Саясат

Саясат Страница 83

Текебаевдин жактоочулары Алмаз Атамбаевди сотто жеңип алды

Бишкек. 16.05. 19. informator.kg “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Канатбек Азиз менен Таалайгуль Токтакунова Жогорку сотто Алмазбек Атамбаевди жеңип алышты. Бул тууралуу жактоочулар билдирди.

Эске сала кетсек, Президент Алмазбек Атамбаев аталган жактоочулардын маалымат жыйынында айткан маалыматтары анын кадыр-баркына шек келтирээрин билдирип, 10 млн. сомдук моралдык доо менен жактоочуларды сотко берген эле.

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Айдоочуларга болгон айып пулдарды азайтуу керек!”

Бишкек. 16.05. 19. informator.kg “Акылдуу шаардын” алкагындагы айдоочуларга болгон айып пулдар абдан кымбат, Өкмөт муну карап чыгып, азайтпаса болбойт, эл кыйналып жатат…” Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты.

Ал белгилегендей, жарандарга келген “Бакыт каты” же айып пулдар абдан кымбат болгондуктан, элде аны төлөөдө кыйынчылыктар жаралып, нааразычылыктар арбыды. “Жол кыймылын жөнгө салуу боюнча кызматтар менен бирге муну кайра карап чыгып, айып пулдарды төмөндөтүү керек. Жарандардын коопсузудуг башкы орунда бирок, алардын чөнтөгүн да да карабасак болбойт”,-дейт депутат.

Эске сала кетсек, ушу тапта Өкмөт аталган долбоор авто авариялардын санын кескин кыскартканын айтып жатат.

Камчыбек Жолдошбаев, ЖКнын депутаты: “Турдакунов Усубалиев Кыргызстанды биримдикке алып келген киши”

Бишкек. 16.05. 19. informator.kg “Турдакун Усубалиев Кыргызстанын биримдикке алып келген, ынтымакка алып келген, өнүктүргөн киши. Анын 100 жылдыгын татыктуу белгилешибиз керек”. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев айтты.

Ал белгилегендей, Бишкектин 1-май районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу туура болмок. “Ал Кыргызстанды 24 жыл башкарган. Анын учурунда республика боюнча алдыга жылуу гана болгон. 1-май районундагу ушул Акүй, Спорт сарайы, тарых музейи, “Агропром” баштаган жаркыраган имараттарды ошол киши курган. Аэропортубуз да ал кишинин эмгеги. Андыктан, анын 100 жылдыгында ысымын борбордун татыктуу жерине калтыруу керек. Айрымдар колхоз-совхоздорду сунуштап жатат…”,-деди депутат.

Ошондой эле ал коомдук ишмердин тушунда Дуйнөлүк Олимпиадада Кыргызстанда 5 чемпион-призер чыкканын да кошумчалады.

Эске сала кетсек, быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө иш-чарасы Президенттин буйругу менен мерчемделген.

Рысалиевдин уулу кетти, өзү калды…

Бишкек. 16.05. 19. informator.kg Өкмөт башчынын бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу делген Эрназар Иманкадыр уулу “КТ-Мобайл” компаниясынын башкы директорунун орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган компания билдирүү таратты.

Андагы маалыматка караганда, кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев аталган кызматкерди коомчулуктун пикирин эске алып кызматтан кетиш керек деген болчу.

Өкмөт башчы Эрназар Иманкадыр уулу кызматтан кетиш керек деп эсептейт.

“КТ-Мобайл” компаниясынын айланасындагы талкуу боюнча КРнын Премьер-министринин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Өкмөт башчынын позициясын ачыктады.
Ал Премьер-министр «КТ Мобайл» кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын уюмдук түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырганын айтат.

‘Улуттук байланыш оператору «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы – «КТ Мобайл» (КТМ) ЖЧКсы 2003-жылы түзүлүп, ошондо эле уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн лицензия жана жыштык алган. 2018-жылы ачык аукцион өткөрүү жолу менен учурда иштеп жаткан уюлдук компаниялардын бири менен биргелешкен долбоорду ишке ашыруу аркылуу компанияны ишке киргизүү чечими кабыл алынган.
Бул чечим Премьер-министр тарабынан жактырылган, буга байланыштуу бардык зарыл иштер, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар мыйзам талабына ылайык жүргүзүлгөн.
Өкмөт өлкөдө санариптик трансформациялоо боюнча масштабдуу долбоорду илгерилетип жана санариптик технологияларды кеңири колдонууга жетишүүгө умтулуп жаткан санариптештирүү жылында бул абдан туура жана негиздүү чечим болду.
Биз «Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев Премьер-министрдин бажасы экендигин ырастайбыз. Бирок, анын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда Өкмөт башчы, ал кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт.
Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишмердик жана туугандык мамилелер эч сыйышпайт деген принципти карманат. Бул анын досторуна жана туугандарына жакшы белгилүү.
Баса белгилей кетсек, кадрдык чечимдер, компаниянын каражаттарын пайдалануу жана анын кызматкерлеринин эмгек акы өлчөмүн белгилөө маселелери компаниянын өзү жана анын ээси «Кыргызтелеком» ААК тарабынан жөндөлөт.
Анткен менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайл» кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын башкарууну уюштуруу түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырды.
Ошол эле учурда Премьер-министр компаниянын алдында турган телекоммуникация рыногундагы мамлекеттин жана керектөөчүнүн кызыкчылыгындагы милдеттерди таасирдүү ишке ашыруу маанилүү деп эсептейт. Бул иш Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча ачык жана айкын аткарылууга тийиш.
Өкмөт башчы мамлекеттик үлүшү бар компанияларды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу боюнча конкреттүү милдеттерди коёт. Бүгүнкү күнү 20дан ашуун мамлекеттик компанияда ишмердүүлүктүн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) киргизилген, алгачкы ирет мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө, натыйжасыз жана иштебеген мамлекеттик ишканалардын саны кыскартылууда”-дейт Премьердин басма сөз катчысы.

“КТ-Мобайл” боюнча ЖКда депутаттык комиссия түзүлдү

Бишкек. 15.05. 19. informator. kg Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик үлүшү бар мекемелердин каржылык иштерин карап чыгуу боюнча” депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын чечимин жалпы жыйында 91 депутат колдоого алды.

Эске сала кетсек, парламентте эртең менен депутаттар Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Бакыт Төрөбаевдер “КТ-Мобайл” компаниясынын ишмердигиндеги каржылык мыйзам бузуулар, жогорку айлык маяналар, шек жараткан келишимдер боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин алып чыгышкан эле.

Бул боюнча, КСДП фракциясы да өз чечимин чыгарып, эртеңки жыйынга алып чыгаарын депутат Төрөбай Зулпукаров кошумчалады. Ошондой эле эртең депутаттык комиссиянын курамы аныкталмакчы.

Өкмөттө бир нече министр иштен кетет

Бишкек. 15.05.19. informator.kg Жакынкы күндөрү Өкмөттө өз ишин аткара албагандыгы үчүн бир нече министрлер кызматынан бошотулат. Бул тууралуу Көк үйдөгү өздүк булактардан маалым болду.

Алынган маалыматтар боюнча, энергетика, тоо кен, билим берүү, саламаттыкты сактоо, ички иштер, токой чарба тармактарынын башчыларынын иши натыйжасыз болуп, Өкмөт башчы өзүнө чечим кабыл алган.

Эскерте кетсек, өткөн айда Өкмөттүн отчету ЖКда каралып, анда да Мухаммедкалый Абулгазиев айрым жетекчилерди алмаштырышы мүмкүндүгүн айткан эле.

Экс-министр Динара Сагинбаева кармалды

Бишкек. 15.05.19 informator.kg Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева кылмышка шектүү катары камакка алыгды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыздан маалым болду.

Маалымат боюнча, ага кылмышкер Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча кылмыш ишинде аралашкандыгы үчүн кылмыш иши ачылган.

Биздин портал өткөн жумада эле Динара Сагинтаева менен мурдагы ИИМ министри Шамиль Атаханов кылмышка шектелип жатканын жазган элек.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматынан кетти

Бишкек. 15.01.19. informator.kg УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Анда белгилүү болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматы өткөргөн электрондук паспорттордун бланкасы боюнча тендерлердеги мыйзам бузууларды УКМК бир канча жолу далилдегенине карабай, коомчулуктун көңүлү башка жагдайга бурулуп, органдын жетекчилигине ар кандай сын-пикирлер арбыгандыктан, ушундай чечим кабыл алганы айтылат.

Эске сала кетсек,Мамкаттоонун мурдагы башчысы Алина Шаикова аны Идрис Кадыркулов ресторанга бей расмий жолугушууга чакырып, паспортторду жасоо боюнча Орусиялык компаниянын жетекчилиги менен тааныштырганын айтып чыккан эле.

Чүй менен Баткенге прокурорлор дайындалды


Бишкек. 13.05. 19. informator.kg Бүгүн Чүй жана Баткен облустарынын прокурорлору дайындалды. Башпрокуратуранын берген маалыматы боюнча, Баткен облусуна мурдагы Бишкек шаарынын прокурору, аталган облустун губернатору Абиш Халмурзаевдин бир тууганы Абдибакыт Халмурзаев прокурор болуп дайындалган.

Ал эми Чүй облусунун прокурорлук кызматына УКМКнын кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеген Азамат Чынбаев дайындалган.