Коом

Коом

Сабиржан Каримов сакайып ишке чыкты

Бишкек. 3.08.20 informator.kg Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Каримов сакайып ишке чыкты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы сүйүнчүлөдү.

Алардын айтымында, «станционардык дарылануудан кийин бир жума үй карантининде өзүн өзү коргоодо жаткан” министр бүгүн иш ордуна кайтып келген. Бул аралыкта анын убактылуу милдетин орун басары мадамин Каратаев аркалап келген.

Эске сала кетсек, Сабиржан Каримов министрлик кызматка жаңы киришкен маалда коронавирус илдетин күчөп, Кыргызстан жалпысынан 1400дөн ашык жаранынан айрылды.

Ө. Текебаев менен Д. Чотонов парламенттик шайлоого катыша алат

Бишкек. 3.08.20 informator.kg

“Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдор быйыл күздө өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша алышат. Бул тууралуу алардын жактоочусу, юрист Таалайгүл Токтакунова билдирүү берди.

Анын айтымында, аталган эки саясатчы тең мурда соттолгон эмес жана алардын үстүнөн “Коррупция” беренеси менен козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлгөндүктөн, ал берененин өзү мыйзамдуу экенин талаш жаратат.

“Кыргызстандын мыйзамдарында менин кардарларымдын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуусуна тыйуу салган ченемдер жок. Ооба, сот жүрүп жатат, бирок, Текебаев да, Чотонов да соттолгон эмес, соттуулугу жок. Демек, алар толук шайлоого жана шайланууга укуктуу”,-дейт жактоочу.

Эске сала кетсек, аталган эки саясатчыга козголгон кылмыш иштери боюнча мурдагы соттук чечимдер Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, иш кайра кароого алгачкы инстанцияга жиберилген.

Ч.Сейитбеков карышкыр менен итти аргындаштырып, өзгөчө күчүктөрдү алууга аракет кылууда

27-июль 2020/informator.kg-

Кыргыз дөбөтүнүн тукумун үзбөй сактоого аракет кылып келе жаткан Чыңгыз Сейитбеков карышкырды колго үйрөтүп баштады. Ал 13 жылдан бери тайган багып келет.

«Мени кыргыз дөбөтү жоголуп бара жатканы убайга салып келген. Төрт жылдан бери кыргыз дөбөтүнүн тукумун сактап, көбөйтүү аракетин көрө баштадым. Кыргыз иттерин жакшыртуу максатында карышкыр менен иттерди аргындаштыруу жолу менен күчүктөрдү алуу аракетин да көрүүдөмүн. Ата-бабаларыбыз “бөрү баласы ит болбойт” деп коюшат. Бирок жакшылап карап бакса, карышкырды деле колго үйрөтсө болот экен. Мен эки айдан бери карышкыр багып келе жатам. Аны ээрчитип алып сейилдеп, жарышып чуркап ойнойбуз. Ал деле ит сыяктуу колго көнүп, адамга жакын дос боло алат экен», – дейт Чыңгыз Сейитбеков.Ал колунда багып жүргөн карышкырды багып алам дегендер болсо сата турганын билдирди.Чыңгыз Сейитбеков 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган.

«Туңгуч» театрынын башкы директору Садыр Назаров дүйнөдөн кайтты

27-июль 2020/informator.kg-

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 26-июлда 83 жашында дүйнөдөн кайтты.Маркумдун жакындары ал сегиз айдан бери инсульттан улам төшөктө жатканын билдиришти.Садыр Назаров 1937-жылы Токтогул районунун Кара-Суу айылында туулган. Көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтунун окутуучусу, проректору болуп иштеген.1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Бишкектеги «Туңгуч» театрын жетектеп келген.Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев баштаган коомдук-саясий, маданий ишмерлер кол койгон некрологдо:«Туңгуч» театрынын тынымсыз чыгармачылык ийгиликтерге жетишип, кыргыздын сахна өнөрүн Европа, Азия, Америка, Африка мамлекеттерине чейин таанылышына Садыр Назаровдун кошкон салымы зор», деп белгиленген.Садыр Назаров «Туңгуч» театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, актриса Жамал Сейдакматованын өмүрлүк жолдошу болчу.Маркумдун сөөгү 27-июлда Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылына коюлат.

Кыргызстандын өкмөт башчысы менен Беларусь президенти жолугушту

18-июль 2020/informator.kg-

Премьер-министр Кубатбек Боронов менен Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко жолугушту. Жолугушуу Минск шаарында уюштурулган, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.«Беларусь Республикасынын президенти эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун ырааттуу өнүгүүсүн белгиледи.Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен достук жана өз ара кызматташтык мамилелерге өзгөчө маани берерин белгиледи.Жолугушууда Кубатбек Боронов эки жактуу соода-экономикалык кызматташууну күчөтүүнүн, товар жүгүртүүнү бир кыйла көбөйтүүнүн, инвестициялык өз ара иштешүүнү өркүндөтүүнүн, эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө айрыкча көңүл бурду», – деп айтылат маалыматта.Өкмөт башчы кечээ Евразия экономикалык бирлигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кеткен. Өкмөт башчы учкан учак менен Беларусь Республикасынан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүчү 5,4 тонна дары каражаты алынып келе турганы маалым болду.

Президент Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды.

16-июль 2020 /informator.kg-

 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды.Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мамлекет башчы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.

«Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам.Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге — ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин», – деди президент.Баарлашууда ата-энеси мектептен бери медик болууну кыялданып, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтоп, Медициналык академияга кабыл алынган кызы Адинай тууралуу айтып беришти.Президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекова биздин замандын баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары калаарын баса белгиледи.Адинайдын ата-энеси Жээналиев Замирбек менен Молдокулова Дилбар 4 кыздуу болушкан. Айгерим менен Бегимай — студенттер, Жанель — мектеп окуучусу.

“Алтын сертификатка” 53 бүтүрүүчү татыктуу болду

16-июль 2020/informator.kg-

Бул жылы Жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 245 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болушту. Эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды. Анын баллы – 229.Бишкек шаары – 28
Ош шаары – 3
Чүй облусу – 6
Ош облусу – 2
Талас облусу – 2
Баткен облусу – 6
Ысык-Кѳл облусу – 4
Нарын облусу – 1
Жалал-Абад облусу -1Азыркы учурда ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган бүтүрүүчүлѳр ЖРТга тест тапшырышты (2020-жылдын 13-14-июлунда), алардын саны 700гѳ жакын. Акыркы этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр болсо, «Алтын сертификатка» ээ болгон тизмеге 2020-жылдын 17-июлунда кошумча киргизилет. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТда эң жогорку упай алган, сапаттуу билимге эгедер мектеп бүтүрүүчүлөрүн, окуткан агай-эжекелерин, ата-энелерин куттуктайт жана алардын окууларына ийгиликтерди каалайт. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Түркиядагы кыргызстандыктар Бишкекке кычкылтек концентраторлорун жөнөтүштү

5-июль 2020/informator.kg-

Бул тууралуу Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият” коомунун жетекчиси Нурлан Абдыкаимов билдирди.Стамбулдан Бишкекке 15 даана кычкылтек концентратору 4-июлда жөнөтүлгөн.Медициналык бул жабдыкты кыргызстандыктар өз каражатына сатып алышкан.4-июлда Бишкек мэри Азис Суракматов борбордогу ооруканаларда кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканын айтып, ишкерлерди көмөк көрсөтүүгө чакырган.Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыкты.Ал эми март айынан бери пневмониядан каза болгондор 151 адамды түздү.Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес эле COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.Түркияда учурда расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштеп жүрүшөт.

Бишкектеги “Discovery” мейманканасында убактылуу оорукана ачылат

4-июль 2020/informator.kg-

Бишкектеги “Discovery” мейманканасынын негизинде убактылуу оорукана ачылып, коронавируска чалдыккан жеңил жана орто абалдагы бейтаптарды кабыл ала баштайт.Бул тууралуу мурдагы премьер-министр, ишкер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, аталган мейманкананын кожоюндары имаратты оорукана үчүн акысыз берүүгө макул болгон.Ал эми андагы дарыгер, медайымдардын айлык акысын, тамак-ашын, ал жерде жашоо-шартын, жана техникалык муктаждыктарды камсыздоону Өмүрбек Бабанов өз моюнуна алмакчы.Мындан сырткары мурдагы премьер-министр дарыгерлердин кесиптик майрамына карата 5 миллион сом бөлүп бере турганын жарыялады. Бул каражат учурда иштеп жаткан 800дөй дарыгер жана медайымдарга кошумча колдоо катары төлөнөт.Өкмөт бул кабарды ырастап, “Discovery” мейманканасында 30 орундуу оорукана ачыла турганын маалымдады.

Ырчы, обончу Тургуналы Нурматов каза болду

4-июль 2020/informator.kg-

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы жана обончу Тургуналы Нурматов каза болду.Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Маалыматка ылайык, 65 жаштагы Нурматов акыркы жылдары инсульт алып, катуу ооруп жүргөн. Соңку айларда ооруканада комада жаткан.Маркумдун сөөгү 5-июлда кичи мекени Талас шаарында жерге берилет.Тургуналы Нурматов ырчы жана обончу катары белгилүү. Анын “Кыргызымдын жигиттери”, “Той ыры” деген сыяктуу элге таралган ырлардын автору.2019-жылы президенттин жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген наам алган.