Экономика

Экономика Страница 39

Күйүүчү май кымбаттайт

Ушул айдын аягына чейин Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы 10-15 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтедрейдерлер ассоциациясынан билдиришкен.

“Дүйнө жүзүндө жыл башынан бери мунайдын баррелине болгон баа 30 пайызга, 16,7 АКШ долларына жогоулады. Ал эми Орусиядан келген күйүүчү майдын ар бир тоннасы 150 долларга кымбаттады. Мисалы мурдагы айларда АИ92 460 доллардан берилип жатса, бүгүн 585 доллага көтөрүлдү. Мунай сатуучулар өткөн айда Орусия бааны көтөргөнүнө карабастан мурдагы калдыктардын эсебинен төмөндөтүп келген. Орусия 1-майдан баштап көтөрдү. Биздин запас түгөнүп баратат. Ошондуктан май айынын ичинде баалар 10 пайызга, кээ бир маркалардын баалары 15 пайызга көтөрүлөт”,-деп билидиришкен аталган мекемеден.

Эске сала кетсек буга чейин ЖКнын бир катар депутаттары өлкөдөгү күйүүчү майларды саткан жеке жактар бааны жасалма көтөрүп жатканын айтып, Өкмөткө жана монополияга каршы агенттикке бааларды түшүрүү талабын койгон болчу. Андан соң күйүүчү майдын баасы 1-1,5 сомго чейин арзандаганы байкалган.