Экономика

Экономика

Өкмөт өткөн жылдан түз инвестиция 50%га чукул өскөнүн айтты

Бишкек. 20.06.19.informator.kg 2019-жылдын 1-кварталында Кыргызстанга тартылган чет элдик түз инвестициянын көлөмү өткөн жылдан 48,9 %га өскөн. Бул боюнча, Улуттук статистика комитетинин сайтынан көрүүгө болот.

Анда 2019-жылдын алгачкы төрт айында сырттан кирген түз инвестициянын жалпы суммасы 176.7 млн. АКШ долларга жеткен. Ошону менен катар эле мамлекеттен сыртка чыккан инвестиция 31.3 %га кыскарып, бул көрүнүш позитивдүү экенин билдирет.

Инвестицияларды тармактарга бөлүп карасак, түз инвнстициянын 57%ы же 100,7 млн.$ кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикке салынган. Андан кийин баалуу кен өндүрүү тармагына 29,2 млн. $ же инвестициянвн 16,6%ы жумшалган.
Соода-сатыкка 10,7 млн.$ же 6,1 % инвестициялык каражат салынса, кайра иштетүүгө 10,3 млн. $, курулуш тармагына 2,0 млн.$ салынган.

Кыргыз сому 27 жашка толду. Бул арада 1,5, 10 сомдуктар жүгүртүүдөн алынган…

Бишкек. 10.05.20. informator.kg  Бүгүн, 10-майда Кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине 27 жыл болду. Туңгуч улуттук валюта Кыргызстан эгемендик алган соң эки жылдан кийин, тагыраагы, 1993-жылы 10-майда колдонула баштаган.

Алгачкы банкноттор 1993-жылы 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акча түрүндө чыккан. Кийин алар акырындык менен жүгүртүүдөн алынып, 1994-1995-жылдары 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук жаңы банкноттор менен алмашкан.

1997-жылы алардын коргоо элементтери жакшыртылган, дизайны өзгөргөн. 2000-жылы 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор чыккан.

2008-жылы 1, 3, 5 жана 10 сомдук металл акчалар жүгүртүүгө киргизилген.

Акыркы жолу 2009-жылы 5000 сомдук, 2017-жылы 2000 сомдук банкнот чыгарылган. Азырынча, кыргыз валютасы коңшу мамлекеттердин валюталарынан эл аралык валюта рыногунда күчтүүрөөк болуп турат. Аны өз убагында киргизип калганы үчүн алгачкы Президент Аскар Акаевге жылуу пикирлер айтылып жүрөт.

Илим Карыпбеков Финполго сурак берип чыкты

Бишкек. 23.08.19 Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип чыкты.

Карыпбеков “Манас” аэропортунда директор болуп иштеп тургандагы иштер боюнча күбө катары сурак бергенин билдирди.

“Бишкектеги “Манас” аэропортун жетектеп турганымда май куюучу комплекс сатылып алынган. Ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат”, – деди Карыпбеков.

Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына күбө катары дагы чакырылышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Карыпбеков Коомдук телеканалды жетектегенге чейин “Манас” эл аралык аэропортунун курамына кирген Бишкектеги аэропорттун директору болуп эмгектенген. 

Шумкарбек Адилбек уулу: “Долбоорду бизден сурап кажети жок, долбоорлор порталда ачык жайгаштырылат”

Бишкек. 11.07.19 informator.kg “Инвестициялык долбоору бар жактар жана даяр долбоорлорду карап көрүүгө кызыкдар тараптар мындан ары агентикке келип отурбай эле алар менен онлайн таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”. Бул тууралуу Өкмөттүн алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Адилбек уулу Шумкар биздин порталга билдирди.

“Жакында биз Кыргызстандын инвестициялык платформасын онлайн түрүндө дүйнө коомчулугунун алдына чыгарабыз. Ал сайт түрүндөгү инвестициялык карта менен дүйнө коомчулугу тааныша алат. Биз ал жерге Кыргызстан, анын ичинде ар бир аймактын, райондун инвестициялык потенциялын көргөзөбүз. Район акимдери өз районун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдар же жарандар, тургундар сунуштаган долбоорлорду, сунуштарды өз районунун баракчаларына ошол жактан эле жүктөп, инвесторлор коомчулугунун алдына суна алат. Эми биздин агенттикке келип отурбай эле каалаган инвестор кайсы өлкөдө турбасын Кыргызстандын инвестициялык потенциялын порталдан карап, даяр долбоорлорго кызыкса онлайн түрүндө байланышып, талкуулай алышат”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, бүгүн ЖКнын депутаты Марлен Маматалиев аталган агенттин ишин кескин сынга алган болчу.

“Семетей” обсервациясында жугуштуу оорулар ооруканасы негизделет

4-август 2020/informator.kg-

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Семетей» аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.Кеңешмеге саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык медиктер катышты.Кеңешменин катышуучулары «Семетей» госпиталын инструменталдык-лабораториялык диагностикалоо жана коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Мында жетиштүү орундарды түзүү, анын ичинде реанимациялык бөлүмдү жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталууда. Күз-кыш мезгилинде жугуштуу оорулардын күч алуусун эсепке алуу менен кыска мөөнөттө госпиталдын базасында толук кандуу медициналык көмөк көрсөтүүнү уюштурууга байланыштуу кадрдык жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү маселеси кабыл алынды.«Семетей” обсервациясынын негизинде толук кандуу жугуштуу оорулар ооруканасын түзүү идеясы коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү процессинде пайда болду. Анткени биз анда бейтаптар үчүн 1000 ашуун орунду даярдай алабыз. Ошондой эле ушул оорукананын базасында лабораторияны ачууну пландаштыруудабыз. Эгерде биз “Семетей” обсервациясынын аймагында жугуштуу оорулар ооруканасын негиздесек, анда бул стационар аймактагы эң ири жугуштуу оорулар ооруканасына айланмакчы», – деди Аида Исмаилова.

Пора в школу: обзор смартфонов для учебы по доступным ценам

Бишкек. 28.08.19 Cегодня школы идут в ногу со временем: интерактивные доски, современные компьютеры, а иногда и планшеты вместо учебников. Даже у учеников младших классов есть смартфон с выходом в интернет. Ведь многофункциональные гаджеты обладают немалым преимуществом, делающим их полезными для детей, например, обучающие приложения или игры, которые помогают юным пользователям умных устройств учиться и развивать свои навыки.

Неудивительно, что перед предстоящим учебным годом многие подростки хотят обзавестись новым смартфоном. Для того, чтобы было легче определиться с моделью телефона для школьников, мы подготовили 4 гаджета до 9 тысяч сомов в рассрочку до 6 месяцев, которые точно придутся и детям, и родителям по вкусу. 

МодельДиагональ экранаОбъем памятиКамерыАккумуляторОбщая стоимостьCтоимость в месяц
Huawei Y55, 71 дюйма2/16 ГБОсновная  – 13 МП, фронтальная – 5 МП
3020 мАч7 190 сомов 1 198 сом/мес.
XiaomiRedmi Go5 дюймов1/16 ГБОсновная – 8 МП,  
​фронтальная – 5 МП
3000 мАч5 290 сомов882 сом/мес.
Honor 7A5,45 дюймов2/16 ГБ Основная  – 13 МП, фронтальная – 5 МП
3020 мАч7 390 сомов1 232 сом/мес.
SamsungA106.2 дюймов2/32 ГБ Основная  – 13 МП, фронтальная – 5 МП3400 мАч8 590 сомов 830 сом/мес.*

*Стоимость указана при покупке в кредит на 12 месяцев

Чтобы оформить рассрочку или кредит на смартфон, необходимо иметь при себе паспорт и справку о заработной плате за последние шесть месяцев или выписку из банка о начислениях за последние шесть месяцев (по зарплатному проекту у любого банка КР). Кредит осуществляется в партнерстве с «Дос-Кредобанком» или «Бакай Банком».

Совершайте приятные и выгодные покупки в MegaStore!

Нарында соода-логистикалык борбор курулат – бюджетке канча млн. алып келет?

Informator.kg – 1.10 .19 Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат. Бул Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагындагы Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгиленгендей, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин буга чейин кол койгон макулдашуунун жыйынтыгы болуп саналат.

«Соода-логистикалык борбордун курулушу аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына байланыштуу демилгеленип жатканын өзгөчө белгилегим келет. Биз бүгүн Ат-Башы районундагы өнөр жай, соода-логистикалык борбордун курулушунун маанилүү маселелерин талкууладык. Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну эске алуу менен, бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык тиешелүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды», – деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров соода-логистикалык борбордун ачылышы Нарын облусунун динамикалуу өнүгүшүн шарттайт жана 13 миң жумуш орду түзүлөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн АКШ долларды түзөт. Аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфраструктуралык мааселелер чечилет.

Маалымдама: Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адылбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов катышты.

Бишкек ЖЭБине канча тонна көмүр алынып келинет?

Бишкек. 30.08.19 Быйыл Кара-Кеченин көмүрүн берүүнүн көлөмү көбөйтүлүп, Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн 680 миң тонна алып келиш керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов экономика тармактарын жана калкты 2019/2020-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, котельный жабдуулардын ремонту белгиленген мөөнөттүндө аткарылып атат. Бүгүнкү күндө «Бишкек жылуулук энергодо» 66 котельныйдын 52си оңдолуп бүткөн, «Кыргыз жылуулук энерго» ишканасында — 131 буу казандын 126сы оңдолгон.

Кубатбек Боронов энергетика ишканаларынын жетекчилери аткарылуучу оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүн эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

«Ак-Тилек» пунктунда мыйзам бузуулар катталды

15.07.19 informator.kg Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүү боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо тууралуу салык органынын маалымкаты жок 35 куб метр жыгач ташып келе жаткан автомашина кармалган.

Салыкчылар ошондой эле, 27 тонна битум, 9 миң 500 жарык берүүчү LEDлампа жана 4 трансформатор алып келинген фактыларды аныкташты. Импорттоочулардын колунда мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты бар экендиги аныкталган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Булак: maralfm.kg

Кыргызстан Кытайга сүт, жемиш, бал экспорттой турган болду

Бишкек. 24.06.19. informator.kg Кыргызстан мындан коңшулаш Кытайга сүт азыктарын, эрте бышкан жемиштерди жана бал экспорттой турган болду. Мындай шарттар кечээги КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков менен КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин жрлугушуусунан кийин кол коюлган 19 документтин ичинде камтылган.

Ошондой эле ал документтерде фитосанитардык абалды биргелешип жакшыртуу, таза суу, коопсуздук жана коргонуу, экологияны коргоо сыяктуу багыттар бар.