Коом

Коом

КМШ президенттердин жолугушуусу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

13-октябрь 2020/informator.kg- 16-октябрга белгиленген КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин видео-конференциясы болбойт. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты. “Жолугушуунун күнү жылдырылды” деп билдирген Песков. Анын айтымында, жолугушуунун жаңы күнү жөнүндө азырынча маалымат аныктала элек. КМШнын Аткаруу комитетинин маалыматы боюнча, жыйындын жылдырылышына дүйнөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаал, ошондой эле талкууга коюлган маселелерди иштеп чыгуудагы кемчиликтер себеп болду. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген мамлекет башчыларынын кеңеши шериктештиктин жогорку органы болуп саналат. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы кызыкчылыктарына байланыштуу бардык фундаменталдуу маселелери талкууланат жана чечилет.

ИИМ: “Кыргыз өлкөсүндө абал туруктуу”

13-октябрь 2020/informator.kg-Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Ал эми өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. “Республика боюнча 12-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 303 кылмыш менен жорук катталган. Анын ичинен 151и кылмыш, 152си жоруктар. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө. Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында киргизилген Өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат. Ушуга байланыштуу бекитилген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууну суранат”, – деп жазылат маалыматта.

Токтогул районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 6 киши жабыркаган

13-октябрь 2020/informator.kg- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 6 киши жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 12-октябрь күнү саат 13:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 310-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Жыгач айылында болгон. Анда Honda Odyssey жана Toyota 4Runner үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жерине ӨКМдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Акыркы суткада дагы 343 жарандан коронавирус аныкталды

13-октябрь 2020/informator.kg- Акыркы суткада өлкө боюнча дагы 343 жарандан илдет аныкталды. Маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.

Бишкек – 81
Ош шаары – 18
Чүй облусу – 21
Ош облусу – 46
Ысык-Көл облусу – 17
Жалал-Абад облусу – 77
Баткен облусу – 83

Бүгүнкү күндө стационарда 1 миң 776 бейтап, амбулатордук дарыланууда 1 миң 833 бейтап жатат. Муну менен республика боюнча илдет аныкталгандардын жалпы саны 49 миң 871 болду.

Токтогул районунун тургунунун үйүнөн 541 килограммдан ашык баңгизат алынды

13-октябрь 2020/informator.kg-

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургунунун үйүндө жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө 541 килограммдан ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Атайын операциянын жүрүшүндө 541 килограммдан ашык баңгизат алынды. ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири көлөмдөгү баңгизаттарды алуу боюнча операцияны ийгиликтүү жүргүздү. Баңгизаттарды саткан адамдарды аныктоо жана кармоого, баңгизаттарды даярдагандардын, ташуучулардын жана сатып алуучулардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган иш-чаранын жүрүшүндө 541 килограммдан ашык баңгизаты табылып алынган. Буга чейин кызматкерлерге Токтогул районунун жашоочусу өзүнүн үйүндө өсүмдүк түрүндөгү баңгизатын даярдап жатат деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты сотко чейинки өндүрүш ишине алынып, тергөө амалдары жүргүзүлө башталган. Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чаралардын натыйжасында Токтогул районунун 1982-жылы туулган Ү.М. аттуу тургуну үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда, анын сарайынын ичинен 15 даана канистр, 5 даана бочка, 4 даана ак түстөгү капка салынган күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө кендир жыты бар зат табылып алынган. Андан сырткары, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы, 12 даана 7.62 калибриндеги октор, гильзалар табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы көрсөтүлгөн заттардын жалпы салмагы 541 килограмм 609 граммды түзгөн, анын ичинен суюктук баңги заты 489 килограмм 760 грамм, марихуана 51 килограмм 849 грамм. Азыркы учурда шектүү Ү. М. соттун чечимине ылайык 2 айга камака алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп жазылат маалыматта.Булак:Супер инфо

Бишкекте өзгөчө абал режими токтошу мүмкүн

12-октябрь 2020/informator.kg- Бүгүн, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал жарыялоо боюнча президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кол койгон жарлыктын мөөнөтү соңуна чыгат. Эске салсак, ЖК депутаты Мыктыбек Абдылдаев (ошол кездеги төрага) парламент үч күндүн ичинде кворум чогултуп, өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитип бербесе, ал автоматтык түрдө күчүн жоготорун айткан. Бул бүгүн саат 17.00гө чейин парламент тарабынан жарлык бекитилбесе, ӨА режими токтотулат дегенди түшүндүрөт. Жогорку Кеңеш депутаттарынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынынын күн тартибине аталган маселе киргизилген. Бирок кийин каралбасы белгилүү болгон.00

Кара-Кече кени кадимки калыбында иштеп жатат

12-октябрь 2020/informator.kg- Кара-Кече көмүр кени кадимки калыбында иштеп, бир күндө орто эсеп менен 3500 тоннага чукул көмүр сыртка чыгарылууда. Бул туурасында аталган мамлекеттик ишканадан кабарлашты. Маалыматта кен казган жайда абал туруктуу экендиги, калкты камсыздоо үчүн көмүр толугу менен ташылып чыгып жаткандыгы айтылган. Кечээ, 11-октябрда, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев Кара-Кече кенине барып, иштин жүрүшү менен таанышып келген.

Бишкек ШИИББи: “Түндө Бишкек шаарында абал тынч болду”

12-октябрь 2020/informator.kg- Түндө Бишкек шаарында абал тынч болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, калааны ички иштер органдары, куралдуу күчтөр элдик кошуун менен биргеликте коомдук тартипти сактап, жарандардын коопсуздугун камсыздашты.
Саат таңкы 5:00дөн бери транспорттун жана жарандардын кыймылы кадимки абалда башталды. Мамлекеттик мекемелер менен ишкерлик объектилер толук иштеп жатат. Милиция кырдаалды курчуткан жана чагымчылдыкты жараткан аракеттер боюнча фактылар болбогондугун айтты.

Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү пункту жабылды

12-октябрь 2020/informator.kg- Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү пункту жабылды. Бул тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашты. Өткөрүү пункту кытай тараптын демилгеси менен болгон. Анда жүк ташуучу унаалар убактылуу өткөрүлбөйт.

“Дордой Моторс” соода борборунда кызды ур-токмокко алган жаран изделүүдө

12-октябрь 2020/informator.kg- 11-октябрда Д.Сяопин көчөсүндө жайгашкан “Дордой Моторс” базарында белгисиз адам кызды ур-токмокко алганын чагылдырган видео интернетке тараган. Бул факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. “Учурда тергөө иштери жүрүп, белгисиз кишинин турган жерин аныктоо жана камакка алуу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп билдириштти аталган мекемеден