Окуялар

Окуялар Страница 211

Премьер-министр Бишкектеги курулуштар менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын Шанхай кызматташтык уюумунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы калаанын кире беришиндеги «Аска-Таш» стеласынын тышкы конструкциясын өзгөртүп, жазууларын толук алмаштырып реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары шаардык муниципалитет тарабынан стеланын айланасын жакшыртуу чаралары көрүлүүдө.

Премьер-министрге шаардын күндүзгү жана кечки архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу, жолдорду куруу жана оңдоо, көпүрөлөрдү жана башка инфратүзүмдөрдү реконструкциялоо, калааны жашылдандыруу жана коомдук жайларды жакшыландыруу боюнча иш-чаралар топтомун ишке ашыруу жөнүндө маалымдалды.

Шаардык мэриянын жетекчилери көчөлөрдү жарыктандыруу, кошумча архитектуралык жарык берүү жабдууларын орнотуу, таянычтарды алмаштыруу чаралары тууралуу айтып беришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык курулуш жана оңдоо иштерин архитектуралык чечимдерге ылайык өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыздоону тапшырды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, шаардыктар жана шаар меймандары үчүн кыйла ыңгайлуу жана жайлуу шаардык чөйрөнү түзүү үчүн коомдук мейкиндиктерди жакшыртуу маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Жол тандабастар менен эс алган бүтүрүүчүлөр. Ошто мектеп директору иштен алынды

23.0519. informator.kg

Ош шаарынын мектеп окуучулары жол тандабастар менен эс алууга чыккандыгы үчүн Курманжан Датка орто мектебинин директору иштен алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жылдын 11-майында Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы курманжан Датка мектебинин 11-классынын окуучулары жол тандабастар менен Сулайман-Тоого барышкан. Аларды Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан.

Унаалар ЖККБнын унаа токтотуучу жайына киргизилип, ал эми окуучуларга түүндүрмө иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүлүп берилген.  

Милиция кызматкерлери Курманжан датка орто мектебинин директорун жоопко тартуу боюнча Ош шаардык били берүү бөлүмүнө кайрылышкан. Алардын кайрылуусунун негизинде директордун жоопкерчилиги каралып, ал жумуштан алынган.

Өкмөт башчы Нарынга барат


Бишкек. 23.05. 19. Informator.kg  Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев эки күндүк иш сапар менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду.

Маалымат боюнча, премьер-министр Жумгал жергесинде барып, Миң-Куш шаарчасында жана “Кара-Кече” көмүр карьеринде болот, жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, маселелерди укмакчы.

Ошондой эле Нарын шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышып, бир каттар ирригациялык иштерден кабар алат.

Эске сала кетсек, Өкмөт башчы өткөн жумада Ысык-Көл облусундагы туристик мезгилдин ачылышына бармакчы болуп, бирок, ордуна орун басарларынын бирин жиберген эле.

Дача-Сууда кулаган учак боюнча экспертизанын жыйынтыктары кайрадан каралат

Дача-Суу  айылында кулаган учак боюнча экспертизанын жыйынтыктары кайрадан  каралат. Бул тууралуу КРнын ИИМнин пресс-кызматынын жетекчиси, Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында экспертизанын жыйнтыктары кайрадан каралат, бирок суракка эч ким чакырылган жок.

Белгилей кетсек, баш прокурор Өмүрбек Жамшитов, Жогорку Кеңештин профилдик комитеттин жыйнында, конституциялык мыйзамдын мамлекеттик түзүлүш жана регламенти боюнча, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондугун билдирген.

Белгилей кетсек, 16-январь 2017-жылы Boeing-747-400F учагы Дача – Суу айылына кулап, анда 39 адам каза болгон жана 26 үй кыйраган.

Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды – сүрөт

23.0519. informator.kg

Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды, – деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 21-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

“Кармалган адам өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн жалданма фирманын өкүлүнөн пара талап кылган”, – деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

ЖКнын депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырды

Бишкек. 23.05. 19. Informator.kg  Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” партиясынын депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырып жатканын билдирди. Анын мындай чечимге келишине Өкмөт тарабынан ага “Улуттук Энергохолдингди” жетектөө сунушу түшкөнү себеп болгон. Ал парламенттеги  баардык кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Эми анын ордуна партиялык тизме боюнча Айнура Аскарова мандат алат.

Эске сала кетсек, ал ЖКнын айыл чарба комитетин да жетектеп келген.

И. Масалиев, ЖК депутаты: “Бажагейттен” башка жагдайлар деле Өкмөттүн отставкага кетишин шарттап турат”

Бишкек. 22.05.19. informator.kg  “Бажагейттен” башка жагдайлар деле Өкмөттүн отставкага кетишин шарттап турат”. Бул пикирди ЖКнын депутаты Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн кызматын тапшырып берсе, анын калган саясий ишмердигине жол калмак.

“Бажагейт” окуясы чыкканга чейин эле мен апрель айынан тартып азыркы Премьер-министрди кызматынан кетиш керек деген позицияны карманып келгем. Анткени, буга мамлекеттеги экономикалык абалдын начардыгы себеп боло алат. Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөтүндө эч кандай команда жок жана экономикалык так багыт жок. Мисалы, быйылкы жылга бюджеттен 3 млрд. сом каралган болсо, болгону 5 пайызы берилиптир. Жылдын жарымында мындай болуп жатса, демек, быйыл курулуш иштери аягына чыкпайт. Мындан эл кыйналат”,-дейт ал.

Ошону менен бирге эле “бажагейт” боюнча комиссиянын жыйынтыгын күтүп чечим кабыл алыш кажет экенин, бирок, бул чырга фракция лидерлери менен Президенттин позициясы да маанилүү роль ойноорун айтат.

Премьер-министрдин кызы АКШда окуйт. Тастыкталды.

Бишкек. 22.05.19. informator.kg  КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиевдин кенже кызы Саадат чындап эле АКШда окуйт. Бул боюнча анын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Анын айтымында, кечээки таратылган Өкмөт башчысынын жакындары тууралуу маалыматта катачылыкка жол берилип калган.

“Саадат чыгармачылыкка жакын болгондуктан, Бишкек Гуманитардык университетинин европалык цивилизациялар факультетин аяктаган кийин быйылкы жылдын башынан тартып америкалык Diablo Valley колледжине тапшырып, “санариптик медиаискусство” кесибин тандаган. Ал аннимация менен алектенет”,-деп айтылат маалыматта.

Ошону менен Өкмөт башчынын коомчулуктан дагы бир жолу жакындары тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылганы ачыкталып калды.

Өкмөт vs “Мегаком”. Жогорку Кеңеш жаш кадрды колдоого алат

Бишкек. 22.05.19. informator.kg “Альфа Телеком” (Мегаком) ААКсынын башчысы Акылбек Жамангуловду атайылап куугунтуктоо жүрүп жаткандыгын  ЖКнын жыйынында бир катар депутаттар айтып чыкты. Аталган компания менен “КТ-Мобайл” компаниясынын ортсундагы чарбалык талаш боюнча депутаттык комиссия ишин улантып жаткан чакта “Мегакомдун” башчысы Акылбек Жамангуловдун артынан куугунтуктоо, ыксыз текшерүүлөр токтошу керектигин ЖКнын төрага орун басары Мирлан Бакиров айтып чыкты.

Ал эми Жанар Акаев ушу тапта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, ИИМ тарабынан Акылбек Жамангуловго каршы атайын ар кандай маалыматтар топтолуп жатканын, мунун баары “бажагейт” окуясы ачыкка чыккандан кийин башталганын, демек, бажалар чабуулга өткөнүн, укук коргоо органдары муну кылдат карашы керектигин белгиледи. “Биз, депутаттар, ага жардам бердик. Коррупциялык схемаларды ачкан адамдарга эч кандай куугунтук болбошу керек. Жамангуловду каматам деген адамдар Финполициянын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин жөнөтүп, жасалма маалыматтарды чогултпасын. Депутаттык комиссия бул иш боюнча аягына чыгышы керек, бул нерсе өкмөт башчылары үчүн чоң сабак болот”, – деди Жанар Акаев.

Андан ары депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Рыскелди Момбековдор да Акылбек Жамангуловго болгон ачык коркутууларга укук коргоо органдары ыкчам реакция жасабай жатканын айтышып, комиссия ишин жыйынтыктаганга чейин эч бир тараптын коркутууга алынбашы керектигин белгилешти.

Фермер, Баатырбек Акматов: Жери булгангандын – эли булганат

22.05.2019 informator.kg Баатырбек Акматов ,  Ысык – Көл облсунун Тоң районунун фермери: “Таштанды таштабагыла! Каргыш тийиши мүмкүн”, – деп видео кайрылуусун тараткан.

Анын кайрылуу такталарында “ Жери булгангандын – эли булганат. Элин булгагандын – энеси булганат.”, “Талаага мусор таштагандардын, тукуму мусор терип калсын. ООмийин”, – деген эскертүү сөздөрү жазылган.