болгон өлкөдөгү курортторго жолдомолорду сатуу менен гана алек болоорун, курорттордун  ички маселелери  боюнча федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов гана жооп бере алаарын айтышты. Ал эми Мирбек Асанакунов кол телефонун эки күндөн бери көтөрбөй,  катчысы анын федерациянын кеңешине даярдык көрүп, бошобой жатканын билдирип, сурообузду ачык калтырды..