Саясат

Саясат

Президентти уят кылышат…Иш башкармалыктын бала бакчасында да акча жыйналабы?


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

КРнын Президенти менен Өкмөтүнүн иш башкармалыгына тиешелүү №144-бала бакчада жеткинчектердин бүтүрүү кечесине эне-аталардан акча жыйналууда. Мындай кабар бизге өздүк булактар аркылуу жетти.

Андагы маалыматтар боюнча,  иш башкармалыктагы аталган бала бакчанын жетекчилиги бүтүрүү кечесине арналган иш-чара үчүн ар бир балага 5 миң сомдон чогултууну эне аталарга буюрган. «Бүтүрүү кечеси үчүн эле 5 миңден чогултсак, андан тышкары ар бир балага айына 6-8 миңге чейин акы төлөйбүз. Оюнчукка, оюнга, театрга деген, эне-аталар фондуна деген да акчалар бар. Бул министрлерге эле ылайыкталбаса, айрым аппарат кызматкерлери үчүн абдан чоң сумма. Иш башкармалыктан деле бала бакчаны кармоого оңбогондой каражат бөлүнөт. Ал кайда кетет? Булар президентти да уят кылмай болушту»,-деп билдирет атын атагысы келбеген эне-аталардын бири.

Бул боюнча Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоевге чалганыбызда ал мындай маалыматтан кабары жоктугун айтты. «Эч кандай акча чогултуу жөнүндө сөз уккан эмесмин. Андайга жол берилбейт! Мен азыр баарын тактап, иликтеп силерге жооп кылам. Бала бакча жетиштүү каржыланат…»,-деди ал. 

Эске сала кетсек, 144-бала бала бакчада  200гө чукул бала тарбияланат.

Жалил Атамбаев кечирген сөз эркиндигине Кожобек Рыспаев “секирди…”

Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

Бүгүн Октябрь райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин “Ачык саясат плюс” коомдук-саясий жана укуктук гезитинин үстүнөн жазган доо арызы каралууда. Бул боюнча гезиттин журналисти Нуркыз Бакасова билдирди.

«Былтыр, 2018-жылы август гезитке депутат Кожобек Рыспаев өз позициясынан тайып, эски-жаңы президенттин тартышында экинчи тарапка ооп жатканы боюнча куш тилиндей макала жазылган. Бирок, бир жылдан кийин ошол макаланы «эстеген» Кожобек Рыспаев абийириме шек келтирди деген жүйөө менен гезитти 300 миң сомго сотко берип, доо арыз жазыптыр. Бүгүн Кожобек Рыспаевдин тарапташтары доо арыздын көлмүн 300 миң сомдон 1 млн. сомго көтөргөнүн айтышты. Ушу тапта соттук процесс уланууда»,-деди ал. Informator.kg порталына.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев болсо макаладагы айрым “кыңшылап”, “сойкудай болуп”, “саткын” деген сөздөр ар-намысына шек келтиргенин, бир жылдан бери гезит токтотобу деп күтсө токтобой шыбай бергенин айтып, “300 млн. сомдон 1 млн. сомго көтөргөнүм ал жактоочулардын каталыгы болду. Алгач алган жактоочуларым туура эмес доо коюшкан экен. Керек болсо 2 млн. сомго берем, менин сойкулугумду далилдешсин” деген пикирин айтты.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Али Эрбаш менен жолугушту

Бишкек. Informator.kg  7.05.19. КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын дин иштери боюнча Башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Анда белгилүү болгондой, жолугушууда диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелери каралып, тараптар билим берүү жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагында жарандарды руханий-интеллектуалдык жактан агартуу чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулады.

Министр Ч.Айдарбеков Бишкек шаарындагы имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин курулушуна жардам бергени үчүн түрк тарабына ыраазычылык билдирди. Бул мечит Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын 2018-жылдын 2-сентябрында КРга расмий сапарынын жүрүшүндө КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун катышуусунда ачылган.

Жолугушууда ошондой эле “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун төрагасы Самаган Мырзаибраимов катышты.

“Өлбөс полктун маршына” экс-президент Алмазбек Атамбаев катышуусу мүмкүн


Бишкек. 9.05. 19. informator.kg Бүгүн Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине арналган “Өлбөс полктун жүрүшүнө” экс-президент Алмазбек Атамбаев катышышы мүмкүн. Бул тууралуу порталга өздүк булактардан белгилүү болду.

Алардын маалыматына караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаев балдары менен бирге согушка катышкан чоң аталарын эскерип, кыргыз эли менен бирге жүрүшкө катышууга ниет кылган.

Эске сала кетсек, кечээ Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы Бишкек шаардык кеңеши аркылуу майрамдык жүрүштү дрон менен тартууга тыйуу салган чечим чыгарган болчу. Коомчулук бул чектөөнүн сырын түшүнө албай, соцтармактарда “Президенттин коопсуздугу коркунучтабы?” деген кабатырлануу күч алып жаткан эле.

Абдыкаров “авторитетин” коргоп, “Азия Ньюсту” сотко берди

Мурдагы ИИМ министринин орун басары, азыр “Манас” аба майданында коопсуздук кызматын тескеген Данияр Абдыкаров “Азия Ньюс” гезитин ар-намысына шек келтиргени үчүн сотко бергени маалым болду.

Ал буга чейин “Фабула Пресс” гезити менен да соттошуп, аягында гезит анын Камчы Көлбаевге тизе бүкпөгөнүн жазып, тараптар жарашкан.

Батукаевдин иши боюнча эки министр камакка алынат

Informator.kg. 11.05.19. Мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулган кримлөк Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы эки министр камакка алынат. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Анда белгилүү болгондой, аталган иш боюнча тергөөгө чакырылган күбөлөр жана камакка алынган дарыгерлер жактан бул ишке жогору жактан мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атаханов менен мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинтаевалар тарабынан оозеки көрсөтмөлөр болгону болгон.

Ал арада Азиз Батукаевди бошоткон маалда ЖАМКны жетектеп турган Зарылбек Рысалиев да ММКларга маек берип, жогорку экс-министрлерди ал ишке тиешеси бар деп атады.

ТИМ Түркиянын элчиси боюнча пикирин билдире элек

Бишкек. 13.05. 19. informator.kg Кыргызстандын Тышкы Иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстандын муфтиятына карата айткан нааразы пикирине расмий пикирин билдире элек. Биз портал бул боюнча аталган министрликтин маалымат-катчылыгына кайрылганыбызда “Азырынча эч кандай пикирибизди билдире албайбыз. Бул окуяга баар берсек сөзсүз айтабыз”,-деген жооп болду.

Эске сала кетсек, 12-майда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы Бишкектеги ресторандардын бирине ооз ачаар уюштуруп, ал жерге чакырылган Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат “Себат” билим берүү мекемелеринин Кыргызстандагы түптөөчүсү Орхон Инандынын да бул сый тамакка чакырылганына нааразы болуп, “Же Түркияны же террористик уюмду тандагыла”,-деген шарт койгону ачыкка чыккан эле.

Ишке кире элек “КТ-Мобайлдын” жетекчилери 5 миң доллар айлык алат


Бишкек. 13.05. 19. informator.kg Коомчулукта кызуу талкууланып жаткан “”КыргызТелеком” ААКсынын туундусу катары түзүлгөн “КТ-Мобайл” мамлекеттик компаниясынын жетек кызматындагылар 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө айлык маяна алышат. Бул тууралуу infotmator.kg порталына өздүк булактардан маалым болду.

Алар бизге жолдогон маалыматтарга карасак, компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетовдун бир айлык маянасы 350 миң сом же 5 миң АКШ долларын түзөт. Ошондой эле анын орун басары Эрназар Рысалиевдин айлык маянасы 300 миң сом. Андан ары Техникалык директор Николай Дмитриенко-290 миң сом, Долбоордун башчысы Руслан Гайдаров 140 миң, роуминг боюнча жетекчи Раушан Белекова 85 миң сом айлык алып, тизме узарып кете берет.

порталдын колуна тийген справка

Кызыгы, жакында “КТ-Мобайл” компаниясы мамлекеттик 2-уюлдук оператор болуп түзүлүп, байланыш рыногуна кирүүнү пландап жаткан. Бирок, 2018-жылы түзүлгөн бул компания өзү “Кыргызтелекомго” ири суммадагы карызы бар экени айтылып келет. Азырынча, компания мамлекетке бир тыйын салык төлөп, киреше да алып келе элек. Буга карабай, андагы кызмат жетекчилеринин бюджеттен, демек, элден чогулган салыктан чоң каражаттарды айлык катары алып жатканы түшүнүксүз.

Баса, economist.kg порталынын былйыл жыл башындагы маалыматы боюнча, “Кыргызтелеком” ишканасы Кыргызстандагы №1-карызы көп ишкана катары саналат жана анын жалпы карызы 107 млн. сомду түзөт. Башкача айтканда, мамлекетке жана жеке жактарга карызы көп, банкроттук ишкана.

Мурдагы министр Иманкадыр Рысалиев

Кошумчалай кетсек, буга чейин айрым маалымат булактары “КТ-Мобайлдын” башкы директорунун орун басары Эрназар Рысалиев мурдагы министр Иманкадыр Рысалиевдин уулу экендигин, ал болсо азыркы Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевдин бажасы, экс-төрага Асилбек Жээнбековдун төрага маалындагы кеңешчиси экендигин жазып, муну ал өзү да ырастаган болчу.

Эрназар Рысалиевдин сүрөтү ачык булактардан

Чүй менен Баткенге прокурорлор дайындалды


Бишкек. 13.05. 19. informator.kg Бүгүн Чүй жана Баткен облустарынын прокурорлору дайындалды. Башпрокуратуранын берген маалыматы боюнча, Баткен облусуна мурдагы Бишкек шаарынын прокурору, аталган облустун губернатору Абиш Халмурзаевдин бир тууганы Абдибакыт Халмурзаев прокурор болуп дайындалган.

Ал эми Чүй облусунун прокурорлук кызматына УКМКнын кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеген Азамат Чынбаев дайындалган.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматынан кетти

Бишкек. 15.01.19. informator.kg УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Анда белгилүү болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматы өткөргөн электрондук паспорттордун бланкасы боюнча тендерлердеги мыйзам бузууларды УКМК бир канча жолу далилдегенине карабай, коомчулуктун көңүлү башка жагдайга бурулуп, органдын жетекчилигине ар кандай сын-пикирлер арбыгандыктан, ушундай чечим кабыл алганы айтылат.

Эске сала кетсек,Мамкаттоонун мурдагы башчысы Алина Шаикова аны Идрис Кадыркулов ресторанга бей расмий жолугушууга чакырып, паспортторду жасоо боюнча Орусиялык компаниянын жетекчилиги менен тааныштырганын айтып чыккан эле.