Саясат

Саясат Страница 2

Б.Борбиев: “Ооба, партияга ыр чыгардым, ырдадым, башка дагы колдон келген жардамдарымды бере берем…”

4-сентябрь 2020/informator.kg-

“Бек Борбиев Бакиевчи, Райымчыл” деген сөздөр тынымсыз айтылып келет. Ырчы бул тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду: 
“Мен эки жылдан бери эле депутаттыкка барбайм деп келем, баракчамды түрүп окусаңыздар болот. Мен 30 жылдан бери эле депутаттай жашоо өткөрөм жана депутатмын, кыргыздын кайсы жерине барбайын кучак жайып тосуп алаар күйөрмандарым бар. Ыр күйөрмандардын мындай сыйына Аллах ыраазы болсун деп, ушул күндөргө чейин сыямды кургатпай эмгектенип келем. Бул пикиримде бүгүн дагы турам.Албетте кийинки күндөрү болгон окуялар боюнча дагы токтолуп кетпесем болбойт. 
БШК мага 7500 сомго айып тагыптыр, мен дагы аны интернеттен окудум. Унчукпай барып төлөп койсом деле болот, бирок… “Мекеним Кыргызстан” деген ырды шайлоо башталгыча интернет баракчасына чыгарыптыр деген айып?! Кудайды карасаңар боло, менин баракчамдан ырды көрдуңөрбү, мен дагы мыйзам сыйлаган адаммын, албетте чыгармак эмесмин жана чыгарган жокмун. Ал интернеттеги вариант ырдын бүтө  элек кезинде уурдалып, “Моя Родина” деген фейк аккаунтка жүктөлүп, эң кызыгы реклама деп акчасы төлөнүп , раскруткага коюлат. Албетте саясий оппоненттер тарабынан уюштурулса керек. Албетте кандай гана фейк аккаунт болбосун, алгачкы жүктөлүү булагын тапса сөзсүз  болот, албетте изилденет жана сот тергөө тараптан акыйкат иш алып барылат деп ишенебиз. Бул сөздөрдү мен азыр трайбалист- саясий серепкерлер же фейк аккаунттардын алдында актанайын деп эмес, өзүмдүн санаалаштарыма , пикирлештериме маалымат үчүн жазып коюну туура көрдүм. 
Ооба маалымат үчүн дагы айтып койчу бир эки сөз бар. Кийинки учурда баракчамдагы комменттер арасында саясат аралашкан сөздөр көп, Бакиевчил, Райымдын ырчысы деген мааниде. Ооба Бакиевчил болгом… Мен башкаларга окшоп бир жээктен экинчи АША жээгине өтө качкан жокмун. Кан кечип 90 жаш өмүрдү кыйып, кыргызга миң жылдык кырсык болгон адамдын командасына өтө качканга мүмкүнчүлүгү көп эле. Эки жакын досум анын жанындагы өтө жакын кишилери болчу. Анте албадым, көкүрөк катып туруп алды, 10 жыл аны менен ФБ аркылуу күрөштүм, акыры эмне болгонун баарыңыздар билесиздер. ТВ, Радиону тыю салып, (өзү гитара менен ырдап туруп алды)) Кимдин ким экенин убакыт көрсөттү, мага сахна бербей турганда күлүп табасы кангандар көп болгон, азыр темир тордун артында же качып жүрөт. Эч кимге капачылыгым деле жок, бул турмуш деп билем.
Ал эми Райым боюнча. Ооба, партияга ыр чыгардым, ырдадым, башка дагы колдон келген жардамдарымды бере берем. Кыргызды көтөрөм, өнүктүрөм деп бир досуң шайлоого аттанса, четте карап турасыңбы, кантип жардам бербейсиң. Ооба чын, 25- 30 жылдан берки жакын жолдошум, досум. Менин эл катары эле көп деле жакын жакшы досторум жок, ушул жашка келгенде жаны дос табалбайсың, издебейсиң, бирөө жакшы досун бербейт, бул түшүнүктүү  маселе баарыбызга.  Мына шайлоо башталды, шайлоого кызыгдарларга ийгилик каалайм30 жылдан бери ыр дүйнөсүндө тынбай жүрүп, көпчүлүккө  ошол дүйнө аркылуу жакын болуп калгам. Андыктан ушундай учурларда алардын тандоосу менен меники дал келбей калса, алар мага өтө капа болоору бышык, туура түшунөм, бул психологияда дагы ушундай экен. Өзүнүн эле үй-бүлө мүчөсү  тескери жакка баскандай сезилет тура. 
Достор мен , бул жашоодо башка бирөөнү оюн сыйла деген тарбия алып чоңойгом жана өзүмдүн көз карашым, жеке пикирим бар жана ал нерселерге бекем турам. Андай болбосо, өз ою жок далысынан таптап койсо же акча суна калса чуркап кеткендерден болсом, анда менин жашоом таптакыр башкача болмок, оо көп жылдар мурда эле Эл артисти болуп, дегеле көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарды алып бир бурчта олтурмакмын. Мени көбү «не управляемый» деп айтышат экен..  Ооба, мен дал ошондоймун, жана ошондой мүнөздүү кыргыз экениме сыймыктанам.

Борбордук шайлоо комиссиясы расмий каттоодон 15 партияны өткөрдү

4-сентябрь 2020/informator.kg-

Борбордук шайлоо комиссиясы расмий каттоодон 15 партияны өткөрдү. Аны БШКнын жумушчу тобу сунуш кылып, алардын бардыгы колдоо тапты. Комиссиянын жыйынында жумушчу топтун чечимдеринин бардыгы окулуп, добушка коюлду. Алардын катарында «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо боюнча жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу сунуш да бар. Жыйынтыгында жумушчу топ берген сунуштардын баары колдоо тапты. Бүгүнкү отурумда каттоодон өткөн партиялар:

«Мекен ынтымагы»
«Ыйман нуру»
«Мекеним Кыргызстан»
«Мекенчил»
«Реформа»
«Ордо»
«Социал-демократтар»
«Биримдик»
«Кыргызстан»
«Чоң казат»
«Республика»

Ошондой эле шайлоо комиссиясы «Актив» партиясы менен «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон четтетти. «Актив» пратиясын шайлоо алдындагы күрөөгө акча каражатын койбогондугу негиз болсо, «Бүтүн Кыргызстанды» съездде мыйзам бузган деген жүйөө менен каттоодон баш тарты.

А.Мадумаров: “Сот, мыйзам менен эч нерсеге жетише албаган өлкөгө айландык…”

4-сентябрь 2020/informator.kg-

Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. Комиссия партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын чыгарган чечими боюнча SUPER.KG порталына комментарий берди.

“2010-жылы, 2015-жылы биз парламентке өткөн партиябыз. Биз мыйзамдуулук, ынтымак деп ушул күнгө жеттик. Мен бүгүн бул өлкөдө мыйзам менен эч нерсеге жетише албайсың дегенге терең ишендим. Эми эл өз тагдыры, өз укугу, өз келечеги үчүн күрөшкө чыгыш керек. Сот, мыйзам менен эч нерсеге жетише албаган өлкөгө айландык. Бүгүн БШК аны далилдеди. Атыр Абдрахматова канчалык какшап, жок дегенде токтомуңарды көрсөткүлөчү десе да көрсөтпөй коюшту. Колунда жок токтомго кантип добуш берсе болот? Мыйзамды БШК одоно түрдө бузду. Ошол жумушчу топтун мүчөсү, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев жумушчу топтун жыйынына катышкан жокмун, кол койгон жокмун деп жатат. Анда булар кайсы токтомго добуш беришти? Партиянын 100 миңдеген колдоочулары бар. Алардын укугун ким коргойт? Эртеңден баштап ар бир Кыргыз жараны өз укугу үчүн өзү күрөшкө чыгыш керек”, – деди Мадумаров.

БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкерлерин каттоодон баш тартты

3-сентябрь 2020/informator.kg-

Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкерлерин каттоодон баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калган.

“Ошол себептен аларды каттоодон баш тартышкан. Мындан сырткары, талапкерлерди тандоодогу добуш берүүдө мыйзам бузуу фактылары катталган”, — деп айтылат маалыматта. Борбордук шайлоо комиссиясынын тогуз мүчөсү каттоодон баш тартууга добуш берсе, экөө ага каршы болгон.

Эс алып келген ЖКнын депутаттары кайра тыныгууга кетеби?

3-сентябрь 2020/informator.kg

Бүгүн, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин отурумунда үгүт иштерине байланыштуу 4-октябрга чейин тыныгуу алуу сунушун киргизди. Анын айтымында, 4-сентябрда Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча үгүт иштери башталат. “Үгүт учурунда шайлоочулар менен жолугушуп алсак деген сунуштар түшүүдө. Азыркы депутаттардын арасында шайлоого катыша турган талапкерлер бар. Парламентте отурбаган партиялар да бар, баарынын мүмкүнчүлүгү бирдей болушу үчүн 4-октябрга чейин тыныгуу алуу сунушталууда. Анткени айрым талапкерлер микрофондун жардамы менен үгүт иштерине байланыштуу сөздөрдү айтышы мүмкүн”, – дейт ал. Сунушка 79 депутат макул болсо, бирөө «каршы» деген добуш берди. «4-сентябрдан 2-октябрга чейин депутаттардын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелсин», – деди ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков.

БШК бүгүн партияларды расмий каттап бүтүүгө тийиш

3-сентябрь 2020/informator.kg– БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын бүгүн, 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат.
Шаршемби күнү төрт партиянын саясий жарышка катышуусуна уруксат берилди.
Алар “Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, “Бир Бол”, “Замандаш”, “Ата-Мекен” партиялары.

Туск Лукашенконун Украинаны Беларуссия менен бириктирүүнү каалагандыгын айтып чыкты

3-сентябрь 2020/informator.kg

2014-жылы Александр Лукашенко Украина менен Беларуссияны бирдиктүү биримдикке бириктирүүнү сунуштап, эки өлкөнүн президенти болууну көздөгөн имиш. Мындай билдирүүнү Европа Кеңешинин мурдагы башчысы жана Польшанын экс-премьер-министри Дональд Туск Onetке берген маегинде билдирди. «Украин кризисинин эң кызуу күндөрүндө, Минск Европа Бирлиги, Россия жана Украинанын ортосунда ортомчулук сыяктуу нерсе менен алектенип жатканда, Лукашенко мага телефон чалып, Евробиримдикке украин көйгөйүн тынчтык жолу менен чечүүнүн кепили боло алат деп ишендирүүнү жана анын жеке Беларус-Украин идеясын колдоону сунуш кылды. Эки мамлекеттин президенти катары аны менен биригүү “-деди Туск.

Түркмөнстандагы мечиттер дагы бир ай жабык болот

3-сентябрь 2020/informator.kg

Түркмөнстанда жугуштуу ооруларды алдын алуу аракеттери улантылып жатат. Анын алкагында мечиттер жана адамдар көп топтолгон жайлардагы чектөөлөр 1-октябрга чейин уланмай болду. Эскерте кетсек Түркмөнстан коронавирус оорусу катталганын расмий маалымдай элек 12 өлкөнүн катарында.

БШК Турсунбай Бакир уулуна сотко кайрылууну сунуштады

3-сентябрь 2020/informator.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы Турсунбай Бакир уулуна «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине байланышкан маселе боюнча сотко кайрылууну сунуштады. Мындай чечим 2-сентябрдагы жыйында кабыл алынган. Турсунбай Бакир уулу курултайдан кийин партиядагы талапкерлердин тизмеси өзгөргөнүн айтып арызданган болчу. Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова партиядагы талапкерлердин тизмесин түзүү иштерине БШК кийлигише албай турганын айтып, сотко кайрылууну сунуштады. Жыйынтыгында комиссиянын 10 мүчөсүнүн ичинен жетөө каттоодон баш тартууну колдосо, Нуржан Шайлдабекова, Атыр Абдрахматова жана Гүлнара Журабаева каршы болушту. Ал эми колдоо табуу үчүн эң аз 8 добуш топтоо керек.

З.Жоошев: “«Алмазбек Атамбаевди №1 тергөө абагына которуу туура эмес..”

3-сентябрь 2020/informator.kg-Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча айыпталып, учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-президент Алмазбек Атамбаевди Бишкектеги №1 тергөө абагына которгону жатышат. Бул тууралуу Алмазбека Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Фейсбук баракчасын жазды.  
 «Алмазбек Атамбаевди №1 тергөө абагына которуу туура эмес. Мыйзам боюнча мурдагы президент жок дегенде УКМКнын тергөө абагында кармалышы керек. Анткени экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш иши аягына чыга элек»-деп билдирди Жоошев.