Саясат

Саясат

Бүтпөгөн чыр,кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

6-август 2020/informator.kg-

Бүгүн, 6-августта эртең менен 05:10 чамасында Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.Маалыматка караганда, окуя Эки-Таш аймагында болуп, ок тажик тараптан атылган. Анын кесепетинен «Көк-Таш» чек ара заставасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, улук лейтенант Ш.К. колунан жаракат алды. Ал Баткен шаарындагы оорукага жеткирилди. Учурда абалы туруктуу.Чыр чек арачылар күзөттө турган учурда чыккан. Мурда 2 тараптын айыл өкмөттөрү тажик тарап куруп жаткан мал сарайдын курулуш иштерин токтотуу боюнча макулдашууга келишкен. Эртең менен чек арачылардын сүйлөшүүлөрү өттү.Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикистан тараптан белгисиз адамдар тарабынан болжол менен мергенчилик куралдан Кыргызстандын чек арачыларын көздөй ок атылган. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкери жаракат алды. Ок колун тешип өткөн. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Твиттер Трамптын расмий аккаунтун жаптыбы?

6-август 2020/informator.kg-

Твиттер социалдык тармагы АКШнын президенти Дональд Трамптын расмий кампаниясынын аккаунтун убактылуу бөгөттөп салган, анткени коронавирус жөнүндө жалган билдирүүлөр бар, деп билдирет CNN социалдык түйүнүнүн өкүлүнө таянып. Буга чейин Facebook жаңы коронавирус жөнүндө жалган маалыматтын таралышына каршы күрөшүүнү жана жасалма мазмунду жок кылууну чечкен .Фейсбук бул видеону Трампдын баракчасынан алып салган. Видеодо Америка лидери менен Fox News телеканалына берген маегинен үзүндү келтирилген, анда ал балдар “дээрлик COVID-19га иммундуу” деп айткан.
Твиттер өкүлүнүн айтымында, бул видео “Твиттердеги COVID-19 дезинформациялоо эрежелерин бузат”. Каттоо эсебинин ээси твиттерди жок кылышы керек, андан кийин ал кайрадан билдирүүлөрдү жөнөтө алат.

Оренбургда жана Самарада топтолгон кыргыздар,өзбектер үйлөрүнө кайта баштады

5-август 2020/informator.kg-Оренбург жана Самара облустарында орус-казак чек арасында топтолгон Кыргызстан менен Өзбекстандын 3,5 миңден ашуун жарандары үйлөрүнө кайта башташты. Облустук бийликтин маалыматы боюнча, Россиянын жана Казакстандын чек арасында – Бузулук, Оренбург шаарында жана Самара облусунун аймагында 3 миңге жакын Кыргызстандын жараны жана Өзбекстандын 500дөн ашык жараны топтолгон. “Бузулук районунда жана Самара облусунун аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары бүгүн жана эртең менен Казакстан Республикасынын чек арасы аркылуу өткөрүлүп, үйлөрүнө кетишет. Кыргызстандын жарандарынын жалпы саны дээрлик 3 миң адамды түзөт.Өзбекстандын 500гө жакын жараны, алдын-ала макулдашуу боюнча, мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүн күтүп, 6-августта чек арадан өтө алышат. Алар өз мекенине темир жол менен кетишет “, – деди облустук бийлик.

“Чоң Казат” саясий партиясы кайрымдуулук иши үчүн эскертүү алды

5-август 2020/infotmator.kg-

“Чоң Казат” саясий партиясы кайрымдуулук иши үчүн эскертүүгө туш болду. Бул тууралуу 24.kgге БШК нын мүчөсү Гульнара Джурабаева билдирди.БШК “Чоң Казат” бир нече эреже бузган деп эсептейт. Партия кайрымдуулук менен алектенип жатат, а бул майзам бузуу болуп эсептелет. Мындан сырткары “Чоң Казат” партиясы эрте эле агитация иштерин жүргузүп жатат. Интернетте саясый уюмдун шайлоо фондунан төлөнбөгөн жарнамалык мазмундагы видеосу пайда болгон. Эске сала кетсек, буга чейин убагы келе электе агитация кылганы үчүн “Бирик” Жана “Реформа” партиялары эскертүү алган эле.БШК агитация 4-сентябрдан башталаарын эскертет. 20- августка чейин партиялар кандидаттардын тизмесин түзүшү абзел.

“Израиль Ливандагы окуяга эч кандай тиешеси жок”

5-август 2020/informator.kg-

Ливандын борбору аталган Бейрут шаарындагы порттун жанында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
RT каналы ал жактан орус тилинде түз алып берүүдө.
Видеодон көрүнүп тургандай, алгач кичирээк жарылуу болгон. Андан кийин беш мүнөткө жетпей кара, ак түтүн асманды каптап, кийин кызыл түтүн чыккан.
Маалым болгондой, жарылуу бир топ үйдү талкалаган. РИА Новостиге Кызыл крест коомунун кызматкери билдиргендей, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.Израиль Ливандын борбору Бейруттагы күчтүү жарылууга катышкан жок деп билдирди Кнессет телеканалы өкмөттүн булагына таянып.
“Израиль Ливандагы окуяга эч кандай тиешеси жок” деп РИА Новости телеканалына шилтеме келтирди.

Иран жалган маалымат тараттыбы?

4-август 2020/informator.kg-

Би-Би-Синин Перс кызматы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Иранда коронавирустан каза болгондордун чыныгы саны өкмөт жарыялаган статистикадан үч эсе көп.Би-Би-Синин колуна тийген документтерге ылайык, Covid-19 вирусунан дээрлик 42 миң жаран көз жумду (20-июлга карата статистика). Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо 20-июлда 14 405 киши вирустан каза тапты деп маалымдаган. Ал эми вируска кабылгандардын саны документтерде эки эсеге көп экени көрсөтүлөт: 451 024, ага салыштырмалуу расмий жарыяланган статистика 278 827 деп айтылган.Учурда өлкөдө коронавирустун жайлышынын экинчи толкуну жүрүп жатканы кабарланууда.Вирус жайыла баштагандан бери эле эксперттер өкмөт тараткан маалыматка ишенбей келет. Улуттук жана региондордон алынган маалыматтар бири-бирине дал келбей жатканы дагы көп суроолорду туудурган.

Дүйнөдө балдардын төрөлүүсүнүн глобалдык кыскаруусу күтүлүүдө

4-август 2020/informator.kg-

Дүйнөдө балдардын төрөлүүсүнүн глобалдык кыскаруусу күтүлүүдө. Адистер планета калкынын саны кескин азайып кетишинин кесепеттери тууралуу коңгуроо кагууда.ХХI кылымдын соңуна барып дээрлик бардык эле өлкөлөрдө калктын саны кыскара бермекчи. Анын ичинен 23 өлкө, арасында Испания, Жапония сыяктуу өлкөлөрдүн калкынын саны 2100-жылга барып эки эсе кыскарат. Бирок маселе адамзат өтө картайып, жаңы төрөлгөндөр санына караганда 80 жашка чыккандардын саны көп болушунда.Балдардын төрөлүшү акырындап кыскарып, бир аялга 2.1 бала туура келип калса, калктын санына таасирин тийгизип баштайт, дейт окумуштуулар. 1950-жылы дүйнөдөгү орточо көрсөткүч 4.7 эле. 2017-жыл бул 2,4 болуп кыскарды. Lancet журналына жарыяланган изилдөөдө 2100-жылга барып, бул көрсөткүч 1,7 болоору айтылды.Окумуштуулар 2064-жылга дүйнө калкынын саны 9,7 млрд болуп көбөйүп, эң жогорку көрсөткүчкө жетерин болжоп турат. Бирок кылым соңунда кайра кыскарып, 8.8 миллиардга түшөт.Балдардын төрөлүшү кыскарганына негизги себеп – аялдардын тандоосу менен байланыштуу. Алар билим алууну, жумушту көбүрөөк тандашат. Ошол эле учурда бойго бүтүрүүдөн сактана турган каражаттарды колдонууга көбүндө мүмкүнчүлүк болот. Аз балалуу болуу аялдын жеке тандоосу.Бул көйгөй көбүрөөк кимге тиешелүү?Жапониянын калкы 2017-жылы эле 128 млн кишиге жетип, тарыхтагы эң чоң өсүү болду. Бирок кайра кыскарып баштады. Ушул кылымдын этегинде 53 миллионго чейин барат. Ушул эле аралыкта Италиянын калкы 61 миллиондон 28 миллионго чейин азаймакчы.2100-жылга барып 23 өлкөнүн калкынын санынын теңи кыскарат. Бул Испания, Португалия, Таиланд жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр.Калкы эң көп саналган Кытай дагы ушул тизмеге кирип калышы мүмкүн. Эксперттер 2014-жылы Кытайдын калкы 1,4 млрд болуп эң жогорку чегине жетет деп айтууда. Андан кийин азайып олтуруп, жүз жылдыктын соңунда 732 млн болот.

Сирияда калган кыргыздардын жакындары жардам сурап кайрылды

4-август 2020/informator.kg-

Бишкекте Сирияда калган кыргызстандык келиндерди жана алардын балдарын алып келүүгө бийликтен жардам сураган энелер акция өткөрүштү.3-августта Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында чогулган он чакты эне президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, аларды мекенине кайтарууга жардам сурашты.Энелердин айтымында, ушу тапта жүздөн ашык кыргызстандык келин жана ар биринин бери дегенде экиден баласы Сириядагы качкындар үчүн ачылган “Ал-Хол” лагеринде жашап жатышат.Сириядагы күрт лагерлеринде отурган кыргызстандык келиндер буга чейин да бир нече жолу бийликке кайрылып, мекенге алып кетүүнү суранышкан.Кыргыз өкмөтү аларды кайтаруу аракети көрүлүп жатканын жарыялаган.

“Ал-Хол” лагери Сириянын түндүк-чыгышындагы Эл-Хасака аймагында жайгашкан. Алгач 11 миң адамга эсептелген бул жайда азыр 73 миң качкын жашап жатат, алардын 94% аялдар жана балдар.Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. «Ислам мамлекетине» кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же ошол жактан балалуу болушкан.Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинин кызматкерине карата кол салуу болду

4-август 2020/informator.kg-

КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлерине карата мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча 2020-жылдын 3 – августундагы маалымат
2020-жылдын 31-июлунда белгисиз жаран тарабынан, Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинин коопсуздук кызматкерине карата кордоо, уруп-сабоо жана кол салуу сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттер катталган.
Ушуга байланыштуу РФнын Москва шаарынын Якиманка району боюнча Ички иштер министрлигинин бөлүмү тарабынан Элчиликтин кызматкеринин кызматтык милдеттерин аткарып жатканда ага денеге зыян келтирүү фактысы боюнча арыз катталган.
Элчиликтин коопсуздук кызматкери белгисиз жаранды сабап салгандыгы жөнүндө REN TVде жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт. Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн имаратында белгисиз жарандын чагымчыл жана мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган материалдар бар.
Элчилик жарандарды коомдук жерлерде, анын ичинде, Россия Федерациясындагы өзгөчө корголуучу аймак болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарына жана ага жанаша жайгашкан аймактарда тартипти жана жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат.
Провокаторлор жана күнөөкөрлөргө карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жазык жана административдик мыйзамдарынын чегинде жоопкерчилик көрүлөт.

В.Цепкало эркин шайлоо өткөрүү үчүн 32 өлкөнүн лидерлерине кайрылды

4-август 2020/informator.kg-Беларуссиянын президенттигине мурунку талапкер, Жогорку технологиялар паркынын экс-башчысы Валерий Цепкало 32 мамлекеттин лидерлерине республикада эркин шайлоо өткөрүүгө жардам сурап кат жазган, деп билдирет РБК. Беларусияда шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат, негизги добуш берүү күнү 9-августка белгиленген. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 4-августта башталат. Президенттикке беш адам, анын ичинде учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко алтынчы мөөнөткө ат салышып жатат.”Бүткүл Беларуссия элинин атынан сизден добуш берүү жараянын жана добуштарды эсептөөнү эл аралык байкоо жүргүзүүнү уюштуруу жана сиздин өлкөлөрдүн аймагында жашаган Беларуссиянын жарандары үчүн алардын жүрүм-турумун колдооңузду суранам ”, – деп жазган Цепкало.