Окуялар

Окуялар Страница 2

Ооругандардын саны көбөйүүдө. Бүгүн дагы 307 адамдан COVID-19 аныкталды

10-октябрь 2020/informator.kg– Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 307 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 48 миң 924 адамга жетти. Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 53
  • Ош – 17
  • Чүй облусу – 16
  • Ош облусу – 69
  • Талас облусу – 7
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 12
  • Жалал-Абад облусу – 59
  • Баткен облусу – 71

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматтан бошотулду

9-октябрь 2020/informator.kg-

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды. Опумбаев Конституциянын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык иштен алынды. Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновдун премьер-министрлик кызматынан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алды. Президенттин расмий сайтынын маалыматы боюнча, бул азыркы өкмөттүн курамы да кетти деп эсептелет. Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгына 2019-жылдын 18-июнь күнү дайындалган.

Америкада 12 жаштагы бала атомдук реакторду жаратып “Гиннесстин рекорддор китебине” кирди

9-октябрь 2020/informator.kg- Американын Теннесси штатында 12 жаштагы бала өз алдынча иштеп жаткан атомдук реакторду үйүндө чогултуп “Гиннесстин рекорддор китебине” кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 12 жаштагы Жексон Освальт эки жыл атомдук реакторду чогултуп, рекордду жаңырткан эң жаш адам наамын алды. Ал бардык жумуштарды өз алдынча үйүндө ишке ашырганын ырастаган. “Долбоор абдан оор болду. Эң кыйын жери герметикалык изоляцияны кантип жасоону билүү болду. Муну туура жолго салууга жарым жылдай убакыт жумшадым”, – деген Жексон Освальт.
Освальттын долбоорун ата-энеси колдогон жана алар баласынын ийгиликтүү ишине кубанганын айтышат.

Футболчу Криштиану Роналдунун үйүн белгисиз адамдар тоноп кетишти

9-октябрь 2020/informator.kg- Португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун үйүн белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Окуя 7-октябрь күнү эртең менен болгон. Уурдалган буюмдардын арасында “Турин” командасынын футболчусунун кол тамгасы түшүрүлгөн футболка болгон. Маалыматта үйдөн дагы эмнелер уурдалгандыгы тууралуу айтылган эмес. Жергиликтүү полиция тергөө ишин баштады. Укук коргоо кызматкерлери видео байкоо аркылуу мыйзам бузуучуну так көрсөткөн жазууларды изилдеп чыгышкан. Бул иш боюнча азырынча шектүү кармала элек.

Covid-19: Кыргызстанда жаңы 275 учур аныкталды

9-октябрь 2020/informator.kg-

Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу дагы 275 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек – 40
Ош шаары – 25
Чүй облусу – 28
Ош облусу – 49
Талас облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 47
Баткен облусу – 74. Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 48 миң 617ге жетти.

Кытайда XIV кылымда тартылган сүрөт аукциондо 41 миллион 800 миң долларга сатылды

9-октябрь 2020/informator.kg-

Кытайдын Гонконг шаарында 700 жыл мурун түрмөктөлгөн кагазга тартылган “5 мас абалындагы ханзаада ат менен үйүнө кайтып келишти” деген аталыштагы сүрөт аукционго коюлуп, 41 миллион 800 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, эки метрлик сүрөттү XIV кылымда белгилүү кытай сүрөтчүсү Рен Ренфа тарткан. Анын көпчүлүк чыгармалары (бардыгы болуп 21 полотно тарткан) музейлерде жана жеке коллекцияларда сакталат.Түрмөктө императордук коллекциялардын бир бөлүгү болгон жана анда бир нече башкаруучулардын мөөрү басылган. Лоттун баштапкы баасы 10 миллиондон 15 миллион 500 миң долларга чейин болгон. Түрмөктө ат үстүндөгү беш төрө жана алардын төрт кызматкери чагылдырылган.

Президент: Өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, кызматтан кетүүгө даярмын

9-октябрь 2020/informator.kg-

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасады. Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусун толук беребиз:

«Урматтуу мекендештерим! Өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жетти. Аны жөнгө салуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасайлы: Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоолор дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем. Аны менен катар кризиске чейин иштеп келген Өкмөт башчысын жана өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирип, кийинки дайындоолорго мыйзамдуу жол ачуу керек. Жаңы Премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин Токтомун жана Президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл. Мен тиешелүү Жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек.

Урматтуу мекендештерим! Дагы бир ирет кайталайм — мен азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөйм. Мен үчүн эч бир кызмат — мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес. Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын. Саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырам. Кудай колдоп, бардык саясий күчтөргө акыл-эстүүлүк, сабырдуулук берсин!»

Тилек Матраимовду Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди

9-октябрь 2020/informator.kg- Бүгүн өзбек чек арачылары Өзбекстандын аймагында кармалган Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана аны менен кошо кармалган эки жаранды кыргыз тарапка өткөрүп беришти. Алар учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев, Махсуд Расулов аттуу жарандар 6-октябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Түштүк Кореяда 33 кабаттуу имарат өрттөндү

9-октябрь 2020/informator.kg- Түштүк Кореянын түштүк-чыгышындагы Ульсан шаарында 33 кабаттуу имарат өрттөндү. Бул тууралуу «Йонхап» агенттиги жазды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо имараттын дээрлик бардык кабаттары күйүп жаткандыгын көрүүгө болот. Маалымат боюнча, өрт 8-октябрда саат 23:00 чамасында башталган. Түнкүсүн катуу шамалдан улам аны өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес. Өрт өчүрүү кызматы агенттикке билдиргендей, 88 адам түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Имаратка капталган алюминийден жасалган курама панелдер мезгил-мезгили менен өрттөнүп жаткандыктан, өрттү өчүрүүгө мүмкүн эместигин кошумчалашты

Суваналиев БУУнун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукту

8-октябрь 2020/informator.kg-

Укук коргоо органдарынын координатору, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугушту. Жолугушууда акыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды. Жолугушуу тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымат берди. Суваналиевдин айтымында «кырдаалды курчутууга чагымчыл элементтер тарабынан аракеттер болуп жатат, буга карабастан күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү». Суваналиевге БУУ Баш катчысы Антонио Гуттериштин билдирүүсүн эске салып, өлкөнүн кризистен чыгышы үчүн болгон көмөктү көрсөтүшөрүн айтты.