Коом

Коом

Жергиликтүү жана Жогорку Кеңештерге шайлоо бир күнгө белгилениши мүмкүн

Бишкек. 9.05.20. Өлкө боюнча жарыяланган Өзгөчө абал алынып, айрым райондордогу өзгөчө кырдаалдар алынган соң жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун датасы аныкталышы керек. Ошол эле маалда быйылкы жыл өтүүчү КРнын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо да жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бир күнгө, тагыраагы 2020жылдын 4-октябрына белгилениши ыктымал. Бул тууралуу БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирген.

Анын айтымында, коронавируска байланыштуу режимдер алынган соң Президент шайлоолордун күнүн белгилеши керек.

“Баардыгы президенттин  шайлоолор боюнча буйругуна көз каранды. Пандемиядан улам 23-мартта өтүүсү токтотулган жергиликтүү шайлоолор кайсыл датага белгиленет  азырынча белгисиз. Бирок, экономикалык жагынан алганда анын Жогорку Кеңешке шайлоолор менен бир күнгө коюлганы талапка ылайык болот деген божомолдор да бар”,-деген БШКнын мүчөсү.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо өтүшү керек.

Алмазбек Атамбаев тергөөгө жооп бербей жатат

Бишкек. 08. 10.2019. informator.kg   Экс-президент Алмазбек Атамбаев кылмышкер Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка алынган. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, экс-президент аталган иш боюнча тергөөчүлөрдун суроолоруна жооп берген эмес.

“Менин кардарым башынан эле суракта суроолорго жооп берүүдөн баш тартуу укугун пайдаланууну туура көргөн. Азырынча, ага козголгон башка кылмыштар боюнча сурак боло элек, тергөө болуп жатат, бирок, бирок тергөөчүлөр ага келишкен жок”,-дейт ал.

Азырынча, экс-президентке жалпысынан 7 кылмыш иши ачылганы белгилүү. Алар массалык баш аламандыкты уюштуруу, мыйзамсыз баюу, мыйзамсыз мүлктөргө ээлик кылуу жана башкалар.

05.06.19 informator.kg ИИМдин жол күзөт кызматы жол эрежелерин бузган учурда, кайдыгер эмес жарандар сүрөткө тартып, интернет баракчаларга салышат. Алар сүрөттөргө түрдүү аталыштарды жазып, мындай жолдогу жоруктарга сын айтып келишет.

Коронавирус боюнча Саламаттыкты сактоо минитсрлигине берилген актуалдуу 10 суроого 10 жооп….

Бишкек 1.04.20. informator.kg Республикалык штабдан Салакматтык сактоо минитсрлигине эң көп узатылган актуалдуу 10 суроого министрликтин башкармалыгынын башчысы Алмаз Мамбетов тарабынан берилген жоопторду тизмектеди. Алар төмөнкүдөй:

Ысык-Көл облусунда студенттин өлүмү иликтенүүдө

1-июнь 2020/informator.kg-

Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы студенттин өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу 1-июнда  облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милиция ал өз жанын өзү кыйган деп божомолдоп жатат.
Окуя 30-май күнү Пристань-Пржевальск айылында болгон. 17 жаштагы жергиликтүү тургун дайынсыз жоголуп, туугандары издеп баштаган. Ошол күнү кечке жуук ата-энеси уулунун сөөгүн сарайдан тапкан.
Быйыл март-апрель айларында Ысык-Көл облусунда каза болгон беш өспүрүм боюнча ишти милиция суицид деп мүнөздөдү.
Буга чейин Жогорку Кеңеште Кыргызстанда 2019-жылы 46 өспүрүм жанын кыйганы айтылган.

Якутсктагы мекендештерди мекен кабыл албай жатабы?

9-июнь 2020/informator.kg – Якутск-Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдөн билдирүү.: “Биздин рейсибизде бардык уруксаттар алынган жана учак 2020-жылдын 5-июнунда саат 8.00гө белгиленген. Байкоочу жайдын жоктугуна байланыштуу Бишкек учакты кабыл алган жок (Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жообу).

Ошол эле учурда, пандемия башталгандан бери биздин аймактан эч кандай учак чыккан эмес. Биздин рейсте жүргүнчүлөрдүн контингенти өтө татаал. 162 кетүү арасында: – 72 студент; – 13 кош бойлуу аял; – 18 жашы жете элек бала; – 11 адам ооруп жатат; – 8 адам – ​​60 жаштан жогору; – 49 адам – ​​ар кандай жүйөлүү себептер менен учуп кетишти”.


Мекендештерибиз квартираларын,жатаканаларын өткөзүп коюп ,азыр абалдары оор экенин белгилешти. Алар билеттин баасына нааразычылыгы жок экенин, болгону мекенине кабыл албай жаткандары үчүн жаман болуп атабыз деп жазышкан.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги алардын элчиликке кайрылуусун жана тизмелерин толук берүүсүн өтүнүп, маселе боюнча эч нерсе кыла албайт экенин билдирди.

Мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалды

30.06.19 informator.kg «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 24 тоннадан ашык күйүүчү майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү  кабарлады.

Көзөмөл өткөрүү бекетине Казакстандан келген «Volvo» үлгүсүндөгү унааны  текшерүү учурунда документте «жылытуучу мунай» деп көрсөтүлүп, бирок анда 24 тонна күйүүчү май бар экени аныкталган.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин 1986-жылы туулган Кыргызстандын Д. Г. аттуу жараны жүгү менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Булак: Maral

Ошто төрага КСДПны чанып “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулду

Бишкек 12.03.20 informator.kg

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов он жылдан ашуун жыл мүчө болгон КСДП партиясынын катарынан чыгып, “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулду. Бул тууралуу ММКлар жазышты.

Маалыматтар боюнча, кечээ Ош шаардык кеүеши акыркы сессияга чогулгандан кийин, төрага Ж. Ормонов КСДПнын саясий кеңешине өз арызын жазып, саясий келечегин мундан ары “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен бирге тандаарын билдирген.

Эске сала кетсек, 12-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Ошто 9 партия ат салышууда. “Мекеним Кыргызстан” партиясын саясий жана материалдык жактан бир тууган Матраимовдор колдошоору коомчулукта айтылып келет.

Атамбаев кантип колго түшүп берген?

Бишкек.08.08. 2019. Соцтармактарда Алмаз Атамбаевдин ИИМ министрин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүп жаткан тасмалар тарады.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2399061970155746&id=224669670928331

Телефондон жалган террорду айткан аял кармалды

Бишкек. 09.03.20. innformator.kg УКМК телефон аркылуу террордук кол салуу туралуу айткан аялды кармаганын кабарлады. Маалыматта мындай деп айтылат:

“2020-жылдын 6-мартында КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө Россия Федерациясынын консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо УКМК атай адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвокуацияланган.
Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир жарылуу зат жок болуп чыккан.
Бул факт КР УКМК Тергөө башкы башкармалыгына сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1974-ж.т. М.Т.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны аныкталып кармалды.
Такталгандай, М.Т.К. бейбаштык менен ананимдүү маалымат жиберген.
Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат”-деп билдирет башкы коопсуздук органы.
Эскерте кетсек, жалган маалыматтарды тараткандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилик каралган.