Бишкек. Informator.kg 7.05.19.
Премьер-министр
Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Любовь
Костылевадан кабар алды. Бул боюнча Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо
бөлүмү билдирди.
Бишкектин
тургуну, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, жашы 100гө
таяган Любовь Костылеванын үйүнө баш
баккан Өкмөт башчы 9-май – Жеңиш күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук
каалады.
«Силер биздин
мамлекеттин өзөгүсүңөр. Сиздердин эрдик кайраттын жана ар-намыстын айкын үлгүсү
катары кызмат өтөйт. Согуш жылдары сиздер көз көрбөгөн сыноолордон өтүп,
кыйынчылыктарга карабастан жеңишке жетиштиңиздер. Эң оор мезгилде эрдик жасап,
өлкөнү коргоп калдыңыздар. Андан соң согуштан кийинки жылдары Ата Мекендин
бакубат жашоосу үчүн тынымсыз иштеп, республикабыздын бүгүнкү негизин
түздүңүздөр», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Андан ары ал Өкмөт
дайыма согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтөт деп
ишендирди.
«Эч ким көңүл
буруусуз калбайт. Сиз сыяктуу адамдардын мисалында өсүп келе жаткан муунду
тарбиялоо зарыл. Сиз аркылуу бардык согуш ардагерлерине жана тылдын
эмгекчилерине чың ден соолук, руханий кайраттуулук жана узак өмүр каалайм.
Мындан тышкары эртең улуу майрамды белгилей турган бардык мекендештерибизге –
ачык асман жана бакубатчылык тилеп кетем!», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мындайга жетине албаган Любовь Костылева Премьер-министр менен согуш жана андан кийинки жылдар тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык айтып, батасын берди