Президентти уят кылышат…Иш башкармалыктын бала бакчасында да акча жыйналабы?
Бишкек. Informator.kg 7.05.19.
КРнын Президенти менен Өкмөтүнүн иш башкармалыгына тиешелүү №144-бала бакчада жеткинчектердин бүтүрүү кечесине эне-аталардан акча жыйналууда. Мындай кабар бизге өздүк булактар аркылуу жетти.

Андагы маалыматтар боюнча, иш башкармалыктагы аталган бала бакчанын жетекчилиги бүтүрүү кечесине арналган иш-чара үчүн ар бир балага 5 миң сомдон чогултууну эне аталарга буюрган. «Бүтүрүү кечеси үчүн эле 5 миңден чогултсак, андан тышкары ар бир балага айына 6-8 миңге чейин акы төлөйбүз. Оюнчукка, оюнга, театрга деген, эне-аталар фондуна деген да акчалар бар. Бул министрлерге эле ылайыкталбаса, айрым аппарат кызматкерлери үчүн абдан чоң сумма. Иш башкармалыктан деле бала бакчаны кармоого оңбогондой каражат бөлүнөт. Ал кайда кетет? Булар президентти да уят кылмай болушту»,-деп билдирет атын атагысы келбеген эне-аталардын бири.

Бул боюнча Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоевге чалганыбызда ал мындай маалыматтан кабары жоктугун айтты. «Эч кандай акча чогултуу жөнүндө сөз уккан эмесмин. Андайга жол берилбейт! Мен азыр баарын тактап, иликтеп силерге жооп кылам. Бала бакча жетиштүү каржыланат…»,-деди ал.
Эске сала кетсек, 144-бала бала бакчада 200гө чукул бала тарбияланат.