Экономика

Экономика Страница 26

Ысык-Көлгө Бишкектен поезд менен жетүү болгону 70 сом!

Бишкек. 14.06.19. informator.kg. Жайкы туристик мезгилде Бишкектен Ысык-Көлгө поезд менен каттоо жарандар үчүн абдан ыңгайлуу жана арзан. Бул боюнча, “Кыргызтемиржолу” ишканасынан маалымат беришти.

“Темир жол унаасынын кызматынан пайдаланыңыздар – темир жол менен жүрүү арзан жана коопсуз!

Жайкы туристтик сезондун ачылышы менен 2019-жылдын 14 – июнунан тартып “Бишкек-Балыкчы”, “Балыкчы-Бишкек” туристтик поезд каттамы жүрүп баштады.
2019-жылдын 14-июнунан 14-июлга чейин, жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттамдар жүрүп турат, 15-июлдан тарта 8-сентябрга чейин каттамдар күн сайын жүрүп турат . Поезд №608 “Бишкек – ​​Балыкчы”
“Бишкек-1” (Пишпек) бекетинен жергиликтүү убакыт боюнча 06 саат, 25 мүнөттө жөнөп, Балыкчы бекетине 11 саат 20 мүнөттө келет.
Поезд №609 “Балыкчы – Бишкек,
“Балыкчы” бекетинен жергиликтүү убакыт боюнча 17 саат 08 минутада жөнөп, “Бишкек-1” (Пишпек) бекетине 21 саат 58 мүнөттө келет.


Билет баасы: чоңдор үчүн: 69 сом Балдар үчүн: 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин)”,-деп айтылат анда.

Кыргызстан Кытайга сүт, жемиш, бал экспорттой турган болду

Бишкек. 24.06.19. informator.kg Кыргызстан мындан коңшулаш Кытайга сүт азыктарын, эрте бышкан жемиштерди жана бал экспорттой турган болду. Мындай шарттар кечээги КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков менен КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин жрлугушуусунан кийин кол коюлган 19 документтин ичинде камтылган.

Ошондой эле ал документтерде фитосанитардык абалды биргелешип жакшыртуу, таза суу, коопсуздук жана коргонуу, экологияны коргоо сыяктуу багыттар бар.

Кытай Кыргызстанга 87 млн. $ грант бермей болду

Бишкек. 13. 06. 19. informator.kg  Кытай мамлекети жакында Кыргызстанга 600 млн юань (болжол менен 87 млн. доллар) өлчөмүндө грант бөлөт. Бул маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусунда айтты. Келген акча транспорт, энергетика тармагына жумшалып, негизинен жол салууга сарпталмакчы.

Белгилей кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке мамлекеттик сапарынын алкагында келди. Эки тараптуу жолугушуулардын аягында 20 документке кол коюлары айтылууда.

Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстан сырткы карыз боюнча алганда дал ушул Кытайга  1,5 млрд. доллардан ашыгыраак карыз.

Сооронбай Жээнбеков, КР Президенти “Улуттук азчылыктар боюнча маселе Кытайдын ички иши”

Бишкек. 13. 06. 19. informator.kg  Бүгүн, мамлекеттик резиденция Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди кабыл алып, айрым маселелер боюнча маек курду.

“Кытайдагы улуттук азчылыктарга байланыштуу маселе бул Кытай мамлекетинин ички иши. Бул маселеде сиздин позицияңызды толугу менен колдой турганымды белгилейм”,-деди С. Жээнбеков.

Ошондой эле президент Кытай менен үч коркунуч боюнча-терроризим, экстремизм жана сепаратизм боюнча толугу менен бирге экенин, бул аймактагы коопсуздуту сактоого маанилүү экенин да баса белгиледи.

Аны менен катар эле өлкө башчы Кыргызстан Кытайды бир бүтүн мамлекет катартаанырын, Тайвань аралы Кытайдын ажырагыз бир бөлүгү экендигин кошумчалады.

Салык аз, казына бөксө. 1,1 млрд.сом жок…

Бишкек. 13.06.19. informator.kg 2019-жылдын төрт айында Өкмөт салыкты пландагыдан 1,1 млрд. сомго аз чогулткан. Мындай терс көрсөткүч акыркы 8 жылда болгон эмес.

Салык кызматынан белгилүү болгондой, Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин жалпы кирешеси январь-апрель айларында 47 млрд 481 млн сомду түзсө, 35 млрд 72 млн сому – салык кирешеси.

Бирок, бул быйылкы жылга пландагандан кыйла аз. Салык кызматы буга негиздүү себептерди түшүндүрө элек.

Бишкек.9.06.19. informator kg КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри 40 аймактык башкармачылыктын башчыларына сөгүш жарыялады. Муну ал кечээки министрликтин кеңейтилген кеңешмесинде билдирген.

Анда ал министрликтин аймактык башкармалыктарынын ишинин натыйжасыздыгын баса белгилеп, ошондой эле айыл чарба продукцияларын ЕАЭБдин базарына чыгара албаган үчүн министрликтеги бир нече жооптуу кызматкерлерге да сөгүш берген.

Расул Умбеталиев, эксперт:”КТ-Мобайлдагы чоң айлык алгандар акчаны ордуна койсун!”

Бишкек 30.05.19. informator.kg “КТ-Мобайл” компаниясындагы 200-300 миң сом айлык алгандар мамлекеттин акчасын ордуна койсун!” Мындай пикирин маалымат жыйынында эксперт Расул Умбеталиев айтты.

Анын пикиринде, иштеп, киреше алып келе электе мындай көп суммадагы айлык чегерип алуу мыйзамсыз.

“Мен ошол алган акчаларды ордуна кайтарышын талап кылам. Кызмсткерлерге айлык берүү бонустук система менен өлчөнүп, ким киреше алып келсе ошого жараша пайыз бонустарын алышы керек болчу. Иштей электе эле миллиондорду айлыкка бөлүп алышты туура эмес деп эсептейм”,-деди ал

Эске сала кетсек, аталган компаниянын 30га чукул кызматкери 5 айдан бери 300 миңден 45 миңге чейин айлык алып келгенин, жарым жылга жетпей айлык маянага эле 5 млн. сомдон ашык каражат кеткени айтылып жатат.

Министр Эркинбек Чодуев университетте 3-курс окуйт

Бишкек. 29.05.19 informator.kg КРнын айыл чарба жана мелиорация министри болуп дайындала турган Эркинбек Чодубев К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинде 3-курста окуйт. Бул боюнча, ЖКнын жыйынында депутат Абдыбек Дүйшалиев айтты.

Ал эми Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев болсо министр болчу кадр, айыл чарба министрлигинде 5 жыл орун басар болуп, тармактын маселелерин эртенден баштап алдыга жылдыра турганын, ал университетте 3-курста студент эмес, аспирантурасында окуп жатканын айтты.

Иса Өмүркулов, ЖК депутаты: “Бюджеттин аткарылбай жатышы Өкмөттүн отставкасына алып келет”

Бишкек. 29.05.19 informator.kg “Бюджеттин аткарылбай жатышы, пландын толбой жатышы Өкмөттүн отставкасына алып келет…” Бул тууралуу ЖКнын депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, бир ай мурун эле парламент Премьер-министрдин бир жылдык отчетун кабыл алып, ага канааттандыраарлык деген баа берилген. Бирок, быйылкы жылдын алгачкы кварталындагы бюджеттин аткарылышында маселелер жаралып жатат.

“Өкмөт контробанданын күч алып, бүгүн чек арадан буудай, ун, күйүүчү майлоочу каражаттар, ал тургай көмүр дагы расмий эмес жол менен ташылып, мунун айынан бюджетке келе турган акчалар сол чөнтөктөргөкетип жатат. Демек, өкмөт бажы, чек ара, салык тармактарындагы кемчиликтерди жоюп, катуу карашы керек болчу. Тилекке каршы, андай аракеттерди азыр мен байкабай жатам. Эгер абал ушундай боло бере турган болсо анда бул премьердин жоопкерчилигин кароого же отставкага алып келет”,-деди ал.

Эске сала кетсек, парламентте премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев экономика, айыл чарба министрлерине , мамлекеттик байланыш агенттегине жана аппарат башчылыгына талапкерлерди алып келип, депутаттардын кароосуна сунуштап жатат.

Максат Мамытканов, эксперт:”Улуттук 2-оператор казак компанияларынын жеңишин камсыздайт”

Бишкек.27.05.19.informator.kg “100 пайыз мамлекеттин менчиги болгон “Мегакомдун” акчасы менен 2-уюлдук операторду, “Кт-Мобайл” же “Саламды” түзүү бул биздеги калган эки казак компаниясынын жеңишине алып келет”. Бул тууралуу порталга экономист, эксперт Максат Мамытканов пикирин билдирди.

Анын айтымында, ансыз да улуттук жалгыз оператор конкуренцияга эптеп туруштук берип, өнүгүп келе жатканда анын кирешеси менен ага конкурент компанияны түзүү улуттук экономикага каршы долбоор.

“Мамлекет 4-операторго муктаж болсо, ошол эле лицензиясы бар “Кыргызтелеком” ААКсы өз алдынча инвестор издеп таап, жаңы компания жарата бербейби! Кубаттуу бир компаниянын эсебинен ага атаандаш компания түзүп чыккандык бул бул экономикалык диверсия! Анткени, мында экөө тең бир чөнтөктү карап, алсызданып, чет элдик конкурент операторлор аларды басып өтүп кетишет”,-деди ал.

Эске сала кетсек, жакын арада өкмөт мурдагы КТ-Мобайл, азыркыча “Салам” деп аталган мамлекеттик уюлдук компанияны “Мегаком” компаниясы менен бирге ишке киргизүүнү пландоодо.