Окуялар

Окуялар Страница 292

Дача-Сууда кулаган учак боюнча экспертизанын жыйынтыктары кайрадан каралат

Дача-Суу  айылында кулаган учак боюнча экспертизанын жыйынтыктары кайрадан  каралат. Бул тууралуу КРнын ИИМнин пресс-кызматынын жетекчиси, Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында экспертизанын жыйнтыктары кайрадан каралат, бирок суракка эч ким чакырылган жок.

Белгилей кетсек, баш прокурор Өмүрбек Жамшитов, Жогорку Кеңештин профилдик комитеттин жыйнында, конституциялык мыйзамдын мамлекеттик түзүлүш жана регламенти боюнча, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондугун билдирген.

Белгилей кетсек, 16-январь 2017-жылы Boeing-747-400F учагы Дача – Суу айылына кулап, анда 39 адам каза болгон жана 26 үй кыйраган.

Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды – сүрөт

23.0519. informator.kg

Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалды, – деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 21-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

“Кармалган адам өткөрүлгөн тендердин каржы маселесин оңунан чечип берүү үчүн жалданма фирманын өкүлүнөн пара талап кылган”, – деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

ЖКнын депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырды

Бишкек. 23.05. 19. Informator.kg  Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” партиясынын депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырып жатканын билдирди. Анын мындай чечимге келишине Өкмөт тарабынан ага “Улуттук Энергохолдингди” жетектөө сунушу түшкөнү себеп болгон. Ал парламенттеги  баардык кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Эми анын ордуна партиялык тизме боюнча Айнура Аскарова мандат алат.

Эске сала кетсек, ал ЖКнын айыл чарба комитетин да жетектеп келген.

И. Масалиев, ЖК депутаты: “Бажагейттен” башка жагдайлар деле Өкмөттүн отставкага кетишин шарттап турат”

Бишкек. 22.05.19. informator.kg  “Бажагейттен” башка жагдайлар деле Өкмөттүн отставкага кетишин шарттап турат”. Бул пикирди ЖКнын депутаты Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн кызматын тапшырып берсе, анын калган саясий ишмердигине жол калмак.

“Бажагейт” окуясы чыкканга чейин эле мен апрель айынан тартып азыркы Премьер-министрди кызматынан кетиш керек деген позицияны карманып келгем. Анткени, буга мамлекеттеги экономикалык абалдын начардыгы себеп боло алат. Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөтүндө эч кандай команда жок жана экономикалык так багыт жок. Мисалы, быйылкы жылга бюджеттен 3 млрд. сом каралган болсо, болгону 5 пайызы берилиптир. Жылдын жарымында мындай болуп жатса, демек, быйыл курулуш иштери аягына чыкпайт. Мындан эл кыйналат”,-дейт ал.

Ошону менен бирге эле “бажагейт” боюнча комиссиянын жыйынтыгын күтүп чечим кабыл алыш кажет экенин, бирок, бул чырга фракция лидерлери менен Президенттин позициясы да маанилүү роль ойноорун айтат.

Премьер-министрдин кызы АКШда окуйт. Тастыкталды.

Бишкек. 22.05.19. informator.kg  КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиевдин кенже кызы Саадат чындап эле АКШда окуйт. Бул боюнча анын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Анын айтымында, кечээки таратылган Өкмөт башчысынын жакындары тууралуу маалыматта катачылыкка жол берилип калган.

“Саадат чыгармачылыкка жакын болгондуктан, Бишкек Гуманитардык университетинин европалык цивилизациялар факультетин аяктаган кийин быйылкы жылдын башынан тартып америкалык Diablo Valley колледжине тапшырып, “санариптик медиаискусство” кесибин тандаган. Ал аннимация менен алектенет”,-деп айтылат маалыматта.

Ошону менен Өкмөт башчынын коомчулуктан дагы бир жолу жакындары тууралуу маалыматты жашырууга аракет кылганы ачыкталып калды.

Өкмөт vs “Мегаком”. Жогорку Кеңеш жаш кадрды колдоого алат

Бишкек. 22.05.19. informator.kg “Альфа Телеком” (Мегаком) ААКсынын башчысы Акылбек Жамангуловду атайылап куугунтуктоо жүрүп жаткандыгын  ЖКнын жыйынында бир катар депутаттар айтып чыкты. Аталган компания менен “КТ-Мобайл” компаниясынын ортсундагы чарбалык талаш боюнча депутаттык комиссия ишин улантып жаткан чакта “Мегакомдун” башчысы Акылбек Жамангуловдун артынан куугунтуктоо, ыксыз текшерүүлөр токтошу керектигин ЖКнын төрага орун басары Мирлан Бакиров айтып чыкты.

Ал эми Жанар Акаев ушу тапта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, ИИМ тарабынан Акылбек Жамангуловго каршы атайын ар кандай маалыматтар топтолуп жатканын, мунун баары “бажагейт” окуясы ачыкка чыккандан кийин башталганын, демек, бажалар чабуулга өткөнүн, укук коргоо органдары муну кылдат карашы керектигин белгиледи. “Биз, депутаттар, ага жардам бердик. Коррупциялык схемаларды ачкан адамдарга эч кандай куугунтук болбошу керек. Жамангуловду каматам деген адамдар Финполициянын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин жөнөтүп, жасалма маалыматтарды чогултпасын. Депутаттык комиссия бул иш боюнча аягына чыгышы керек, бул нерсе өкмөт башчылары үчүн чоң сабак болот”, – деди Жанар Акаев.

Андан ары депутаттар Алтынбек Жунус уулу, Рыскелди Момбековдор да Акылбек Жамангуловго болгон ачык коркутууларга укук коргоо органдары ыкчам реакция жасабай жатканын айтышып, комиссия ишин жыйынтыктаганга чейин эч бир тараптын коркутууга алынбашы керектигин белгилешти.

Фермер, Баатырбек Акматов: Жери булгангандын – эли булганат

22.05.2019 informator.kg Баатырбек Акматов ,  Ысык – Көл облсунун Тоң районунун фермери: “Таштанды таштабагыла! Каргыш тийиши мүмкүн”, – деп видео кайрылуусун тараткан.

Анын кайрылуу такталарында “ Жери булгангандын – эли булганат. Элин булгагандын – энеси булганат.”, “Талаага мусор таштагандардын, тукуму мусор терип калсын. ООмийин”, – деген эскертүү сөздөрү жазылган.   

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: “Өкмөт контробандага жашыл жарык күйгүзүп жатат…”

Бишкек. 22.05. 19. Informator.kg  “Бүгүн Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда бензиндин баасында 15 сом болуп жатат. Эмне үчүн казактар мына бизден күйүүчү-майлоочу майларды алыгла десе Өкмөт кол койбой жатат? Ал собатаж кылып жатат”. Өкмөт башчынын дарегине карата мындай сынды ЖКнын жалпы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев айтты.

Анын пикиринде, эки өлкө ортосундагы күйүүчү-майлоочу материалдарды алуу-сатуу боюнча Өкмөттүн келишимге биздин премьер-министр кол койбой убакытты  созуп жатат. Мындан улам талган товарлар боюнча контробанда күч алууда.

“Газпром” баш болуп баардык тараптар конторанданын көлөмү өскөнүн, Өкмөт чара көрбөй жатканын айтып жатышат. Бул маселе боюнча, бүгүн эле тапшырма берип, Өмкөттү чакыртып талкуулашыбыз керек. Казактар мына бизден алгыла деп жатса, Өкмөт башчы ошону кабыл албай жатат”,-деди ал.

Төрага Дастан Жумабеков болсо бул маселе боюнча тиешелүү комитеттин чечими керектигин айтты.   

Юристанбек Шыгаев музейден сүрөт уурдаган


Бишкек. 22.05. 19. Informator.kg  Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев аталган музейдеги балуу сүрөттөрдү алганы аныкталган. Бул тууралуу  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов тастыктады. Анын айтымында, бул тууралуу министрликке арыз түшүп, министрликтен атайын комиссия түзүлгөн болчу.

“Түзүлгөн комиссия бир канча убакыттан бери иштеп, жыйынтыгында Николай Сверчковдун тарыхый балуу сүрөттөрү болгон “Ит менен ат” жана “Бакуниндин портрети” сүрөттөрүнүн түп нускалары музейдин жетекчис тарабынан алынганы аныкталган. Комиссия өз ишин жыйынтыктап,  жоопкерчилик маселесин тиешелүү жактардын кароосуна жиберүү боюнча да сунушту киргизген жыйынтыкты чыгаруу алдында турат”,-деп билдирди ал.

Ал арада Юристанбек Шыгаев өз арызы менен кызматтан чегингени тууралуу айтылып, муну музейдин кызматкерлери тастыкташа элек.

Жеткиликтүү турак-жай Өкмөттө талкууланат


Бишкек. 22.05. 19. Informator.kg Бүгүн Өкмөттө мамлекеттик сатып алуулар  системасынын жаңыланышы жана жеткиликтүү турак жай маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Анда жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый  Абулгазиев өзү катышып, тиешелүү министрликтер менен бирге аталган маселелердин айланасында иш алып бармакчы.

Эске сала кетсек, кечээ эле өкмөт казынадан 500 млн. сом ипотекалык турак-жай программасына бөлүп бергени белгилүү болгон.