Аналитика

Аналитика

Акүйдө Асылбек Жээнбеков жалгыз эмес… Досалы Эсеналиев шайлоого кетиши мүмкүн…

Бишкек. 9.01.20. informator.kg

Ошентип, кыргыз коомчулугу алда-не болот деп күтүп жаткан 2020-жыл-саясий окуяларга бай болуучу, парламенттик башкаруу системасында жашаган Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жылы да жаңырды. Күздө боло турган саясий кармашка жаз алды менен даярдыктар башталып, жайында кызышы турган кеп. Ошентсе да, азыр шайлоого ниети бар саясий күчтөр көнгөн адат боюнча Акүйдүн 7-кабаты жакты жал-жал тиктеп, Президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоого карата маанайын билүүгө аракет жасап жатышат…

Анткени, Өмүрбек Текебаев айткандай бул шайлоонун негизги оюнчусу албетте-Президент. Себеби, бүгүн бийликтин баардык бутактары жазылбаган мыйзамдардын негизинде Сооронбай Жээнбековго баш ийип, күч парламентте же өкмөттө эмес Президенттин колунда. Тилекке каршы, буга чейин парламентке 6 жолу шайлоо өтсө анын дээрлик баардыгын тең мурдагы Президенттер демилгелеп, көзөмөлгө алып, талапкерлердин, кийин партиялардын тизмелерин көзөмөлдөп,  Жогорку Кеңешке келчүлөрдү алдын-ала эле эсептеп-чоттоп, тамырын тартып, нокто катып койгон жол дале уланууда.  Ошондуктан, Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин көпкө ойлонуп отурбай эле Сооронбай Жээнбековдун түндүгүнүн алдына бириккен ЖКнын 6-чакырылышындагы саясий партиялар, парламентке кирбей калган күчтөр деле бул жолу да Акүйдөгү аксакалдын батасын алып анан аттанууга дилгир.

Бирок, Президент  учурда дегеле шайлоону эсинен чыгарып койгондой түр көрсөтүп, өзүн карт бөрү саясатчылардан окчун кармап, элдин көзү менен сөзүнөн алыс болууга аракет жасагандай түр көрсөтүп жатат.  Мына ушул абал башкаларга табышмак болуп, “Президент кайсы партияны алып чыгат? Партиясына кимдер кирет? Ким баштап барат?” деген сыяктуу көп түйүндүү суроолорго жооп таппай жатышат.  Чындап эле Президент болочоктогу Жогорку Кеңештин шайлоосуна кийлигишпей, Конституциялык укук-милдеттеринен аша чаппай, өз иштери менен эле алек болушу мүмкүнбү? Албетте, жок…

“Шибегени капка ката албайсың” демекчи, Сооронбай Шарипович унчукпаганы менен анын айланасындагылар былтыркы жайдан бери тымызын план чийип, алдыдагы төрт жыл Президентке таяныч болуп бере турган негизги саясий партияны түзүү жана ага өнөктөш партияларды тандоо мүшкүлү менен алектенип жатышат. Бул долбоордун башында Президенттин иниси, экс-спикер Асылбек Жээнбеков турууда. Азыр анын командасы атын ачык аташпаганы менен  жаз ортолоп барып, 200дөй саясий партиялардын биринин аталышы менен өздөрүн жар салууну көздөп турушат.  Болжолдуу  талапкерлер, жумшала турган каражат, стратегиялык пландар дээрлик даяр.

Бирок, кээде бир мүнөздүгү кармап, өз оюндагысына туруп койгон Сооронбай Жээнбековго алар толук картаны ачып, шайлоодо жеңип чыгуусу тактикалык жүрүштөрүн тааныштырыша элек.  Үстүртөдөн акырындап аны көндүрүү аракетинде. Мына ушул жерге келгенде,  Асылбек Жээнбеков менен президенттик аппараттын ортосунда кээ бир келишпестиктер чыгып жатканы тууралуу кабарыбыз бар. Тар чөйрөдөгү айтылып жаткан каңшаарларга караганда, Президенттик аппараттагы Досалы  Эсеналиев саясий интригаларга анча аралашпай, бирок, такталган маалыматтарды шефине дал өзүндөй жеткирип, реакциясын байкап турат. Ал эми анын орун басары Алмамбет Салиев Президенттин эң ишнеимдүү адамы катары негизги саясий маселелер менен алектенип, өзүнүн каналдары аркылуу өлкөдөгү саясий кырдаалга дайыма талдоо жасап, саясий күчтөр менен тамыр-тааныш жол чаап, маалыматтык майданды да көз жаздымынан өткөрбөй карап турат. Ошондуктан ал бир топ саясатчылар менен да ымалалаш болуп жатканы, асырасе коомчулукта эң көп сөз болуп, Президенттин талылуу чекитине айланган Райымбек Матраимовдун кланы менен жакшы мамиледе экени, ошондой эле Ахматбек Келдибеков, Марат Султанов сыяктуу алайлык саясий топ менен да жылуу мамиледе болуп, Президент менен алардын ортосундагы мамилелерге роль ойноп жатканы айтылып жатат.

Демек, негизги оюнчу-президенттин айланасындагы таасири бар адам жалгыз Асылбек Жээнбеков эмес. Дал ушул коштизгин азыр Асылбек Жээнбековго анча жага бербей, ал жаш кадр, анан да президентке  эң ишенимдүү, батымдуу, өтүмдүү Алмамбет Салиевдин тизгинин кагып, 2020-шайлоодо баардык күчтү, капиталды, башкарууну өз колуна алууга алдыртан аракет жасап жатканын Акүйдөгү ишенимдүү булактар кабарлашат. Себеби, азыр кээ бир саясий амбициялуулар Асылбек Жээнбековго чыкпай эле шайлоодо жеңип чыгуучу потенциалы бар, кааласа каржысын өзү чечип койчу Матраимовдор менен ымалалаш болуп, андайлардын тагдырын Райым-миллион менен Алмамбет эле чечип, Президент менен түз иштеп туруп алуу коркунучу жаралган.

Экинчи маселе-балким бул атайын оюн?! Саясий чөйрөгө ушундай имиш-имиштерди таратып, Президенттин айланасына жасалма интрига жаратуу менен “Акүйдөн бата сурачулардын”  реакциясын байкоочу политжүрүш болушу да ыктымал…

Ал арада Президент Сооронбай Жээнбековдун аппарат башчысы,  эки жылга чукул өлкө башчысынын ишмердигине жолчапкан Досалы Эсеналиевдин кызматтан кетээри, бул коомчулукка анын аппаратчы катары жакшы иштей албай, президенттин мыкты иштегени коомчулукка жетпей, саясий рейтингинин түшүп кетишине себепкер жатканы менен түшүндүрүлүп, бирок, чындыгында аны күчтүү саясий технолог, дасыккан штабист, шайлоо сырларын катырган чебер катары бийликчил партияга алып барышаары жөнүндө кептер чыгууда. Анда анын ордуна ким келет? Алмаз Кененбаевби? Курманбек Дыйканбаевби? Балким, Балбак Түлөбаевди алып келишет?!

Чынгыз Шер, молодой политик: «Кыргызстан раздроблен по племенам, кланам и регионам, родо-клановая или регионалистическая демократия никогда не приведет нас к развитию»

02.08.2019- informator.kg Самая трудная задача для лидера — это объединить людей и направить их к одной цели, поддерживая равновесие интересов разных кланов (племен) и стабильность всей страны.

Размышляя над особенностью демократии в Кыргызстане пришел к выводу, что страна постоянно тянется к своим естественным историческим привычкам, она раздроблена по племенам, кланам и регионам. При такой конфигурации обстоятельств будет очень трудно объединить людей под одним знаменем и направить страну по траектории агрессивного экономического, социального и культурного развития.

Наша новейшая история власти напоминает маятник. Север-юг-север-юг. Но переход власти происходит либо силовым путем, либо в результате безысходности.

Родо-клановая или регионалистическая демократия никогда не приведет нас к развитию или процветанию. Ибо у такой системы главная цель — это власть, а не идея процветания страны. Когда у лидера только одна цель — удержать власть, тогда он вынужден набирать вокруг себя только лояльных «своячков» в лице родственников и друзей. Профессиональность человека переходит на задний план или вообще не рассматривается. Пусть тупой, но свой. В такой системе нет места меритократии, нет справедливости.

В такой системе талантливые люди с потенциалом теряют мотивацию и страна стагнирует, нет никаких достижений в науке, промышленности и в искусстве.

Почему в советское время появились такие люди как Ч. Айтматов, Булат Минжилкиев или Б. Бейшеналиева?

Б. Бейшеналиева в 1958 — году получила почетное звание Народный артист СССР, она стала легендой. Государство имело цели и идеологию, при которой малейшие достижения поощрялись на высоком уровне. Это мотивировало людей искусства, науки, промышленности и спорта.

Сегодня в Кыргызском национальном академическом театре оперы и балета имени А. Малдыбаева есть балерины с не меньшим потенциалом, но государство их не поощрит или не поддержит на таком уровне, как это делалось в советское время.

Это говорит о том, что страна развивается только в условиях меритократии, поддержки и наличия цели — идеологии.

Вывод. Надо сломать систему родо-племенной демократии.

Как? Только путем идеологической работы. Нужна четко проработанная идеология с ясными, амбициозными целями и понятной структурой поощрения людей за достижения. Только так, можно переломить существующую систему и направить ход истории к развитию.

Новая идеология должна сломать систему племен и регионов. Цели, принципы и идеи такой идеологии должны внедрятся внутри племен и расколоть сами племена на части. На сторонников Идеологии Первенства и на остальные мелкие части, таким образом, чтобы в стране появилась политическая сила, заряженная идеей. Чтобы эта сила включала в себя представителей всех кланов и племен, всех областей и всех партий. Члены лидирующих партий должны отказаться от своих партий, основанных на регионализме в пользу идеи.

Так мы применим принцип «разделяй и властвуй», чтобы заново объединить страну.

Применение принципа Разделяй и властвуй играло очень важную роль, когда Индия была частью Британской империи. Британцы использовали эту стратегию, чтобы получить контроль над большой территорией Индии, покорив её людей, разделённых по религии, языку, кастам и т. д., и установили контроль над мелкими государствами в Индии по частям. Так же поступали и испанцы при покорении Америки, когда горстка конкистадоров с помощью союзных индейских племен покорила империю ацтеков.

Сторонников Идеологии Первенства прошу более детально изучить Послание будущему Президенту, там расписаны все цели и идеи. Активно лоббируйте людей. В наших руках возможность переломить. Это важная миссия — заменить родоплеменные ценности общенациональными.

Мы вместе сломаем эту систему! Родоплеменные отношения как религия — должны быть отстранены от государственного управления.

Государством должны управлять люди, имеющие общенациональные цели и задачи.

Каждый человек может сделать свой вклад. Изучить идеологию Первенства и распространить ее среди тех, кто живет в прошлом.

Чынгыз Шер, молодой политик

COVID-19 илдетине каршы ойлонуп табылган 5 вакцина сыноолордон ийгиликтүү өтүүдө. Алар кайсылар?

Бишкек. 3.08.20. informator.kg

Ушул тапта дүйнө жүзү боюнча COVID-19 илдетине каршы  177 вакцина иштелип, алардын айрымдары өз жемишин бере баштады. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун билдирүүлөрүнөн окууга болот.

Анда азыркы тапта 142 вакцина клиникалык текшерүүнүн алдында турса, 17 вакцина клиникалык сыноонун 1-фазасында, 13-вакцина 2-фазасында экени жана 5 вакцина клиникалык иликтөөлөрдүн акыркы фазасынан ийгиликтүү өтүп жатканы айтылган.

Оксфорд университети иштеп чыккан ChAdOx1 nCoV-19 вакцинасы

Ийгиликтүү изилдөөлөр менен клиникалык сыноонун 3-фазасында иштелип жаткан вакциналарга токтолсок, Улуу Британиядагы Оксфорд университетинин окумуштуулар тобу тарабынан ойлонуп табылган ChAdOx1 nCoV-19 вектордук вакцинасы. Муну окуу жай AstraZeneca компаниясы менен бирдикте иштеп чыгышкан. Апрель айында клиникалык сыноонун 1-2-фазасынан ийгиликтүү өтүп баштаган бул медициналык дары 1077 британиялык соо адамдарга сыноо катары колдонулуп, жыйынтыгында, адамдарда пайда болгон вируска каршы организм вирусту 28 күндүн ичинде жокко чыгараарын The Lancet басылмасы жазды.

20-июндан тарта аталган вакцина Улуу Британия, Түштүк Африка жана Бразилия өлкөлөрүндөгү 8 000 ыктырдуу адамдарга клиникалык сыноонун 3-фазасында сыноодон өтүп жатат.

Кытайлык  жана бразилиялык окумуштуулардын биргелешкен CoronaVac вакцинасы

Коронавирска каршы ийгиликтүү вакциналардын дагы бири Sinovac Life Sciences  компаниясы иштеп чыккан CoronaVac вакцинасы. Бул вакцина аталган кытайлык компания тарабынан иликтенип жатат.

Башында кытай илимпоздору менен биргеликте башталган бул CoronaVac вакцинасы Цзянсу провинциясындагы 18-59 жаш курагындагы 743 адамга колдонулган. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, сыноонун алгачкы 2 этабында бул дарынын адамдын организмине зыяны жоктугу, ал вирусту адамдын организминен 14 күн аралыгында жок кылаары тууралуу маалымат Sinovac LS компаниясынын сайтында берилген. Ал адамга вируска каршы организмди калыптандырууга 90% пайыз жардам берет.

2020-жылдын июль айынан тартып вакцина Кытайдын жана Бразилиянын 8 870 ыктыярдуу жарандарына жана медиктерге колдонулуп, сыноонун 3-фазасына өтүп жатканы кабарланат. Анткени, бразилиялык имминобиологиялык дарыларды иштеп чыгуучу Instituto Butantan мекемеси да аталган вакцинаны иштеп чыгууга биргелеше баштаган.

GOVID-19га каршы үчүнчү ийгиликтүү вакцина mRNA-1273-Moderna (АКШ)

Moderna — бул америкалык дары-дармектерди иштеп чыгуучу биотехникалык компания.  Учурда бул компания коронавирска каршы mRNA-1273, вакцинасын иштеп чыгып, сыноонун алгачкы 2 этабынан ийгиликтүү өткөрдү.  Дарыны клиникалык сыноодон өткөрүүгө АКШнын аллергиялар жана жугуштуу оорулар боюнча Улуттук институту жардам берүүдө.

Жакында компания вакцина алгачкы клиникалык сыноо 45 адамга жүргүзүлүп, 3 топко бөлүнгөн бул жарандардын ар бири 28 күн аралыгында mRNA-1273 вакцинасын 2 жолу кабыл алышканын,  вакцина вируска каршы турууда максатка ылайыктуу болгонун кабарлаган.  Окумуштуулардын айтымында, аталган вакцина “адам организмде ылдам жана күчтүү иммунитеттик жоопту” пайда кылган, жана айрым адамды алсыратуучу эффектери болгону менен сыноодогу баардык адамдарда вируска каршы дене пайда болгону аныкталган.

Moderna вакцинаны 2-фазада 600 адамга сынап, 55 жашка чейинки жана андан жогорку эки топко бөлгөн, жыйынтыгында 28 күн аралыгында баардык курактагыларда вируска каршы жеткиликтүү организм калыптанганына күбө болгон.

Учурда вакцинаны сыноонун акыркы 3-этабы башталып,  ага 30 миң ыктыярчы катыша турганы, ага жеткиликтүү көлөмдөгү вакцина иштелип даяр болгону, бир жумадан бери алгачкы ыктыярчыларга колдонула баштаганы айтылат. Компания mRNA-1273 вакцинасын 2021-жылы 1 млрд. адамга жетишээрлик өндүрөөрүн билдирүүдө.

Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында Vero Cells вакцинасы иштелип чыкты

Кытайдагы Улуттук биотехникалык топтун алдындагы  Ухань биологиялык азыктар институту менен Пекин биологиялык азыктар инстутуту биргеликте Vero Cells вакцинасын иштеп чыгып, сыноодон өткөрүшүүдө.

Окуу жайдын окумуштуулары жазында ойлоп тапкан бул дарыны алгачкы клиникалык сыноого чейинки этапта маймыл, чычкан баштаган токой жана суу жаныбарларына сыноодон ийгиликтүү өткөргөн. Андан соң сыноонун 2-этабында 1120 ыктыярдуу жарандарга колдонуп, дээрлик 100% адамдарга вируска каршы дене пайда болгонун жар салышкан. Адам организмине зыяны жок экени да аныкталган.

Июнь айынын аягында Кытайдын Улуттук медициналык азыктар башкармалыгы Vero Cells вакцинасын иликтөөнүн 3-этабына өткөрүүгө уруксат берген. Учурда сыноонун маанилүү этабы кытайлыктардан сырткары 15 миң Бириккен Араб Эмираттарынын жарандарына колдонулаары күтүлүүдө. Ошондой эле Өзбекстандын бийлиги да сыноонун 3-этабын өзбек жарандарына колдонуу боюнча кытайлык окумуштууларга кайрылганы анык болду.

Садыр Жапаров: “Конституциялык реформа бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү үчүн керек”

Бишкек. 22.12.20. informator.kg Кыргызстанда болуп жаткан төңкөрүштөр, иштеп жаткан режимдерди кулатуу, бийликтин эл алдындагы кадырынын түшүшү, саясий жана экономикалык кризис – мунун баары элге эмес, бийлик башында отургандарга гана кызмат кылган мамлекеттик башкаруунун жарыбаган системасынын натыйжасы.

 Мына ушундай бийлик системасынын 30 жыл бою сакталып келишине мүмкүнчүлүк берген дагы бир жагдай – буга чейин эч ким: президент да, премьер-министр да, Жогорку Кеңештин депутаттары да эч нерсеге жооп беришкен эмес. Президентикке талапкер Садыр Жапаровдун пикири ушундай. 

Жапаров конституциялык реформа гана иштин абалын өзгөртөт деп эсептейт. Бул туурасында анын шайлоо алдындагы платформасында айтылган.

 Конституциялык реформа эмне үчүн керек?

Реформа бийликтин эл алдындагы жоопкерчилик механизмин түзүү үчүн керек. Баш мыйзамда жазылган жоболор бүгүнкү күнгө чейин коллективдүү жоопкерсиздикти жактап келишкен. 

Садыр Жапаров конституциялык реформанын алкагында жаңы аралаш парламенттик системаны – мажоритардык -партиялык системаны сунуштоодо. 

Аралаш парламенттик системада эмне өзгөрөт? 

 Садыр Жапаровдун пикиринде учурда идеологиялык догма катары Кыргызстанга таңууланып жаткан батыштын заманбап демократиясы бул байлардын гана бийлиги.

Партияны байлар гана түзө алат. Партиялык тизмедеги орундарды да байлар гана сатып ала алышат. Алар эл алдында эч нерсеге жооп бербейт. Мажоритардык жана партиялык тизме аралаш системасы өзүнүн шайлоочуларынын алдында жоопкерчилик тарта турган чыныгы эл өкүлдөрүн шайлоо үчүн керек.

Партиялар кууп таркатылбайт, бирок аларга  көз карандысыз бир мандатуулар тең салмак жаратат. Мындай учурда партияларга утуп чыгуу татаал болуп калат жана “асман менен баспай, жерге түшүп”, элге берген убадаларына жооп берүүгө туура келет. 

Президенттик бийликти эмне үчүн күчөтүү керек?

Тарыхта өлкөнү кризистен чыгарып, улуу мамлекетке айландырган бир да легендарлуу парламент болгон эмес. Бирок кыйын күн башка түшүп турганда башын тобокелге сайган, жоопкерчиликти тайманбай моюнга артып, өлкөсү, эли үчүн болуп көрбөгөндөй улуу иштерди жасаган легендарлуу инсандар толтура. Президенттик бийлик бул биринчи кезекте өлкодө болуп жаткан бардык иштерге ченемсиз жоопкерчиликти алуу.

Президенттин бийлиги – бул көйгөйлөрдү ылдам жана чечкиндүү чечүүнүн шайманы. Президенттик бийликке каршы чыгып жаткандар олигархтык топторго жана тышкы башкарууга кылчактап көз каранды болбогон лидер коомдун денесине сүлүк курттай жабышкан коррупционерлерди, паракорлорду жана башка мителерди таман астына чөгөлөтөөрүн эң жакшы түшүнүп турушат.  

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турган саналуу күндөрдө эле коррупциялык түзүмдөрдү аныктап таап жоё турган процесстерди ишке киргизе алды да жана бул колу таза эмес саясатчылар менен чиновниктердин жүроктөрүн түшүрүүдө.

Элдик Курултай эмне үчүн керек?

 Жаңылануунун каршылаштарын ошондой эле Элдик Курултай алдында жооп берүү да коркутуп турат. Курултай – бул биринчи кезекте элдик бийликти күчөтүү. Айрым ишмерлердин Элдик Курултайды түзүүгө каршы чыгып жатканы алардын элди тоготпогонун, эл алдында жооп берүүнү каалабай турганын айтып турат.

Конституциялык реформадан башталган бул реформалардын бүт комплекси эл менен бийликтин ортосундагы мамилелерди биротоло өзгөртөт. Жаңылануу жана мамлекеттин жарага иштешин жолго коюу аркылуу гана сапаттуу, узак мөөнөттүү натыйжаларга жетишүүгө болот.  

Саясий көйгөйлөрдү чечип, саясий жактан ымалага келүүгө жетишип жана экономикалык терең өзгөртүүлөрдүн жолуна түшкөндө гана Кыргызстанды создугуп келе жаткан кризистен чыгарып, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарынан калктын жашоо деңгээли жогору, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошууга болот.

Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык жарандарын 10 январда референдумга келип өз тандоосун жасоого чакырат!

КҮЧТҮҮ  МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН!

КҮЧТҮҮ ПРЕЗИДЕНТ ҮЧҮН!

ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ҮЧҮН!

САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

Аткаруучу: «ОсОО “Информатор”; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,Кулатов көч. №8.

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы:1. 2020-жылдын 22-декабрь даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Кош-Көлдөгү рейдерлик. 100 гектар жер кимге таандык?!

Бишкек. 21. 06.20. Ысык-Көлдүн Тамчы айыл өкмөттүнө караштуу Кош-Көл айылында 100 гектарга чукул жер тилкеси “Гольф сүйүүчүлөр” клубуна энчиленип жатат. Жер тилкесин берүүгө каршы болгон эл биздин редакция менен байланышка чыгып, мыйзам бузуулар боюнча билдиришти.

Бул боюнча жеринде тааныштык. Анда айыл өкмөтүнө, токой чарбасына, жеке менчик ээлерине таандык жер тилкелери жергиликтүү соттордун чечими менен өкмөткө тартылып алынганы жана экинчи жагынан жер тилкесинин категориясын өзгөртүп, трансформациялоо жүрүп жатканы ачыкталды.

Жерге ээлик кылуучулардын, 49 жылга ижарага алгандардын укуктары тебеленгени айдан ачык. Өкмөт тараптан жергиликтүү элге эч кандай маалымат берилген эмес.

Китай выглядит крупнейшим теневым кредитором мира

17.07.2019- informator.kg На фоне доминирования КНР в мировой торговле растущая роль страны в глобальных финансовых потоках остается в тени, хотя экспорт китайского капитала по всему миру в последние десятилетия достиг рекордных масштабов, говорится в работе группы экономистов из Гарварда, Университета Мюнхена и кильского ИМЭ. Половина долгов не учитывается в статистике МВФ и ВБ, ранее списывавших долги части кредиторов Китая. Резкий рост внешних долговых обязательств в руках китайского правительства превратил страну в крупнейшего официального мирового кредитора (по общей сумме выданных кредитов лидером остается США), однако сам мир практически ничего не знает о китайском экспорте капитала и его глобальных последствиях. КНР не отчитывается о своих кредитных активах международным организациям, ни МВФ, ни Всемирный банк (ВБ), ни кредитные рейтинговые агентства не учитывают эти долги в отчетах, стандартизированных данных не существует. Группа исследователей из Гарварда, Университета Мюнхена и Института мировой экономики (ИМЭ) немецкого Киля, опубликовавшая препринт статьи в серии американского Национального бюро экономических исследований (NBER), выявила около 2 тыс. займов и 3 тыс. грантов, выданных КНР с 1949 по 2017 год на общую сумму $530 млрд. Около 50% кредитования остается «теневым».

В отличие от других крупных экономик, почти все китайские зарубежные кредиты и инвестиции выдаются правительством КНР, госкомпаниями или нацбанком. Для развитых стран и стран со средне-высоким доходом речь идет о покупке суверенных бондов, осуществляемой Народным банком Китая, для развивающихся — о прямых кредитах госбанков КНР, часто по рыночным ставкам и с обеспечением в виде нефти. По официальной балансовой статистике, китайские прямые займы и торговые кредиты выросли почти с нуля в 1998 году до более чем $1,6 трлн (2% мирового ВВП) в 2018 году, большинство займов получили страны с низким и средним доходом. По оценке исследователей, на долю структур Китая приходится четверть банковского кредитования развивающихся стран, это делает Китай крупнейшим официальным кредитором, оставляющим позади МВФ и ВБ. С учетом суверенных бондов эта сумма вырастает до более чем $5 трлн (6% мирового ВВП). А вместе с иностранными ценными бумагами и прямыми инвестициями размер внешних финансовых обязательств мира перед КНР в 2017 году превышал 8% ВВП мира.

Кредитная экспансия Китая в последние 20 лет вызвана не менее резким ростом ВВП страны в сочетании со стратегией (с 1999 года) «выхода за рубеж» (рост иноинвестиций). Скачок госзаймов и инвестиций беспрецедентен для мирного времени, он сравним лишь с ростом внешних кредитов США в годы двух мировых войн. Китайские кредиты способствовали финансированию масштабных инфраструктурных, энергетических и добывающих проектов в более чем 100 экономиках. В то же время у 50 основных заемщиков размер долга перед КНР вырос в среднем с 1% ВВП в 2005-м до более 15% ВВП в 2017 году (более 40% общего внешнего долга) — и это по самым низким оценкам. «Теневой» китайский долг особенно велик для Венесуэлы, Зимбабве и Ирана. С учетом «теневого» китайского кредитования уровень задолженности и долговая нагрузка развивающихся стран оказываются значительно выше, чем считается. Это не учитывается ни в рекомендациях международных финансовых организаций, ни в рыночной оценке суверенных долгов. Часть стран—заемщиков КНР ранее являлись бенефициарами инициативы МВФ и Всемирного банка по снижению долгового бремени (HIPC). В последние десятилетия официальные кредиторы кредитовали развивающиеся страны на льготных условиях, Китай же часто кредитует по рыночным ставкам с премией за риск, с более коротким сроком погашения и частично с залогом сырьевых доходов заемщика. Такая практика была характерна для зарубежных кредитов Франции, Германии и Великобритании в XIX веке, отмечают авторы, другой исторический аналог — кредитный бум в международных финансах в 1970-х, окончившийся после 1982 года массовыми дефолтами и «потерянным десятилетием» в экономиках Латинской Америки. Источник – Коммерсантъ

Садыр Жапаров: “Үлгүлүү сот системасын түзөбүз!”


Бишкек. 24. 12.20 informator.kg “Кыргызстанга “ак” же “көк” үйдүн коңгуроосу менен чечим чыгарбай турган көз карандысыз соттор керек. Алар чынчыл, коррупциялык иштерге катышы жок болууга тийиш. Эгерде эл мени президент кылып шайласа, анда Ак үй тарабынан сотторго эч кандай кысым болбойт, биз муну камсыз кылабыз. Буга биздин күчүбүз да, эркибиз да жетет”.

Садыр Жапаровдун сүйлөгөн сөзүнөн.

Акыркы жылдарда биздин өлкөдө болуп жаткан төңкөрүштөрдүн жана саясий тирешүүлөрдүн себептеринин бири – бул соттордун адилетсиздиги. Соттордун ишине биринчи кезекте бийликтин тең салмактуулугу көз каранды. Ошондуктан 2020-жылдын ноябрында түзүлгөн Конституциялык Кеңешменин башкы максаттарынын бири – сот реформасын жүргүзүү.

Конституциялык өзгөртүүлөр бийликтин жоопкерсиздигин жоюуга негиз болуп берет.

Садыр Жапаров соттордун ишин конституциялык деңгээлде кайрадан карап чыгууну жана үлгүлүү сот системасын түзүүнү колдойт.

“Сотторду реформалооротациялоо гана эмес, алардын иш механизмин жакышртуу. Аны менен бирге сот курамын жаңылоо – бул акырындык менен ишке аша турган процесс”, – деди С.Жапаров.

Садыр Жапаровдун премьер-министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу кызматына келиши менен Кыргыз Республикасында экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо тармактарында реформа жүргүзүү боюнча активдүү иштер башталганын белгилей кетүүгө арзыйт. 

«Сот жана укук коргоо органдарынын дарегине көптөгөн дооматтар түшүүдө. Акыркы жылдар жана бүгүнкү күн – бул биздин улуттук муң кайгыбыз. Адамдар милициядан коркот, сотторго болсо ишеним жок. Өлкөбүздүн шайын оодарган коррупция эң эле коркунучтуу шишигин мына ушул чөйрөлөргө жайылткан. Сот жана укук коргоо органдары тезинен реформаланууга муктаж жана биз муну оңдоонун үстүнөн иштеп баштадык”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал белгилегендей, 30 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде адам ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарына тамырлашып кеткен коррупцияны жоюу үчүн жана ошондой эле Кыргызстандагы пайдубалдуу эркиндиктерди өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн коррупцияга каршы талыкпаган күрөш негизинен ачык-айкын иштеген соттор аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.

“Сот системасына кандай реформа керек? Учурда бул боюнча Конституциялык кеңешмеде талашып-тартышуулар жүрүп жатат. Конституциянын долбоору референдумга коюлат. Андан кийин элдин келечеги, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн реформалар уланат. Албетте сот реформасын мен жалгыз ишке ашыра албайм. Ошондуктан сот системасын жана сот өндүрүшүн ичинен жакшы билген жана түшүнгөн адамдарды чогултабыз. Сотторду мына ошолор аркылуу тандайбыз жана андан кийин дайындай баштайбыз.  

Конституциялык өзгөртүүлөр бизге БИЙЛИКТИН ЖООПКЕРСИЗДИГИН ЖОЮУГА негиз болуп берет!

КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ БҮГҮНДӨН БАШТАЛАТ!


САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

  №1 ҮЧҮН!

Кененирээк www. zhaparov.kg сайтынан окуңуздар

Аткаруучу: « informator.kg » ; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Кулатов көч: №8

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы: 1. 2020-жылдын 25-декабрьда даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

За полгода из банков Кыргызстана перевели за рубеж $48,3 миллиарда

28.11.2019-informator.kg

Парламент Кыргызстана сегодня рассматривает во втором чтении проект республиканского бюджета на 2020 год и прогноз на 2021-й. Депутаты подняли вопрос контрабанды и коррупции на таможне по следам расследования журналистов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев утверждает, что $700 миллионов, о которых идет речь, — деньги бизнеса.

«Как они попали в Кыргызстан, мы не знаем. Нужно все проверять. Но это не бюджетные деньги. В 2018 году из всех банков страны перевели $90,5 миллиарда. За полгода 2019-го перевели $48,3 миллиарда. У нас либеральные банки, может, поэтому через нас переводят. Однако мы должны быть осторожными в этом вопросе, могут пострадать и бизнесмены. Что касается $700 миллионов, то нужно все проверить. Если это контрабанда, то нужно бороться с ней», — сказал он.

По проекту общие доходы республиканского бюджета с учетом грантов государственных инвестиций в 2020 году должны составить 163 миллиарда 710 миллионов сомов, расходы — 173 миллиарда 663 миллиона. Дефицит бюджета составит 9 миллиардов 953 миллиона сомов, или 1,5 процента ВВП.

Источник 24.kg

КОШ ЦИРКУЛЯЦИЯ. Же Жо Байденден биз эмнени күтсөк болот?

Бишкек. 10.11.20 informator.kg  Журналист, саясат талдоочу Айданбек Акматов АКШнын кызматка жаңы киришүү алдында турган Президенти Жо Байдендин сырткы саясаты, анын Кыргызстанга таасири тууралуу талдоосун фейсбук баракчасына жарыялады.

Анда жаңы президент классикалык баалуулуктарды, демократия, адам укуктары сыяктуу маселелерге жакшы көңүл бураарын, бул жагынан Кыргызстан утушка ээ болгону менен эгер АКШнын Россияга болгон саясаты катаалданса, бизге терс таасирлер жарылышы ыктымалдыгын баяндаган.

Макаланы толугу менен жарыялайбыз:

Кош циркуляция

Кошмо Штаттар жаңы президентин шайлады. Жо Байден жакында  президенттик кызматка киришет. Анын президенттиги Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Жо Байден АКШнын классикалык баалуулуктарын карманат. Ошондуктан ошол багыттагы саясатын улантышы күтүлөт. Бул туура болсо, анда  демократия, адам укуктары сыяктуу маселелерге мурункудай көңүл бурула баштайт. Кыргызстан мына ушул жагынан утукка ээ болушу мүмкүн.

Байден американын классикалык саясатын улантуучу катары (НАТОнун каршылашы) Россияга катаал көз карашта болушу күтүлөт. Ошондуктан эки ири мамлекеттин тирешүүсү, андан Россиянын жабыркоосу Кыргызстанга да терс таасирин тийгизет. Анткени биз абдан көп жагынан Россия менен байланыштабыз.

Кытай Кыргызстанды иш жүзүндө блокадага алып олтурат. Бул биз үчүн абдан зыяндуу жана кейиштүү нерсе. Кытай дүйнөлүк аренада алдыңкы мамлекетке айлануунун жаңы стратегиясын жарыялап, аны ишке ашырууга киришүүдө. Ал стратегия АКШнын Кытайды басынтуу саясатына каршы багытталган жана абдан туурадай көрүнөт.

Кытайдын жаңы стратегиясы “кош циркуляция” деп аталат. Бул Кытай экономикасы экспортко эле эмес, ички керектөөгө таянуу менен жетиштүү жана жемиштүү болот дегенди билдирет.Кош циркуляциянын биринчиси ички рынокто товар жүгүртүү  же экономиканын ички алыш-бериштин негизинде  өнүгүүсүн камсыздоого жетишүүнү көздөйт. Экинчи циркуляция экспортко иштөө.

Кош циркуляциянын иштөөсү  АКШ же Европанын Кытайга соода согушун жарыялап, анын өнүгүүсүнө жол бербөөнү көздөгөн пландарын жокко чыгарып, Кытай экономикасынын ички керектөөгө таянып, өнүгүүсүн кепилдейт.

Айданбек Акматов

Буга чейин Кытай ири экспортер катары өнүгүп келди. Эгерде АКШ жана Европа, башка өлкөлөр рыногун жапса, Кытай артка кетет деген ишеним болуп келген. Кытай мына ушул көз карандылыктан чыгуу үчүн ички рыногуна таянууну, ички рыноктун өндүрүш циклин толук камсыздоону көздөөдө. Кытайдын ички рыногу абдан кенен болгондуктан, анын максатка жетүүсү да ошончо реалдуу болуп турат…

Туйгуналы Абдраимов Ысык-Ата санаторийин кантип капчыгына айлантууда?

Бишкек. 7.06.19.informator.kg

Эсил кайран СССР куруп берген кереметтүү Ысык-Ата санаторийин ким билбейт? Жылдын төрт мезгилинде тең санаторийге барсаңыз жаратылыштын жагымдуу шартында дем алып, денсоолугун калыбына келтирип, оору-сыркоолорунан айыгып жаткандардын аягы суюлбайт. Бирок, эс алуучулар арбын болгону менен санаторийдин имараттары эскирип, жылдан жылга капиталдык ремонтко муктаж болуп, жаңырууну күтүп турат. Ушундай шартта санарийдин төрүндө жаркыраган  заманбап бир имарат көзгө урунат. Бир көргөн адам ал имаратты “курорттун жетекчилиги жаңы куруп, акырындап корпустарды жаңыртып жаткан тура…” деп ойлошу ыктымал. Бирок, ал имарат санаторийдин №0-корпусу болгону менен Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимовдун менчигин экендигин укканда таң калбай койбойсуң…

Мандемдүү менчиктештирилген VIP-корпус

Ооба, биз бул маалыматты ошол жердеги карапайым кызматкерлерден угуп, тактоо үчүн сураштырдык. Чындап эле №0-корпус аталган төрт бөлмөдөн турган бул VIP-корпус Абдраимовдуку экендиги, ага жалаң капчыгы калың кадыр-сыйлуу коноктор келип эс алаары, бирок аларга көрсөтүлгөн кызматтардын баардыгы санаторийдин кызматчылары тарабынан аткарылып, ал эми эс алууга төлөнгөн каражаттар Туйгуналы Абдраимовдун аялы Клара менен уулу Элмураттын чөнтөгүнө түшүп тураары белгилүү болду.

Абдраимовго таандык жаңы корпустун жанындагы корпустардын азыркы абалы

“0-корпуска көбүнчө казактар же болбосо акчалуу кыргызстандыктар келип жатышат. Анткени, ал корпус жаңы салынып баардык шарттары бар, ичи-сырты заманбап, эмеректери да жаңы. Дарылануу процедуралары толугу менен санаторийдин врачтары, медайымдары аркылуу жасалат, тамак-ашы да жалпы ашканадан атайын ташылып берилип турат. Бирок, ал жак жеке менчик болгондуктан кызматтар үчүн же тейлегендерге атайын каражат  төлөнүп берилбейт, баягы өзүнүн айлык маянасы жазылат. Бирок, кардарлар тарабынан төлөгөн каражаттар толугу менен Туйгуналы Абдраимовдорго кетет деп жүрүшөт. Бул акыйкат мамиле эмес”,-дейт санатоийдеги дарыгерлердин бири Майрам Раимкулова.

Андан соң биз корпустун кире беришиндеги телефон номерге чалып, корпустун төлөмдөрү жана шарттары тууралуу сурадык. Телефондун аркы учундагы айым бизге “бул жаңы корпус, баардык шарттар-муздаткыч, телевизор, интернет бар. Тамакты жалпы ашканадан эмес ошол корпустун ичиндеги холлго алып келип беришет. 2 кишилик бир бөлмөнүн баасы бир суткага 2500 сом. Андан тышкары тамак-аш менен дарылоо процедураларына ар бир кишиге 400 сом өзүнчө төлөйсүңөр. Ошондо бир адамга бир күнгө 1750 сомдон айланат. Азыр биздин корпуста орун жок, эгер кааласаңар бул жакка келип бир ай, жыйырма күн мурун орун брондоп кетишиңер керек”,-деп жооп кайтарды.

Демек, бул корпустан Туйгуналы Абраимовдорго ай сайын аз эмес акча түшүп  тураары белгилүү болду. Кыргызстан профсоюздар союзу ээлик кылган, мамлекеттик санаторийдин ичине кандайча бул менчик корпус пайда болуп, пайда болгондо да жаңы курулуп калганы тууралуу суроолорубузга жооп алуу максатында санаторийдин директору Алчын Осмонгазиевдин иш бөлмөсүнө баш бактык. Анын айтымында, №0-корпус аталган жаңы имарат 2008-жылы салынып, ишке берилиптир.

Ысык-Ата санаторийин башкы деректири Алчын Осмонгазиев

“Мен бул жерге профсоюз уюму тарабынан директор болуп шайланып иштегениме аз эле жыл болду. Мендеги маалыматтар боюнча, силер сураган №0-корпус 2008-жылы эле азыркы Чүй облусунун башчысы Туйгуналы Абдраимовдун жеке каражаты менен салынып, ишке берилиптир.  Ал ага кантип менчикке өтүп калган десек, мурда бул жерде эски чайхана болгон экен, профсоюз уюмунун чечими менен 2002-жылдары эле ал чайхананын орду реконструкциялоо максатында Туйгуналы Абдраимовго жеке менчикке чыгарылып берилиптир. Биз ошол чечимге баш иебиз. Менин учурумда алар корпустун айланасынан кошумча жер чыгарып берүү боюнча арыз жазып, биз ага жол берген жокпуз,-деп өзүн актогоо аракет жасады.

Бирок, Алчын Осмонгазиев биздин ал корпуска жаткан бейтаптар санаторийдин кызматтарын пайдаланаарын моюнга алып, бирок, 2008-жылдан бери корпустун чыгымдары-сууга, жылытууга, электр энергиясына болгон төлөмдөрү тууралуу суроолорубузга жооп таппай, ачык калтырды. Ошондой эле корпуска жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн атайын келишим да түзбөптүр. “Баардыгын кагаз түрүндө көрсөтүп беребиз” деген деректир биз санаторийди кыдырып бүтүп кеткенче ал кагаздарды таппай, бушайман болду.

Жазында Т. Абдраимов экс-президент Алмаз Атамбаев менен Дубайга учуп барып, кайтып келгенде аны Сооронбай Жээнбеков менен элдештирүүгө аракет жасаганын ачыктаган…

Жыйынтыктай келгенде, 2000-жылдардын башында парламенттин депутаты, КРнын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары,  Милдеттүү камсыздандыруу фондурун директору кызматтарында эмгектен Туйгуналы Абдраимов Ысык-Ата курортунан корпуска жерди профсоюздар уюмунан кандайдыр жол менен чыгарып алууга жетишкен.  Ал жерге заманбап корпусту куруп, 10 жылдан бери санаторийге келген акчалуу бейтаптардын агымын өзүнө буруп, капчыгын калыңдатып келетат. Эч кандай чыгым жок, эч кимге айлык бербейт, коммуналдык чыгым төлөбөйт, 100 пайыз киреше…

Санаторийдин ичиндеги сырдуу санаторий…

Чүй облусунун башчысына караштуу санаторийдеги №0-корпустун төркүнү болсо ушинтип ачыкка чыкты. Бирок, бизге, биз тургай санаторийди үч жылдан бери жетектеп келе жаткан Алчын Осмонгазиевге да таң калычтуу дагы бир жагдай бар. Ал-Туйгуналы Абдраимовго таандык, анын улуу баласы Элмурат жетекчиликке алып, акыркы эки жылдан бери курулуп жаткан жер төлөсүн кошкондо беш кабаттуу жаңы мейманкана. Биз барган кезде курулуштун дээрлик 50 пайыз курулуш иштери аяктап, сөөгү туруп, чатыры чыгып, ичиндеги электр түйүндөрү монтаждалып жаткан экен. Албетте, азыр бир чакан үй салууга эле бери жагы 1 млн. сом керектелээрин эске алсак, бул имарат бери жагы эле 50 млн. сомдун башын чапчый турган. Анда өмүр бою мамлекеттик кызматта жүргөн Т. Абдраимов мындай каражатты кайдан табат болду экен?

Баарынан кызыгы имараттын айланасындагы көп жылдык бактар, жаш тал-теректер ченемсиз көп кыркылыптыр. Муну биз Туйгуналы Абдраимовдун мейманканасына күндүн табы түз тийиш үчүн же болбосо мейманкананын фассады санатрийдегилерге жаркырап ачык көрүнүп турушу үчүн атайылап жасалган иш катары түшүндүк. Балким, экологияны коргоочу мамлекеттик органдар мөөнөтүнөн эрте, же эч кандай чиригени, ооруганы жок туруп кыркылган бактар үчүн санаторийдин жетекчилигине суроо салса, чыныгы жооп ачыкка чыгаар…

Бизге маанилүүсү-эскилиги жетип турган санаторийдин имараттарынын фонунда заманбап көп кабаттуу курулуш кандайча кайрадан эле Туйгуналы Абдраимовго таандык болуп калганы. Бул боюнча түз сурообузга  санатрийдин башкы деректири Алчын Осмонгазиев да жооп бере албай, колун куушурду.

Санаторийдеги эскирген имараттар

“Үч жылдан бери төмөн жакта Туйгуналы Абдраимовго таандык мейманкананын курулушу башталды. Мен башчы катары санаторийдин ичиндеги курулушка кызыгып, бул жактан документтерди көтөртүп, ал жер кандайча аларга тийип калганын таппай жатам. Мейманканага тиешелүү жер мыйзам ченемдүү түрдө Абдраимовдорго таандык экендигин боюнча Ысык-Ата райондук мамлекеттик каттоо кызматына суроо жөнөтсөк ал жактан кыска эле-“жер тилкеси алардын мыйзамдуу менчиги” деген жооп келди. Бирок, тиешелүү документтерди көрсөткөн жок. Аны талап кылып алууга менин укуктарым жетишсиз, мен профсоюз уюму тарабынан шайланган кишимин. Бул боюнча, өзүңөр деле профсоюзга  кайрылып сурап көргүлөчү”,-деп кайра бизден жардам сурады.

Бул КРнын профсоюздар федерациясынын курортторду башкаруу башкармалыгына чалганыбызда алар болгон өлкөдөгү курортторго жолдомолорду сатуу менен гана алек болоорун, курорттордун  ички маселелери  боюнча федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов гана жооп бере алаарын айтышты. Ал эми Мирбек Асанакунов кол телефонун эки күндөн бери көтөрбөй,  катчысы анын федерациянын кеңешине даярдык көрүп, бошобой жатканын билдирип, сурообузду ачык калтырды..