Экономика

Экономика

Мамлекеттик салык кызматы 6млрд сом чогултту

6-август 2020/informator.kg-

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ушул жылдын июль айында 6 млрд 859,1 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 109,9 пайызга же 616,1 млн сомго ашыгы менен жыйналды.
«2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 548,9 млн сомго көп жыйналган. Ошону менен бирге ушул жылдын 7 айында 40 млрд 452,3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналды», – деп айтылат маалыматта.

КРнын Кытайга болгон карызы күндөн-күнгө өсүүсө

6-август 2020/informator.kg-

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы бир айдын ичинде 4 млрд. сомго өстү Бул тууралуу «akchabar.kg» жазып чыкты. 
  Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Кытай Эл республикасына болгон карызы май айынын аягында 130 млрд. 867. 32 млн сомду (1 млрд. 774.04 млн доллар) түзгөн. Ал эми бүгүнкү күндө Кытайга болгон карыз 4 млрд. 22 млн. 120 миӊ сомду түзүп жатат. 
  Кытай өлкөсүнөн алынган карыз тышкы карыздын 43,2 пайызын түзөт.   

Президент Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлү менен жолукту

5-август 2020/informator.kg-

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-августта, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар менен өлкөдөгү анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.Мамлекет башчысы Болормаа Амгаабазарга Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү катары жигердүү жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстандын социалдык-экономикалык дараметин бекемдөөдөгү, айрыкча, өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кризистик мезгилдеги жеке салымын белгиледи.«Сиз Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө сезилерлик салым коштуңуз. Аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жана балдарды колдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын стратегиялык демилгелерин колдогонуңуз үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Президент.

“3D КЫРГЫЗСТАН”

5-август 2020/informator.kg-Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жана Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) каржылык колдоосу менен Кыргызстандын 3D панорамалык туристтик картасын түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу департаменттин басма сөз кызматы билдирди.”Карта чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтер арасында өлкөнүн кооз жерлерин жайылтууга жардам берет, 360 градуска чейин жогорку сапаттагы фотосүрөттөрдү көрүү менен алдын ала керектүү маалыматты алууга жардам берет”, – деп билдирди департаменттен. “3D Кыргызстан” долбоорунун автору жана демилгечиси туризм боюнча эксперт Максат Конушалиев. 3D сүрөттөр Google карталарында, туризмге байланыштуу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун сайттарында, ошондой эле өлкөнүн туризм веб-сайтында: www.discoverkyrgyzstan.org жайгаштырылат.

Кыргызстанга кетүүгө жардам берем деп 60миң рубль алган кылмышкер кармалды

5-август 2020/informator.kg-

Кыргызстандык мекендештерин Россиядан чартердик каттам менен жөнөтө турганын айтып алдап жүргөн шектүүлөр кармалды. Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин алдында өлкөгө кайтуучу жарандардын арыздары менен кайрылууларын кароо үчүн атайын комиссия да түзүлгөн.Ички иштер министрлигинин кече, 4-августтагы маалыматы боюнча, коррупцияга каршы күрөшүүчү жумушчу топ 8 алдамчылык фактысын аныктады.28-июль күнү ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун тургуну (1994-жылы туулган) А.Д. арыз менен кайрылган. Ал 17-июль күнү Москва шаарындагы консулдук бөлүмгө чартердик каттамдарга тизмеге кирүү үчүн арыз менен кайрылган. Кезекте турганда бланктарды таратып жаткан жигит менен таанышып калып, ал элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттам менен учуу үчүн кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам бере турганын убадалаган. Бирок сый акысын алдын ала алгандан кийин качып кеткен.ИИМдин өкүлчүлүгү Якиманка райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте шектүүнүн өздүгүн тактап, Чүй облусунун тургуну (1990-жылы туулган) К.М. болуп чыккан. Якиманка райондук ички иштер бөлүмү бул факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.28-июль күнү арыз менен кайрылган 1998-жылы туулган Н.Г. менен 1986-жылы туулган А.С. WhatsApp аркылуу өзүн элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, Кыргызстанга учууга көмөк көрсөтүүнү убадалаган адамга 60 миң рубль акча беришкен. Бул ишке шектүү делип Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 1997-жылы туулган жаран кармалды.

Covid-19 : Болгария туристтерди бекер дарылайт

4-август 2020/informator.kg-Болгарияда эс алуу учурунда коронавирус менен ооруп калган туристтердин тамак-аш жана медициналык чыгымдары мамлекет тарбынан төлөнлт .Мындай конокторду кабыл ала турган мейманканалар мурунтан эле аныкталган, деп билдирет ATOR.Вице-премьер-министр жана туризм министри Марияна Николованын айтымында, Голден Сэндс пансионатындагы пресс-конференцияда, бардык санитардык протоколдорду так сактоо менен, Болгариянын курортторунда коронавирус менен туристтин бир дагы учуру катталган жок. “Биздин отелдерибиз пансионаттардагы оорунун алдын алуу үчүн бардык санитардык талаптарга жооп берет. Бул Болгария коопсуз эс алуучу жай деген тыянакты тастыктайт”, – деп кошумчалады ал.

Польша Газпромго 50 миллион евро айып пул салды

4-август 2020/informator.kg-

Польшанын Атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгы “Түндүк агым-2” долбоору боюнча маалымат берүүдөн баш тартканы үчүн “Газпромго” айыппул салды.
Айыппулдун көлөмү 213 миллион злотый же 50 миллион евро.
Маалыматка караганда, “Газпром” Nord Stream 2 туунду компаниясы менен газ куурунун курулушун каржылаган европалык компаниялардын ортосунда түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан. Польшанын монополияга каршы мекемеси алты европалык компанияны, анын ичинде “Газпромду” польша тараптын уруксатысыз консорциум түзүүгө айыптоодо. Буга чейин ушундай эле жүйө менен франциялык Engie компаниясы да айыппулга жыгылган.
“Газпром” Польшанын чечимине комментарий бере элек.Польша башка бир катар европалык өлкөлөр сыяктуу эле “Түндүк агым-2” долбооруна каршы. Алар муну менен Орусия Евробиримдикке жана Украинага саясий басым көрсөтүүгө аракет кылууда деп эсептешет.

Акылбек Жамангулов: MegaCom – бир жарым жыл ичинде аткарылган масштабдык иштер

2018-жылдын аягына чейин MegaCom компаниясынын 4G байланышы менен Кыргыз Республикасынын 50 пайыздан көбүрөөк аймагы камсыз болду. Акыркы бир жарым жыл аралыгында «Альфа Телеком» ЖАКы бул көрсөткүчтү 90 пайызга чейин жогорулата алды. MegaCom уюлдук оператору кыска мөөнөттүн ичинде түйүндү оптималдаштырып жана тармагын кеңейте алгандыгы тууралуу компаниянын башкы директору Акылбек Жамангулов интервьюда айтып берди.

– Акылбек Жекшенович, MegaCom компаниясы түйүндүн техникалык көрсөткүчүн олуттуу өнүктүрө алышына эмне түрткү болду?

– Буга эң алгач өлкө жетекчилигинин колдоосу себеп болду. Эгер буга чейин «Альфа Телеком» ЖАКы тарабынан өндүрүлгөн каражаттын баары өлкөнүн бюджетине жумшалып келген болсо, 2019-жылдан баштап MegaCom’дун техникалык базасын модернизациялоого инвестиция бөлүү мүмкүнчүлүгүн беришти. Бул компанияны өнүктүрүү стратегиясынын негизги идеясы болуп калды.

Биз 4G түйүнүн кеңейтүүгө басым жасадык. Жыйынтыгында бир жарым жыл ичинде компания төртүнчү муундагы түйүн менен жабдылган аймагын 90 пайызга чейин кеңейте алды. Ошондой эле 3G түйүнүнүн аймагын дагы жогорулаттык. Ири инвестициялар базалык станциялардын санынын 31 пайызга чейин жогорулашын шарттады, муну менен 4G станцияларынын саны 113 пайызды түздү. Жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик санариптештирүүгө заманбап инфраструктура түзүп, техникалык өсүү планын 112 пайызга ашыгы менен аткара алдык. Бул үчүн мен өзгөчө ыраазычылыкты компаниянын техникалык адистерине, монтаждоо тобуна, бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана жалпы коллективге билдиргим келет.

– Бүгүнкү күндө жабдыктарды модернизациялоонун үстүнөн канча бригада иштеп жатат?

– 2018-жылдын декабрынан тартып биздин монтажчыларга канчалык оор шартта иштөөгө туура келип жатканын түшүнүп турсак да, аткарылган иштердин көлөмүн квартал сайын көбөйтүүгө аракет жасадык. Алар ысык-суукка карабай, деңиз деңгээлинен бийик жайгашкан алыскы аймактарда, кол жеткис локацияларда, жабдыктарды орнотуп, өлкөнүн бардык өрөөндөрүндө эрдик менен эмгектенип жатышат. Ишке тартылган адистердин саны 3 монтаждык бригададан 20га чейин ири эсепте өстү.

Инвестициясыз компаниянын түйүнүнүн техникалык жактан өнүгүшү мындай эбегейсиз өсүүгө жетмек эмес. Уюлдук байланыш жана жогору ылдамдыктагы интернетке болгон талап өсүүдө, маалыматтарды өткөрүү трафиги өсүп жатат, дээрлик ар бир кырзстандык бүгүнкү күндө байланыштын кызматынан пайдаланууда.

Мындан тышкары учурда Кыргызстандын эмгек рыногунда бийиктиктен антенна-мачталык түзүлүштөрдү монтаждап иштөөчү квалификациялуу адистердин жетишсиздиги байкалууда. Андыктан MegaCom ички кадрларды даярдоону күчтөдү. Эми биз сыймыктануу менен өлкө боюнча биздин компанияда телеком-жабдыктарын монтаждоочу мыкты адистер иштейт деп айта алабыз.

– MegaCom санариптештирүү программаларына активдүү катышары белгилүү…

– “Альфа Телеком” ЖАКы мамлекеттин санариптештирүү тармагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири, анын ичине “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну да санап кетсек болот. Ошондой эле MegaCom “Санариптик мектеп” программасын ишке ашырууга катышып жатат. Биздин орто билим берүүчү мекемелерибиз санариптик экономика таштаган чакырыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен жооп берерине ишенебиз.

Келечекте биз медициналык мекемелерди, айыл чарба тармагы, жана башка тармактарды санариптик стандартка өткөрүү боюнча көптөгөн жолдорду иштеп чыгып, ишке киргизүүнү пландап жатабыз.

– Өнүгүү үчүн компания жакынкы күндөргө эмнелерди пландап жатат?

– Техникалык планда чечилбей жаткан көптөгөн көйгөйлөр бар, ошондуктан MegaCom кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу менен алардын үстүнөн дагы көп эмгек жумшап иштемекчи.

Компания жаңы маалымат өткөрүүчү жабдыктарды орнотуу жана жаңы базалык станцияларды куруу иштерин улантууда. Биз интернет-трафикти Өзбекстан, Тажикстанга жана акырындык менен КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан тышкары да экспорттоо үчүн транзиттик байланыш оператору болууну пландап жатабыз.

Биз жетишкен ийгиликтер менен эле токтоп калбастан алдыга умтулуп, инновациялык тарифтерди жана кызматтарды киргизип, техникалык инфраструктураны, сатуу жана тейлөө түйүндөрүн кеңейтүүнү уланта бермекчибиз. Ошондой эле биз байланыш-индустриясындагы дүйнөлүк бренддер менен өнөктөштүктө иштөөнүн үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Республиканын салык төлөөчүлөрүнүн алдыңкы ири бешилтигинин бири болгон “Альфа Телеком” ЖАКнын потенциалы чоң жана аны биздин абоненттердин пайдасына колдонушубуз керек. Кыргызстандыктардын жашоосу максималдуу ыңгайлуу болушу үчүн алардын ар бирине оперативдүү жана ишенимдүү санариптик өнөктөш болууга бардык күч аракетибизди жумшайбыз.

“Семетей” обсервациясында жугуштуу оорулар ооруканасы негизделет

4-август 2020/informator.kg-

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Семетей» аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.Кеңешмеге саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык медиктер катышты.Кеңешменин катышуучулары «Семетей» госпиталын инструменталдык-лабораториялык диагностикалоо жана коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Мында жетиштүү орундарды түзүү, анын ичинде реанимациялык бөлүмдү жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталууда. Күз-кыш мезгилинде жугуштуу оорулардын күч алуусун эсепке алуу менен кыска мөөнөттө госпиталдын базасында толук кандуу медициналык көмөк көрсөтүүнү уюштурууга байланыштуу кадрдык жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү маселеси кабыл алынды.«Семетей” обсервациясынын негизинде толук кандуу жугуштуу оорулар ооруканасын түзүү идеясы коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү процессинде пайда болду. Анткени биз анда бейтаптар үчүн 1000 ашуун орунду даярдай алабыз. Ошондой эле ушул оорукананын базасында лабораторияны ачууну пландаштыруудабыз. Эгерде биз “Семетей” обсервациясынын аймагында жугуштуу оорулар ооруканасын негиздесек, анда бул стационар аймактагы эң ири жугуштуу оорулар ооруканасына айланмакчы», – деди Аида Исмаилова.

“iPhone 12” сентябрда сатылбай калат деген ушактар ырасталды

4-август 2020/informator.kg-

“Apple” компаниясы “iPhone 12″нин кечигип чыгышы жөнүндө ушак-айыңдарды расмий түрдө тастыктады. Бул тууралуу “Phone Arena” компаниясынын “CFO Luca Maestri” компаниясынын билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.Конференцияда “Maestri”, “iPhone 12” сентябрда сатылбай калат деген ушактарды ырастады.2020-жылы жаңы гаджеттерди берүү бир нече жумага кечеңдетилет. Ошентип, “iPhone 12” түзүмү октябрь же ноябрда ишке киргизилет. Презентациянын так датасы азырынча жарыялана элек.