Маек

Маек

Эркин Тойгонбаев, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы:“Элге ишеним бере алсаң, элет өнүгөт”

Бишкек. informator.kg Өткөн айда КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна иш сапарга чыгып, анда Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү жаңы обьектилер менен таанышып, андагы ийгиликтерге күбө болгон болчу. Айрыкча, Кара-Тектир айылындагы “Aselim” 90 орундуу  чакан тигүүчү фабрикаданын жетишкендиктери үчүн кубанып, элет жеринде мындай ишканалардын ачылып, кыз-келиндердин жумуш оруну менен камсыз болуп, айылдан чыккан текстиль продукциясынын чет өлкөлөргө экспорттолуп жатканы  башкалар үчүн эң мыкты мисал экендигин, ишкана иш орундарын гана түзбөстөн айыл өкмөтүнүн бюджетине да салым кошуп, аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болоорун айтканы бар.

Ушундан улам биз  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Тойгонбаевге кезигип, кепке тарттык...

Арал, Бала-Чычкан, Кара-Тектир, Кызыл-Туу, Жпром айылы, Жаңы-Жол айылы, Кара-суу айылы биригип бир айыл өкмөттү түзөт.

-Эркинбек Абасканович, Сиздин айыл өкмөт башчылыгына качан, кандай шайланып келгенсиз?

-Бул өзү кызык окуя болгон. Өзүм тээ эгемендик жылдарынын башынан тарта эле соода-сатык менен болуп, алгачкы челнокчулардын бири болгомун. Ыраматылык Мухтар Өмүракуновдор менен бирге ишкерлик жасап, Орусиянын шаарларында иштегенбиз. Кийинчерээк, негизги ишти үй-бүлөөм аркалап, мен ислам динин жайылтып, дабаатка чыгып, руханий тазартуу, агартуу иштери менен дээрлик 10 жылдан ашык алек болдум. Акыркы жылдары туулуп-өскөн Токтогул районун Кара-Тектир айылына келип, павлония дарагын тигип, алма-өрүк шактарын отургузуп, эки дыйкан чарбаны өнүктүрүү иштери менен болдум.

2017-жыл эле. Күндөрдүн биринде айыл өкмөттөн мал-жанга справка алууга барсам, айыл өкмөт башчыбыз иш ордунда жок. Справка анын мөөрүсүз берилбейт экен. Эртеси келсем дагы баягы көрүнүш. Кызматкерлер иш орундарында жок. Мен го унаачанмын, айыл өкмөткө 15-20 чакырым жолду басып, ар кайсы айылдардан келген кары-картаңдар, майыптар, жаш балалуулар келсе, ушинтип убара болсо жакшыбы? Кыскасы, жергиликтүү бийликте тартиптин, жоопкерчиликтин аздыгы мени намыстандырып, ушул терс көрүнүштү жоюп, элге кызмат кылып, жок дегенде тазалык менен тартипти ордуна коюу үчүн айыл өкмөт башчылыкка талапкерлигимди койдум. Жергиликтүү кеңештин 21 депутаттынын 14 колдоп, айыл өкмөт башчысы болуп дайындалдым. Башында, “ушул дабаатчы кайсы ишти кыйратсын?!” дегендер да көп болду Бирок, ошондо эле “эгер 1 жылда иштен мыкты жыйынтык бере албасам өз эрким менен кетем”,-деп арыз жазып койгом.  Кудайга шүгүр, 4 жылда райондогу эң мыкты көрсөткүчтөрдү берген айыл өкмөтү боло алдык.

-Анда ошол ийгиликтерге өтөлү. Кана кандай жумуштар жасалды?

-Биздин айыл өкмөт -Арал, Бала-Чычкан, Кара-Тектир, Кызыл-Туу, Жпром, Жаңы-Жол, Кара-суу деген 7 айылдан туруп, жалпы калктын саны 18 миңге чукул. Токтогул шаарчасын курчап турабыз. Сөздү көлдүн жээгиндеги алыскы Кара-Суу айылынан баштасак, айылдагы мектептин эскилиги жетип бараткандыктан, мамлекеттик бюджеттен алгач 5 млн. сом бөлдүрүп, азыр жер пайы толугу менен бүтүп, эми дубалдарын көтөрүү алдында турабыз. Ошондой эле айылга түрткү берүүчү  гранттын негизинде чакан ФАП салдык да, мурдагы ФАПты капиталдык ремонттон өткөрүп, 75 орунду бала бакчаны быйылкы жылга ишке берсек деп турабыз. Буга болгону 1,4 млн сом керектелип, каражат абдан үнөмдөлдү десек болот.

Кара-Суу жана Жаңы-Жол айылдарындагы  ичиндеги жолдорду ремонттоо, жаңы жолдорду куруу, шагылдоо, боюнча көп иштер жасалды. Жаңы-Жол айылына таза суу киргизүү боюнча долбоор жазып, мурда Бала-Чычкан айылы менен биргеликте таза суу келсе, азыр өзүнчө линия менен жеткиликтүү таза суу келип калды.

Бала-Чычкан айылына келсек, айылга жабык спорттук аянтча салуу боюнча, долбоорубузду даярдап, аны Токтогул районун өнүктүрүү фондуна жолдогонбуз. Каржы бөлдүрүү аракетибиз жыйынтыгын берип, 4 млн. 900 миң сомго курулуш иши башталган. Токтогул району боюнча мурда мындай спорттук жай куруган эмес, бул уникалдуу, жергиликтүү калкты кыштын күнү да спорт менен алектенүүгө чакырган аянтты жаңы жылга чейин ишке берели деп турабыз. Азыр үстүнкү жабуусу жабылып жатат.

Арал айылына келсек, Чычкан суусунан жаңы линия менен таза суу алып келүү боюнча стим.гранттан колдоо алып, иштер жүргөн. Бирок, жумуш аткаруучу тараптын бир аз кемчилигинен улам мөөнөтүнөн кечигип жатат. Бирок, таза суу айылга жетти. 

Жаңы-Жолдо айыл өкмөттүн өзүнүн кеңсеси эски жана тар болчу. Жергиликтүү кеңештин 21 депутаты сессия учурунда батыша албай мектептерде жыйын кылышчу экен. 7 айылдын башчылары, кызматкерлер деле жалпы чогулушта кыйналып шарт жок эле. Эшигин көрүп төрүнө өт демекчи, атайын долбоор жазып, стим.гранттын негизине  2,6 млн. сомго ушул жаңы имаратты бүтүрүп, көчүп кирдик. Өткөндө бул жакта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйыны өтүп, шарттын жакшырганына күбө болушту.  

Ошондой эле айылга жергиликтүү акча карап, айылга кичи футболдук аянтчасын салдык. Тээ союздан калган айылдын техникалыкаларын токтотуучу гараж кийин менчиктештирүүнүн капшабы менен жеке жактарга өтүп кеткен экен, биз жергиликтүү бюджеттен 1,8 млн. сом каржы бөлүп, жаңы гаражды салып бүттүк. Жакында айылдагы баардык техникаларды, эски-жаңысына карабай чогултуп, ушул жерден оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөбүз деген ниет бар.

Айылдагы ашар ыкмасы менен башталган дагы бир иш-бул бала бакчанын курулушу. Былтыркы жылы жергиликтүү кеңештин депутаты Самат аттуу жигитибиз чөнтөгүнөн 700 миң сомун чыгарып, Адылбек деген агабыз 150 миң сом чыгарып, айыл өкмөт бөлүп берген жерге 75 орундуу бала бакчанын дубалы туруп, чатыры жабылды. Буюрса, стим.грантка жазып, 2019-жылы бүтүрөбүз.

Кийинки Кызыл-Туу айылындагы жаңылыктарды алсак, айылдагы бала бакчанын жанына каржы министрлиги аркылуу “колдоо каржысы” доболбоору менен 25 орунга ылайыкташкан кошумча имарат куруп, быйылкы окуу жылында ишке киргиздик. Ал жерде 5-6 жаштагы жогорку топтогу жеткинчектер тарбияланып жатышат. Бул айылдагы сугатка суу чыгаруучу насостук станция көп жылдан бери көйгөй жаратып, эч ким жоопкерчилик албай келген эле. Ошону аракеттенип жатып суу чарба департаментинин балансына өткөрүп бердик. Алар эми сугат суусун камсыздап станцияны карап турушат.

Дагы бир жакшы иш-Кара-Тектира айылы менен Жпром айылын туташтырган Ош-Бишкек кан жолунун эки жээгин 1,5 чакырымды жарыктандырып, жөө адамдарды унаалардын сүзүп кетүү кооптуулугунан кутулттук деген ойдобуз. Буга райондун өнүктүрүү фондунан каржылык колдоо болду. Кара-Тектир айылынын ичиндеги 2 чакырымга чукул жаңы жол да, айылдагылардын катташуусуна шарт түздү. Анткени, мурда долбоорлонуп бирок курулбай калган жолдун нугун жергиликтүү тургундар менчиктеп, тосуп алган эле. Түшүндүрүү иштеринен кийин тосмолор алынып, курулуштар жылдырылып, эски сайдын орду, аңдар толтурулуп, элдик ашар ыкмасынан кийин айланып өтүүчү жол кыйла кыскарды.

Ошол эле Кара-Тектир айылына 2 млн. сомго чакан футбол аянтчасы салынып, жаштар спорт менен алек болушууда. Мына, 2 айдан бери бул айылдын “Манас” аймагында Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу  каржыланган “Таза суу” долбоору башталып, АРИСтин жетекчилиги астында ар бир үйгө таза суу тартылып кирип жатат.

Бул жерден өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жылына карата, биз Кара-Тектир айыл аймагында 90 жумушчу орундуу “Аселим“ кийим тигүүчү фабрикасын ачууга жетиштик. Бул жерде айыл жергиликтүү бийлик өзүбүз демөөрчү-ишкерди таап, анын менен сүйлөшүүдөн кийин ага даяр имаратты сунуш кылып, акыры жыйынтык биз күткөндөй болду. Фабрикада 90 кыз-келин эмгектенип, спорттук ийимдерди айымдардын жана мырзалардын кышкы-жайкы кийимдерин тигип, даярдалган продукциялар Кыргызстандын базарынан тышкары Орусия,Казакстанга экспорттолуп жатат. 2 айдын ичинде буюртма бергендер арбып, кошуна айылдардагы кыз-келиндер эртең менен кечинде коомдук транспорт менен бекер каттап, 3 маал ысык тамак ичип, узчулук менен алектенишүүдө. Түркиядан келген атайын технологдун окуусунан өткөн кыздарыбыз 12-20 миңдин ортосунда айлык маянага ээ болуп жатышат. Андан тышкары соцфондго, салыкка төлөмдөр түшүп, айылды дотациядан чыгарууга далалаттар болууда. Президентибиз бул фабрикада болуп, абдан кубанып кайтты.

Биз аталган фабриканы ачкан ишкерлер менен сүйлөшүп, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык курулуштарга делген жеринен дагы 2 гектар жер бөлүп, 500 орундуу текстиль фабрикасын ачканы жатабыз. Ал жерде жатакана, бала бакча, маданий-спорттук жайлар менен кошо комплекс түшүп, райондо облуста жок ишкана түптөлөт деген ишеничтебиз.

-Ушунча ишти жылдырууга жергиликтүү бюджеттин кантип чамасы жетти?

-2017-жылы мен айыл өкмөт болуп шайланган маалда жергиликтүү бюджетибиз 6 млн. 200-300 миң сом болчу. Мен келгени бюджетибизди көбөйтүүнүн аркасында иштеп, быйылкы 2019-жылга 12 млн. 400 миң сом деп бекиттик. Буюрса, 2 жылда эки эсеге өстү.

-Бул эмненин эсебинен? Кошумча булактар, өндүрүш, тоо кен тармагы жандандыбы?

-Азырынча, биздин айыл өкмөттүн аймагында эч кандай тоо-кен өнөр жайы жок. Бюджетибиздин арбышына ички булактарыбыз эле себепчи болуп жатат. А дегенде биз аймак боюнча инвентаризация жасап, убагында ашыкча жер алып алгандарды, мыйзамсыз мүлк, жерге ээ болгондорду ачыктадык. Салыкты жашырып, аз төлөп жүргөндөрдү тактап, жайыт, жер комитеттери, салык бөлүмү мыкты иш көргөздү. Мисалы, Ош-Бишкек жолунун жээктери, Чычкан капчыгайындагы тамактануучу жайлар да бизге карайт. Биз салык кызматы менен бирге мыйзам чегиндеги аракеттерибизден кийин мисалы, мурда айына 30 миң сом төлөгөн обьектилер азыр 100-120 миң сомго чейин салык төлөмдөрүнө төгүүгө мажбур болушту. Ашыкча жер ээлеп алгандар, 5 сотых жерди курулуш курууга ижарага алып, 10 сотых мыйзамсыз ээлеп алган ишкерлер ачыкталды. Кыскасы, биз мыйзам жолунда ачык иштеп, элге жашырылган көмүскө булактарды ачып берип жатабыз. Мындайда элдин баары эле жакшы көрө бербейт экен. Ошентсе да, Жаңы-Жол айылынын эли, жергиликтүү кеңеши бизди колдоп, ынтымак менен ырыскы уланып жаткан чак.

-Эмнегедир, айылда таштанды, бутка чалынган желим бөтөлкө, баштык дегендер көзгө чалдыкпайт. Ишембиликтер тез-тез жүрүп турабы?  

-Тазалык боюнча эл аралык каржы уюмдарына долбоор жазып, колдоо катары эки техника алганбыз. Азыр  7 айылда айына 2 жолу катуу таштандыларды чогултуп, атайын карьерге ташып, ал жактан утилизация ишин кылып жатабыз. Буга эл дагы макул болуп, тазалык кызматкерлерине айылдык кеңештин токтомуна ылайык акы төлөп беришет.

-“Булак-Суу” деген муниципиалдык ишкана ачыпсыздар. Булар эмне иш алып барат?

-“Булак-Суу” ишканасы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн. Бул ишкана өлкө боюнча башталган “Таза суу” долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөйт, АРИС сыяктуу уюмдар айылдарга, көчөлөргө сууну тартып келсе, “Булак-Суу” ишти көзөмөлдөп, бүткөндө өткөрүп алат жана ар бир үйгө суу киргизүү жумуштарын жасайт.   

-Алдыда кандай максаттар турат?

-Мен жетекчи болгондо элге да, өзүмө да сөз бергем. Ар бир айылда бала бакча, ФАП, футболдук аянтчалар болууга тийиш. Ички жолдорго шагылдан тышкары асфальт басуу ишке ашырылып, абалы начар 2-3 мектепти жаңы курсак деп турабыз. Жаңы-Жол айылына кан жолдун боюнча баардык шарты бар, 24 саат бою иштеп, кардарларды толук тейлей турган касапканасы бар мал базарды да ачууга аз калдык. Ошону менен бирге жайытардын жолун жакшыртуу, билим сапатын көтөрүү, жогоруда айткандай 500 жумушүчу оруну бар тигүү фабрикасын ишке киргизип, кыз-келиндерге иш берүү приоритеттеги максаттарыбыз. Дагы бир жакшы жаңылык, айыл өкмөттүн аймагындагы 5 гектардан ашуун бак аянтчасы кайсы бир жылдары негиссиз эле токой чарбасына өтүп кеткен экен, биз архивди көтөрүп жатып аны айыл өкмөткө кайтардык. Жаздан тарта ал жакка карлик түрүндөгү алма, жүзүм, алмурут бактарын отургузуп, киреше булагына айландырабыз.

-Башта айткандай, 15 жыл дабаатта жүргөн адамга мамлекеттик кызматта иштөө оор болгон жокпу?

-Бизде ислам жолуна түшкөндөрдү, дабаатчыларды көрсө эле “булар караңгы” деген терс түшүнүк дале жашап жатат. Болбосо дүйнөлүк ачылыштарды жасаган билимдүүлөр, окумуштуулар мусулмандардан чыгышкан. Мага эл менен иштөөдө, таза, так, сабырдуу болуп, элдин талабын орундатып, Кудай алдында ыйманымды таза кармоого ислам дини жакшы түрткү болду десем болот. Эл колдоп жатат, иштер жылып жатат, райондо эки жыл катары менен мыкты айыл өкмөтү боло алдык. Демек, туура багытта бара жатам, аздыр-көптүр иш жасап жатам деген ойдомун.

Атамбаев экс-президент макамынан ажырады

27.06.19 informator.kg Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты.  103 депутат макул деген добуш берип, 6 эл өкүлү каршы болду. 

Каршы добуш бергендердин катарында Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Карамат Орозова, Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов жана Альфия Самигуллина бар.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Демек, мурунку президент кылмыш ишине катыштыгы бар делип, камакка алынышы мүмкүн.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жасалган кылмыштын белгилери тууралуу башкы прокурордун корутундусун бир добуштан колдошту.

Р. Момбеков акыркы окуялар боюнча үн катты – видео

4.07.19 informator.kg КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча үн катты.

Ал, КСДП фракциясынын пресс-катчылыгы менен болгон маегинде өлкөдөгү кырдаал тууралуу айтып, өз баасын берген.

Алтынбек Сулайманов: Атамбаев биринчи сатып кеткен

13.06.19 informator.kg Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков сабырдуулук менен көп нерсеге реакция кылбай, иш менен далилдейин деген максатта келе жатат. Мындай пикирин эл өкүлү Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы парламенттин 60 %ын Атамбаев түзгөн. Экинчиден, Жээнбековду да президенттикке Атамбаев сунуштаган.

Мындан сырткары, учурда өкмөттө иштеген кызматкерлердин 80 %ы Атамбаевдин убагында иштеген кадрлар. «Атамбаев бийликтен кеткенде баары жаман болуп калышы керекпи? Ал башкаларды сатып кетсе болот, бирок аны сатууга болбойбу? Алсак, Атамбаев президент болуп келгенде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сыртта калган. Демек, Атамбаев биринчи өзү сатып кеткен. Акыры саясатчы Өмүрбек Текебаевди да каматып тынды. Азыр Атамбаев ошолордун баарынын жообун алып жатат», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү мындан сырткары, саясатта адамгерчилик, бир принцип менен аягына чейин туруу аракети болушу керектигин, бирок Кыргызстанда мунун баары терс нукта экенин кошумчалады.

2 жаңы учак алынат, алар ..

1.07.19 informator.kg Жыл соңуна чейин 50 орундуу 2 кичи учак алынат. Бул боюнча өкмөт тарабынан жакшы иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кичи учактарды жеке менчик компаниялар сатып алат.

Ал Кыргызстан эл аралык авиакаттамдардын билет баасына кийлигише албай турганын белгиледи. Ошондой эле, Караколдун учак тилкеси жараксыз абалда болгондуктан, Бишкек-Каракол каттамы токтотулганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 аэропорт бар. Анын 6сы ички каттамдарды аткарат. Ал эми 2 аэропорт сертификаты жок иштебей турат.

Тарых музейи боюнча сот иштери башталды

2.07.19 informator.kg Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралып баштады. Соттук териштирүүнү судья Айбек Эрнист уулу жүргүзөт.Белгилей кетсек, музейди оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген. 

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.

Булак: 24kg

Чынгыз Шер, молодой политик: «Кыргызстан раздроблен по племенам, кланам и регионам, родо-клановая или регионалистическая демократия никогда не приведет нас к развитию»

02.08.2019- informator.kg Самая трудная задача для лидера — это объединить людей и направить их к одной цели, поддерживая равновесие интересов разных кланов (племен) и стабильность всей страны.

Размышляя над особенностью демократии в Кыргызстане пришел к выводу, что страна постоянно тянется к своим естественным историческим привычкам, она раздроблена по племенам, кланам и регионам. При такой конфигурации обстоятельств будет очень трудно объединить людей под одним знаменем и направить страну по траектории агрессивного экономического, социального и культурного развития.

Наша новейшая история власти напоминает маятник. Север-юг-север-юг. Но переход власти происходит либо силовым путем, либо в результате безысходности.

Родо-клановая или регионалистическая демократия никогда не приведет нас к развитию или процветанию. Ибо у такой системы главная цель — это власть, а не идея процветания страны. Когда у лидера только одна цель — удержать власть, тогда он вынужден набирать вокруг себя только лояльных «своячков» в лице родственников и друзей. Профессиональность человека переходит на задний план или вообще не рассматривается. Пусть тупой, но свой. В такой системе нет места меритократии, нет справедливости.

В такой системе талантливые люди с потенциалом теряют мотивацию и страна стагнирует, нет никаких достижений в науке, промышленности и в искусстве.

Почему в советское время появились такие люди как Ч. Айтматов, Булат Минжилкиев или Б. Бейшеналиева?

Б. Бейшеналиева в 1958 — году получила почетное звание Народный артист СССР, она стала легендой. Государство имело цели и идеологию, при которой малейшие достижения поощрялись на высоком уровне. Это мотивировало людей искусства, науки, промышленности и спорта.

Сегодня в Кыргызском национальном академическом театре оперы и балета имени А. Малдыбаева есть балерины с не меньшим потенциалом, но государство их не поощрит или не поддержит на таком уровне, как это делалось в советское время.

Это говорит о том, что страна развивается только в условиях меритократии, поддержки и наличия цели — идеологии.

Вывод. Надо сломать систему родо-племенной демократии.

Как? Только путем идеологической работы. Нужна четко проработанная идеология с ясными, амбициозными целями и понятной структурой поощрения людей за достижения. Только так, можно переломить существующую систему и направить ход истории к развитию.

Новая идеология должна сломать систему племен и регионов. Цели, принципы и идеи такой идеологии должны внедрятся внутри племен и расколоть сами племена на части. На сторонников Идеологии Первенства и на остальные мелкие части, таким образом, чтобы в стране появилась политическая сила, заряженная идеей. Чтобы эта сила включала в себя представителей всех кланов и племен, всех областей и всех партий. Члены лидирующих партий должны отказаться от своих партий, основанных на регионализме в пользу идеи.

Так мы применим принцип «разделяй и властвуй», чтобы заново объединить страну.

Применение принципа Разделяй и властвуй играло очень важную роль, когда Индия была частью Британской империи. Британцы использовали эту стратегию, чтобы получить контроль над большой территорией Индии, покорив её людей, разделённых по религии, языку, кастам и т. д., и установили контроль над мелкими государствами в Индии по частям. Так же поступали и испанцы при покорении Америки, когда горстка конкистадоров с помощью союзных индейских племен покорила империю ацтеков.

Сторонников Идеологии Первенства прошу более детально изучить Послание будущему Президенту, там расписаны все цели и идеи. Активно лоббируйте людей. В наших руках возможность переломить. Это важная миссия — заменить родоплеменные ценности общенациональными.

Мы вместе сломаем эту систему! Родоплеменные отношения как религия — должны быть отстранены от государственного управления.

Государством должны управлять люди, имеющие общенациональные цели и задачи.

Каждый человек может сделать свой вклад. Изучить идеологию Первенства и распространить ее среди тех, кто живет в прошлом.

Чынгыз Шер, молодой политик

Туристтик жайларды жаңыртуучуларга жеңилдетилген насыя берилүүдө

5.07.19 informator.kg Туризм тармагынын экономикага кошкон салымы жыл сайын 15 %га өсүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, туризм тармагы өлкө ИДПсынын 5 %ын түзөт. 2023-жылга чейин бул көрсөткүчтү 7 %га чыгаруу тапшырмасы берилген.

Туристтердин агымы да жыл сайын 15 пайызга чейин өсүүдө.

«Европа, Араб өлкөлөрүнөн туристтер жакшы деңгээлде келип беришти. Ал эми Ысык-Көлдө пляж сезону жаңыдан башталды. Туристтердин көпчүлүгү жарнаманын арты менен келишти. Бул багытта ири шаарларда өткөн жарманкелерге катышуудабыз», — дейт Жаманкулов.

Ал маалымдагандай, Ысык-Көлдө саркынды суу маселеси дагы деле көйгөй жаратууда. Түрдүү долбоорлордун арты менен пансионаттар саркынды сууларды тазалоочу системаларды куруп башташты.

Өкмөт туристтик жайларда ички керектөөлөрдү жаңыртуучуларга жеңилдетилген насыя берип жатат. Бул багытта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу туризм үчүн атайын каражат бөлгөн.

05.06.19 informator.kg Бүгүн Орок айылында болуп өткөн чыр-чатактан тышкары, кошумча түрдүү окуялар орун алды. Окуя болгон жерге Чүй облусунун губернатору, Туйгунаалы Абдраимов журналисттерди кагып-силкип, орой мамиле жасап, аларды шылдыңдап кеткен.

Губернатор журналисттерге “Мен Ала-Тоо 24 гана жооп берип жатам” “сиздин бетиңиз жаккан жок”, – деп шылдыңдап басып кетти. Окуяны ссылка аркылуу көрө аласыз:
https://www.facebook.com/manas.kadyrov/videos/2719305061474530/?t=12

Ну хамить то не надо, этики нет, невоспитанный, унизить женщину может только слабый…Борзота власти зашкаливает…Призываю журналистов адекватно ответить…Переход на личности, нарушение кодекса об этике…Необходимо заставить попросить прощения…Ситуация сложная( Разве есть причина для смеха… есть пострадавшие…Уважаемый Сооронбай Шарипович, просим снять с занимаемой должности данного чиновника…Журналисты это простой народ, если лицо простой девочки ему так ненавистно то что говорить о нас…

Опубликовано Manas Kadyrov Среда, 5 июня 2019 г.