Экономика

Экономика Страница 2

УКМК 4 млн. сомдук дары-дармек аткезчилигин кармап алды

Бишкек. 17.12. 20. Informator.kg  2020-жылдын 16-декабрында КР УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш чаралардын алкагында Талас областындагы “Чоң Капка-Автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылып, алынды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалыматчылары кабарлайт.

Такталган маалымат боюнча, кармалган дары-дармектердин 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксаат берүүчү кагаздары болгон эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашык суммага барабар.

“Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жиберилди”,-дейт УКМК.

Садыр Жапаров: “Саясатты унутуп, жалаң экономика менен алектенебиз.”

Жалпы элдик колдоонун жаңырыгы

Бишкек. 17.12.20 informator.kg Жапаровдун үгүт кербенинин 2-күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунда уланды. Кычыраган кыштын суугуна карабай элдик лидер Садыр Жапаровго жолугуп, сөзүн угуп, өзүн көргөнү миңдеген эл чогулуп жатты. Баса белгилей кетүүчү жагдай, элдик талапкер Садыр Жапаровго жолугуу үчүн эл өз каалоосу, чын жүрөгү менен келип жатышты. Илгеркидей бюджеттегилерди кыйнап чогултуп келмей терс көрүнүш болбогону – Кыргызстан чындап өзгөрүүгө, жаңыланууга бет алганынан кабар берип турат. Биздеги саясатта жүргөндөрдүн бири дагы Садыр Жапаровдукундай жалпы элдик колдоого ээ болгон эмес.

      Бүгүн жалпы элдин тандоосу – Жапаров экендиги эмитеден эле ачыкталып, баарына белгилүү болуп калды. 16-декабарь күнү эртең менен токтогулдук, түштөн кийин аксылык, чаткалдык, ала-букалык шайлоочулар Садыр Жапаровду адаттагыдай эле туш-туштан кубаттап, дүркүрөтө кол чаап, жарык маанайда тосуп жатышты. Токтогулдагы жолугушууда эл өтө көп суроолорун, каалоо-тилектерин айтышты. Мурдагы чиновник Тайырбек Сарпашев мыйзамсыз ээлеп алган 500 гектар жайыт жана сугат жерлердин Токтогул районунун ээлигине кайтаралышына кубанганын жашырбай Садыр Жапаровго рахматын айтышты. Ошондой эле Токтогулда айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкананын жана цемент заводунун курулушу боюнча Өкмөттүн планы бар экенин кубануу менен кабыл алышты. Берилген суроолордун айрым орчундууларын ортого салсак.   

      “Жетим-Тоону” 100 пайыз өзүбүз иштетебиз!”

       Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Ишенбай Кадырбеков сизди “Жетим-Тоо” кенин кытайларга берип салды”- деп жатат, ошол чынбы?

     – Бул карандай калп. “Жетим-Тоодо” 10же 30 жылга эмес, 500 жылга жете тургандай кен байлык бар. “Жетим-Тоо” Кыргызстандын байлыгы. Анын бир пайызын дагы эч кимге бербестен, өз күчүбүз менен иштетсек болот. Буга көп акылдын, көп каражаттын кереги жок. Кудай буйруп, президент болуп калсам, аны иш жүзүндө сиздерге көргөзөбүз. “Жетим- Тоо” долбоору бизди экономикалык саздан сууруп чыга турган чоң долбоор. Бул боюнча иш башталган. Мен премьер-министр болгон күндөн баштап “Жетим-Тоонун” үстүндө иш алып баруу боюнча тапшырма бергем. Учурда аракеттер көрүлүп жатат. Буйруса жаңы мамлекеттик ишкана ачылат. Анын жетекчилигине Темир Сариевди сунуштагам. Ал азыр экономика жаатындагы адистер менен бирге иш алып барууда. Кудай буйурса, келе жаткан жылдын жай же күз айларына чейин “Жетим-Тоону” иштетип калабыз го деген максатыбыз бар. Кенди 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эч кандай инвестордун үлүшү болбойт, бир дагы чет элдик кишинин катыштыгын көрбөйсүздөр, өз жарандарыбыз гана иш алып барышат. Жаштарга орун берилет, 2000ден 3000ге чейинки жумуш орду түзүлөт.

“Саясатты унутуп, жалаң экономика менен алектенебиз.”

Президент болупкалсаңыз ишти эмнеден баштайсыз?

– Биринчи саясий процесстерди бүтөлү. Президенттик шайлоо менен бирге референдум өтөт. Ал жерде сиздер тандап алган башкаруунун формасы кабыл алынат. Тактап айтканда, президенттик же парламенттик. Ошого жараша, Конституцияны кабыл алабыз. Бул иш болжол менен февраль айынын аягына барып калса керек. Конституция кабыл алынган соң, ага жараша мыйзамдар жазылат. Жогорку Кеңеш, Президент, Курултай, сот системасы, жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө баардык мыйзамдар кабыл алынып, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Парламенттик шайлоо болжол менен май, июнь айларына барат. Ушунун баарын бүткөндөн кийин биз бир гана экономика менен алектенишибиз керек. Саясатты унутуубуз зарыл. Бири- бирибизге акаарат айтууну таштап, жашоону жаңы ак барактан башташыбыз керек. Бир гана экономика менен алектенебиз. “Жетим-Тоо” сыяктуу мамлекеттик деңгээлдеги чоң- чоң долбоорлорду ишке ашырууга аракет жасайбыз, ГЭСтерди курабыз.

“Сырттан унаа ташууда элге жеңил шарт түзүүгө аракет жасайбыз”

– Бизге Япониянын эле унаалары чыдайт экен. Оң рулдуу болсо дагы жаңыраак машинелерди ташыйлы, ушул маселеге көңүл бура аласызбы?

– Авто авариянын көбү оң рулду авто унаалардан болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Биз мамлекеттик деңгээлдеги бир программа түзүшүбүз керек. Шайланып калсам бул жааттагы адисттер менен акылдашып, маселени чечүүгө, элге жеңил шарт түзүүгө аракет жасайбыз. Оң рулдуу машинелердин рулун сол жагына которууга шарт түзүшүбүз керек. Бул иштин үстүндө Өкмөт иш алып барат…

“Жамандыкты жакшылык менен жеңелик”

– Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макам алышы туура эле болдубу?

– Биринчи, экинчи президенттерибизди кубалап ийгенбиз. Үчүнчүсү түрмөдө жатат. “Жамандыктын учугу уланып кете берет” – дейт го, жакшылыкка жоруп, кыргыздын ата-бабадан келе жаткан “жамандыктын артын жакшылык жеңет” деген накыл кепти эске алып, ырым кылып Сооронбай Жээнбековго экс-президент макамын берүүнү туура көрдүк. Мен деле мисалы түрмөдө жаткан учурда атамдан, апамдан ажырадым. Алардын аркасынан оо дүйнөгө баламды узаттым. Баламдын кыркылыгында түрмөдө жатып, экинчи балама колукту алып берүүнү туура көрдүм. Үй-бүлө, туугандарыма айтып, алар баламды үйлөнтүштү. Азыр неберелүү болдум. Неберемдин төрөлгөнүнө төрт-беш ай болуп калды. Үйүмө жакшылык келди. Анын аркасынан мен минтип түрмөдөн чыктым. Мынакей, жакшылык ушинтип уланып кетти. Эртең мен шайланамбы, же башкасы шайланабы, беш жыл иштеген соң мыйзамдуу жол менен бийликти кийинки президентке тапшырып бере турган салтты башташыбыз керек.

“Жеке кызыкчылыгымды көздөсөм, Курултайга каршы чыкмакмын”

– Урматтуу Садыр Нуркожоевич, элдин талабы – Курултай институтун ишке киргизиш керек. Ушуга бек туруңуз?!

– Курултай институтун ишке киргизебиз. Айылдагы жергиликтүү эл, айыл өкмөт тарабынан шайланган жарандар жылына бир жолу чогулуп, бийликтин отчётун угуп, пикирлерин айтып, сунуштарын бере турган элдик орган болот. Муну 10 жылдан бери эл талап кылып келген. Буга чейинкилер курултай органын киргизгиси келген эмес. Анткени, көп чиновниктер жыл сайын элдин алдында отчёт бергенди каалашпайт. Жыл сайын ичип-жегени ачылып калышын каалашпайт. Биз президенттерди кеткенден кийин эки жыл, үч жылдан кийин канча акча жеп кеткенин билип атабыз. Мисалы, бир долларлык аттишти 600 долларга алышканын үч жылдан кийин билдик. Эгер Курултай институту кирсе, сиздер жылына кайсы акча каякка жумшалып жатат, эмнелер салынууда, кайсы материалдар канчага сатылып алынды, баардыгын көрүп турасыздар. Кайсы жол салынып атат, бир чакырым жолго канча акча жумшаганын да ачык көрөсүздөр. Мисалы, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун алалы. Кагаз жүзүндө бир чакырым жолго 3 миллион доллар жумшалды деп көргөзүшүптүр. Жол жарым жартылай бүтүп-бүтпөй турат. Дүйнөлүк стандарт боюнча бир километр жолго 1 миллион доллар гана жумшалат экен. Мындай көрүнүштүн баарын бийлик башындагылар кеткенден кийин билип калып атпайбызбы? Баш мыйзамга: «Бийликтин ээси – эл!» – деп жазабыз.

      Урматтуу элим, айтыңыздарчы, 30 жылдан бери бийликке эмне кылып, ээлик кылып атасыздар? Беш жылда бир шайлоо болот. Болгону бир күн, шайлоо күнү гана колуңуздарга бийлик тийет. Ошондо да шайлоодо добушуңуздарды сатасыздар, чоңдор сатып алышат дагы анан беш жыл бою карабай кетишет. Ошол себептен, мен, Курултай органын Баш мыйзамга киргиздирип жатам. Эгер жеке кызыкчылыгымды көздөсөм, анда мен дагы Курултайга каршы чыкмакмын.

       Аксы, Ала-Бука, Чаткалдыктар менен болгон Кербен шаарындагы жолугушуу 16-декабрь түштөн кийин орун алды. Садыр Жапаров платформасындагы айрым учурларын кыскача айтып берип, жолугушууну суроо-жооп иретиндеги эркин форматка өткөрдү. Жолугушуунун тартибин да Садыр Жапаров өзү аныктап, өзү башкарып турду. Эл менен түз баарлашып, эл дагы болгон ыкласын, ишенимин берип, жуурулушкан эң сонун баарлашуу болду. Элдин Садыр Жапаровго болгон ишеними ушунчалык күчтүү экенин ушундан билиңиз, эл аны талапкер эмес, учурдагы президенттей эле кабыл алып, маселесин Садыр Жапаров азыр чечип жиберчүдөй ишенип турушту. Негизинен суроолор мектеп, бала-бакча, стадиондор боюнча берилип атты. “Мен эми болгону талапкермин да. Тапшырма бере албайм. Кудай буйруса, шайланып калсак, маселени чечкенге аракет кылабыз” – деди. Суроолор да Кыргызстандын эртеңки тагдыры, коррупцияга каршы күрөш, экология ж.б. көйгөйлөрүн айтышты.

Аткаруучу: «ОсОО “Информатор”; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,Кулатов көч. №8.

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы: 1. 2020-жылдын 16-декабрь даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Нарында транспорт министрлигинин аймактык башчысы кармалды

Бишкек. 17.12.20 informator.kg  “Кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактысы боюнча КР транспорт жана жол министрлигинин нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды”. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашат.

Анда 2020-жылдын 16-декабрында УКМК ККК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рееестрине буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу автомобиль, суу транспорт жана салмак габаритти кантролдоо агентигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А. кармалганы айтылган.

“Такталгандай, кармалган Т.К.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Нарын” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталды”,-деп жазылат маалыматта.

Кармалган адам Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталган.

УКМК «мыйзамсыз байыган» Жогорку Соттун судьясын колго түшүрдү. Байлыгын көрсөң…

Бишкек. Informator.kg КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы  сот системасындагы коррупцияга каршы аракеттенүүсүнүн натыйжасында КР Жогорку сотунун атуулдук жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы О.К. Тны камакка алды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашат.

“Такталган боюнча, «О.К.Т.» өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып, мыйзамсыз баюу максатында КР мыйзамдарына ылайык өзүнүн мүлкүн, кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоого милдеттүү экендигине карабай, ошол эле учурда тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар. Аны менен бирге «О.К.Т.» жана анын жакын туугандары БАЭ, Турция, А зия жана АКШ курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталды”,-деп айтылат.

Андан ары  судья «О.К.Т.» мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында тиешелүү органдарда атуулдук-укуктук келишимдерди жүргүзгөндүгүн каттабай, айрым учурларда керектүү сатык келишимдерин башка, киреше булактары жок болгон жарандарга каттатып келгени,  «О.К.Т.» коммерциялык ишканалардын бирине, биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражаттарын бергени, өзүнүн чечими менен М.Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн Декретин жокко чыгарып, Мамлекеттик казынага көп миллиондогон чыгым келтирген. Ошол эле учурда, жогорудагы чечими үчүн «О.К.Т.» улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алып алганы да айтылат.

“2020-жылдын 14-декабрында КР Башкы прокурорунун «О.К.Т.» кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштамасы КР судьяларынын кеңешинин Дисциплинардык комиссиясынын чечими менен канааттандырылган.

2020-жылдын 15-декабрында бишкек шаардык биринчи май райондук соту «О.К.Т.» карата КР УКМК тергөө камак жайына кармоо боюнча баш коргоо чарасын бекитти”,-деп билдирет УКМК.

Ачык булактарда бул судья Осмоналиев Камиль Турдубекович экенин байкоого болот.  

Каржы полициясы контробандалык жүктү кармады

Бишкек. 14.12.20. informator.kg  Экономикалык Кылмыштар Каршы Мамлекеттик Кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы дайыма болуп турган экономикалык контрабанданы аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашат.

“Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы элдик керектөөдөгү товарларды (ЭКТ) мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда кызмат адамдарынын катышуусу менен товарларды дайыма болуп турган контрабандалык ташып кирүү фактыларын аныктады.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн “Вольво” маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалып, ал Өзбекстан Республикасынан “Достук” бажы посту аркылуу тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй келе жаткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды”,-деп айтылат маалыматта.

 Эске сала кетсек, ушу тапта ЭККМК контрабандачылардын кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Саясатчы Тайырбек Сарпашев: “Текшерүү мен үчүн көнүмүш нерсе…”

Бишкек. 10.12.20. informator.kg  “Тилекке каршы, тергөөгө байланыштуу мага эмнеге иш козголгонун, кайсыл маселелер боюнча сурак берип жатканымды ачык айта албайм, себеби, тергөөнүн купуялуулугу үчүн башында кол коюп бергем”. Бул тууралуу кечээ Каржы полициясынан сурактан чыккан Тайырбек Сарпашев журналисттерге билдирген.

Анын айтымында, ал убагы келгенде баардыгын ачык айтып берет жана эч кандай мыйзамсыз байыган эмес. “Эми мунун баары мен үчүн көнүмүш эле нерсе. Мени канча жолу текшеришкен, Жогорку Кеңеш атайын депутаттык да комиссия түзүп, баарын текшерип чыгышкан. Андыктан, мындай нерселерге анчалык деле чочуган жокмун. Кийин мен баардыгын ачык айтканга даярмын”,-деген ал.

Эске сала кетсек, Каржы полициясынын башына келген мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев Т. Сарпашев мыйзамсыз алган 500 гектар жерди мамлекетке кайтарып бергенин айткан. Бирок, кийин ал жерлер жөн гана ижарага алынган жайыт жерлер экендиги айкын болду.

“Альфа-Телеком” (Мегаком) 2020-жылдын 10 айында салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүнө 885 млн. 460 миң сом төккөн.

Бишкек. 9.12.20. informator.kg “Альфа-Телеком” (Мегаком) 2020-жылдын 10 айында салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн казынага 885 млн. 460 миң сом төккөн. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Андагы маалыматка караганда, 2020-жылдын 10 айында компания салык милдеттемелери үчүн 655 млн. 760 миң сом (2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 84,5%),камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн 229 млн. 700 миң сом (2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 113,8%), төгүп, жалпы суммасы 885 млн. 460 миң сом казынага киреше киргизген.

Андыктан «Альфа Телеком» ЖАКсы Tazabek жана K-News, сайттарына чыккан “Мегаком” компаниясынын кирешеси 10 айда 6 эсеге азайып кеткен” аталыштагы маалыматтарды толук эмес жана чындыкка дал келбейт деп эсептейт”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган басылмалар да маалыматтын каталыгын мойнуна алып, макалаларды оңдоп түздөгөн.

Каржы полициясы автомектептердеги коррупциялык схеманы ачты

Бишкек. 9.12.20. informator.kg Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы айрым автомектептердин салыктан качкан схемасын тапты. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы кабар таратты.

Анда кызматтын Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча райондор аралык бөлүмү Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бетин ачканы айтылат.

“Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептердин “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын электрондук сайты боюнча экономикалык ишмердигине салыштырмалуу талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында айдоочулук күбөлүк алган курсанттар (контракттар) жөнүндө маалыматтар менен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы берген маалыматтардын жыйынды жылдык отчет боюнча айырмачылыктар табылды.

Натыйжада, “А.П.” ЖЧКнын автомектептеринин бири гана мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтирген. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Ошону менен ушул тапта КРнын бүткүл аймактарында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланат.

Бишкектин “Аламүдүн” базарындагы дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү

27-ноябрь 2020/informator.kg- Бүгүн эртең менен Бишкектин Жибек-Жолу менен Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде дүкөндөн чыккан өрт, өчүрүлдү.Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу менен Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде дүкөндөн өрттү өчүрүүгө саат 08:47де Свердлов райондук өрт өчүрүү бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Бишкектеги кинотеатрлар качан иштеп баштары айтылды

25-ноябрь 2020/informator/kg- Бишкектеги кинотеатрлар 1-декабрдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, бардык чектөөлөр алынып салынууда, бирок мектептер жана бала бакчалар дагы деле онлайн режиминде иштешет. “Иш-аракеттердин башка түрлөрүнө, анын ичинде кинотеатрларга чектөөлөр алынып салынат. Ошондой эле фуд-корттор дагы иштей баштайт. Азыр биз өкмөттүн токтомун өзгөртүп жатабыз. Супермаркеттер дагы кадимкидей иштей башташат, убакыт чектелбейт. Тойканалар жана ресторандар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыккан”, – деди Түлөбаев.