Саясат

Саясат Страница 53

Аалы Карашев Иманкадыр Рысалиевге кызматтан кетүүсүн сунуштады

Бишкек. 17.05.19. informator.kg “Иманкадыр Зарлыкович, мен сизди сыйлайм, бирок, бүгүн бажаңыз кызматта турганда “Ачык өкмөт” долбоорунан кетишиңизди сунуштайм”.

Бул сөздү “Азаттыктагы” түз эфирде депутат Аалы Карашев айтты. Анын пикиринде, кызыкчылыктар кагылышы маселесин чечиш үчүн мындай кадам абдан туура болмок.

Курманкул Зулушев, ЖК депутаты: “СМСтерде коркутуунун түшүнүктөрү бар!”

Бишкек. 17.05.19. informator.kg “Иманкадыр Рысалиевдин Акылбек Жамангуловго жазган СМСтеринде коркутуунун түшүнүктөрү бар, аны укук коргоо органдары аныктайт”. Бул сөздү “Азаттыктагы” түз эфирге депутат Курманкул Зулушев айтты.

“Депутаттык комиссия прокуратурага тапшырма бердик, баарына укуктук баа берилиши керек. Биз эч кимди азырынча күнөөлөбөйбүз, бирок, иштин аягына чыгабыз”,-дейт ал.

Ошондой эле ал И. Рысалиевге “100 пайыз акциясы мамлекетке таандык, “Мегакомду” мамлекеттик эмес компания эмес деп кантип айтып жатасыз? Соттун чечими колуңузда жок, мен сизге таң калып жатам”,-деп таңдануусун жашырбады

Эске салсак, сөз болгон СМСтерде “балдарыңды ойло, үй-бүлөөңдү ойло, оюнчулар акыры утулат” деп жазылган.

Иманкадыр Рысалиев: “Мегаком” орустар түзгөн компания…”

Бишкек. 17.05.19. informator.kg “Мегаком” орустар түзгөн компания, анын иши сотто. Андыктан, бизге мамлекеттик компания керек”. Бул тууралуу говори.тв порталына маек берип жатканда Иманкадыр Рысалиев айтты.

Анын айтымында, “Санарип” долбоорун ишке ашырууга мамлекеттик уюлдук компания керек жана ушул үчүн “КТ-Мобайл” компаниясынын ишке кириши туура болгон. Бул абдан келечектүү долбоор болчу. Буга атайын бут тосуп жатышат”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Иманкадыр Рысалиевдин жоопкерчилигин кароо боюнча депутаттык комиссия Башпрокуратурага тапшырма берген.

Алмазбек Баатырбеков, ЖК депутаты: “Иманкадыр Рысалиев “доңуз” беле?!”

Бишкек. 17.05. 19. informator.kg. Байланыш агенттигинде “КТ-Мобайл” боюнча жыцын болуп жатканын өзү эле билип барып калгыдай Иманкадыр Рысалиев эмне доңуз беле?!” Мындай суроону депутаттык комиссиянын отурумунда депута Алмазбек Баатырбеков КРнын Байланыш жана коммуникация агенттигин башчысы Бакыт Шаршембиевге узатты.

“Иманкадыр Рысалиевди сиз чакырдыңыз беле? Болбосо, ага жыйынты башкартууга кандайча уруксат
бердиңиз? Анын “”КТ-Мобайл” менен кандай иши бар эле?”,-деди депутат.

Ага агенттиктин башчысы Бакыт Шаршембиев “Баласынан угуп келсе керек…” деген жооп айтты.

Ал эми депутат болсо Башпрокуратурага кайрылып, Иманкадыр Рысалиевдин кызматтык жоопкерчилигин, анын чет элден каржыланган иши менен мамлекеттик жумуштун ортосундагы байланышын териштирүү керектигин айтты.

Жанар Акаев, ЖКнын депутаты: “Иманкадыр Рысалиев боюнча ОБСЕге кайрылабыз”

Бишкек. 17.05. 19. informator.kg “Биз депутаттык комиссия тарабынан ОБСЕге кайрылып, “Ачык Өкмөт” долбоорунун Кыргызстандагы катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевди аталган долбоордон алууну суранышыбыз керек”. Бул тууралуу “КТ-Мобайл” компаниясынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын отурумунда депутат Жанар Акаев айтып чыкты.

“Биздин комиссия абдан маанилүү ишти карап жатабыз. Андыктан чечимдерди узартпай кабыл алып, баардыгын ордуна коюшубуз керек. Буга чейинки Мегакомдун жетекчилери коррупциялык иштердин аркасы менен абакта отурат же аны тартып алабыз, андан акча жасайбыз деген Максимдер сыртта качып жүрүшөт. Бул комиссиянын жыйынтыгы баарына сабак болушу керек. Ошондой эле Иманкадыр Рысалиев боюнча ОБСЕге кайрылып, аны “Ачык Өкмөт долбоорунун катчылыгынан алышын суранышыбыз керек”,-деди ал.

Эске сала кетсек, ЖКдагы депкомиссиянын жыйынында Иманкадыр Рысалиевдин “КТ-Мобайл” боюнча жыйындарды алпарганы да тастыкталды.

Акылбек Жамангулов: “Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…”

“Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…” Бул тууралуу “Альфа Телекомдун” жетекчиси Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.

“Иманкадыр Рысалиев бир нече жолу менин дарегиме коркуткан сөздөрдү айтты, каттарды жазып, түбүңө жетем, укук коргоо органдарына каздырам, ал тургай балдарыңды жакшылап кара” дегенге чейин барган”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Иманкадыр Рысалиевдин Өкмөткө да, КТ-Мобайлга да расмий тиешеси жок…

Нурбек Мукамбетов да “КТ-Мобайлдан” кетти

Бишкек.17.05.19. informator.kg. Нурбек Мукамбетов “КТ-Мобайл” компаниясынын башкы директорлук кызматынан кетти. Бул тууралуу “Кыргызтелеком” ААКсынан билдиришти.

Анда аталган кызматчы өз арызы менен кеткени айтылат

Кыргызстанда «Salam» бренди менен жаңы уюлдук байланыш ачылат

Бишкек. 16.05.19. informator.kg Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, «Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилери менен «Альфа Телеком» ЖАК жана «КТ Мобайл» ЖЧК ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул боюнча Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

“Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат. Ал «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы. Бул өнөктөштүктүн алкагында жакынкы айларда виртуалдык оператор түзүү долбоорун ишке киргизүү пландаштырылган. Бул үчүн «Альфа Телеком» ЖАК өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, ал эки мамлекеттик компаниянын кызматташуу идеясын колдойт, анткени алар өлкөнү санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болушу керек. Бул өлкө боюнча, анын ичинде эң алыскы жана жетүү кыйын болгон калктуу аймактарда уюлдук түйүндүн камтуу аймагын кыйла кеңейтип, компаниянын абоненттеринин кызыкчылыгында жогорку ишенимдүү байланышты камсыз кылат.
Мындан тышкары Премьер-министрдин айтымында, бул сыяктуу өнөктөштүк өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болгон «Альфа Телеком» ЖАК компаниясынын кирешелүүлүгүнө оң таасир берет.
Кеңешмеде биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн киреше «Альфа Телеком» ЖАК пайдасына – 67%, ал эми «КТ Мобайл» үчүн – 33% принциби боюнча бөлүштүрүлөт.
«Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» ЖЧКсы менен жыштыктарды биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон. Талаш маселелер чечилген соң тараптар кызматташтыкты улантышты. «Альфа Телеком» ЖАК Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук операторду бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды”,-деп айтылат маалыматта.

Батукаев боюнча суракта Рысалиевдин абалы начарлаган

Бишкек.16.05.19. informator.kg Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча суракка барган депутат Зарылбек Рысалиевдин абалы начарлаган. Бул боюнча, өздүк булактарга шилтеме берип, “Жалбырак ТВ” каналы маалымдады.

Андагы маалымат боюнча, бүгүн таңда аталган кылмыштын алкагында кармалган З. Рысалиевдин мурдагы кеңешчиси К. Качкыналиев менен депутатты суракта беттештиришкен. Ошол маалда депутаттын денсоолугу кескин начарлап, сурак убактылуу токтотулган.

Бакыт Төрөбаев, ЖК депутаты: “Шайлоодо “Форма-2″ деген тизмеге тыйуу салышыбыз керек!”

Бишкек. 16.05.19.informator.kg “Шайлоого катышкан партиялардын Жогорку Кеңешке шайланууда 9 эмес 5 пайыз босогодон өтүшү керек” Бул боюнча ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев маалымат жыйынында айтты. Ал “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы иштеп чыгып, сунуштаган шайлоого карата мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча жазылган мыйзам учурда төраганын колунда турат.

“Шайлоого катышып, 3 пайыздан 5 пайызна чейинки босого добушун алган партияларга биз 5 мандаттык квота берели деп жатабыз. Ошондо азыраак добуш алса да, колдоочулары бар жаш партиялар парламентке келип, мамлекет үчүн кызмат кылышат”,-дейт ал.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда “ФОРМА-2” аталган кошумча тизме киргизүүгө тыйуу салынган. Ал эми административдик күчтү колдонбоо боюнча 26 пункттан турган ар кандай чектөөлөр киргизилип, бул шайлоого катышкан партиялардын каржылык теңдигин камсыз кылат.