Окуялар

Окуялар

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кеттиби?

8-август 2020/informator.kg-

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу айтылууда.Бул маалымат тууралуу Жылкыбаев азырынча так жооп бербей турууну туура көрдү.  “Азырынча бул суроого жооп бербей эле турайынчы”, – дейт ал. Эске салсак, ал 2018-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келет.

Индияда учак кулап,20 адам каза болду

8-август 2020/informator.kg-

Индияда Boeing 737 учагы учуп-конуучу тилкеден чыгып кетип, андан кийин экиге бөлүнүп калганы айылууда. Анын кесепетинен 20 адам каза болду.Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда жерге катуу тийген. Дубайдан келген учакта 190 адам болгон. Анын ичинде 10 кичинекей бала, 5 экипаж мүчөсү болгон. Учак кырсыгы катталган жерге “Тез жардамдын” 24 бригадасы жиберилген. Учактын алдыңкы бөлүгү үзүлүп түшкөндөн кийин, бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

Ырчы Азиз Батыров “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды

8-август 2020/informator.kg-

Таланттуу ырчы Азиз Батыров “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.Министрликтин буйругуна ылайык, таланттуу ырчы Азиз Батыров “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды.
Азиз Батыров Ош облусунун Кара –Суу районунда туулган.  Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Консерваториясын аяктап, улуттук салттуу музыка өнөрүнө аралашып, “Түрк дүйнө” аттуу оркестринин солисти болуп эмгек жолун баштаган. Аны менен катар КТМУнун кесиптик жогорку мектебинде студенттерге “Музыканын методдору” сабагынан мугалим, Ишеналы Арабаев атындагы университетинин Көркөм өнөр факультетинин Музыка кафедрасында салттуу музыка бөлүмүндө Дастан айтуудан сабак берген. 

Молдобеков Майрамбек 52 жаш курагында пневмониядан каза болду

8-август 2020/informator.kg-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы оор жоготууга учурады.Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги Молдобеков Майрамбек Сакинович 52 жаш курагында пневмония илдетинен улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.Майрамбек Молдобеков 1968-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук институтун аяктаган. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси.Эмгек жолун 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтунда лаборант болуп иштөөдөн баштаган.

Россия жана Түркиядан келген кыргыз дарыгерлери сыйланды

8-август 2020/informator.kg-

COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү үчүн Россия жана Түркиядан келген кыргыз дарыгерлери сыйланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.Маалыматка ылайык, дарыгерлерди сыйлоо аземи күн мурун, 7-августта өтүп, сыйлыктарды КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тапшырган. Министр өз сөзүндө коронавирустук инфекциясына каршы күрөштө дарыгерлердин баа жеткис салымын белгилген.«Пандемия күчөгөн учурунда үч миңден ашуун адамга медициналык жардам көрсөтүп, оор жана өтө оор абалдагы бейтаптардын өмүрүн сактап, татаал аймактарда иштедиңиздер. Баарыңыздар “кызыл зонада” иштедиңиздер, бирок клиникалык дарылоодон тышкары, семинарларда жана лекцияларда жергиликтүү дарыгерлерди окутуп, аларга дем берип, тажрыйбаңыздарды жана билимиңиздерди бөлүшүүнү уланттыңыздар. Сиздер учурдун баатырысыңар”, – деп баса белгилеген министр Айдарбеков.Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана саламаттыкты сактоодогу ийгиликтери үчүн жети дарыгер ТИМдин 75 жылдыгынын юбилейлик медалы менен сыйланды. Ал эми 31 дарыгерге “COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө өзүн аябаган эмгеги жана салымы үчүн” ыраазычылык айтылган.

Азия чемпиону Муслим Евлоев өлтүрүлдү

7-август 2020/informator.kg-Ингушетияда эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону Муслим Евлоев антитеррордук операция учурунда өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Интерфакс” кабарлады. “Алдын-ала маалыматтар боюнча, Ингушетиядагы КТО учурунда республиканын 25 жаштагы тургуну Муслим Евлоев зыянсыздандырылды”, – деп билдирет агенттик өз булагына шилтеме берип. Гезиттин маалыматы боюнча, коопсуздук күчтөрүнө жер астындагы кылмыштуу топтун мүчөсү үйлөрдүн биринде жашынып жаткан болушу мүмкүн деген ыкчам маалымат түшкөн.Муслим Евлоев күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасында 2015-жылдан бери ойнойт. Бул убакыт аралыгында ал Бакудогу Ислам тилектештигинин оюндарында жана Яшор Догу эл аралык турниринде жеңишке жетишип, 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында күмүш жеңишке жетишкен жана 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда төрт жолу жеңишке жетишкен.

Жалал-Абадда сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылды

7-август 2020/informator.kg-

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында сүттү кайра иштетүүчү “Керемет-Сүт” ишканасы ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, ишкананын ишке кириши менен жергиликтүү фермерлердин сүт азыктарын сатуу маселеси чечилди. Ишканада 6 кызматкер эмгектенет. Жергиликтүү элден күнү-түнү сүт кабыл алып, аны кайра иштетип, быштак, каймак, айран (кефир) жана башка сүт азыктарын чыгарат.Ала-Бука райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Ибрагимов ишкананын жетекчиси А.Максымбековдун калк арасында сүт маселесин чечип, кошумча жумуш орундарын түзүп элге болгон чоң кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.Ошондой ал эле жергиликтүү калкты сүт багытындагы ири мүйүздүү мал багууга үндөдү.

Россиянын ырчысына Украинага кирүүгө тыюу салынды

7-август 2020/informator.kg-Орусиялык ырчы Глюкозанын Крымга болгон сапарынан улам Украинага үч жылга кирүүгө тыюу салынды.Бул тууралуу РИА Новости жазды.Ырчыны бейшемби күнү Киевдин “Бориспол” аэропортунда токтотушкан. Глюкоза Минск шаарынан учуп келгенде, ал Украинага жеке максаттары үчүн барууну пландаштырган. “Бул жаран өзүн” Глюкоза “псевдониминин астында аткарган жана Крымга бир нече жолу концерттерге жана кечелерге барып жүргөн орус ырчысы болуп чыкты. Байланыш учурунда чет өлкөлүк аял анын жоопторуна ар дайым аралашып, айрыкча, башында Крымда акыркы жолу 2013-жылы болгонун гана айткан ”, – деп айтылат Украинанын чек ара кызматынын билдирүүсүндө. Буга чейин Sputnik радиосу орус актерлорунун бир тобуна Украинанын чек арасын кесип өтүүгө тыюу салынгандыгын кабарлаган.









Китеп басып чыгарууга 16млн сом бөлүндү

7-август 2020/informator.kg-

Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.Министр Азамат Жаманкулов бул акчага кандай китептерди чыгарса туура болору жөнүндө элден сунуш-пикир кабыл алынып жатканын билдирди.Анын айтымында, 2017-жылы мамлекет бул максатта 17 миллион сом бөлүп берген, бирок басылып чыккан китептер элдин калың катмарына жеткен эмес:”Тизмени карап көрдүк. Көбүнесе кесипкөй тармактагы китептер болгондуктан аларды элдин калың катмарына жеткирүү мүмкүнчүлүгү аз болгон. Быйыл да чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат. Сиздер менен да кеңешүүнү туура көрдүк”.Жаманкулов быйыл бөлүнүүчү каражатка басылып чыгарыла турган китептердин тизмесин бекитүү үчүн атайын комиссия иштеп жатканын, сунуш-пикирлер 10-августка чейин кабыл алынарын кошумчалады.

Москвада наристесин көчөгө таштап кеткен кыргыз аял

6-август 2020/informator.kg-

Москвада кыргызстандык келин баласын көчөгө таштап кетти деген кабар желдей тарады. Бул кабарды укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянып “Известия” басылмасы жазды.Баланы таштаган кыргызстандык келин 34 жашта. Ал наристесин кокустан калтырып кеткенин айткан. Шаардык прокуратура билдиргендей, наристе 4-август түнү Студенческая көчөсүндөгү турак үйлөрдүн подъездинен табылган.”Колясканы өтүп бараткандар көрүп калып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Өздүк маалымат булактары билдиргендей, табылган бала 11 айлык. Учурда ооруканада. Наристенин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, маалым каты эле бар”, — деп жазылган кабарда.Москванын райондор аралык прокуратурасы тарабынан текшерүү иштери башталганы маалым болду. Анын жыйынтыгы менен өспүрүмдөрдүн укугун коргоо жана балдарды тарбиялоодо ата-энелик милдеттүү аткаруу иштерине баа берилет.