Саясат

Саясат

Таджикстанда президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленди

6-август 2020/informator.kg –

Тажикстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 11-октябрына белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта тажик парламентинин эки палатасынын биргелешкен сессиясында белгилүү болду.Сессияны парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали өткөрдү.
Тажикстанда буга чейинки президенттик шайлоо 2013-жылы 6-ноябрда өткөн болчу. Эми саясий партиялар, профсоюздар өлкө башчысы кызматына өзүнүн талапкерлерин сунуштаса болот.

Шайлоого даярдыктар кандай?

6-август 2020/informator.kg-

Премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү талкууланган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.Онлайн режиминде өткөн жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баяндама жасап, ал жалпы республика боюнча парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү иштери толук кандуу жүрүп жатканын белгиледи.Анын айтымында, шайлоо участокторунда добуш берүүдө жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маал-маалы менен имараттар дезинфекцияланып турат жана тийиштүү аралыкты кармануу талап кылынат. Мындан тышкары шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүдө жана шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча кампаниянын учурунда текшерүү алгоритми иштелип чыккан.Кеңешмеде укук коргоо органдарынын, Финансы министрлигинин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери баяндама менен чыгышты.Премьер-министр мамлекеттик тармактык органдарга, анын ичинде коомдук тартипти, киберкоопсуздукту камсыздоо, уюштуруу маселелерин ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Атамбаев соттук отурумга жөнөдү

6-август 2020/informator.kg-

Бүгүн, 6-августта Бишкек шаардык сотунда «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иш боюнча мамлекеттик айыптоочулардын даттануусунун негизинде соттук угуу өтөт.Айыпталуучулардын арасында мурунку президент Алмазбек Атамбаев, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева жана башкалар бар.АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, Атамбаев сотко алынып келди.
Буга чейин Биринчи май райондук соту А.Атамбаевди Жазык кодексиндеги коррупция уюштуруу беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыраткан.

Бүтпөгөн чыр,кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

6-август 2020/informator.kg-

Бүгүн, 6-августта эртең менен 05:10 чамасында Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.Маалыматка караганда, окуя Эки-Таш аймагында болуп, ок тажик тараптан атылган. Анын кесепетинен «Көк-Таш» чек ара заставасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, улук лейтенант Ш.К. колунан жаракат алды. Ал Баткен шаарындагы оорукага жеткирилди. Учурда абалы туруктуу.Чыр чек арачылар күзөттө турган учурда чыккан. Мурда 2 тараптын айыл өкмөттөрү тажик тарап куруп жаткан мал сарайдын курулуш иштерин токтотуу боюнча макулдашууга келишкен. Эртең менен чек арачылардын сүйлөшүүлөрү өттү.Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикистан тараптан белгисиз адамдар тарабынан болжол менен мергенчилик куралдан Кыргызстандын чек арачыларын көздөй ок атылган. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкери жаракат алды. Ок колун тешип өткөн. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Твиттер Трамптын расмий аккаунтун жаптыбы?

6-август 2020/informator.kg-

Твиттер социалдык тармагы АКШнын президенти Дональд Трамптын расмий кампаниясынын аккаунтун убактылуу бөгөттөп салган, анткени коронавирус жөнүндө жалган билдирүүлөр бар, деп билдирет CNN социалдык түйүнүнүн өкүлүнө таянып. Буга чейин Facebook жаңы коронавирус жөнүндө жалган маалыматтын таралышына каршы күрөшүүнү жана жасалма мазмунду жок кылууну чечкен .Фейсбук бул видеону Трампдын баракчасынан алып салган. Видеодо Америка лидери менен Fox News телеканалына берген маегинен үзүндү келтирилген, анда ал балдар “дээрлик COVID-19га иммундуу” деп айткан.
Твиттер өкүлүнүн айтымында, бул видео “Твиттердеги COVID-19 дезинформациялоо эрежелерин бузат”. Каттоо эсебинин ээси твиттерди жок кылышы керек, андан кийин ал кайрадан билдирүүлөрдү жөнөтө алат.

Оренбургда жана Самарада топтолгон кыргыздар,өзбектер үйлөрүнө кайта баштады

5-август 2020/informator.kg-Оренбург жана Самара облустарында орус-казак чек арасында топтолгон Кыргызстан менен Өзбекстандын 3,5 миңден ашуун жарандары үйлөрүнө кайта башташты. Облустук бийликтин маалыматы боюнча, Россиянын жана Казакстандын чек арасында – Бузулук, Оренбург шаарында жана Самара облусунун аймагында 3 миңге жакын Кыргызстандын жараны жана Өзбекстандын 500дөн ашык жараны топтолгон. “Бузулук районунда жана Самара облусунун аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары бүгүн жана эртең менен Казакстан Республикасынын чек арасы аркылуу өткөрүлүп, үйлөрүнө кетишет. Кыргызстандын жарандарынын жалпы саны дээрлик 3 миң адамды түзөт.Өзбекстандын 500гө жакын жараны, алдын-ала макулдашуу боюнча, мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүн күтүп, 6-августта чек арадан өтө алышат. Алар өз мекенине темир жол менен кетишет “, – деди облустук бийлик.

“Чоң Казат” саясий партиясы кайрымдуулук иши үчүн эскертүү алды

5-август 2020/infotmator.kg-

“Чоң Казат” саясий партиясы кайрымдуулук иши үчүн эскертүүгө туш болду. Бул тууралуу 24.kgге БШК нын мүчөсү Гульнара Джурабаева билдирди.БШК “Чоң Казат” бир нече эреже бузган деп эсептейт. Партия кайрымдуулук менен алектенип жатат, а бул майзам бузуу болуп эсептелет. Мындан сырткары “Чоң Казат” партиясы эрте эле агитация иштерин жүргузүп жатат. Интернетте саясый уюмдун шайлоо фондунан төлөнбөгөн жарнамалык мазмундагы видеосу пайда болгон. Эске сала кетсек, буга чейин убагы келе электе агитация кылганы үчүн “Бирик” Жана “Реформа” партиялары эскертүү алган эле.БШК агитация 4-сентябрдан башталаарын эскертет. 20- августка чейин партиялар кандидаттардын тизмесин түзүшү абзел.

“Израиль Ливандагы окуяга эч кандай тиешеси жок”

5-август 2020/informator.kg-

Ливандын борбору аталган Бейрут шаарындагы порттун жанында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
RT каналы ал жактан орус тилинде түз алып берүүдө.
Видеодон көрүнүп тургандай, алгач кичирээк жарылуу болгон. Андан кийин беш мүнөткө жетпей кара, ак түтүн асманды каптап, кийин кызыл түтүн чыккан.
Маалым болгондой, жарылуу бир топ үйдү талкалаган. РИА Новостиге Кызыл крест коомунун кызматкери билдиргендей, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.Израиль Ливандын борбору Бейруттагы күчтүү жарылууга катышкан жок деп билдирди Кнессет телеканалы өкмөттүн булагына таянып.
“Израиль Ливандагы окуяга эч кандай тиешеси жок” деп РИА Новости телеканалына шилтеме келтирди.

Иран жалган маалымат тараттыбы?

4-август 2020/informator.kg-

Би-Би-Синин Перс кызматы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Иранда коронавирустан каза болгондордун чыныгы саны өкмөт жарыялаган статистикадан үч эсе көп.Би-Би-Синин колуна тийген документтерге ылайык, Covid-19 вирусунан дээрлик 42 миң жаран көз жумду (20-июлга карата статистика). Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо 20-июлда 14 405 киши вирустан каза тапты деп маалымдаган. Ал эми вируска кабылгандардын саны документтерде эки эсеге көп экени көрсөтүлөт: 451 024, ага салыштырмалуу расмий жарыяланган статистика 278 827 деп айтылган.Учурда өлкөдө коронавирустун жайлышынын экинчи толкуну жүрүп жатканы кабарланууда.Вирус жайыла баштагандан бери эле эксперттер өкмөт тараткан маалыматка ишенбей келет. Улуттук жана региондордон алынган маалыматтар бири-бирине дал келбей жатканы дагы көп суроолорду туудурган.

Дүйнөдө балдардын төрөлүүсүнүн глобалдык кыскаруусу күтүлүүдө

4-август 2020/informator.kg-

Дүйнөдө балдардын төрөлүүсүнүн глобалдык кыскаруусу күтүлүүдө. Адистер планета калкынын саны кескин азайып кетишинин кесепеттери тууралуу коңгуроо кагууда.ХХI кылымдын соңуна барып дээрлик бардык эле өлкөлөрдө калктын саны кыскара бермекчи. Анын ичинен 23 өлкө, арасында Испания, Жапония сыяктуу өлкөлөрдүн калкынын саны 2100-жылга барып эки эсе кыскарат. Бирок маселе адамзат өтө картайып, жаңы төрөлгөндөр санына караганда 80 жашка чыккандардын саны көп болушунда.Балдардын төрөлүшү акырындап кыскарып, бир аялга 2.1 бала туура келип калса, калктын санына таасирин тийгизип баштайт, дейт окумуштуулар. 1950-жылы дүйнөдөгү орточо көрсөткүч 4.7 эле. 2017-жыл бул 2,4 болуп кыскарды. Lancet журналына жарыяланган изилдөөдө 2100-жылга барып, бул көрсөткүч 1,7 болоору айтылды.Окумуштуулар 2064-жылга дүйнө калкынын саны 9,7 млрд болуп көбөйүп, эң жогорку көрсөткүчкө жетерин болжоп турат. Бирок кылым соңунда кайра кыскарып, 8.8 миллиардга түшөт.Балдардын төрөлүшү кыскарганына негизги себеп – аялдардын тандоосу менен байланыштуу. Алар билим алууну, жумушту көбүрөөк тандашат. Ошол эле учурда бойго бүтүрүүдөн сактана турган каражаттарды колдонууга көбүндө мүмкүнчүлүк болот. Аз балалуу болуу аялдын жеке тандоосу.Бул көйгөй көбүрөөк кимге тиешелүү?Жапониянын калкы 2017-жылы эле 128 млн кишиге жетип, тарыхтагы эң чоң өсүү болду. Бирок кайра кыскарып баштады. Ушул кылымдын этегинде 53 миллионго чейин барат. Ушул эле аралыкта Италиянын калкы 61 миллиондон 28 миллионго чейин азаймакчы.2100-жылга барып 23 өлкөнүн калкынын санынын теңи кыскарат. Бул Испания, Португалия, Таиланд жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр.Калкы эң көп саналган Кытай дагы ушул тизмеге кирип калышы мүмкүн. Эксперттер 2014-жылы Кытайдын калкы 1,4 млрд болуп эң жогорку чегине жетет деп айтууда. Андан кийин азайып олтуруп, жүз жылдыктын соңунда 732 млн болот.