“Альфа-Телеком” (Мегаком) 2020-жылдын 10 айында салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүнө 885 млн. 460 миң сом төккөн.
Бишкек. 9.12.20. informator.kg “Альфа-Телеком” (Мегаком) 2020-жылдын 10 айында салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн казынага 885 млн. 460 миң сом төккөн. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Андагы маалыматка караганда, 2020-жылдын 10 айында компания салык милдеттемелери үчүн 655 млн. 760 миң сом (2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 84,5%),камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн 229 млн. 700 миң сом (2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 113,8%), төгүп, жалпы суммасы 885 млн. 460 миң сом казынага киреше киргизген.
Андыктан «Альфа Телеком» ЖАКсы Tazabek жана K-News, сайттарына чыккан “Мегаком” компаниясынын кирешеси 10 айда 6 эсеге азайып кеткен” аталыштагы маалыматтарды толук эмес жана чындыкка дал келбейт деп эсептейт”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, аталган басылмалар да маалыматтын каталыгын мойнуна алып, макалаларды оңдоп түздөгөн.