Маек

Маек

Тарых музейи боюнча сот иштери башталды

2.07.19 informator.kg Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралып баштады. Соттук териштирүүнү судья Айбек Эрнист уулу жүргүзөт.Белгилей кетсек, музейди оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген. 

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.

Булак: 24kg

Р. Момбеков акыркы окуялар боюнча үн катты – видео

4.07.19 informator.kg КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча үн катты.

Ал, КСДП фракциясынын пресс-катчылыгы менен болгон маегинде өлкөдөгү кырдаал тууралуу айтып, өз баасын берген.

Туристтик жайларды жаңыртуучуларга жеңилдетилген насыя берилүүдө

5.07.19 informator.kg Туризм тармагынын экономикага кошкон салымы жыл сайын 15 %га өсүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, туризм тармагы өлкө ИДПсынын 5 %ын түзөт. 2023-жылга чейин бул көрсөткүчтү 7 %га чыгаруу тапшырмасы берилген.

Туристтердин агымы да жыл сайын 15 пайызга чейин өсүүдө.

«Европа, Араб өлкөлөрүнөн туристтер жакшы деңгээлде келип беришти. Ал эми Ысык-Көлдө пляж сезону жаңыдан башталды. Туристтердин көпчүлүгү жарнаманын арты менен келишти. Бул багытта ири шаарларда өткөн жарманкелерге катышуудабыз», — дейт Жаманкулов.

Ал маалымдагандай, Ысык-Көлдө саркынды суу маселеси дагы деле көйгөй жаратууда. Түрдүү долбоорлордун арты менен пансионаттар саркынды сууларды тазалоочу системаларды куруп башташты.

Өкмөт туристтик жайларда ички керектөөлөрдү жаңыртуучуларга жеңилдетилген насыя берип жатат. Бул багытта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу туризм үчүн атайын каражат бөлгөн.

Чынгыз Шер, молодой политик: «Кыргызстан раздроблен по племенам, кланам и регионам, родо-клановая или регионалистическая демократия никогда не приведет нас к развитию»

02.08.2019- informator.kg Самая трудная задача для лидера — это объединить людей и направить их к одной цели, поддерживая равновесие интересов разных кланов (племен) и стабильность всей страны.

Размышляя над особенностью демократии в Кыргызстане пришел к выводу, что страна постоянно тянется к своим естественным историческим привычкам, она раздроблена по племенам, кланам и регионам. При такой конфигурации обстоятельств будет очень трудно объединить людей под одним знаменем и направить страну по траектории агрессивного экономического, социального и культурного развития.

Наша новейшая история власти напоминает маятник. Север-юг-север-юг. Но переход власти происходит либо силовым путем, либо в результате безысходности.

Родо-клановая или регионалистическая демократия никогда не приведет нас к развитию или процветанию. Ибо у такой системы главная цель — это власть, а не идея процветания страны. Когда у лидера только одна цель — удержать власть, тогда он вынужден набирать вокруг себя только лояльных «своячков» в лице родственников и друзей. Профессиональность человека переходит на задний план или вообще не рассматривается. Пусть тупой, но свой. В такой системе нет места меритократии, нет справедливости.

В такой системе талантливые люди с потенциалом теряют мотивацию и страна стагнирует, нет никаких достижений в науке, промышленности и в искусстве.

Почему в советское время появились такие люди как Ч. Айтматов, Булат Минжилкиев или Б. Бейшеналиева?

Б. Бейшеналиева в 1958 — году получила почетное звание Народный артист СССР, она стала легендой. Государство имело цели и идеологию, при которой малейшие достижения поощрялись на высоком уровне. Это мотивировало людей искусства, науки, промышленности и спорта.

Сегодня в Кыргызском национальном академическом театре оперы и балета имени А. Малдыбаева есть балерины с не меньшим потенциалом, но государство их не поощрит или не поддержит на таком уровне, как это делалось в советское время.

Это говорит о том, что страна развивается только в условиях меритократии, поддержки и наличия цели — идеологии.

Вывод. Надо сломать систему родо-племенной демократии.

Как? Только путем идеологической работы. Нужна четко проработанная идеология с ясными, амбициозными целями и понятной структурой поощрения людей за достижения. Только так, можно переломить существующую систему и направить ход истории к развитию.

Новая идеология должна сломать систему племен и регионов. Цели, принципы и идеи такой идеологии должны внедрятся внутри племен и расколоть сами племена на части. На сторонников Идеологии Первенства и на остальные мелкие части, таким образом, чтобы в стране появилась политическая сила, заряженная идеей. Чтобы эта сила включала в себя представителей всех кланов и племен, всех областей и всех партий. Члены лидирующих партий должны отказаться от своих партий, основанных на регионализме в пользу идеи.

Так мы применим принцип «разделяй и властвуй», чтобы заново объединить страну.

Применение принципа Разделяй и властвуй играло очень важную роль, когда Индия была частью Британской империи. Британцы использовали эту стратегию, чтобы получить контроль над большой территорией Индии, покорив её людей, разделённых по религии, языку, кастам и т. д., и установили контроль над мелкими государствами в Индии по частям. Так же поступали и испанцы при покорении Америки, когда горстка конкистадоров с помощью союзных индейских племен покорила империю ацтеков.

Сторонников Идеологии Первенства прошу более детально изучить Послание будущему Президенту, там расписаны все цели и идеи. Активно лоббируйте людей. В наших руках возможность переломить. Это важная миссия — заменить родоплеменные ценности общенациональными.

Мы вместе сломаем эту систему! Родоплеменные отношения как религия — должны быть отстранены от государственного управления.

Государством должны управлять люди, имеющие общенациональные цели и задачи.

Каждый человек может сделать свой вклад. Изучить идеологию Первенства и распространить ее среди тех, кто живет в прошлом.

Чынгыз Шер, молодой политик

Эркин Тойгонбаев, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы:“Элге ишеним бере алсаң, элет өнүгөт”

Бишкек. informator.kg Өткөн айда КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна иш сапарга чыгып, анда Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү жаңы обьектилер менен таанышып, андагы ийгиликтерге күбө болгон болчу. Айрыкча, Кара-Тектир айылындагы “Aselim” 90 орундуу  чакан тигүүчү фабрикаданын жетишкендиктери үчүн кубанып, элет жеринде мындай ишканалардын ачылып, кыз-келиндердин жумуш оруну менен камсыз болуп, айылдан чыккан текстиль продукциясынын чет өлкөлөргө экспорттолуп жатканы  башкалар үчүн эң мыкты мисал экендигин, ишкана иш орундарын гана түзбөстөн айыл өкмөтүнүн бюджетине да салым кошуп, аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болоорун айтканы бар.

Ушундан улам биз  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Тойгонбаевге кезигип, кепке тарттык...

Арал, Бала-Чычкан, Кара-Тектир, Кызыл-Туу, Жпром айылы, Жаңы-Жол айылы, Кара-суу айылы биригип бир айыл өкмөттү түзөт.

-Эркинбек Абасканович, Сиздин айыл өкмөт башчылыгына качан, кандай шайланып келгенсиз?

-Бул өзү кызык окуя болгон. Өзүм тээ эгемендик жылдарынын башынан тарта эле соода-сатык менен болуп, алгачкы челнокчулардын бири болгомун. Ыраматылык Мухтар Өмүракуновдор менен бирге ишкерлик жасап, Орусиянын шаарларында иштегенбиз. Кийинчерээк, негизги ишти үй-бүлөөм аркалап, мен ислам динин жайылтып, дабаатка чыгып, руханий тазартуу, агартуу иштери менен дээрлик 10 жылдан ашык алек болдум. Акыркы жылдары туулуп-өскөн Токтогул районун Кара-Тектир айылына келип, павлония дарагын тигип, алма-өрүк шактарын отургузуп, эки дыйкан чарбаны өнүктүрүү иштери менен болдум.

2017-жыл эле. Күндөрдүн биринде айыл өкмөттөн мал-жанга справка алууга барсам, айыл өкмөт башчыбыз иш ордунда жок. Справка анын мөөрүсүз берилбейт экен. Эртеси келсем дагы баягы көрүнүш. Кызматкерлер иш орундарында жок. Мен го унаачанмын, айыл өкмөткө 15-20 чакырым жолду басып, ар кайсы айылдардан келген кары-картаңдар, майыптар, жаш балалуулар келсе, ушинтип убара болсо жакшыбы? Кыскасы, жергиликтүү бийликте тартиптин, жоопкерчиликтин аздыгы мени намыстандырып, ушул терс көрүнүштү жоюп, элге кызмат кылып, жок дегенде тазалык менен тартипти ордуна коюу үчүн айыл өкмөт башчылыкка талапкерлигимди койдум. Жергиликтүү кеңештин 21 депутаттынын 14 колдоп, айыл өкмөт башчысы болуп дайындалдым. Башында, “ушул дабаатчы кайсы ишти кыйратсын?!” дегендер да көп болду Бирок, ошондо эле “эгер 1 жылда иштен мыкты жыйынтык бере албасам өз эрким менен кетем”,-деп арыз жазып койгом.  Кудайга шүгүр, 4 жылда райондогу эң мыкты көрсөткүчтөрдү берген айыл өкмөтү боло алдык.

-Анда ошол ийгиликтерге өтөлү. Кана кандай жумуштар жасалды?

-Биздин айыл өкмөт -Арал, Бала-Чычкан, Кара-Тектир, Кызыл-Туу, Жпром, Жаңы-Жол, Кара-суу деген 7 айылдан туруп, жалпы калктын саны 18 миңге чукул. Токтогул шаарчасын курчап турабыз. Сөздү көлдүн жээгиндеги алыскы Кара-Суу айылынан баштасак, айылдагы мектептин эскилиги жетип бараткандыктан, мамлекеттик бюджеттен алгач 5 млн. сом бөлдүрүп, азыр жер пайы толугу менен бүтүп, эми дубалдарын көтөрүү алдында турабыз. Ошондой эле айылга түрткү берүүчү  гранттын негизинде чакан ФАП салдык да, мурдагы ФАПты капиталдык ремонттон өткөрүп, 75 орунду бала бакчаны быйылкы жылга ишке берсек деп турабыз. Буга болгону 1,4 млн сом керектелип, каражат абдан үнөмдөлдү десек болот.

Кара-Суу жана Жаңы-Жол айылдарындагы  ичиндеги жолдорду ремонттоо, жаңы жолдорду куруу, шагылдоо, боюнча көп иштер жасалды. Жаңы-Жол айылына таза суу киргизүү боюнча долбоор жазып, мурда Бала-Чычкан айылы менен биргеликте таза суу келсе, азыр өзүнчө линия менен жеткиликтүү таза суу келип калды.

Бала-Чычкан айылына келсек, айылга жабык спорттук аянтча салуу боюнча, долбоорубузду даярдап, аны Токтогул районун өнүктүрүү фондуна жолдогонбуз. Каржы бөлдүрүү аракетибиз жыйынтыгын берип, 4 млн. 900 миң сомго курулуш иши башталган. Токтогул району боюнча мурда мындай спорттук жай куруган эмес, бул уникалдуу, жергиликтүү калкты кыштын күнү да спорт менен алектенүүгө чакырган аянтты жаңы жылга чейин ишке берели деп турабыз. Азыр үстүнкү жабуусу жабылып жатат.

Арал айылына келсек, Чычкан суусунан жаңы линия менен таза суу алып келүү боюнча стим.гранттан колдоо алып, иштер жүргөн. Бирок, жумуш аткаруучу тараптын бир аз кемчилигинен улам мөөнөтүнөн кечигип жатат. Бирок, таза суу айылга жетти. 

Жаңы-Жолдо айыл өкмөттүн өзүнүн кеңсеси эски жана тар болчу. Жергиликтүү кеңештин 21 депутаты сессия учурунда батыша албай мектептерде жыйын кылышчу экен. 7 айылдын башчылары, кызматкерлер деле жалпы чогулушта кыйналып шарт жок эле. Эшигин көрүп төрүнө өт демекчи, атайын долбоор жазып, стим.гранттын негизине  2,6 млн. сомго ушул жаңы имаратты бүтүрүп, көчүп кирдик. Өткөндө бул жакта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны өтүп, шарттын жакшырганына күбө болушту.  

Ошондой эле айылга жергиликтүү акча карап, айылга кичи футболдук аянтчасын салдык. Тээ союздан калган айылдын техникалыкаларын токтотуучу гараж кийин менчиктештирүүнүн капшабы менен жеке жактарга өтүп кеткен экен, биз жергиликтүү бюджеттен 1,8 млн. сом каржы бөлүп, жаңы гаражды салып бүттүк. Жакында айылдагы баардык техникаларды, эски-жаңысына карабай чогултуп, ушул жерден оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөбүз деген ниет бар.

Айылдагы ашар ыкмасы менен башталган дагы бир иш-бул бала бакчанын курулушу. Былтыркы жылы жергиликтүү кеңештин депутаты Самат аттуу жигитибиз чөнтөгүнөн 700 миң сомун чыгарып, Адылбек деген агабыз 150 миң сом чыгарып, айыл өкмөт бөлүп берген жерге 75 орундуу бала бакчанын дубалы туруп, чатыры жабылды. Буюрса, стим.грантка жазып, 2019-жылы бүтүрөбүз.

Кийинки Кызыл-Туу айылындагы жаңылыктарды алсак, айылдагы бала бакчанын жанына каржы министрлиги аркылуу “колдоо каржысы” доболбоору менен 25 орунга ылайыкташкан кошумча имарат куруп, быйылкы окуу жылында ишке киргиздик. Ал жерде 5-6 жаштагы жогорку топтогу жеткинчектер тарбияланып жатышат. Бул айылдагы сугатка суу чыгаруучу насостук станция көп жылдан бери көйгөй жаратып, эч ким жоопкерчилик албай келген эле. Ошону аракеттенип жатып суу чарба департаментинин балансына өткөрүп бердик. Алар эми сугат суусун камсыздап станцияны карап турушат.

Дагы бир жакшы иш-Кара-Тектира айылы менен Жпром айылын туташтырган Ош-Бишкек кан жолунун эки жээгин 1,5 чакырымды жарыктандырып, жөө адамдарды унаалардын сүзүп кетүү кооптуулугунан кутулттук деген ойдобуз. Буга райондун өнүктүрүү фондунан каржылык колдоо болду. Кара-Тектир айылынын ичиндеги 2 чакырымга чукул жаңы жол да, айылдагылардын катташуусуна шарт түздү. Анткени, мурда долбоорлонуп бирок курулбай калган жолдун нугун жергиликтүү тургундар менчиктеп, тосуп алган эле. Түшүндүрүү иштеринен кийин тосмолор алынып, курулуштар жылдырылып, эски сайдын орду, аңдар толтурулуп, элдик ашар ыкмасынан кийин айланып өтүүчү жол кыйла кыскарды.

Ошол эле Кара-Тектир айылына 2 млн. сомго чакан футбол аянтчасы салынып, жаштар спорт менен алек болушууда. Мына, 2 айдан бери бул айылдын “Манас” аймагында Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу  каржыланган “Таза суу” долбоору башталып, АРИСтин жетекчилиги астында ар бир үйгө таза суу тартылып кирип жатат.

Бул жерден өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылына карата, биз Кара-Тектир айыл аймагында 90 жумушчу орундуу “Аселим“ кийим тигүүчү фабрикасын ачууга жетиштик. Бул жерде айыл жергиликтүү бийлик өзүбүз демөөрчү-ишкерди таап, анын менен сүйлөшүүдөн кийин ага даяр имаратты сунуш кылып, акыры жыйынтык биз күткөндөй болду. Фабрикада 90 кыз-келин эмгектенип, спорттук ийимдерди айымдардын жана мырзалардын кышкы-жайкы кийимдерин тигип, даярдалган продукциялар Кыргызстандын базарынан тышкары Орусия,Казакстанга экспорттолуп жатат. 2 айдын ичинде буюртма бергендер арбып, кошуна айылдардагы кыз-келиндер эртең менен кечинде коомдук транспорт менен бекер каттап, 3 маал ысык тамак ичип, узчулук менен алектенишүүдө. Түркиядан келген атайын технологдун окуусунан өткөн кыздарыбыз 12-20 миңдин ортосунда айлык маянага ээ болуп жатышат. Андан тышкары соцфондго, салыкка төлөмдөр түшүп, айылды дотациядан чыгарууга далалаттар болууда. Президентибиз бул фабрикада болуп, абдан кубанып кайтты.

Биз аталган фабриканы ачкан ишкерлер менен сүйлөшүп, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык курулуштарга делген жеринен дагы 2 гектар жер бөлүп, 500 орундуу текстиль фабрикасын ачканы жатабыз. Ал жерде жатакана, бала бакча, маданий-спорттук жайлар менен кошо комплекс түшүп, райондо облуста жок ишкана түптөлөт деген ишеничтебиз.

-Ушунча ишти жылдырууга жергиликтүү бюджеттин кантип чамасы жетти?

-2017-жылы мен айыл өкмөт болуп шайланган маалда жергиликтүү бюджетибиз 6 млн. 200-300 миң сом болчу. Мен келгени бюджетибизди көбөйтүүнүн аркасында иштеп, быйылкы 2019-жылга 12 млн. 400 миң сом деп бекиттик. Буюрса, 2 жылда эки эсеге өстү.

-Бул эмненин эсебинен? Кошумча булактар, өндүрүш, тоо кен тармагы жандандыбы?

-Азырынча, биздин айыл өкмөттүн аймагында эч кандай тоо-кен өнөр жайы жок. Бюджетибиздин арбышына ички булактарыбыз эле себепчи болуп жатат. А дегенде биз аймак боюнча инвентаризация жасап, убагында ашыкча жер алып алгандарды, мыйзамсыз мүлк, жерге ээ болгондорду ачыктадык. Салыкты жашырып, аз төлөп жүргөндөрдү тактап, жайыт, жер комитеттери, салык бөлүмү мыкты иш көргөздү. Мисалы, Ош-Бишкек жолунун жээктери, Чычкан капчыгайындагы тамактануучу жайлар да бизге карайт. Биз салык кызматы менен бирге мыйзам чегиндеги аракеттерибизден кийин мисалы, мурда айына 30 миң сом төлөгөн обьектилер азыр 100-120 миң сомго чейин салык төлөмдөрүнө төгүүгө мажбур болушту. Ашыкча жер ээлеп алгандар, 5 сотых жерди курулуш курууга ижарага алып, 10 сотых мыйзамсыз ээлеп алган ишкерлер ачыкталды. Кыскасы, биз мыйзам жолунда ачык иштеп, элге жашырылган көмүскө булактарды ачып берип жатабыз. Мындайда элдин баары эле жакшы көрө бербейт экен. Ошентсе да, Жаңы-Жол айылынын эли, жергиликтүү кеңеши бизди колдоп, ынтымак менен ырыскы уланып жаткан чак.

-Эмнегедир, айылда таштанды, бутка чалынган желим бөтөлкө, баштык дегендер көзгө чалдыкпайт. Ишембиликтер тез-тез жүрүп турабы?  

-Тазалык боюнча эл аралык каржы уюмдарына долбоор жазып, колдоо катары эки техника алганбыз. Азыр  7 айылда айына 2 жолу катуу таштандыларды чогултуп, атайын карьерге ташып, ал жактан утилизация ишин кылып жатабыз. Буга эл дагы макул болуп, тазалык кызматкерлерине айылдык кеңештин токтомуна ылайык акы төлөп беришет.

-“Булак-Суу” деген муниципиалдык ишкана ачыпсыздар. Булар эмне иш алып барат?

-“Булак-Суу” ишканасы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн. Бул ишкана өлкө боюнча башталган “Таза суу” долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөйт, АРИС сыяктуу уюмдар айылдарга, көчөлөргө сууну тартып келсе, “Булак-Суу” ишти көзөмөлдөп, бүткөндө өткөрүп алат жана ар бир үйгө суу киргизүү жумуштарын жасайт.   

-Алдыда кандай максаттар турат?

-Мен жетекчи болгондо элге да, өзүмө да сөз бергем. Ар бир айылда бала бакча, ФАП, футболдук аянтчалар болууга тийиш. Ички жолдорго шагылдан тышкары асфальт басуу ишке ашырылып, абалы начар 2-3 мектепти жаңы курсак деп турабыз. Жаңы-Жол айылына кан жолдун боюнча баардык шарты бар, 24 саат бою иштеп, кардарларды толук тейлей турган касапканасы бар мал базарды да ачууга аз калдык. Ошону менен бирге жайытардын жолун жакшыртуу, билим сапатын көтөрүү, жогоруда айткандай 500 жумушүчу оруну бар тигүү фабрикасын ишке киргизип, кыз-келиндерге иш берүү приоритеттеги максаттарыбыз. Дагы бир жакшы жаңылык, айыл өкмөттүн аймагындагы 5 гектардан ашуун бак аянтчасы кайсы бир жылдары негиссиз эле токой чарбасына өтүп кеткен экен, биз архивди көтөрүп жатып аны айыл өкмөткө кайтардык. Жаздан тарта ал жакка карлик түрүндөгү алма, жүзүм, алмурут бактарын отургузуп, киреше булагына айландырабыз.

-Башта айткандай, 15 жыл дабаатта жүргөн адамга мамлекеттик кызматта иштөө оор болгон жокпу?

-Бизде ислам жолуна түшкөндөрдү, дабаатчыларды көрсө эле “булар караңгы” деген терс түшүнүк дале жашап жатат. Болбосо дүйнөлүк ачылыштарды жасаган билимдүүлөр, окумуштуулар мусулмандардан чыгышкан. Мага эл менен иштөөдө, таза, так, сабырдуу болуп, элдин талабын орундатып, Кудай алдында ыйманымды таза кармоого ислам дини жакшы түрткү болду десем болот. Эл колдоп жатат, иштер жылып жатат, райондо эки жыл катары менен мыкты айыл өкмөтү боло алдык. Демек, туура багытта бара жатам, аздыр-көптүр иш жасап жатам деген ойдомун.

Чыныбай Турсунбеков: “Менин саясий позициям-биздин өлкөдөгү мейли татаал, бирок позитивдүү өзгөрүүлөрдү жаратууга активдүү катышуу”.

Чыныбай Турсунбеков – ийгиликтүү ишкер гана эмес, акыркы он жыл ичинде көрүнүктүү саясатчыга да айланган инсан. Бирок жашоодо да, саясатта да дайыма карманган калыс, токтоо позициясы, ар окуяга өзүнүн бекем көз карашы бар, табиятынан жаратман, ким менен болбосун, иштиктүү кызматташтыкка даяр бул инсанга сын тагып, анын атына көө жапкысы келгендер да жок эмес. Биз Чыныбай Акунович менен жолугуп, көздөгөн максаттары, саясат, кандай саясий топторду колдоору жана башка туурасында кенен маек курдук.

— Чыныбай Акунович, сизди өлкөдөгү эң таасирлүү ишкерлердин бири катары билебиз. Саясатка кандай максат менен аралашкансыз?

— Мунун чынында бир канча себептери бар. Мени саясатка жашоо-турмуш өзү алып келди. 2005-жылдагы талоончулукта ири, орто, майда ишкерчиликтин өкүлдөрү абдан жабыр тартышкан, алардын катарында биздин компания да болду. Анткени биз көптөгөн соода түйүндөрүнө продукция жеткирип турчубуз. Ошол кезде мен Ишкерлер Союзунун башкармалыгында болуп, кийин жетектеп калгандыктан, көп ишкерлер жардам сурап кайрылышкан. Биз колдон келген жардамдын баарын берип, Союздун алы келбей калган учурда, жадагалса, өз каражатыбызды да аяган жокпуз.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин да ушундай эле кырдаал кайталанды. Кандайдыр бир сапаттуу өзгөртүүлөргө жетишүүнү кааласак, кырдаалды көзөмөлгө алууга тийиш элек. Мындай чечимге келишиме ата мекендик ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү да түрткү болушту. Мени саясатка алып келген жашоо-турмуштун өзү болду деп жатканым ошондон.

Ошол эле маалда буга Алмазбек Атамбаевдин да таасири болгон. Ал 2010-жылы апрелден кийин адегенде «министрликтердин бирин башкарып бер» дегенде мен баш тарткам. Күзгө жакын шайлоо өнөктүгү башталып, мага ар кайсы партиялардан сунуштар түшө баштаганда Атамбаев кайра чакырды. Ушул жерден бир нерсени белгилей кетейин: Алмазбек Шаршеновичте адамдын намысына тийип, ийге келтирүү жөндөмү күчтүү. Мага ошондо «өзүңө жетишерлик оокатың бар, сендей өзүн баккан тың азаматтар элди да багат, элибиз кыйналып турганда кантип четте турасың? Өлкө сендей адамдарга муктаж болуп турганда, каалабайм, барбайм дегениң болбойт ко, же өз элиңе жардам бергиң келбейби?» деди. Талуу жерден кармап туруп айткан мындай сөздөрдү уккандан кийин ар кандай адам намыстанат, жоопкерчилиги ойгонот. Мен макул болдум.

— Саясаттан утканыңыз, уттурганыңыз эмнелер болду?

— Саясат мени өлкөнү, адамдарды түшүнүп билгенге үйрөттү. Адамдардын оң да, терс да касиеттерин, ар кайсы кырдаалда эмнеге жөндөмдүү экенин көрдүм. Өлкө экономикасындагы абалды, кадр саясатындагы, эл аралык, инвестициялык жана башка маселелердеги көйгөйлөрдү ийине жеткире түшүндүм. Көп нерселерди системага аралашкандан кийин гана билет экенсиң. Андыктан саясаттан мындай баалуу тажрыйба алганым үчүн, иш үстүндө нечен туура, таза жүргөн, кесипкөй, патриот адамдарды кездештиргениме ыраазымын.

Чынында, бизде ишкер адам саясатка аралашса, бизнесин коргогону келди деген түшүнүк калыптанып калган эмеспи. Эл баарына тараза, балким, мунун чындыгы бардыр, бирок менде мындай ой дегеле болгон эмес, азыр деле жок. Тескерисинче, менин саясатка аралашканым, учурда үй-бүлөм алектенип жаткан бизнеске залакасын тийгизип жатат.

— Парламентке келгенден кийин Атамбаев менен болгон мамилеңиз кандай уланды?

— Ачыгын айтайын, менин бир кемчилигим бар. Мен адамдарга чексиз ишенем, алар катачылык кетирсе да, туура эмес кылса да, дагы бир мүмкүнчүлүк бергим келет. Өзгөчө канатташ, катарлаш, өнөктөш болуп калган адамдарга. Мен Алмазбек Шаршеновичтин өлкөнү жакшы жагына өзгөртөм деген тилегине чын дилимден ишенгем. Бирок эч качан анын айткан жагына басып көнгөн адам болгон эмесмин. Негизи эле ар кандай нерсеге токтоо, сын көз караш менен караган туура.

Бул же тигил окуяга, маалыматка карата ачык айта турган оюм, ээлеген позициям бар. КСДПнын парламенттеги фракциясынын башчысы болуп турганда, фракциядагы депутаттардан, штабда иштеген партиялаштардан келип түшкөн өлкөдөгү абал, кадр саясаты, же президенттин тегерегиндеги адамдар аралашкан коррупциялык учурлар боюнча ар кандай кайрылууларды угуп, кабылдап, айтылган маселелерди Атамбаевге койчумун. Мындай кайрылуулардын ичинде Икрамжан Илмияновго тиешелүү да маселелер болор эле.

— Ал буга кандай реакция кылчу?

— Алмазбек Шаршенович абдан эмоционалдуу адам. Ал буркан-шаркан түшүп, анан кайра басылганда, кечирим сурагандан да арданбайт. Бирок Илмиянов туурасында кандай айтышпасын, эмне дешпесин, дайыма анын таламын талашып турчу. Мага Икрам менен талашып-тартышкан же аны менен кагылышып калган бир катар партиялаштарды, фракция мүчөлөрүн Атамбаевдин ачуусунан коргоп калууга туура келген. Маселе кээде: «же Икрамдын айтканын угасыңар, же мандатыңардан, кызматыңардан айрыласыңар» деп түз эле коюлчу. Арачылык жапкан кезде мага да бир-эки жолу Фарид Аблезимович аркылуу «андай болсо, мандаты менен жооп берет» деп айттырган учурлары болгон. Бирок мен позициямдан тайбай, кесиптештеримди дайыма акыр аягына чейин коргоп жүрдүм.

— Демекчи, кадр саясатын жүргүзүү жаатында кандай иштештиңиздер?

— Чынында, бул абдан маанилүү маселе. Кадр маселеси боюнча Алмазбек Атамбаев менен пикир келишпестик чыгып турчу. Менин түшүнүгүмдө кадр үчүн күрөш – бул кызматка өз кишилерди, тууган-туушкан, тааныш-билишти эмес, чыныгы профессионалдарды, патриотторду тартуу. Анткени саясатта болуп келаткан мезгил ичинде турмуштун катаал мектебинен өткөнүм мени адамдарды жакшылап билгенге үйрөттү. Баса, менин ошол принцибимди билген Атамбаев акидей асылган айрым тааныштарын «Акунович каршы болуп жатат» деп жолго салып койчу.

— Атамбаев менен ортоңуздарга жарака кетирген ушулар болгон экен да?

— Ушу да болду окшойт. Анткени 2012-жылдан тарта Атамбаевдин тегерегиндеги адамдар мага компромат издей башташты. Мен муну даана билем. Алмаз Маткасымов деген адамга ушул ишти атайын жүктөп да коюшкан. Ал жигит болгон инстанциянын баарына чуркап, мен жөнүндө бирдемелерди чукуп чыкканга катуу аракет кылды. Аны таап туруп, «эмнеге минтип атасың, муну сенден ким суранды?» десем, оозу-мурду кыйшайбай туруп: «Чыныбай Акунович, сиз биздин лидерибизсиз, ошондуктан артыңызда анча-мынча иштер болсо, тазалап турайын деп өзүм демилге көтөрүп атам» деп күлкүнү келтирген кепти айткан. Бул бир былжыраган сөз да. Анткени биринчиден, менде эч кандай тазалай турган иштер болгон эмес, экинчиден, мындайды өзүнүн демилгеси менен ким кылмак эле?

Атамбаев экөөбүздүн жолубуз эки ача кетишинин башка бир себеби, менин Текебаевге карата жасаган жакшы мамилем да болду деп ойлойм. Дегеле мен ким менен болбосун, тил табышып, камыр-жумур аралашып, сыйлашып-урматташып иштешкенге аракет кылам. Бир жолу Нарында эл менен жолугушканда мага «саясаттагы устатыңыз ким?» деген суроону беришкенде, мен «эки устатым бар, бири – Атамбаев, экинчиси – Текебаев» дегеним бар. Ошол айтканым маалымат каражаттарына чыгып кетти. Анан калса Текебаев менен 7-кабаттагы кабинеттерибиз жанаша болгондуктан, тез-тез кирип-чыгышып турар элек. Мага компромат издегендер, мени Атамбаевден алыстаткысы келгендер үчүн менин Текебаевге болгон оң позициям оңтой берди болгонунда шек жок. Ошондо айрымдардын мени отургузуп коюу максаттары болгону да байкалган. Өзгөчө Текебаев, Отунбаева, айтор, Убактылуу Өкмөттүн бир катар мүчөлөрү жөнүндөгү өзүнүн билдирүүсүнөн кийин ал менин маанайымды баса белгилеп сураганда, мен Текебаев маселеси анын тынчын канчалык деңгээлде алып жатканын жакшы түшүнгөм.

Бул 2016-жылдын 31-августундагы президенттин белгилүү сөзүнөн кийин эле. Андан көп өтпөй Атамбаев 60 жылдык мааракесин белгилеп, президиумда премьер-министр, Бельянинов, «Кыргызгаздын» бир аксакалы болуп отурушту. Ал эми протокол боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы ошол жерде болушу керек эле. Атайылап ал жактан көпчүлүктүн арасына айдашканы түшүнүктүү. Мен буга арданган деле жокмун, бирок бул эң башкысы мамлекет үчүн, биз сыймыктанып жүргөн «парламенттик өлкө» деген түшүнүк үчүн ачык сокку эле. Мына ошентип жеке мамилелер жалпы эрежелердин үстүнө чыга баштаган.

Ачыгын айтканда, 2015-жылга жетип-жетпей эле биздин жеке мамилелер ойдогудай болбой калган. Ошого карабастан, 2017-жылы апрель айында Алмаз Шаршенович мага эки жолу телефон чалып, «президенттик шайлоого даярдан, өзүм эл кыдыртам, өзүм Ишкерлер жыйынын өткөрүп берем» деп айтканы азыр да ар кандай ой жорууларга түртөт. Анын биринчиси, республикада бардык бийлик бутактарынын жана эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн Экономикалык форумдагы менин катышкандардын жандануусун жараткан сөзүмдөн кийин болгон эле. Атамбаев ошондо адатынча өтө катуу таасирленүүнүн натыйжасында, телефон чалган беле, же кандайдыр бир ой-жүгүртүүдөн улам сунуш кылганбы, айталбайм. Мага болгон ошол телефон чалууга менин өлкөнүн экономикасын көтөрүү жөнүндөгү баяндамамдагы алгылыктуу пикирлерим себеп болгон деп ишенгим келет.

Мага каршы күчтөр азыр деле Текебаевге карата болгон ошол позициям үчүн жана Бабанов менен сүйлөшүп алганбы деген божомол аркылуу бир жээкке сүрүп чыгып, алардын душмандарына же саясий оппоненттерине кагылыштырууга аракет кылып жатышат.

— Бул сизди 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз кыла алабы? Негизи эле сиз кийинки чакырылышка депутаттык үчүн ат салышайын деген оюңуз барбы? Кимдер, кайсы саясий күчтөр менен барууга ниеттенип жатасыз?

— Чынымды айтайын, азырынча бир чечимге келе элекмин. Албетте, каалоо да, күч да бар. Бирок жалгыз адамдын колунан эч нерсе келбейт, андыктан пикирлештер, менин экономикалык өнүгүү боюнча позициямды колдогон күчтөр менен барсам дейм. Өлкө үчүн жакшы иштерди жасасак деген тилегим бар. Бирок ар кандай саясий оюндар менен алектенип, тымызын күрөштөргө аралашам деген ниетим жок. Бул колуман да келбейт, ага каалоом да жок. Өзүмдүн позициямды, принциптеримди, көз караштарымды алмаштыргым келбейт.

Биздин чакырылыштын мөөнөтү аяктаарына аз эле убакыт калды. Саясий териштирмейлерге ушунчалык баш-отубуз менен кирип кеттик, эң маанилүү болгон экономика оор абалдан чыга элек. Канчалык аз убакыт калганына карабай, биз кырдаалды жакшы жагына өзгөртүү үчүн колдон келгендин баарын жасап үлгүрүшүбүз керек болуп турат. Парламенттин кийинки чакырылышына келе тургандар эмне кыларын так билишкени абдан маанилүү.

— Чыныбай Акунович, деги экономиканы көтөрүү үчүн кредит менен грант күтүп отурбай, инвестиция тартуунун, акча табуунун башка кандай жолдору бар?

— Албетте бар. Инвестицияларды тартуунун, арзан акча табуунун жолдору арбын. Мисалы, Германияда жыл сайын 400 миллион евродон ашык акча артып калат. Кайда жумшаарды билишпейт, бизге болсо бергиси келбейт. Анткени Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн рейтинги төмөн, акча бере алчу институттар ишенбейт. Себеби биз экономика менен эмес, негизинен саясат менен алпурушуп калганыбызды көрүп турушат. Кредит, гранттарды алып да келатабыз, бирок бул каражаттарды көзөмөлдөп, натыйжалуу иштетүү жагы ойдогудай болбой жатпайбы. Коррупциянын тамыры толук кыркыла элек. Андай учурда ким акча бергиси келет? Маселен, ошол эле «Кумтөрдүн» 600 миллион доллардан ашык акциялары кыймылсыз жатат. Андай эл аралык деңгээлдеги акцияларды пайдаланып, керек болсо «Газпром» сыяктуу дөө-шаалар Европанын каражатына иш кылып жатпайбы!

Мунун аркасы менен Кыргызстан да Европадан арзан акча алса болот (ред. ушул жерден Чыныбай Акунович жандана түштү, интонациясы да өзгөрдү жана өзү курган ишканага байланыштуу мисал да айтып жиберди)Ишеним деген улуу кыймылдаткыч күч бар, бирок ал өтө чоң күч-аракеттин аркасы менен келет. Ошондуктан бул багытта иштеп, Кыргызстанга болгон ишенимди көтөрүү керек деп эсептейм. Билсеңиз керек, Нэш деген гениалдуу үй-бүлө (атасы менен уулу) бар. Улуусу тең салмактуулук теориясы менен АКШда дүйнөлүк деңгээлдеги корпорациялардын жаралышына илимий негиз түзгөн. Ага ылайык, адамдар биригип, ынтымакка келгенде гана бир максатка жетише алат же ала турган пайдалары, жете турган жеңиштери чоң болот. Бул бүт тармакка тиешелүү. Экономика гана эмес, саясатта да упайды көбөйтөт. Кичүүсү арам акча менен адал акчанын эмнеге жеткире турганы боюнча теорияны ачкан деп жалпак тилде түшүндүрсөк болот.

— Шайлоо жакындаган сайын «компроматтардын согушу» күч алууда. Буга сизди да тартууга аракет кылгандар жок эмес. Мисалы, Бишкек арак-шарап заводун арзан баада менчиктеп алган деген активисттер чыкты. Бул чынбы?

— Мен бул суроого бир гана сөз менен жооп бергим келет. Бул заводго тиешелүү адамдардан тактап алышса туура болмок. Кошумчалап айта кетейин: мен баштаган бизнес адам баласы үчүн эң зарыл, ата-бабалар ыйык деп эсептеген нерсе менен – ун менен байланышкан. Тегирмен, ун деген түшүнүктөр элибизде дайыма өзгөчө орунда болуп келген. Мен мына ушул бизнес менен баштагам, азыр да ошол багытта ишти улантышууда. Башкача айтканда, таза нерсеге ыпластыкты эч качан аралаштырба деген принцип туура. Активист боюнча болсо, жалган маалыматты жана мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн УКМКга арыз менен кайрылгам.

Албетте, жөндөн жөн эле жабыша берген кимге жагат, бирок мен мунун маңызын түшүнүп турам. Кыязы, бирөөлөр менин буга туталанып, актанышымды каалап турса керек, андай болбойт. Мени кайсы бир күчтөр менен кагылыштырууга, же болбосо кайсы бир күчтөр менен кызматташууга аргасыз кылууга кызыкчылык бар экенин сезип турам. Анткени бул күчтөр менин саясатчы, атуул катары ордумду, кадыр-баркымды жана башка мүмкүнчүлүктөрүмдү билип турушат. Ошондуктан мени өзүлөрүнүн оюндарынын эрежеси менен ойноого аргасыз кылгылары келишет. Мен конструктивдүү күчтөр менен кызматташууга жан дилим менен барам, өзүмдүн тажрыйбам, байланыштарым, билимим менен бөлүшүүгө даярмын. Анын үстүнө менин Европада, Орусияда, Казакстанда, Кытайда, Түркияда бизнес, саясат жаатында калыптанып калган байланыштарым бар. Мен мунун баарын өлкө кызыкчылыгы үчүн максималдуу пайдалануубуз керек деп эсептейм жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, мамлекеттүүлүгүн чыңдоого андай байланыштар абдан чоң роль ойнойт деген бекем ишенимим бар. Акырында бир нерсени баса белгилеп кетким келет: менин саясий позициямда эң башкы ниет – кимдир-бирөөгө атаандаш же оппонент болуу эмес, биздин өлкөдөгү мейли татаал, бирок позитивдүү өзгөрүүлөрдү жаратууга активдүү катышуу.

— Маегиңизге чоң рахмат, ийгилик каалайбыз.

Батыр МУРЗАЛИЕВ

P.S. Бул маек http://ruhesh.kg/ сайтынан атайын уруксат менен алынып, жарыяланды…

ВИДЕО. “Бажагейттин” баш каарманы Иманкадыр Рысалиев: “Мукан уктабай иштеди…”

Бишкек. 17.06. 20 informator.kg  Коомдук ишмер, 2019-жылдын жайында “КТ-Мобайл”  улуттук оператордук компанияны түзүүнүн айланасында жаралган “Бажагейт” окуясынын башкы каарманы, кечээ кызматтан кеткен Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган бажасы Иманкадыр Рысалиев менен көл жээгинде кезигип, ат жалында маек курдук.

Анда ал бажасы менен мамилеси, чуулгандуу жыштыктар, өзүнүн китеп жазып жатканы, коррупция жана башка бир топ кызыктуу окуяларга токтолду.

Президент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды.

16-июль 2020 /informator.kg-

 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды.Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мамлекет башчы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.

«Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам.Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге — ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин», – деди президент.Баарлашууда ата-энеси мектептен бери медик болууну кыялданып, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтоп, Медициналык академияга кабыл алынган кызы Адинай тууралуу айтып беришти.Президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекова биздин замандын баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары калаарын баса белгиледи.Адинайдын ата-энеси Жээналиев Замирбек менен Молдокулова Дилбар 4 кыздуу болушкан. Айгерим менен Бегимай — студенттер, Жанель — мектеп окуучусу.