Саясат

Саясат Страница 70

Абдыкаров “авторитетин” коргоп, “Азия Ньюсту” сотко берди

Мурдагы ИИМ министринин орун басары, азыр “Манас” аба майданында коопсуздук кызматын тескеген Данияр Абдыкаров “Азия Ньюс” гезитин ар-намысына шек келтиргени үчүн сотко бергени маалым болду.

Ал буга чейин “Фабула Пресс” гезити менен да соттошуп, аягында гезит анын Камчы Көлбаевге тизе бүкпөгөнүн жазып, тараптар жарашкан.

“Өлбөс полктун маршына” экс-президент Алмазбек Атамбаев катышуусу мүмкүн


Бишкек. 9.05. 19. informator.kg Бүгүн Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине арналган “Өлбөс полктун жүрүшүнө” экс-президент Алмазбек Атамбаев катышышы мүмкүн. Бул тууралуу порталга өздүк булактардан белгилүү болду.

Алардын маалыматына караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаев балдары менен бирге согушка катышкан чоң аталарын эскерип, кыргыз эли менен бирге жүрүшкө катышууга ниет кылган.

Эске сала кетсек, кечээ Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы Бишкек шаардык кеңеши аркылуу майрамдык жүрүштү дрон менен тартууга тыйуу салган чечим чыгарган болчу. Коомчулук бул чектөөнүн сырын түшүнө албай, соцтармактарда “Президенттин коопсуздугу коркунучтабы?” деген кабатырлануу күч алып жаткан эле.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Али Эрбаш менен жолугушту

Бишкек. Informator.kg  7.05.19. КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын дин иштери боюнча Башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Анда белгилүү болгондой, жолугушууда диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелери каралып, тараптар билим берүү жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагында жарандарды руханий-интеллектуалдык жактан агартуу чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулады.

Министр Ч.Айдарбеков Бишкек шаарындагы имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин курулушуна жардам бергени үчүн түрк тарабына ыраазычылык билдирди. Бул мечит Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын 2018-жылдын 2-сентябрында КРга расмий сапарынын жүрүшүндө КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун катышуусунда ачылган.

Жолугушууда ошондой эле “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун төрагасы Самаган Мырзаибраимов катышты.

Жалил Атамбаев кечирген сөз эркиндигине Кожобек Рыспаев “секирди…”

Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

Бүгүн Октябрь райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин “Ачык саясат плюс” коомдук-саясий жана укуктук гезитинин үстүнөн жазган доо арызы каралууда. Бул боюнча гезиттин журналисти Нуркыз Бакасова билдирди.

«Былтыр, 2018-жылы август гезитке депутат Кожобек Рыспаев өз позициясынан тайып, эски-жаңы президенттин тартышында экинчи тарапка ооп жатканы боюнча куш тилиндей макала жазылган. Бирок, бир жылдан кийин ошол макаланы «эстеген» Кожобек Рыспаев абийириме шек келтирди деген жүйөө менен гезитти 300 миң сомго сотко берип, доо арыз жазыптыр. Бүгүн Кожобек Рыспаевдин тарапташтары доо арыздын көлмүн 300 миң сомдон 1 млн. сомго көтөргөнүн айтышты. Ушу тапта соттук процесс уланууда»,-деди ал. Informator.kg порталына.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев болсо макаладагы айрым “кыңшылап”, “сойкудай болуп”, “саткын” деген сөздөр ар-намысына шек келтиргенин, бир жылдан бери гезит токтотобу деп күтсө токтобой шыбай бергенин айтып, “300 млн. сомдон 1 млн. сомго көтөргөнүм ал жактоочулардын каталыгы болду. Алгач алган жактоочуларым туура эмес доо коюшкан экен. Керек болсо 2 млн. сомго берем, менин сойкулугумду далилдешсин” деген пикирин айтты.

Президентти уят кылышат…Иш башкармалыктын бала бакчасында да акча жыйналабы?


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

КРнын Президенти менен Өкмөтүнүн иш башкармалыгына тиешелүү №144-бала бакчада жеткинчектердин бүтүрүү кечесине эне-аталардан акча жыйналууда. Мындай кабар бизге өздүк булактар аркылуу жетти.

Андагы маалыматтар боюнча,  иш башкармалыктагы аталган бала бакчанын жетекчилиги бүтүрүү кечесине арналган иш-чара үчүн ар бир балага 5 миң сомдон чогултууну эне аталарга буюрган. «Бүтүрүү кечеси үчүн эле 5 миңден чогултсак, андан тышкары ар бир балага айына 6-8 миңге чейин акы төлөйбүз. Оюнчукка, оюнга, театрга деген, эне-аталар фондуна деген да акчалар бар. Бул министрлерге эле ылайыкталбаса, айрым аппарат кызматкерлери үчүн абдан чоң сумма. Иш башкармалыктан деле бала бакчаны кармоого оңбогондой каражат бөлүнөт. Ал кайда кетет? Булар президентти да уят кылмай болушту»,-деп билдирет атын атагысы келбеген эне-аталардын бири.

Бул боюнча Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоевге чалганыбызда ал мындай маалыматтан кабары жоктугун айтты. «Эч кандай акча чогултуу жөнүндө сөз уккан эмесмин. Андайга жол берилбейт! Мен азыр баарын тактап, иликтеп силерге жооп кылам. Бала бакча жетиштүү каржыланат…»,-деди ал. 

Эске сала кетсек, 144-бала бала бакчада  200гө чукул бала тарбияланат.

Кыргызстан эл аралык сотто Өзбекстанга утулду


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.  Кыргыз Өкмөтү эл аралык сотто Өзбекстанга утулуп калды. Бул тууралуу юрист, Jomart & Co юридикалык компаниясынын мүдүрү  Жоомарт Жолдошев соцтармактагы өзүнүн баракчасына маалымат жазды.  Анын белгилешинче, бул иш Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү союз маалынан бери Өзбекстан ээлик кылып келген пансионаттарды улутташтырганы боюнча эл аралык арбитраждык сотко коюлган коңшулардын доо арызы менен каралган.

Биз юристтин маалыматын өзгөртпөй беребиз:

“ Тилеке каршы дагы бир эл аралык сотту уттурдук.

Өзбек инвесторлору тарабынан койулган доого юрисдикциясын четке кагып берилген соттон утулуп калды. (JSC Tashkent Mechanical Plant and others v. Kyrgyz Republic). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын Джонс Дэй(Jones Day) деген юридикалык компания коргогон.

Доонун негизи мүлктөр(Ысык-Көлдөгү) мыйзамсыз экспроприация(улутташтыруу) болду деп койулган. Арбитрлердир составы: төрагалык кылган Бернардо Кремадес(Bernardo Cremades), доогер тарабынан дайындалган арбитр Гари Борн (Gary Born) жана жоопкер (Кыргызстан) тарабынан дайындалган арбитр Захари Дуглас(Zachary Douglas).

Арбитрдердин, ушул жылдын 1-майында чыгарган чечиминде(азырынча коомчулука чыга элек бирок менин такталган ички булактардан алган маалыматымда) Кыргызстан тарабынан алдын ала койулган юрисдикцияга байланышкан негиздер четке кагылган. Алардын арасында, көп колдонуучу Кыргыз Республикасынын 2003-жылкы “Инвестициялар жөнүндө” мыйзамында Кыргыз Республикасы эл аралык арбитражга макулдук берген эмес деген жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу инвестицияны коргоо келишиминде жөн гана МЦУИС(ICSID) көрсөтүлгөн, мындайча айтканда кошумча эрежелери менен кароо көрсөтүлгөн эмес. Кыргызстан Вашингтон конвенциясына толук кандуу кошулбаганына байланыштуу кошумча эрежелер менен гана катыша алат. Бул негиздер четке кагылып, Кыргыз Өкмөтү дагы утулду. Эми доонун негизин кароого өтөт.

Өзбекстандык инвесторлорду дүйнөгө атагы чыккан, белгилүү Уайт энд Кейс(White and Case) Эл аралык юридикалык компаниясы коргойт. Ал эми биздики баягыдай эле шалаакылык. Чечимди коомчулука жарыяланганда кенээн анализ кылып берем.

Жеке пикирим: Бул көрсөтүлгөн аргументтер мурунтан эле айтылып ийгиликсиз болуп келгендер. Арга жок ойго келген маселелер, биздин атка минерлердин эл аралык арбитраж жөнүндө кабары болбогону же/жана Кыргыз элинин акчасына(ар бир сотко бюджеттен миллион деген долларлар кетет), кыргыздын намысына, тагдырына жана кыргыздын экономикасына абсолюттуу кайдыгер болуусу.

Абдан өкүнүчтүү. Жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр аралашып чет өлкөдөн кайдагы юристтерди табып алышып элдин акчасын жеп отурушканы өкүндүрөт»,-деп жазат Жоомарт Жолдошев.

Ал белгилегендей юридикция боюнча утуп алган тарап эми доонун негизин карап, каржылык чыгымды талап кылышы ыктымал.

Бакыт Төрөбаев өндүрүшчүлөрдү каржылап, Кытайга алып кетти


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.  Ушул тапта ЖКнын депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кытайдын  Гуанчжоу шаарында эл аралык алдыңкы ишкерлердин көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу парламенттеги аталган фракциянын катчылыгы билдирди.

Анда  «иш-чарада дүйнөдөгү жогорку деңгээлдеги ишкерлер менен биргеликте, өлкөгө улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн, экологиялык таза продукцияны өндүргөн ишкана куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. “Кыргызстанда жалпы жеңил өнөр-жай тармагын, анын ичинде кийим тигүү, бут кийим чыгаруу жана башка өндүрүштөрдү кантип өнүктүрүүгө болот?”, – деген маселенин алкагында эл өкүлү бир катар ири ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп жатат. Мындан сырткары ата мекендик өндүрүшкө маанилүү болгон заманбап мода, дизайндан кантип артта калбаш керек деген тема дагы иш сапардын негизги өзөгүн түзүүдө»,-деп айтылат.

Белгилей кетсек, аталган жумушчу сапар кыргыздандык өндүрүшчүлөр тобунун сапарын Бакыт Төрөбаев уюштуруп, каржылык чыгымдарды жеке мойнуна алган.

Аида Касымалиева, ЖКнын төрага орун басары: «Журналистен доо арызды алуу менен маселе чечилбейт»

«Азаттык» үналгысынын журналисти Ыдырыс Исаковго болгон ишкер Жалил Атамбаевдин доо арызын  кайтарып алганы менен маселеге чекит коюлбайт…» Бул тууралуу ЖКнын төрага орун басары Аида Касымалиева айтты.

«Коррупция боюнча маселени Жогорку Кеңеш көтөрбөй, социалдык тармактар көтөргөндөн кийин анан биз ошону мисал кылып сүйлөп калдык. Мындай болбош керек, парламент өз ролун так аткарып, талылуу маселелерди өзүбүз көтөрүп, ак ниет таза ишкерлерди колдоп жардам беришибиз керек. Салык төкпөгөн, көмүскө экономика менен алектенгендерди ачыкташыбыз керек»,-деди ал.

Аны менен бирге эле ал фейк-жаңылыктага каршы турууну жана эч кимди каралабаган, бейтараптуу,фактыларга таянган журналистик иликтөөлөрго көңүл буруп, коргоо керектигини айтты.

Эске сала кетсек, кечээ ишкер Жалил Атамбаев журналистке койгон 50 млн. Сомдук доо арызын артка кайтарып алган эле.

Алтынай Өмүрбекова кетип, Назгүл Ташбаева келеби?

Өздүк булактар билдиргендей бир топ жогорку кызматтагылар өз ордуларын жакынкы күндөрдө бошотуп беришмей болуптур.

Мисалы Өкмөттүн агрардык тармагын тейлеген Нурбек Мурашев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Билим берүү министри Гульмира Кудайбердиева жана Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Эӊ кызыгы, Өкмөт башчынын орун басары, социалдык тармагын караган Алтынай Өмүрбекова да кызматтан алынат экен. Анын ордуна Назгүл Ташпаева келээри күтүлүүдө. Ал ушул тапта Президенттин аппаратында социалдык бөлүмдү жетектейт.

Балыкчынын мэрлигин “Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары талашат

Балыкчы шаарынын мэрлик кызматына эки саясий партия талапкерлерин чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан 40 жаштагы Мирбек Шакиров талапкер катары арызын берсе, “Замандаш” партиясы 26 жаштагы шаар тургуну Марат Кудайбергеновду талапкер катары БШКга арызын жолдоткон.

Эске сала кетсек, өткөн айда Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КРнын Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган. БШК Балыкчынын мэрин шайлоону 14-майга белгилегени да маалым.