Окуялар

Окуялар Страница 280

Кыргыз Өкмөтү: “Өзбекстанга азырынча утула элекпиз”


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

КР Өкмөтүнүн арбитраждык трибуналда пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулуусу тууралуу маалымат анык эмес экен. Бул боюнча Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

 «Бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда тараган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто Ысык-Көл облусундагы пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулду делген маалыматка тийиштүү төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Бүгүнкү күнү бул ишти Эл аралык арбитраждык сотто кароо уланууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар болушу каралат. Ошондон кийин гана маселенин маңызы боюнча кароо процесси башталат.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экендиги тууралуу чечим чыгарган. Буга байланыштуу бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто утулгандыгы тууралуу маалымат анык эмес болуп саналат.

Бүгүнкү күнү Өкмөт тарабынан чаралардын кеңири түрү көрүлүп жана далилдер базасын түзүү, доогердин аргументтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат»,-деп айтылат аталган маалымдамада.

Эске сала кетсек, кыргызстандык юрист Жоомарт Жолдошев Эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстан Өзбекстанга улутташтырган пансионаттар боюнча талашта юридикциялык жактан утулганын жазып чыккан эле.

Президентти уят кылышат…Иш башкармалыктын бала бакчасында да акча жыйналабы?


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

КРнын Президенти менен Өкмөтүнүн иш башкармалыгына тиешелүү №144-бала бакчада жеткинчектердин бүтүрүү кечесине эне-аталардан акча жыйналууда. Мындай кабар бизге өздүк булактар аркылуу жетти.

Андагы маалыматтар боюнча,  иш башкармалыктагы аталган бала бакчанын жетекчилиги бүтүрүү кечесине арналган иш-чара үчүн ар бир балага 5 миң сомдон чогултууну эне аталарга буюрган. «Бүтүрүү кечеси үчүн эле 5 миңден чогултсак, андан тышкары ар бир балага айына 6-8 миңге чейин акы төлөйбүз. Оюнчукка, оюнга, театрга деген, эне-аталар фондуна деген да акчалар бар. Бул министрлерге эле ылайыкталбаса, айрым аппарат кызматкерлери үчүн абдан чоң сумма. Иш башкармалыктан деле бала бакчаны кармоого оңбогондой каражат бөлүнөт. Ал кайда кетет? Булар президентти да уят кылмай болушту»,-деп билдирет атын атагысы келбеген эне-аталардын бири.

Бул боюнча Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоевге чалганыбызда ал мындай маалыматтан кабары жоктугун айтты. «Эч кандай акча чогултуу жөнүндө сөз уккан эмесмин. Андайга жол берилбейт! Мен азыр баарын тактап, иликтеп силерге жооп кылам. Бала бакча жетиштүү каржыланат…»,-деди ал. 

Эске сала кетсек, 144-бала бала бакчада  200гө чукул бала тарбияланат.

9-майда Президентти дрон менен тартууга тыйуу салынды

Бишкек. Informator.kg  7.05.19.  Бишкек шаар мэриясы эртең, 9-май-Улуу Атамекендик согуштун жеңишинин урматына өтүүчү «Өлбөс полктун» жүрүшүндө ММК өкүлдөрүнүн Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган элди дрон менен сүрөткө же тасмага тартуусуна тыйуу салды. Мындай маалыматты мэриянын маалымат кызматы билдирип, «балким, катышуучулардын бирине кулап кетиши ыктымал» деген чочулоо бар экенин билдирген.

Эске сала кетсек, былтыр Президент согуштан кайтпай калган чоң атасы Пирназаров Жээнбектин сүрөтүн көтөрүп, Бишкекте «Өлбөс полктун» жүрүшүн баштап Жеңиш аянтына барган болчу.

Оштун Шейит-Дөбө чөлкөмүндөгү жолдор оңдолуп бүттү


Бишкек. Informator.kg  7.05.19. 

Ош шаарынын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүн бириктирген Мамажан көчөсү толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров маалымдады.

«Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүткөрүлгөн курулуш иштеринин сапатын текшерип, жолдорго жаңы асфальт төшөө иштери уланаарын билдирди.

Аталган көчө шаардын Шейит-Дөбө аймагында жайгашып, жол каралбай калган. Мыйзамсыз курулуштар алынып, жол четине арыктар (лоток) коюлуп, жөө адамдар басуучу жол (тротуар) да курулду. Жолдун бир тарабына курулган тротуардын узундугу 260 метр, туурасы 2,25 метрди түзөт. Ал эми асфальтталган жолдун узундугу 260 метр, туурасы 7 метр. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланды»,-деп билдирет ал. 

Анда маалым болгондой мэр жолдун ачылышы боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аксакалдардын ыраазычылык батасын алып кайткан.

Кыргызстан эл аралык сотто Өзбекстанга утулду


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.  Кыргыз Өкмөтү эл аралык сотто Өзбекстанга утулуп калды. Бул тууралуу юрист, Jomart & Co юридикалык компаниясынын мүдүрү  Жоомарт Жолдошев соцтармактагы өзүнүн баракчасына маалымат жазды.  Анын белгилешинче, бул иш Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү союз маалынан бери Өзбекстан ээлик кылып келген пансионаттарды улутташтырганы боюнча эл аралык арбитраждык сотко коюлган коңшулардын доо арызы менен каралган.

Биз юристтин маалыматын өзгөртпөй беребиз:

“ Тилеке каршы дагы бир эл аралык сотту уттурдук.

Өзбек инвесторлору тарабынан койулган доого юрисдикциясын четке кагып берилген соттон утулуп калды. (JSC Tashkent Mechanical Plant and others v. Kyrgyz Republic). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын Джонс Дэй(Jones Day) деген юридикалык компания коргогон.

Доонун негизи мүлктөр(Ысык-Көлдөгү) мыйзамсыз экспроприация(улутташтыруу) болду деп койулган. Арбитрлердир составы: төрагалык кылган Бернардо Кремадес(Bernardo Cremades), доогер тарабынан дайындалган арбитр Гари Борн (Gary Born) жана жоопкер (Кыргызстан) тарабынан дайындалган арбитр Захари Дуглас(Zachary Douglas).

Арбитрдердин, ушул жылдын 1-майында чыгарган чечиминде(азырынча коомчулука чыга элек бирок менин такталган ички булактардан алган маалыматымда) Кыргызстан тарабынан алдын ала койулган юрисдикцияга байланышкан негиздер четке кагылган. Алардын арасында, көп колдонуучу Кыргыз Республикасынын 2003-жылкы “Инвестициялар жөнүндө” мыйзамында Кыргыз Республикасы эл аралык арбитражга макулдук берген эмес деген жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу инвестицияны коргоо келишиминде жөн гана МЦУИС(ICSID) көрсөтүлгөн, мындайча айтканда кошумча эрежелери менен кароо көрсөтүлгөн эмес. Кыргызстан Вашингтон конвенциясына толук кандуу кошулбаганына байланыштуу кошумча эрежелер менен гана катыша алат. Бул негиздер четке кагылып, Кыргыз Өкмөтү дагы утулду. Эми доонун негизин кароого өтөт.

Өзбекстандык инвесторлорду дүйнөгө атагы чыккан, белгилүү Уайт энд Кейс(White and Case) Эл аралык юридикалык компаниясы коргойт. Ал эми биздики баягыдай эле шалаакылык. Чечимди коомчулука жарыяланганда кенээн анализ кылып берем.

Жеке пикирим: Бул көрсөтүлгөн аргументтер мурунтан эле айтылып ийгиликсиз болуп келгендер. Арга жок ойго келген маселелер, биздин атка минерлердин эл аралык арбитраж жөнүндө кабары болбогону же/жана Кыргыз элинин акчасына(ар бир сотко бюджеттен миллион деген долларлар кетет), кыргыздын намысына, тагдырына жана кыргыздын экономикасына абсолюттуу кайдыгер болуусу.

Абдан өкүнүчтүү. Жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр аралашып чет өлкөдөн кайдагы юристтерди табып алышып элдин акчасын жеп отурушканы өкүндүрөт»,-деп жазат Жоомарт Жолдошев.

Ал белгилегендей юридикция боюнча утуп алган тарап эми доонун негизин карап, каржылык чыгымды талап кылышы ыктымал.

Cоциалдык фонддун кызматкери пара менен кармалды

КР Соцфондунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кылтакка илинди. Бул тууралу УКМК Коррупцияга каршы кызматы кабарлады.

Анда кабарлангандай, 2019-жылдын 2-май күнү Социалдык фонддун Бишкек шаардык Свердлов райондук бөлүмүнүн башкы адиси К.А. 12 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен кармалды.

Такталган боюнча, арыз жазган адам 2016-жылы чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу ишкерлигин башка бирөөнө саткан. Бирок, 2018-

жылы декларация толтуруп жаткан учурда, ал жеке ишкер катары каттоодо тургандыгы жана ал документтерди жабуу керектиги аныкталган.

Ишкер салык органдарына жана КР Социалдык фондуна айыптарын төлөгөн соң, тиешелүү арызы менен кайрылган.

Ага карабастан кармалган К.А. арыз ээсинен жеке ишкер катары карыздарын жок кылуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын талап кылган.

“Пара талап кылуу фактысы боюнча материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө каралаган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам КР УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына камалды.Тергөө жүрүп жатат”,-деп айтылат УКМКнын маалыматында

Батукаевдин дартын аныктаган дарыгерлер кармалды

Оор кылмышкер, “мыйзамдагы ууру” жардыгы бар Азиз Батукаевге оор дарттын аныктамасын койгон дарыгерлер кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Анда маалым болгондой, учурда ИИМ 2013-жылы Нарын шаарындагы абакта жаткан Азиз Батукаевдин сот тарабынан бошотулушу боюнча кылмыш ишин ачып, иш сотко чейинки тергөөдө болчу. Ошол тергөөнүн аркасында соттолуучу Азиз Батукаевге өтүшкөн дарт аныктамасын коюп, анын аз кңндңк өмүрү калгандыгын билдирген дарыгерлер суракка чакырылып, андан ары камакка алынган.

Азырынча ИИМ бул дарыгерлердин камакка алынышы боюнча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, мындан бир нече күн мурун ошол кылмышкер сот тарбынан бошотулуп, Москвага учуп кеткен мезгилде КРнын Жазаларды аткаруу Мамлекеттик Кызматын башкарган, учурдагы ЖКнын депутаты Зарылбек Рысалиевди да суракка чакырышканы маалым болгон.