Экономика

Экономика Страница 42

Эрмек Ибраимов Белорусияга элчиликке барат

Бишкек. 27.05.19. informator.kg Бир катар элчилик кызматтарды аркалаган Эрмек Ибраимов Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси болуп дайындалышы мүмкүн. Анткени, мындай сунуш ЖКнын Коргонуу, коопсуздук жана Эл аралык иштер боюнча комитетине келип түштү.

Комитет эртең анын талапкерлигин карап, тиешелүү чечим чыгармакчы.

Эске сала кетсек, коомдук ишмер Султан Ибраимовдун уулу Эрмек акыркы жолу Австрияда Кыргызстандын элчиси кызматын аткарып, экс-премьер министр Сапар Исаковдун ГЭС куруу боюнча “Лигласс” компаниясы менен түзгөн келишимине каршы чыккан.

И. Масалиев, ЖК депутаты: “Бажагейттен” башка жагдайлар деле Өкмөттүн отставкага кетишин шарттап турат”

Бишкек. 22.05.19. informator.kg  “Бажагейттен” башка жагдайлар деле Өкмөттүн отставкага кетишин шарттап турат”. Бул пикирди ЖКнын депутаты Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн кызматын тапшырып берсе, анын калган саясий ишмердигине жол калмак.

“Бажагейт” окуясы чыкканга чейин эле мен апрель айынан тартып азыркы Премьер-министрди кызматынан кетиш керек деген позицияны карманып келгем. Анткени, буга мамлекеттеги экономикалык абалдын начардыгы себеп боло алат. Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөтүндө эч кандай команда жок жана экономикалык так багыт жок. Мисалы, быйылкы жылга бюджеттен 3 млрд. сом каралган болсо, болгону 5 пайызы берилиптир. Жылдын жарымында мындай болуп жатса, демек, быйыл курулуш иштери аягына чыкпайт. Мындан эл кыйналат”,-дейт ал.

Ошону менен бирге эле “бажагейт” боюнча комиссиянын жыйынтыгын күтүп чечим кабыл алыш кажет экенин, бирок, бул чырга фракция лидерлери менен Президенттин позициясы да маанилүү роль ойноорун айтат.

Аалы Карашев Иманкадыр Рысалиевге кызматтан кетүүсүн сунуштады

Бишкек. 17.05.19. informator.kg “Иманкадыр Зарлыкович, мен сизди сыйлайм, бирок, бүгүн бажаңыз кызматта турганда “Ачык өкмөт” долбоорунан кетишиңизди сунуштайм”.

Бул сөздү “Азаттыктагы” түз эфирде депутат Аалы Карашев айтты. Анын пикиринде, кызыкчылыктар кагылышы маселесин чечиш үчүн мындай кадам абдан туура болмок.

Иманкадыр Рысалиев: “Мегаком” орустар түзгөн компания…”

Бишкек. 17.05.19. informator.kg “Мегаком” орустар түзгөн компания, анын иши сотто. Андыктан, бизге мамлекеттик компания керек”. Бул тууралуу говори.тв порталына маек берип жатканда Иманкадыр Рысалиев айтты.

Анын айтымында, “Санарип” долбоорун ишке ашырууга мамлекеттик уюлдук компания керек жана ушул үчүн “КТ-Мобайл” компаниясынын ишке кириши туура болгон. Бул абдан келечектүү долбоор болчу. Буга атайын бут тосуп жатышат”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Иманкадыр Рысалиевдин жоопкерчилигин кароо боюнча депутаттык комиссия Башпрокуратурага тапшырма берген.

Алмазбек Баатырбеков, ЖК депутаты: “Иманкадыр Рысалиев “доңуз” беле?!”

Бишкек. 17.05. 19. informator.kg. Байланыш агенттигинде “КТ-Мобайл” боюнча жыцын болуп жатканын өзү эле билип барып калгыдай Иманкадыр Рысалиев эмне доңуз беле?!” Мындай суроону депутаттык комиссиянын отурумунда депута Алмазбек Баатырбеков КРнын Байланыш жана коммуникация агенттигин башчысы Бакыт Шаршембиевге узатты.

“Иманкадыр Рысалиевди сиз чакырдыңыз беле? Болбосо, ага жыйынты башкартууга кандайча уруксат
бердиңиз? Анын “”КТ-Мобайл” менен кандай иши бар эле?”,-деди депутат.

Ага агенттиктин башчысы Бакыт Шаршембиев “Баласынан угуп келсе керек…” деген жооп айтты.

Ал эми депутат болсо Башпрокуратурага кайрылып, Иманкадыр Рысалиевдин кызматтык жоопкерчилигин, анын чет элден каржыланган иши менен мамлекеттик жумуштун ортосундагы байланышын териштирүү керектигин айтты.

Акылбек Жамангулов: “Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…”

“Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…” Бул тууралуу “Альфа Телекомдун” жетекчиси Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.

“Иманкадыр Рысалиев бир нече жолу менин дарегиме коркуткан сөздөрдү айтты, каттарды жазып, түбүңө жетем, укук коргоо органдарына каздырам, ал тургай балдарыңды жакшылап кара” дегенге чейин барган”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Иманкадыр Рысалиевдин Өкмөткө да, КТ-Мобайлга да расмий тиешеси жок…

Курманкул Зулушев “КТ-Мобайл” боюнча депкомиссияны жетектейт

Бишкек. 16.05.19. informator.kg “КТ-Мобайл” компаниясынын каржылык ишмердигине байланышкан маселени иликтөө максатында Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия куралып, анын башчылыгына депутат Курманкул Зулушев бекитилди.

Ал эми комиссиянын курамына СДПКдан – Жанарбек Акаев, Садолимжон Джураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, «Республика – Ата-Журттан» – Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев,  «Кыргызстандан» – Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, «Өнугуу – Прогресстен- Гульшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, «Бир Болдон» – Акылбек Жапаров, «Ата Мекен» – Алмамбет Шыкмаматовдор мүчө болушкан.

Бул комиссия эми “Кыргызтелеком” ААКсынын алдындагы “КТ-Мобайл” уюлдук компаниясынын пайда болушу, анын каржылык операциялары тууралуу толук иликтеп чыгышмакчы.

Кыргызстанда «Salam» бренди менен жаңы уюлдук байланыш ачылат

Бишкек. 16.05.19. informator.kg Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, «Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилери менен «Альфа Телеком» ЖАК жана «КТ Мобайл» ЖЧК ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул боюнча Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

“Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат. Ал «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы. Бул өнөктөштүктүн алкагында жакынкы айларда виртуалдык оператор түзүү долбоорун ишке киргизүү пландаштырылган. Бул үчүн «Альфа Телеком» ЖАК өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, ал эки мамлекеттик компаниянын кызматташуу идеясын колдойт, анткени алар өлкөнү санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болушу керек. Бул өлкө боюнча, анын ичинде эң алыскы жана жетүү кыйын болгон калктуу аймактарда уюлдук түйүндүн камтуу аймагын кыйла кеңейтип, компаниянын абоненттеринин кызыкчылыгында жогорку ишенимдүү байланышты камсыз кылат.
Мындан тышкары Премьер-министрдин айтымында, бул сыяктуу өнөктөштүк өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болгон «Альфа Телеком» ЖАК компаниясынын кирешелүүлүгүнө оң таасир берет.
Кеңешмеде биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн киреше «Альфа Телеком» ЖАК пайдасына – 67%, ал эми «КТ Мобайл» үчүн – 33% принциби боюнча бөлүштүрүлөт.
«Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» ЖЧКсы менен жыштыктарды биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон. Талаш маселелер чечилген соң тараптар кызматташтыкты улантышты. «Альфа Телеком» ЖАК Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук операторду бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды”,-деп айтылат маалыматта.

Айыл банктын мурдагы башчысы камалды

“Айыл банктын” мурдагы директору Мурат Акимов камакка алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынан билдиришти.

Андагы маалымат боюнча, ал 2017-2019-жылдары банкты башкарып турганда бир катар каржылык мыйзамсыз иштерге кириптер болгону аныкталган.

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Айдоочуларга болгон айып пулдарды азайтуу керек!”

Бишкек. 16.05. 19. informator.kg “Акылдуу шаардын” алкагындагы айдоочуларга болгон айып пулдар абдан кымбат, Өкмөт муну карап чыгып, азайтпаса болбойт, эл кыйналып жатат…” Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты.

Ал белгилегендей, жарандарга келген “Бакыт каты” же айып пулдар абдан кымбат болгондуктан, элде аны төлөөдө кыйынчылыктар жаралып, нааразычылыктар арбыды. “Жол кыймылын жөнгө салуу боюнча кызматтар менен бирге муну кайра карап чыгып, айып пулдарды төмөндөтүү керек. Жарандардын коопсузудуг башкы орунда бирок, алардын чөнтөгүн да да карабасак болбойт”,-дейт депутат.

Эске сала кетсек, ушу тапта Өкмөт аталган долбоор авто авариялардын санын кескин кыскартканын айтып жатат.