Саясат

Саясат

АКШ президентинин иниси Роберт Трамп каза болду

17-август 2020/informator.kg

АКШ президенти Дональд Трамп иниси Роберт каза болгонун кабарлады. Ал 71 жашка чыккан эле.Мурдараак Роберт Трамп оор абалда Нью-Йорктогу бейтапканага жаткырылганы маалымдалган. 14-августта президент андан кабар алып, абалын сурап чыккан. Анын өлүмүнүн себеби айтылган жок.

“Менин сонун иним Роберт бүгүн дүйнөдөн кайтканын жүрөгүм өйүп кабарлап жатам. Ал менин бир тууганым эле эмес, ал мыкты досум да болчу. Анын жоктугу мага дайым сезилип турат, бирок биз дагы жолугушабыз”,-деп айтылат Ак үйдүн басма сөз кызматы тараткан президенттин билдирүүсүндө.Роберт Трамп эмгек жолун Уолл-Стриттен баштап, кийинчерээк Дональд Трамптын мейманкана, гольф-клуб жана башка бизнестерин көзөмөлдөгөн “The Trump Organisation” компаниясына жетектөөчү адис катары кошулган. Соңку жылдары ал саясатта агасынын берилген тарапкери катары жүргөн

Президент Сооронбай Жээнбеков прибыл в Ашхабад – подробнее

Informator.kg – 11.10.19 Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 11 октября, прибыл в город Ашхабад (Туркменистан) для участия в очередном заседании Совета глав государства Содружества Независимых Государств (СГГ СНГ). Об этом сообщает пресс-служба главы государства.

Отмечается, что на очередном заседании СГГ СНГ будут обсуждены актуальные вопросы взаимодействия в рамках Содружества, в том числе и проект Декларации о стратегическом экономическом сотрудничестве государств – участников СНГ.

Также в рамках участия в заседании СГГ СНГ ожидается проведение ряда двусторонних встреч.

Эртең саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митинг боло турганы айтылды

8-октябрь 2020/informator.kg-

Эртең, 9-октябрь күнү саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митинг болот. Бул тууралуу “Социал-демократтар” партиясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин, ошондой эле мыйзамдуулук жана тартип орнотулушун каалаган бардык саясий партиялардын лидерлеринин катышуусу күтүлүүдө.“Урматтуу кыргызстандыктар!Бүгүнкү күндө мамлекеттин эртеңи коркунучта турат. Мамлекеттик башкаруу системасы башаламандыкка батып бара жатат. Элден качып кеткен президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү ушундай мышык ыйлагыдай абалга жеткиргени аз келгенсип мамлекеттик органдарды шал кылуу аракетин улантууда. Мамлекеттик бийликти кечээ эле Жээнбековдук-Матраимовдук үй-бүлөлүк жана кландык режимин кубаттап жаткан күчтөр менен ыңгайлуу учурду күтүп отурган адамдар басып алууда. Булар кресло талашып жатканда чыныгы оппозиция эл менен чогуу Бишкектин көчөлөрүндө Жээнбековдук-Матраимовдук кылмыштуу мафиялык топторго каршы күрөшүп, шаарды коргоп жүрдү. Урматтуу мекендештер!Өлкөдөгү туруктуулук жана тартипти калыбына келтирүү керек. Матраимовдор менен Жээнбековдор агенттерин жөнөтүп, алар элдик революцияны жокко чыгаруу максатында Бишкекте жеке менчикке тийиштүү объектилерди атайылап талкалап жатышат. Биз кулатылган бийликтин кылмыштуу аракеттерин токтотушубуз зарыл. Буга байланыштуу 6-октябрда башкалар менен чогуу элдик кошуун уюштурдук. Алар шаарды коргоодо олуттуу салымын кошуп жатышат. Кулатылган бийликтин өкүлдөрүнөн турган уюшкан кылмыштуу топ реванш алуу максаты менен элдин арасына жик түшүрүп, аймактар аралык жек көрүүнү жаратууга аракет кылып жатышат! Биз буга каршы турушубуз керек! Биз бардык демократиялык, элдик-мекенчил жана башка прогрессивдүү күчтөрдү өлкөдө туруктуулук, тынчтык, мыйзамдуулукту орнотуу максатында үй-бүлөлүк жана кландык режимдердин реванш алуусуна жана талап-тоноочулукка каршы 9-октябрь күнү саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митингге чыгууга чакырабыз. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин, ошондой эле мыйзамдуулук жана тартип орнотулушун каалаган бардык саясий партиялардын лидерлеринин катышуусу күтүлүүдө”, – деп жазылат маалыматта.

Жогорку Кеңеш эртең кезексиз чогулат

Жогорку Кеңештин депутаттары 8-августта кезексиз отурумга чогулат. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу маалымдады.

Тагыраагы, ушул тапта парламенттин фракция лидерлери, айрым депутаттар кезексиз жыйынга чогулууга кол топтоо процедурасын баштап жатышканы белгилүү болду.

Эске сала кетсек, кечээ 7-августта Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевди кармоо операциясында эл менен атайын аскер бөлүгү кагылышып, бир жоокер каза таап, ондогон адамдар жараат алышкан.

Кочкордун мурдагы акими “Келечек” ишканасына жетекчи болду

Бишкек 17.03.20 informator.kg Кочкор районунун мурдагы акими, өткөн жумада кызматынан кеткен Нурлан Керимкулов Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын алдындагы “Келечек” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Ал буга чейин Бишкектин жаңы конуштарынын биринде Ак-Өргөө конушунда кеңештин төрагасы, Ленин райакимчилигинде адис, Бишкек мэриясынын санэпидемстанциясында инспектор, Кочкор акиминин орун басары болуп иштеген.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүдө айыптар угузулууда

15-июнь 2020/informator.kg-

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү бүгүн, 15-июнда уланды. Анда прокуратура өкүлдөрү бул иш боюнча шектелип жаткан 14 адамды айыптоо актысы менен тааныштырып жатышат. Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты Замир Жоошев билдирди:
“Учурда айыптоо актысын тааныштыруу жүрүп жатат. Бүгүн саат 10:00гө белгиленген соттук териштирүү адвокат Рысбек Карыпбековдун келбей калганына байланыштуу саат 14:00гө жылдырылды”.
Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишинин соту болууда. Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.
Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.
Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Батукаевдин ишинде коррупцияга айыпталууда. Атамбаевдин тарапташтары мындай дооматтарды бийликтин куугунтугу катары баалап келатышат.

Айласы кеткен К.Бакиев Белоруссиядан качтыбы?

18-август 2020/informator.kg-

Беларуста болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти. Такталбаган маалыматка караганда, ал учурда Максим Бакиев отурукташкан Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында экендиги айтылууда. Бул тууралуу VB.kg сайты жеке булактарына шилтеме берүү менен маалымдады. Маалым болгондой, эгер К.Бакиевдин Беларустан качып кеткени тастыкталса, анын буга чейин Кыргызстандан чыгарып кеткен активдери жана анын бардык бизнеси Кыргызстандын пайдасына өтүшү керек. Мисалы, миллиард көлөмдөгү инвестиция менен агро өнөр жай комплексинин курулушун жүргүзүп жаткан “Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясын” атоого болот.Бул корпорациянын акционерлеринин катарында К.Бакиев жана анын Марат, Максим аттуу уулдары бар. Ал эми корпорациянын башкы директору болуп Даниил Урицкий эсептелинет. Ал Кыргызстанда мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов катары таанымал. Беларуста болгон президенттик шайлоо күнү А.Лукашенко аталган корпорациянын иши менен таанышкан болчу. Буга чейин маалымдалгандай, Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 80,23%, анын башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% добуш алган. Шайлоого калктын 84%ы келген.  Алардын 6% бардык талапкерлерге каршы добушун берген.  Шайлоонун жыйынтыгынан кийин Минскте нааразычылык акциясы башталып, бир нече миң адамдар Жеңиш паркында чогулушкан. Лукашенкого болгон нааразычылык акциялары азыркыга чейин уланууда. 

Булак:МедиаЦентр.кж

Өкмөт 2020-жылы аткезчилик менен айоосуз күрөшөт

Бишкек. Informator.kg “2020-жылы мамлекеттик бюджетти толтуруу жана көмүскө экономика менен күрөшүү багытында өзгөчө жыл болот”. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2020-жылга сунушталып жаткан бюджет дээрлик 40 млрд сомго көп жана 173 млрд сомду түзөт.

«Биз буга баарыбыз чогуу келдик. Бул өлкө Президентинин жүргүзгөн туруктуу саясатынын жемиши. Биз каражатты элдин кызыкчылыгы үчүн үнөмдүү колдонушубуз керек. Бүгүн жакшы сунуштар айтылып, ошол эле учурда сындар дагы болду. Биз мунун баарына сөзсүз түрдө көңүл бурабыз» – деди Премьер-министр.

Булардын айрымдарына Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берди.

«Көптөр капиталдын агып чыгышына жана инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшүнө тынчсызданып жатышат. Бирок мен кыйын шарттар болсо да, биз тартылган инвестициялардын көлөмүн сезилерлик көбөйтүүгө жетишип жатканыбызды белгилеп кетким келет. Быйылкы жылы болуп өткөн саясий окуялар сиздерге белгилүү. Бизнестин кызыкчылыгын коргоо оңой болбогондугун билесиздер. Үстүбүздөгү жылы биз көргөн чаралардын натыйжасында алгачкы жолу экспорттун көлөмү көбөйүп, импорт, тескерисинче, азайды. 2019-жылы рекорддук сандагы​ – 100дөн ашуун мектеп курулду. 708 км жол салынды, анын 431 чакырымы асфальттуу. Биринчи жолу бир учурда 120 миң мугалимдин айлык акысы жогорулатылды. Мунун баары биз тандаган саясат өз жемишин берип жатканын жана анын тууралыгын айтып турат, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – 2020-жылы Өкмөттүн өнүктүрүү боюнча пландары көп. Биринчи кезекте – бул биздин экономиканын өнүгүүсү жана аткезчилик жана көмүскө экономика менен күрөшүү. Биз бул иш-аракеттер аркылуу жарандардын ишенимин актоого тийишпиз. Биргелешкен күч-аракетибиз аркылуу биз Кыргызстан жакынкы келечекте гүлдөп-өнүккөн өлкөлөрдүн бири болушуна умтулабыз деп ишенем».

Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин депутаттарына Өкмөттүн бардык демилгелерин колдоолору үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнү өнүктүрүү кызыкчылыктарында мындан ары карай жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөттү.

Башкы прокуратура абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерди өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылды

11-октябрь 2020/informator.kg- Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерден өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылып, эгер бул талап аткарылбаса катуу чара көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. “Камактан чыгып кеткен адамдар кармоонун белгиленген тартибин бузуп, администрациянын кызматкерлерин коркутуп, 6-октябрга караган түнү түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, камактан мыйзамсыз чыгып кетишкен. Мындан улам абактан мыйзамды бузуп чыгып кеткендерге карата Жазык кодексинде жаза чаралары караларын эскертебиз”, – деп жазылат маалыматта.

Ө. Бабанов өз позициясын билдирдиби?

2.07.19 informator.kg Өзүн РАЖ саясий партиясынын жаштар канатынын лидери катары көрсөтөн Азамат Баяманов, фейсбук аркылуу төмөнкүчө билдирүү жасады: «Биз жаштар эртең 16:00 Медиа-форумдун алдында «Элдик штаб» уюштуруп жаткан тынчтык митинге чыкабыз. Кыргызстанда эски элита түп-тамыры менен жоголуп, жаңы лидерлер келиш керек”,-деген.

Көп өтпөй РАЖдын жаштар канатынын мурдагы лидери Канат Мидин уулу, Баямановдун билдирүүсү боюнча үн катты. “Азамат Баямановдун билдирүүсү, өзүнүн гана позициясы жана ал РАЖ саясий партиясына тиешеси жок”,-деп фейсбук баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылган.