Окуялар

Окуялар Страница 305

Кыргызстанда ыңгайлуу шаарлар үчүн 6 млн. сомдук жарыш башталды

Бишкек. 15.05.19. informator.kg Кыргызстандын шаарлары өкмөт сайган 6 млн. сомдук байгени утуп алуу үчүн жарышып жакшырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан маалымдалды. Сынак Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында шаарларга балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өткөрүлмөкчү. “Өсүү түйүндөрү” катары Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн шаарлары көрсөтүлгөн. Сынактын байге фондусу 6 миллион сомду түзүп, 10 шаардын ичинен комплекстүү баа боюнча жогорку упай топтогон үч шаарга байгелүү орундар ыйгарылат”, — деди өкмөтүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчсы Чыңгыз Эсенгулов.

Ошону менен балдар жана жаштарга ылайыктуу баардык шарттарды камсыздаган сынакта 1-орунду ээлеген шаарга 3 млн. 2-орунга 2 млн. 3-орунду алган шаарга 1 млн. берилет.

Өкмөттө бир нече министр иштен кетет

Бишкек. 15.05.19. informator.kg Жакынкы күндөрү Өкмөттө өз ишин аткара албагандыгы үчүн бир нече министрлер кызматынан бошотулат. Бул тууралуу Көк үйдөгү өздүк булактардан маалым болду.

Алынган маалыматтар боюнча, энергетика, тоо кен, билим берүү, саламаттыкты сактоо, ички иштер, токой чарба тармактарынын башчыларынын иши натыйжасыз болуп, Өкмөт башчы өзүнө чечим кабыл алган.

Эскерте кетсек, өткөн айда Өкмөттүн отчету ЖКда каралып, анда да Мухаммедкалый Абулгазиев айрым жетекчилерди алмаштырышы мүмкүндүгүн айткан эле.

Экс-министр Динара Сагинбаева кармалды

Бишкек. 15.05.19 informator.kg Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева кылмышка шектүү катары камакка алыгды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыздан маалым болду.

Маалымат боюнча, ага кылмышкер Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча кылмыш ишинде аралашкандыгы үчүн кылмыш иши ачылган.

Биздин портал өткөн жумада эле Динара Сагинтаева менен мурдагы ИИМ министри Шамиль Атаханов кылмышка шектелип жатканын жазган элек.

Өлкөдөн дагы бир сот качып кетти


Бишкек. 15.05.19. www. Informator.kg   Кыргызстанда дагы бир иштеп мурда иштеген сотко издөө жарыяланды. Укук коргоо органдарынын билдиришинче, Москва райондук сотунун мурдагы төрагасы Феликс Марсел өлкөдөн чыгып кеткен жана ага УКМК тарабынан издөө жарыяланган.

Анын соттук ишмердиги боюнча арыз 2018-жылы Соттор кеңешине түшүп, ал кызматынан алынган жана Соттор кеңеши ал мыйзам бузуу менен чечим чыгарганын айгинелеп, жоопкерчиликке тартуу боюнча чечим чыгарган.

Мындан соң ал өзүнүн кылмышын жабуу үчүн УКМКнын Антикоррупциялык кызматына пара сунуштап, аз өтпөй Түркияга чыга качканы айтылууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбеков жана Октябрь райсотунун  судьясы Эрнис Чоткараевдер өлкөдөн из жашырып чыгып кетишкенэ

Өкмөт ШКУнун саммитине катышкан ырчыларды тейлөөгө 4 млн. сом бөлдү

Бишкек. 14.05. 19. informator.kg 2019-жылдын июнь айында Кыргызстанда өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине даярдыктар күч. Айталы, мамлекет башчыларынын маанайын жакшыртып, рухун-духун көтөрүүчү үчүн атайын концерттик программа иштелип чыгып, ага катышуучу кыргызстандык жана ШКУга кирген мамлекеттердин ырчыларын тейлөөгө Өкмөт 4 млн. сом каражат бөлөт. Бул тууралуу тендерди Улуттук маданий борбор жарыялаганы мамлекеттик сатып алуулар сайтында пайда болду.
Бул каражатка ээ болгон тараптар сырттан келген ырчылардын жол акысы, алардын тамак-ашы, жатаканасы жана башка керектөөлөрүн канааттанлырышы керек.

Бильярдчы Азиз Мадаминов Москвада өткөн Legend CUP -2019 мелдешинде коло байге утту


Бишкек. 13.05. 19. informator.kg   Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов Москвада өткөн Legend CUP -2019 мелдешинде коло байге утуп алды . Бул тууралуу Азиздин машыктыруучуларынын бири Ильяз Адамов билдирди.

Ал белгилегендей, Москванын “Легенда” бильярд клубунда бүгүн жыйынтыкталган мелдеш 3 этап менен өттү. Биринчи этап 7-8 апрелде, 2-этап: 21-22 апрелде, 3-этап: 5-6 майда, ал эми финал: 12-13 майда жыйынтыкталды.

Мелдештин байге фонду 100 миң рублди түзөт.

“Бардык этаптарда КМШ мамлекеттеринен келген кий чеберлери мыкты натыйжа көрсөтүп, тандалган 16 бильярдчы кечээ, бүгүн финалдык баскычта ойношту. Мекендешибиз Азиз Мадаминов жарым финалдык баскычта Өзбекстандык Сухроб Пирматовго жеңилип калды”,-дейт машыктыруучу.

Финалда өзбек спортчусу Беларустун кий чебери Сергей Крыжановскийди да утуп чемпион болгон.

Паспорт чыры. Эми биометрикалык ID-картага байланыштуу түшүнбөстүк чыкты


Бишкек. 13.05. 19. informator.kg  Кыргыз жараны Суран Байганаев КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилген ички жарандык биометрикалык паспортундагы (ID-карт) электрондук маалыматтар сакталган микросхема-чип түшүп калгандыгы тууралуу социалдык баракчасына жазып чыкты. Анын айтымына караганда, бул боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын жоопкерчилиги каралышы керек.

“Иштерим менен Нарынга барып калып, паспортумду колдонууга туура келди. Бирок, тейлөө кызматы паспортумдун жараксыз экенин айтты. Карасак, паспорттогу электрондук чип түшүп калыптыр. Мен аны 2017-жылы май айында эле алган элем. Бирок, ошондо эле бул паспорт өт жука, сапатсыз, банк карточкаларынан да сапаты начар экенин билгем. Эми эмне болот? Сапатсыз паспорт үчүн мамкаттоо кызматы жооп бериши керек да… Эгер чет кошуна өлкөлөрдө мындай болсо кыргыз жарандары эмне болот? Бул билинбегени менен чоң көйгөй жаратып коюшу мүмкүн”,-дейт Суран Байганаев.

 Ал эми бул боюнча Мамлекеттик катоо кызматынын коомчулук  менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева бул жерде паспорт берүүчү органдын күнөөсү жок экенин биздин порталга айтты.

“Биометрикалык ички паспорттундагы электрондук чип түшүп калган болсо, буга мамлекеттик каттоо кызматы жооп бербейт. Анткени, аталган жаранга орган тарабынан жарактуу жаңы паспорт берилген. Мындай учурда муну биз механикалык бузулуу катары эсептейбиз. Ал каалаган паспорттук тейлөө кызматтарына кайрылып, арызын жазза, 260 сом өлчөмүндөгү төлөмүн төлөсө кайра жаңы паспорт менен камсыз болот. КМШ өлкөлөрүндө жүрүп, мындай абалга туш болсо дипломатиялык өкүлчүлүктөргө арыз менен кайрылып, ошонун негизинде Кыргызстанга кайтып келе алат”,-деп жооп кайтарды ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2017-жылдын май айынан тартып жарандарга 22 коргоочу элементи бар делген, пластикалык паспортко жарандын өздүгү тууралуу маалыматтар камтылган микросхема-чип орнотулган паспорт бериле баштаган.

Ыдырыс Исаков, “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы: “Мага ыдык көрсөткөндөрдүн үстүнөн арыз жаздым”

Бишкек. 13.05.19. informator.kg Бүгүн түшкө маал “Азаттык” үналгысынын Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков “Делюкс” мейманканасынын капталындагы аты жок кумаркананын күзөтчүлөрү тарабынан кол салууга туш болгон. Андан ал аталган кумарканага көп акча уттурган жарандардан маек алып жаткан болчу.

Биз журналист менен байланышканыбызда ал Ош шаардык Ички иштер башкармалыгында өзүнө кол салгандардын үстүнөн арыз жазып жатканын айтты. “Учурда мага кол салган эки кумаркана кызматкери камакка алынды. Мен алардан запкы жегеним боюнча арызымды жазып жатам. Милиция ишти каттоого алып, тергөө иштерин баштаарын билдирди. Азырынча саламаттыгым жакшы”,-деп айтты Ыдырыс Исаков.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кумар оюндарына атайын мыйзам аркылуу туйуу салынган. Бирок, буга карабай, жашыруун иштеп жаткан кумарканалар боюнча маалыматтар ири шаарларда айтылып келет.

Ишке кире элек “КТ-Мобайлдын” жетекчилери 5 миң доллар айлык алат


Бишкек. 13.05. 19. informator.kg Коомчулукта кызуу талкууланып жаткан “”КыргызТелеком” ААКсынын туундусу катары түзүлгөн “КТ-Мобайл” мамлекеттик компаниясынын жетек кызматындагылар 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө айлык маяна алышат. Бул тууралуу infotmator.kg порталына өздүк булактардан маалым болду.

Алар бизге жолдогон маалыматтарга карасак, компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетовдун бир айлык маянасы 350 миң сом же 5 миң АКШ долларын түзөт. Ошондой эле анын орун басары Эрназар Рысалиевдин айлык маянасы 300 миң сом. Андан ары Техникалык директор Николай Дмитриенко-290 миң сом, Долбоордун башчысы Руслан Гайдаров 140 миң, роуминг боюнча жетекчи Раушан Белекова 85 миң сом айлык алып, тизме узарып кете берет.

порталдын колуна тийген справка

Кызыгы, жакында “КТ-Мобайл” компаниясы мамлекеттик 2-уюлдук оператор болуп түзүлүп, байланыш рыногуна кирүүнү пландап жаткан. Бирок, 2018-жылы түзүлгөн бул компания өзү “Кыргызтелекомго” ири суммадагы карызы бар экени айтылып келет. Азырынча, компания мамлекетке бир тыйын салык төлөп, киреше да алып келе элек. Буга карабай, андагы кызмат жетекчилеринин бюджеттен, демек, элден чогулган салыктан чоң каражаттарды айлык катары алып жатканы түшүнүксүз.

Баса, economist.kg порталынын былйыл жыл башындагы маалыматы боюнча, “Кыргызтелеком” ишканасы Кыргызстандагы №1-карызы көп ишкана катары саналат жана анын жалпы карызы 107 млн. сомду түзөт. Башкача айтканда, мамлекетке жана жеке жактарга карызы көп, банкроттук ишкана.

Мурдагы министр Иманкадыр Рысалиев

Кошумчалай кетсек, буга чейин айрым маалымат булактары “КТ-Мобайлдын” башкы директорунун орун басары Эрназар Рысалиев мурдагы министр Иманкадыр Рысалиевдин уулу экендигин, ал болсо азыркы Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевдин бажасы, экс-төрага Асилбек Жээнбековдун төрага маалындагы кеңешчиси экендигин жазып, муну ал өзү да ырастаган болчу.

Эрназар Рысалиевдин сүрөтү ачык булактардан

Батукаевдин иши боюнча эки министр камакка алынат

Informator.kg. 11.05.19. Мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулган кримлөк Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы эки министр камакка алынат. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Анда белгилүү болгондой, аталган иш боюнча тергөөгө чакырылган күбөлөр жана камакка алынган дарыгерлер жактан бул ишке жогору жактан мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атаханов менен мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинтаевалар тарабынан оозеки көрсөтмөлөр болгону болгон.

Ал арада Азиз Батукаевди бошоткон маалда ЖАМКны жетектеп турган Зарылбек Рысалиев да ММКларга маек берип, жогорку экс-министрлерди ал ишке тиешеси бар деп атады.