Окуялар

Окуялар

Таджикстанда президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленди

6-август 2020/informator.kg –

Тажикстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 11-октябрына белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта тажик парламентинин эки палатасынын биргелешкен сессиясында белгилүү болду.Сессияны парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали өткөрдү.
Тажикстанда буга чейинки президенттик шайлоо 2013-жылы 6-ноябрда өткөн болчу. Эми саясий партиялар, профсоюздар өлкө башчысы кызматына өзүнүн талапкерлерин сунуштаса болот.

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталат

6-август 2020/informator.kg-

Кыргызстанда сасык тумоого каршы кезектеги эмдөө иштери башталат. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирген маалымат боюнча, эмдөө сентябрь айынын аягында башталат.Алгачкы кезек 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдарга, өнөкөт оорулары барларга жана медицина кызматкерлерине берилет. Ошондой эле жеке медициналык борборлор менен №6 жана №8 үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан акы төлөө жолу менен эмдөөдөн өтүүгө болот.

В.Худяков Ысык-Көлдү сүзүп өттү

6-август 2020/informator.kg-

Кыргызстандык Виталий Худяков биринчи жолу Ысык-Көл көлүн сүзүп өттү. Анын 13 саатка созулган сапары Чолпон-Ата шаарынан башталып, Кажы-Сайга чейин уланган.Спортчу эртең мененки саат 05:15те чыгып, саат 18:30га чейин сүзгөн.Виталий Худяков Олимпиада оюндарына катышып, 10 жана 5 чакырым аралыкта ачык сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону болгон.

Балыкчыда финансылык пирамида оюндары көбөйдү.Мериянын жообу

6-август 2020/informator.kg-

Учурда эл арасында Балыкчы шаарынын тургундарынын арасында финансылык пирамида оюндарына активдүү катышып жаткандар көбөйүп баратканы айтылып жатат. Балыкчынын мэриясы да бул көрүнүшкө кайдыгер мамиле кылган жок. Алар мындай алдамчылыкка ишенип, финансылык оюндардын кесепетинен көптөгөн жарандар акча каражаттарын алдатып, кайра алалбай жатышканын маалымдашты.  Ошол себептен мэрия шаардын тургундарына кайрылуу жасады.“Азыркы убакта Балыкчы шаарынын тургундарынын арасында акча каражатын салып жана аны эки эсе көбөйтүү боюнча финансылык пирамида оюндарына күбө болуудабыз. Эгерде сизге кандайдыр бир акча каражаттарын көбөйтүү боюнча финансылык пирамида оюндарына кошулуп ойноого чакырыктар болсо, мындай алдамчылык жолдорго барбооңуздарды сунуштайбыз”, – деп айтылат кайрылууда.

Стационарлар жабылып жатат.Абал жакшырдыбы?

6-август 2020/informator.kg-

Бишкек шаарындагы стационарларга медициналык жардам алууга кайрылган жарандардын саны кыскарып жатат, деп билдирди бүгүн, 5-августта мэриянын басма сөз кызматы. Кечээ күндүзгү стационарларга алар ачылгандан берки эң аз сан деп эсептелген 964 адам кайрылган.5-августка караган түнү түнкү стационарларга 173 адам кайрылды. Көз жумгандар жок. Ал эми бир айда күндүзгү стационарлар 84 миң 689 адамга, түнкү стационарлар 8 миң 688 адамга медициналык жардам көрсөткөн.
Оптимизациялоо максаты менен жабылган күндүзгү стационарлар:

  • «Сейтек» мектебиндеги;
  • Жал кичи районундагы № 95 мектеп;
  • № 83 мектептеги;
  • №81 мектептеги;
  • №94 мектептеги;
  • «Арал» кафесиндеги стационар.
    Ошондой эле Кара-Жыгач конушундагы түнкү стационар жарандарды кабыл албайт. Азырынча башка стационарлар штаттык режимде иштеп жатат.

КРнын маданиятынын мыкты кызматкери Турдубүбү Мамытова дүйнөдөн кайтты

5-август 2020/informator.kg-2020-жылдын 4-августунда 59 жашында Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Турдубүбү Мамытова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматынан кабарлашты.Мамытова Турдубүбү Тостоновна – 1961-жылы 11-декабрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Алыш айылында жарык дүйнөгө келген.Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн. 1987-1995-жылдары М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында актриса болуп эмгек жолун баштаган.1995-жылдан бери Кыргыз Мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында актриса болуп эмгектенген.

Covid-19:Таджикистанда 7583кө жетти

5-август 2020/informator.kg-Акыркы сутка ичинде Тажикстанда 45 жаңы коронавирус инфекциясы катталды. Бул тууралуу коронавируска байланыштуу бирдиктүү улуттук портал кабарлады. Бир күндүн ичинде Covid-19 өлүмү катталган жок. Пандемия башталгандан бери инфекциянын жалпы саны 7583кө жетти, алардын ичинен 61 пациент көз жумду, 6356 адам айыгып кетти, анын ичинде акыркы күнү 39 бейтап. Ушул убакка чейин коңшу Казакстанда 94,8 миң адам коронавирус жуктурган, ал эми Өзбекстанда 27 миң адамга жуккан, Кыргызстанда 37,5 миң коронавирус катталган, 1427 адам көз жумган.









“3D КЫРГЫЗСТАН”

5-август 2020/informator.kg-Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жана Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) каржылык колдоосу менен Кыргызстандын 3D панорамалык туристтик картасын түзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу департаменттин басма сөз кызматы билдирди.”Карта чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтер арасында өлкөнүн кооз жерлерин жайылтууга жардам берет, 360 градуска чейин жогорку сапаттагы фотосүрөттөрдү көрүү менен алдын ала керектүү маалыматты алууга жардам берет”, – деп билдирди департаменттен. “3D Кыргызстан” долбоорунун автору жана демилгечиси туризм боюнча эксперт Максат Конушалиев. 3D сүрөттөр Google карталарында, туризмге байланыштуу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун сайттарында, ошондой эле өлкөнүн туризм веб-сайтында: www.discoverkyrgyzstan.org жайгаштырылат.

Боронов:Медиктер баарына даяр болушу керек

5-август 2020/informator.kg-Кубатбек Боронов лаборант жана врачтардын кадрлар резервин сапаттуу даярдыктан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
 «Мейли ал стоматолог, же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык бейтаптрды коронавирус илдетинен дарылоого даяр болсун. Алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдоруна ылайык дарылоого онлайн режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу жана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү», – деди өкмөт башчы. 
 Өкмөт башчы белгилегендей, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды диагностикалоо жана дарылоо, жеке коргонуу каражаттарын туура пайдалануу, лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү, иммунопрофилактика боюнча көчмө жана аралыктан окутуу курстары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. 

Кыргызстанга кетүүгө жардам берем деп 60миң рубль алган кылмышкер кармалды

5-август 2020/informator.kg-

Кыргызстандык мекендештерин Россиядан чартердик каттам менен жөнөтө турганын айтып алдап жүргөн шектүүлөр кармалды. Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин алдында өлкөгө кайтуучу жарандардын арыздары менен кайрылууларын кароо үчүн атайын комиссия да түзүлгөн.Ички иштер министрлигинин кече, 4-августтагы маалыматы боюнча, коррупцияга каршы күрөшүүчү жумушчу топ 8 алдамчылык фактысын аныктады.28-июль күнү ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун тургуну (1994-жылы туулган) А.Д. арыз менен кайрылган. Ал 17-июль күнү Москва шаарындагы консулдук бөлүмгө чартердик каттамдарга тизмеге кирүү үчүн арыз менен кайрылган. Кезекте турганда бланктарды таратып жаткан жигит менен таанышып калып, ал элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттам менен учуу үчүн кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам бере турганын убадалаган. Бирок сый акысын алдын ала алгандан кийин качып кеткен.ИИМдин өкүлчүлүгү Якиманка райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте шектүүнүн өздүгүн тактап, Чүй облусунун тургуну (1990-жылы туулган) К.М. болуп чыккан. Якиманка райондук ички иштер бөлүмү бул факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.28-июль күнү арыз менен кайрылган 1998-жылы туулган Н.Г. менен 1986-жылы туулган А.С. WhatsApp аркылуу өзүн элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, Кыргызстанга учууга көмөк көрсөтүүнү убадалаган адамга 60 миң рубль акча беришкен. Бул ишке шектүү делип Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 1997-жылы туулган жаран кармалды.