Окуялар

Окуялар Страница 3

Спортчу Дастан Шаршеев “Газпром” спорт-комплексинин орун басар директорлугуна дайындалды

Бишкек. 01.01. 2021.informator.kg 2020-жылдын акыркы күнүндө Бишкек мэриясында бир топ кадрдык жүрүштөр орун алды. Алсак, “Газпром-балдарга” дене-тарбия жана ден-соолук комплексине Ишенбек Дүйшеев директор болуп дайындалды. Анын орун басарлыгына болсо мэрдин жардамчысы спортчу Дастан Шаршеев бекитилген.

Ошол эле учурда мэр Балбак Дүйшеевге жардамчы болуп Максимилиан Погиба аттуу жигит ишке киришти.

Медер Бейшеналиев Жер ресурстарын башкаруу башкармалыгын орун басар жетекчиси болуп дайындалды

Бишкек. 01.01. 2021.informator.kg Бейшеналиев Медер Зулхайнаринович Бишкек Мэриясынын жер ресурстарын башкаруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка мэр Балбак Түлөбаев 2020-жылдын 31-декабрында кол койгон.

М. Бейшеналиев буга чейин шаар башармалыгындагы санитардык-экологиялык инспекциянын начальнигинин орун басары болуп иштеген. Ага чейин стат-катчынын жардамчысы катары иштегени белгилүү.

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жетекчилиги 2 млн. 750 млн. сомдук зыян алып келген

Бишкек. 01.01. 2021.informator.kg “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз аракети менен мамлекетке 2 миллион 750 сомдук зыян келтирилген”. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти. Анда мындай деп айтылат.

“Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2009-жылы кабыл алынган мыйзамсыз токтому менен Т.Абакир уулу атындагы стадионго тиешелүү жеринин 816 чарчы метр жер аянты О.Т. аттуу жаранга берилип кеткенин райондук прокуратура аныктаган.

Тергөө маалында белгилүү болгондой, жогорудагы социалдык багыттагы жер тилкенин базар баасы 2 млн. 750 миң сомду түзөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылган”,-деп жазылат.

Ошону менен бирге эле айыл өкмөттүн жерди ажыратып берүү жөнүндөгү мыйзамсыз токтомун, анын негизиндеги мамлекеттик актыны жана соода-сатык келишимин жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыздар келтирилип, учурда соттук кароолор жүрүп жатканы кошумчаланат.

КР Маданият жана туризм министрлиги: “Фонограмма менен тыюу салынат”

Бишкек. 01.01. 2021.informator.kg “Мамлекеттик маданий мекемелерге  фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салынат”. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин социалдык тармактагы баракчасында жазылгандай, Кыргыз Республикасынын “Фонограмма жөнүндөгү” мыйзамы талкууланып, министр Нуржигит Кадырбеков,  Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, музыка чөйрөсүнүн жоон тобу катышкан талкууда буга чейинки кабыл алынган мыйзамдын ченемдери так  аткарылбай жатышы жана  бүгүнкү күндөгү маданий иш- чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселелер каралган.   

“Учурда  кыргыз маданиятынын өкүлдөрү арасында жандуу үн менен жогорку деңгээлде ырчылык өнөрдү аркалап жаткан  ырчылар жок эмес. Бирок ошол эле мезгилде алдын ала жаздырылып, шөкөттөлгөн ырлар басымдуу болуп жаткандыгы белгиленди. Мунун алдын алууда, ага каршы туруп,  жандуу үн менен концерт берүү  багытына басым жасап, элди алдоодон алыс болушу керек деген пикирлер айтылды. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кесипкөй  үн режиссер жокко эсе. Талкуу учурунда эстрада багыты боюнча чет элдин тажрыйбаларын колдонуу, жаш өсүп келе жаткан кардарларды окутуу, эстрадалык орекестрларды  көбөйтүү, чыгармачылык  деңгээлди көтөрүү жана  оранжировка багытыттары талкууланды.

Жыйынтыгында, колдонуудагы  Кыргыз Республикасынын “Фонограмма жөнүндөгү” мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, ырчылыктын профессионалдык деңгээлин көтөрүү демилгеси айтылды.  Ошону менен катар, аталган мыйзамдын негизинде жакынкы аралыкта Маданият министрлиги тарабынан мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салган буйрук чыгары айтылды”,-деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын башында эки эне эгиз төрөдү

Бишкек. 01.01. 2021.informator.kg 2020-жылдан 2021-жылга оогон түнү Кыргызстанда эки эне эгиз ымыркайларды төрөгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министрлиги сүйүнчүлөдү.

Андагы маалымат боюнча, Ысык-Көл облустук төрөтканасындагы кош бойлуу эне  2021-жылдын 1-январында түнкү саат 00:45 4600 гр. салмакта уул бала жана 00:52де 3900 гр. салмакта кыз баланы жарык дүйнөгө алып келген.

Ошол эле маалда Жалал-Абад облустук төрөтканасындагы кош бойлуу эне таңкы 04:55тер чамасында салмагы 3415 гр. болгон кыз баланы жана 05:08дер чамасында 3250 гр. салмактагы 2-кызды аман-эсен төрөгөн.

Жалпысынан кечээки сутка ичинде Республика боюнча 375 төрөт катталып, 379 ымыркай ааламга көзүн ачкан. Алардын 207 уулу, 172си кыз балдар.

Жаңы жылдын түнүндө Кыргызстанда 184 ар кандай тартип бузуу катталды

Бишкек. 01.01. 2021. Informator.kg  Кыргызстан боюнча жаңы жылдын түнүндө  жалпысынан 184 тартип бузуу боюнча арыз Кылмыштарды жана Жоруктарды Бирдиктүү каттоо Реестрине катталган. Бул тууралуу ИИМден билдиришет.

Андагы маалыматтар боюча,  112 факты тартип бузуу жана 72 факты жорук катары катталып, 18 жол кырсыгы каттоого алынган жана бир адамдын өлүмү катталган. Ал эми мыйзамдык тартип эрежелерди бузуу боюнча 2129 протокол түзүлүп, Республика боюнча 13 миңден ашуун күч кызматкерлери кызматта болгон.

“Түн тынч өттү, криминалдык окуялар болгон жок”,-деп айтылат маалыматта.

Чеченстанда Рамзан Кадыровдун ысымын алган 346 көчө бар

Бишкек. 01.01. 2021. Informator. kg   Би-Би-Синин орус кызматы Чеченстанда аймактын лидери Рамзан Кадыровдун аты жалпысынан 346 көчөгө коюлганын санап чыккан. Мындай маалыматты басылма жаңы жылдын башында жарыя кылды.

Анда Чеченстан өлкө башчысынын атын даңазалоо күчөп баратканын, өткөн аптада эле  Грозныйда анын 15 жаштагы уулунун ысымы коюлган спорт комплекси ачылганын, өлкө боюнча баарынан көп көчөлөргө маркум биринчи президент, Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун аты берилгенин, ошондой эле Рамзан Кадыровдун апасынын, чоң атасынын ысымдары да арбын ыйгарыларын, ал турсун Президенттин эжелеринин, жээндеринин, аталаш туугандарынын, жакын санаалаштарынын да атын алып жүргөн көчөлөр бар экенин да жазды.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын июль айында АКШ адам укуктарын олуттуу бузган деген айып менен Рамзан Кадыровду санкциялык тизмеге киргизген.

Садыр Жапаров: “Жаӊы 2021-жыл жаӊылануунун, ынтымактын, тынчтыктын жана жакшылыктардын жылы болсун!”

Урматтуу мекендештер!

     Биз бүгүн 2020 -жылды узатып турабыз. Бул жалпы дүйнө элине түйшүк салган олуттуу сыноонун жылы болду:  пандемия, экономикалык кризис.

Кыйынчылыктар Кыргызстандын элин да кыйгап өткөн жок: бийликтин жөндөмсүздүгү, өткөн жылдар ичинде чечилбей келген көйгөйлөр алда канча терең экенин көрсөттү. 

Жогорку Кеӊештин депутаттарынын шайлоосунун адилетсиздиги элибиздин чыдамынын жеткен чегине чекит койду.

Жөнөкөй адамдар кырдаалды өз көзөмөлүнө алышты. Бул кыйын мезгилде биздин эрки күчтүү, даанышман элибиз өзүнүн эң мыкты сапаттарын дагы бир ирет көрсөттү. Уюшкандыкты жана биримдикке келүүнү көрсөтүштү.

    Кымбаттуу кыргызстандыктар, сиздер Кыргызстандын чыныгы баатырлары болдуӊуздар! Эӊ алды биздин кымбаттуу врачтар, пандемиянын огуна төшүн тоскондор! Ыктыярчылар жана жалпы жарандар! Жакындарына, үй-бүлөлөрүнө жана өлкөбүзгө ак кызматын өтөгөндөр, өз ишин мыкты аткаргандар!

                                                  Достор!  

Келе жаткан 2021-жыл жаңылануунун жылы болмокчу!

Мен эркиндикти сүйгөн, тайманбас элиме ишенем.

    Биз, кыргызстандыктар, ар кандайбыз, бирок баарыбызды Кыргызстан жаңы жылда өзгөрүүлөрдүн жолуна түшсө экен деген тилек бириктирип турат. Биздин балдар адилет, коопсуз, бакубат мамлекетте жашоого тийиш! Ата-энелерде балдарына мээримин төгүп, көбүрөөк көңүл буруш үчүн убактысы да, каражаты да жетиштүү болсо дейбиз! Биздин жаштарда өзүнүн потенциалын өз өлкөсүндө ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр болуусу зарыл! Керек болсо, дүйнө жүзү биздин жаш таланттарга суктансын! Карыяларыбыз камкордукта жана берекелүү жашоого татыктуу болсун!   

                           Менин кымбаттуу кыргызстандыктарым!

    Келе жаткан жыл кандай болоору өзүбүзгө көз каранды. Биз адилеттүүлүккө жана ийгиликтерге карай алгачкы кадамдарды 2020-жылда жасадык жана өз жолубузду 2021-жылда ишенимдүү улантабыз!

Биздин күчтүү жана өркүндөп-өскөн мамлекет жөнүндөгү бардык эңсеген кыялдарыбыз кирип келе жаткан жылда ишке ашсын.

2021-жыл Кыргызстандын тарыхында куттуу жана берекелүү мезгилдин башталышы болуп калсын!

Жаңы жылыңыздар кут болсун, кымбаттуу кыргызстандыктар! Баарыңыздарга бакты- таалай каалайм!

Аткаруучу: « informator.kg » ; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Кулатов көч. 8 Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы: 1. 2020-жылдын 31-декабрда даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Садыр Жапаров: “Үлгүлүү сот системасын түзөбүз!”


Бишкек. 24. 12.20 informator.kg “Кыргызстанга “ак” же “көк” үйдүн коңгуроосу менен чечим чыгарбай турган көз карандысыз соттор керек. Алар чынчыл, коррупциялык иштерге катышы жок болууга тийиш. Эгерде эл мени президент кылып шайласа, анда Ак үй тарабынан сотторго эч кандай кысым болбойт, биз муну камсыз кылабыз. Буга биздин күчүбүз да, эркибиз да жетет”.

Садыр Жапаровдун сүйлөгөн сөзүнөн.

Акыркы жылдарда биздин өлкөдө болуп жаткан төңкөрүштөрдүн жана саясий тирешүүлөрдүн себептеринин бири – бул соттордун адилетсиздиги. Соттордун ишине биринчи кезекте бийликтин тең салмактуулугу көз каранды. Ошондуктан 2020-жылдын ноябрында түзүлгөн Конституциялык Кеңешменин башкы максаттарынын бири – сот реформасын жүргүзүү.

Конституциялык өзгөртүүлөр бийликтин жоопкерсиздигин жоюуга негиз болуп берет.

Садыр Жапаров соттордун ишин конституциялык деңгээлде кайрадан карап чыгууну жана үлгүлүү сот системасын түзүүнү колдойт.

“Сотторду реформалооротациялоо гана эмес, алардын иш механизмин жакышртуу. Аны менен бирге сот курамын жаңылоо – бул акырындык менен ишке аша турган процесс”, – деди С.Жапаров.

Садыр Жапаровдун премьер-министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу кызматына келиши менен Кыргыз Республикасында экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо тармактарында реформа жүргүзүү боюнча активдүү иштер башталганын белгилей кетүүгө арзыйт. 

«Сот жана укук коргоо органдарынын дарегине көптөгөн дооматтар түшүүдө. Акыркы жылдар жана бүгүнкү күн – бул биздин улуттук муң кайгыбыз. Адамдар милициядан коркот, сотторго болсо ишеним жок. Өлкөбүздүн шайын оодарган коррупция эң эле коркунучтуу шишигин мына ушул чөйрөлөргө жайылткан. Сот жана укук коргоо органдары тезинен реформаланууга муктаж жана биз муну оңдоонун үстүнөн иштеп баштадык”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал белгилегендей, 30 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде адам ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарына тамырлашып кеткен коррупцияны жоюу үчүн жана ошондой эле Кыргызстандагы пайдубалдуу эркиндиктерди өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн коррупцияга каршы талыкпаган күрөш негизинен ачык-айкын иштеген соттор аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.

“Сот системасына кандай реформа керек? Учурда бул боюнча Конституциялык кеңешмеде талашып-тартышуулар жүрүп жатат. Конституциянын долбоору референдумга коюлат. Андан кийин элдин келечеги, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн реформалар уланат. Албетте сот реформасын мен жалгыз ишке ашыра албайм. Ошондуктан сот системасын жана сот өндүрүшүн ичинен жакшы билген жана түшүнгөн адамдарды чогултабыз. Сотторду мына ошолор аркылуу тандайбыз жана андан кийин дайындай баштайбыз.  

Конституциялык өзгөртүүлөр бизге БИЙЛИКТИН ЖООПКЕРСИЗДИГИН ЖОЮУГА негиз болуп берет!

КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ БҮГҮНДӨН БАШТАЛАТ!


САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

  №1 ҮЧҮН!

Кененирээк www. zhaparov.kg сайтынан окуңуздар

Аткаруучу: « informator.kg » ; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Кулатов көч: №8

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы: 1. 2020-жылдын 25-декабрьда даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Адвокат Замирбек Базарбеков “сотторду көзөмөлдөө кызматына” барды

Бишкек. 25. 12.20 informator.kg  Базарбеков Замирбек Курамаевич КРнын президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнө башчы болуп дайындалды. Мындай буйрукка  “убактылуу Президент” Талант Мамытов кол койгон.

Ал буга чейин Садыр жапаровдун актоочуларынын бири болгону, 201-жылы Соттор Кеңешинин төрагалыгын аткарганы, андан соң Балыкчы шаардык сотунун судьясы болгону маалым.