Окуялар

Окуялар

УКМК 2-марттагы митингдин жүрүшүн “бийликти күч менен басып алууга аракет” катары баалайт

Бишкек. 03.03. 2020. Informator.kg  Кечээ, 2020-жылдын 2-мартындагы саясатчы  Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдеги аракеттерли УКМК  “бийликти басып алууга аракет кылуу” катары баалайт. Тагыраагы, ушундай шектенүү менен митингдин уюштуруучулары менен айрым катышуучулары УКМК тарабынан кармалганын УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирген.

“Митингдин уюштуруучулары жана жигердүү мүчөлөрү УКМКга алынып келинди. Алар: Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар. Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Кылмыш кодексинин 39-беренеси (бийликти күч менен басып алуу аракети) боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Учурда тергөө чаралары жүрүп жатат”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, кечээки тынчтык митинги анын уюштуруучулары мурда кабарлашкандай кечки саат 17:00дө бүтпөй, катышуучулар 18:30дар чамасында Ала-Тоо аянтынан Акүйдүн алдын карай жөнөшкөн маалда, милиция аларды тосугаа аракет жасаган. Андан соң митингдин катышуучуларынын арасында агрессия күчөп, алар күч органдарын таш менен уруп, шаардын көчөлөрүндө тополоң чыгарышкан.

Кыргызстанга экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүү сунушталды

26-ноябрь 2020/informator.kg- Кыргызстанга экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүүнү сунуштады. Мындай сунушту бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү, Туризм департаментинин экс-башчысы Максат Чакиев пленардык жыйында билдирди.

Анын айтымында, англис тили эң популярдуу жана кеңири жайылган тилдердин бири катары Кыргызстандын эл аралык коомчулукка интеграцияланышына көмөк берет.

“Башка тилди расмий тил катары киргизүүнү Конституциянын долбооруна киргизүү маселесин кароону сунуштайм. Азыркы Конституцияда расмий тил орус тили болуп саналат. Бул туура жана өз убагында кабыл алынган чечим болду деп эсептейм. Мунун аркасында биз ондогон өлкөлөр менен өз ара аракеттене алабыз. Азыр 100дөн ашык өнүккөн өлкөлөрдө англис тили колдонулат, 10-20 мамлекетте расмий статуска ээ. Эгерде биз заманбап дүйнөлүк процесстерге катышууну кааласак, анда англис тилин экинчи расмий тил катары киргизишибиз керек” – деди ал.

Бул сунушка Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор Сыртбай Мусаев каршы чыгып, аны “абсурд” деп атады.

Атамбаевдин тагдыры. Шайлоо-2020. Президент менен Убактылуу өкмөттөгүлөр дагы эмнелерди сүйлөштү?

Бүгүн, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденцияда кабыл алды. Жолугушууга ошол кездеги өкмөт мүчөлөрүнөн абакта жаткан Алмазбек Атамбаев менен денсоолугунан улам Болот Шер гана барган жок. Калган саясатчы, экс-министрлер менен Президенттин ортосунда кайсыл багытта сөздөр болгону тууралуу саясатчы Темир Сариевден сурадык.

“Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Негизинен мамлекеттик түзүлүш, Кыргызстан үчүн керектүү ири долбоорлорду ишке ашыруу, реформалар тууралуу кеп болду. Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу маанилүү экендигин, ошондой эле энергетикалык ресурсту туура пайдаланууну, курулушу токтоп турган ГЭСтерден Чакан ГЭСтерге чейин куруу экономикалык жактан абдан зарыл болуп турганын айттык, тоо кен тармагын пайдалануу жаатында жакшы сунуштар болду. Можаритардык система менен шайлоону өткөрүү боюнча да сөздөр айтылды”,-дейт ал.

Ошондой эле саясатчы Президент С. Жээнбеков Атамбаев темасына, келе жаткан 2020-жылдагы  шайлоолорго кайрылганын да ырастады. “Ал киши Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин Роза Отунбаева сыяктуу эл арасында эркин калууну каалаарын, ошондуктан кийинки шайлоолорго калыс туруп берээрин убада кылып, Алмаз Атамбаевге деле жакшы чыдаганын, болбосо, ал деле бүгүн ушул курамдын катарында отурса болмоктугун, тилекке каршы, көп иштерге кийлигишип, мыйзамга каршы аракеттерди жасаганы үчүн катышпай калганын да өкүнүч менен айтты”,-дейт Темир Сариев.

Экс-премьер-министр ошону менен бирге саясий куугунтук жеген Садыр Жапаровдун иши да ортого салынганын, Президент менен мындай форматтагы жолугушуулар дагы да уланып, конструктивдүү диалогдор болуп тураарын белгиледи.   

“Альфа-Телеком” (Мегаком) 2020-жылдын 10 айында салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүнө 885 млн. 460 миң сом төккөн.

Бишкек. 9.12.20. informator.kg “Альфа-Телеком” (Мегаком) 2020-жылдын 10 айында салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн казынага 885 млн. 460 миң сом төккөн. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Андагы маалыматка караганда, 2020-жылдын 10 айында компания салык милдеттемелери үчүн 655 млн. 760 миң сом (2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 84,5%),камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн 229 млн. 700 миң сом (2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 113,8%), төгүп, жалпы суммасы 885 млн. 460 миң сом казынага киреше киргизген.

Андыктан «Альфа Телеком» ЖАКсы Tazabek жана K-News, сайттарына чыккан “Мегаком” компаниясынын кирешеси 10 айда 6 эсеге азайып кеткен” аталыштагы маалыматтарды толук эмес жана чындыкка дал келбейт деп эсептейт”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган басылмалар да маалыматтын каталыгын мойнуна алып, макалаларды оңдоп түздөгөн.

Чүй. Келинчегин кыздарынын көзүнчө зордуктаган.

İnformator – Чүй облусунун Кемин райондук соту сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер боюнча кылмыш иштин материалдарын карап чыкты.

Айыпталуучу — Талант (аты өзгөртүлдү, Т.М.М) 1985-жылы Кемин районунда туулган. Үй-бүлөлүү, орто билимдүү, убактылуу бош, мурун сот жообуна тартылган эмес.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 162-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) 2-бөлүгүнүн 2-3-пункттары (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон, жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган) менен айыбы угузулган.

Талант 2019-жылы саат 19:00 чамасында мас абалында жубайы Майрамга (аты өзгөртүлдү, С.к.Б.) күч колдонуп, жыгач отургуч менен сабап, эки бутуна жаракат келтирген. Андан соң кол менен ур-токмокко алып, жылаңач кылып чечиндирип, ашканадан жыгач үбөлүк менен целлофан пакетти алдырткан. Майрамдын алсыз абалынан пайдаланып, аталган буюмдардын жардамы менен сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасаган. Ушул эле күнү болжол менен саат 00:00 чамасында жубайын уктап жаткан жеринен ойготуп, ашканага киргизип, коркутуу менен аны кайрадан жылаңач кылып чечиндирген. Үбөлүк жана целлофан пакет менен кайрадан сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасаган. Бул көрүнүш 30 мүнөткө созулган. Андан кийин аялын өспүрүм кыздары уктап жаткан бөлмөгө алып кирип, төшөккө көмкөрөсүнөн жаткырып, балдарынын көзүнчө зордуктаган.

Талант сот отурумунда күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, 2019-жылы 20-августта болжол менен саат 19:30 чамасында үйүнө барган. Ошондо келинчеги Майрамдын Нурбек аттуу байкесинин унаасы үйүнүн жанында токтоп турган. Ошол маалда тааныш дос баласы келип, унаасы бузулуп калганын айтып, карап берүүнү өтүнгөн. Ал дос баласынын унаасын оңдошуп, кайра үйүнө келген убакта келинчеги Нурбек байкеси унутуп калган кийимдерин алып кеткенин айткан. Ошондо Талант аялынын сөзүнөн шек санап калган.

Андан кийин келинчеги Нурбек менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда Нурбектин «Талант каякта, мени сагындыңбы?» деген сөзүн угуп калган. Талант жинденип, келинчегинин телефонун талкалап, «Нурбек менен жыныстык катнашта болдуңбу?» деп сураганда, аялы «ооба» деп жооп берген. Ошондо аны жакка чаап жиберген. Аялынан «аны менен качантан бери жатып жүрөсүң?» деп сураганда, Майрам ага «аны менен көптөн бери жаткан эмесмин. Акыркы жолу Кемин шаарындагы кичи райондордун биринде жолуккам. Андан кийин бүгүн жаттым» деп түшүндүргөн.

Талант дүкөндөн арак алып келип, аялы экөө отуруп ичишкен. Ошол маалда айыпталуучу «кимдер менен жыныстык катнашта болуп жүрөсүң?» деп сураганда, аялы эки жигиттин атын атаган. Ошондо кайра жинденип, бир-эки жолу Майрамды бетке чаап жиберген. Андан кийин эшикке чыгып кетип, саат түнкү он эки чамасында үйүнө кирген. Жубайын уктап жаткан жеринен ойготуп, жыгач үбөлүк менен целлофан пакетти алдыртып, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган.

Жабырлануучунун айтымында, 2019-жылы 18-августта жолдошу Талант арак ичип келген. Ошол маалда Майрамга Нурбек деген жигит телефон чалып, ден соолугун, «Талант каякта?» деп сураган. Ал күйөөсү уктап жатканын айткан. Нурбек андан ары сөзүн улап, «мени сагындыңбы?» деп сураганда, Майрам «эмнеге сагынмак элем. Экинчи чалба» деп телефонду өчүрүп салган. Алардын сөзүн угуп калган Талант жини келип, колунан телефонду жулуп алып, дубалга чаап сындырган. Андан кийин бир-эки жолу бетке чаап жиберген. Ошондон кийин жолдошу эшикке чыгып кеткен. Талант кайра түнкү саат он эки чамасында мас абалында келип, Майрамды тургузуп, «чечин» деп кыйкырып, үбөлүк менен пакетти алдырткан. Андан соң бул буюмдардын жардамы менен сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасап, балдар уктап жаткан бөлмөгө киргизип, төшөккө жаткырган. Талант балдары ойгоо экенине карабай, алардын көзүнчө Майрам менен жарым сааттай жыныстык катнашта болгон. Эртеси туугандары чогулганда Талант Майрамды күнөөлөп, «аялымды башка эркек менен жатканда кармап алдым» деп калп айткан.

Талант Майрамды кордогон учурду видеого тартып алган. Жабырлануучу күйөөсү уктап калганда телефонду алып, андагы видеону жеңесине көрсөткөн. Жеңеси видеону көрүп коркуп кеткен. Ал дароо милиция кызматкерлерин чакырган. Майрам аларга аталган видеону, үбөлүктү, целлофан пакетти, айрылган кийимдерин өткөрүп берген. Бирок жолдошу Талантка эч кандай доосу жоктугун айтып, тосмо арыз жазган.

Жыйынтыгында Талант Жазык кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-3-пункттары менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылды. Жаза өтөө мөөнөтү 2019-жылдын 21-августунан баштап эсептелет. Жазык кодексинин 81-беренесинин 5-б-бөлүгүнүн негизинде Талант камакка алынган күндөн баштап өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөтүнүн камактагы бир күнү эркиндигинен ажыратылган бир күнгө барабар деп көрсөтүлдү.

Таланттын баш коргоо чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзөртүүсүз камакта калтырылды.

Чечим 2019-жылы 15-ноябрда чыккан.

Эртең Ө. Текебаев менен Д. Чотоновдун баш коргоо чарасы каралат

Бишкек. 28.08.2019 Эртең, 29-августа саат 14:00 Бишкектин Биринчимай райондук сотунда саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасы каралат.

Бул тууралуу алардын жактоочуларынан маалым болду.

Эске сала кетсек, 21-августта Жогорку Сот алардын үстүнөн чыккан баардык сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра райондук сотко кароого жөнөткөн.

.

Следователь МВД потерял уголовные дела во время похода в бар.

Informator- 18.09.19 Судебная коллегия Иссык-Кульского областного суда рассмотрела материалы дела в отношении следователя ОВД Джети-Огузского района.
Фигурантом дела стал Марат [имя изменено А.М.Б.] 1976 года рождения, уроженец Джети-Огузского района Иссык-Кульской области, высшее образование, ранее не судим, ранее работал следователь Следственной службы ОВД Джети-Огузского района. Ему были предъявлены обвинения по ст. 316 («Халатность») Уголовного кодекса.

Марат находился под подпиской о невыезде.
Решением Каракольского городского суда от 20 марта 2019 года Марат признан виновным в совершении преступления, предусмотренного ст. 331 ч.1 («Халатность») УК (в редакции закона от 2 февраля 2017 года) и ему назначено наказание в виде лишения права занимать должности в правоохранительных органах сроком на 3 года.
Приговор суда обжалован в апелляционном порядке адвокатом обвиняемого, который в своей жалобе указывает, что обвинительный приговор в отношении его подзащитного судом вынесен преждевременно и необоснованно.
Защита попросила удовлетворить апелляционную жалобу, отменить приговор Каракольского городского суда и вынести оправдательный приговор в связи с отсутствием состава преступления или недоказанностью вины.
Прокурор просил оставить приговор без изменения.
Органами следствия он обвинялся в том, что будучи следователем следственной службы 28 июля 2018 года им было возбуждено уголовное дело по признакам преступления, предусмотренного ст. 129 ч.4 («Изнасилование малолетней, повлекшее особо тяжкие последствия») Уголовного кодекса и принято к своему производству.
В рамках данного уголовного дела 16 августа 2018 года следователем была назначена судебная психолого-психиатрическая экспертиза, проведение которой было поручено экспертам Республиканского центра психического здоровья при Министерстве здравоохранения.
Кроме этого, следователем Следственной службы ОВД, лейтенантом милиции Т.Б. 6 сентября 2018 года по признакам преступления, предусмотренного ст. 246 ст. 3 («Незаконные изготовление, приобретение, хранение, перевозка или пересылка наркотических средств либо психотропных веществ без цели сбыта») Уголовного кодекса было возбуждено уголовное дело. По данному уголовному делу 26 сентября 2018 года была назначена судебно- психиатрическая экспертиза, проведение которой также было поручено экспертам Республиканского центра психического здоровья при Министерстве здравоохранения.
Так, 27 сентября 2018 года майор милиции Марат в рамках расследуемых уголовных дел был направлен в служебную командировку в город Бишкек для проведения следственных действий и проведения судебно-психиатрической экспертизы совместно с сотрудниками ОВД — капитаном милиции У.Д.О. и старшиной милиции К.у.Б. В тот же день они прибыли в Республиканский центр психического здоровья.
После проведения соответствующих экспертиз сотрудники милиции выехали в тот же день обратно в направлении Джети-Огузского района, а следователь Марат остался в Бишкеке для получения заключения экспертиз.
На следующий день, 28 сентября 2018 года следователь, получив заключения экспертиз, направился на западный автовокзал, где находился в ожидании маршрутного автобуса для выезда в село Кызыл-Суу Джети-Огузского района.
Находясь на западном автовокзале, зная, что при нем имеются материалы уголовного дела по особо тяжким преступлениям, в рамках которых имеются содержащиеся под стражей обвиняемые лица, решил подняться на второй этаж здания западного автовокзала, где находился бар и бильярдный зал — общественное развлекательное заведение, тем самым создал условия для возможной потери документов.
В ночное время суток, как установило следствие, Марат потерял папку темного цвета с документами, в том числе с материалами уголовных дел и заключениями экспертиз. Следователь, осознавая, что им были утеряны материалы уголовных дел и другие процессуальные документы, не удосужился своевременно доложится о данном факте руководству ОВД, более того, не появлялся на рабочем месте до 3 октября 2018 года.
3 октября Марат пришел на работу и сообщил руководству о том, что 28 сентября в вечернее время суток на территории Западного автовокзала города Бишкек на него было совершено разбойное нападение неизвестными лицами, в результате которого у него были отобраны черная папка с материалами, сотовый телефон, куртка и обувь.
Данный факт был внесен в книгу учета преступлений ОВД и передан в УВД Первомайского района Бишкека для рассмотрения по существу.
8 ноября следственной службой ГОМ №5 УВД Первомайского района было вынесено постановление об отказе в возбуждении уголовного дела по факту нападения на следователя Марата, так как доводы в ходе проверки своего подтверждения не нашли.
Более того, проверкой было установлено, что согласно видеозаписи с камер наблюдения, 28 сентября в 22:00 Марат покинул территорию Западного автовокзала и направился в сторону пересечения улиц Жибек-Жолу и Ростовская в состоянии алкогольного опьянения.
Но защита подсудимого сообщила, что, ознакомившись с материалами уголовного дела, не нашла ни заключения экспертизы или освидетельствование на предмет опьянения, ни даже показания свидетелей о том, что он приобрел или употреблял спиртные напитки. Кроме того, причиной утери уголовных дел послужили внешние условия, которые непосредственно не зависели от самого Марата. когда у него отобрали вещи и документы.
Черная папка с документами была обнаружена на территории парка «Молодежный» 1 ноября и передана в УВД Первомайского района.
Во время следствия был допрошен свидетель — преподаватель кафедры правовых дисциплин Института современных технологий в образовании, который также подтвердил, что к нему обратились студенты кафедры преподавания начальных классов Р.к.А. и Г.С., которые сообщили, что нашли черную папку с материалами уголовных дел в парке «Молодежный».
Рассмотрев материалы дела, судебная коллегия 26 августа приговор Каракольского городского суда оставить без изменения. Приговор вступает в законную силу с момента провозглашения и может быть обжалован в Верховный суд Кыргызской Республики в кассационном порядке и пересмотрен в срок не более 1 года по основаниям влекущим ухудшение положения осужденного.

Бишкектеги “Стройпарк” соода борборунда өрт чыкты

Бишкек. 21.12.20. informator.kg  Бишкек шаарындагы “Стройпарк” курулуш керектөөлөрүн саткан соода-борборунун имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдирет.

Андагы маалыматтар боюнча, тилсиз жоо имараттын жогорку кабатынан тутанып, өрт өчүрүү кызматы азыр өрттү басуу менен алектенүүдө.

У адвоката Омурбека Текебаева отобрали бизнес.

Бишкек. 28.08.19 У Каната Хасанова, который защищает лидера политической партии «Ата Мекен», отобрали предприятие, как он утверждает, по поддельному акту. Он сообщил об этом на своей странице в Facebook.

Юрист указал, что он теперь нищий. «Я остался на улице с женой, детьми и внуками», — пишет Канат Хасанов.

Он добавил, что поддельный акт о передаче его собственности был составлен еще при экс-руководителе ГКНБ Абдиле Сегизбаеве и его заместителе Болоте Суюмбаеве. Бывшие чекисты являются приближенными Алмазбека Атамбаева. 

Пандемиядан дүйнө экономикасы 5,8 триллион доллар зыян тартты

15.05.20. informator.kg Пандемиядан улам дүйнөлүк экономика жалпысынан 5,8 -8,8 триллион АКШ долларына чейин зыян тартты. Бул тууралуу Азия Өнүктүрү банкынын жаңы докладында айтылат.

Анда коронавирус илдетинин дүйнөгө жайылышы менен дүйнөлүк ички дүң өндүрүм 6,4-9,7%га төмөндөп кеткени жазылган.  COVID-19тун потенциялдуу экономикага тийгизген таасири боюнча жаңыланган балоолор тууралуу бул докладда Азия-Тынчокен аймагындагы экономикалык жоготуу 3 айдын ичинде 1,7 трлн. долларга чамалаганы, бул дагы үч айдын ичинде 2,5 трлн. доллар чейин жетээри күтүлүп жатканы айтылат. Анткени, бул аймакта дүйнөлүк өндүрүштүн дээрлик 30 пайызы кыскарып кеткен. Анын ичинде Кытай мамлекети эң ч жоготууну, 1,1-1,6 трлн. доллар чыгым тартып жатат.