Коом

Коом Страница 103

Алмазбек Баатырбеков, ЖК депутаты: “Иманкадыр Рысалиев “доңуз” беле?!”

Бишкек. 17.05. 19. informator.kg. Байланыш агенттигинде “КТ-Мобайл” боюнча жыцын болуп жатканын өзү эле билип барып калгыдай Иманкадыр Рысалиев эмне доңуз беле?!” Мындай суроону депутаттык комиссиянын отурумунда депута Алмазбек Баатырбеков КРнын Байланыш жана коммуникация агенттигин башчысы Бакыт Шаршембиевге узатты.

“Иманкадыр Рысалиевди сиз чакырдыңыз беле? Болбосо, ага жыйынты башкартууга кандайча уруксат
бердиңиз? Анын “”КТ-Мобайл” менен кандай иши бар эле?”,-деди депутат.

Ага агенттиктин башчысы Бакыт Шаршембиев “Баласынан угуп келсе керек…” деген жооп айтты.

Ал эми депутат болсо Башпрокуратурага кайрылып, Иманкадыр Рысалиевдин кызматтык жоопкерчилигин, анын чет элден каржыланган иши менен мамлекеттик жумуштун ортосундагы байланышын териштирүү керектигин айтты.

Жанар Акаев, ЖКнын депутаты: “Иманкадыр Рысалиев боюнча ОБСЕге кайрылабыз”

Бишкек. 17.05. 19. informator.kg “Биз депутаттык комиссия тарабынан ОБСЕге кайрылып, “Ачык Өкмөт” долбоорунун Кыргызстандагы катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевди аталган долбоордон алууну суранышыбыз керек”. Бул тууралуу “КТ-Мобайл” компаниясынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын отурумунда депутат Жанар Акаев айтып чыкты.

“Биздин комиссия абдан маанилүү ишти карап жатабыз. Андыктан чечимдерди узартпай кабыл алып, баардыгын ордуна коюшубуз керек. Буга чейинки Мегакомдун жетекчилери коррупциялык иштердин аркасы менен абакта отурат же аны тартып алабыз, андан акча жасайбыз деген Максимдер сыртта качып жүрүшөт. Бул комиссиянын жыйынтыгы баарына сабак болушу керек. Ошондой эле Иманкадыр Рысалиев боюнча ОБСЕге кайрылып, аны “Ачык Өкмөт долбоорунун катчылыгынан алышын суранышыбыз керек”,-деди ал.

Эске сала кетсек, ЖКдагы депкомиссиянын жыйынында Иманкадыр Рысалиевдин “КТ-Мобайл” боюнча жыйындарды алпарганы да тастыкталды.

Депкомиссия Башпрокуратурага Иманкадыр Рысалиевге чара көрүүнү тапшырат

Жогорку Кеңештеги “КТ-Мобайл” боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Иманкадыр Рысалиевге чара көрүү боюнча чечим чыгарат. Бул боюнча сунушту депутаттар Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбековдор айтышты.

“Акылбек Жамангуловдун коопсуздугу, анын үй-бүлөөсү коркунучта турса, биз бүгүн эле комиссия Башпрокуратурага чечимди берип, Иманкадыр Рысалиевге чара көрүүнү, жоопкерчилигин кароону тапшыралы”,-деди М. Жээнчороев.

Эске сала кетсек, аталган комиссиянын биринчи отуруму бүгүн өтүүдө.

Акылбек Жамангулов: “Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…”

“Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…” Бул тууралуу “Альфа Телекомдун” жетекчиси Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.

“Иманкадыр Рысалиев бир нече жолу менин дарегиме коркуткан сөздөрдү айтты, каттарды жазып, түбүңө жетем, укук коргоо органдарына каздырам, ал тургай балдарыңды жакшылап кара” дегенге чейин барган”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Иманкадыр Рысалиевдин Өкмөткө да, КТ-Мобайлга да расмий тиешеси жок…

Нурбек Мукамбетов да “КТ-Мобайлдан” кетти

Бишкек.17.05.19. informator.kg. Нурбек Мукамбетов “КТ-Мобайл” компаниясынын башкы директорлук кызматынан кетти. Бул тууралуу “Кыргызтелеком” ААКсынан билдиришти.

Анда аталган кызматчы өз арызы менен кеткени айтылат

Курманкул Зулушев “КТ-Мобайл” боюнча депкомиссияны жетектейт

Бишкек. 16.05.19. informator.kg “КТ-Мобайл” компаниясынын каржылык ишмердигине байланышкан маселени иликтөө максатында Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия куралып, анын башчылыгына депутат Курманкул Зулушев бекитилди.

Ал эми комиссиянын курамына СДПКдан – Жанарбек Акаев, Садолимжон Джураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, «Республика – Ата-Журттан» – Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев,  «Кыргызстандан» – Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, «Өнугуу – Прогресстен- Гульшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, «Бир Болдон» – Акылбек Жапаров, «Ата Мекен» – Алмамбет Шыкмаматовдор мүчө болушкан.

Бул комиссия эми “Кыргызтелеком” ААКсынын алдындагы “КТ-Мобайл” уюлдук компаниясынын пайда болушу, анын каржылык операциялары тууралуу толук иликтеп чыгышмакчы.

Батукаев боюнча суракта Рысалиевдин абалы начарлаган

Бишкек.16.05.19. informator.kg Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча суракка барган депутат Зарылбек Рысалиевдин абалы начарлаган. Бул боюнча, өздүк булактарга шилтеме берип, “Жалбырак ТВ” каналы маалымдады.

Андагы маалымат боюнча, бүгүн таңда аталган кылмыштын алкагында кармалган З. Рысалиевдин мурдагы кеңешчиси К. Качкыналиев менен депутатты суракта беттештиришкен. Ошол маалда депутаттын денсоолугу кескин начарлап, сурак убактылуу токтотулган.

Айыл банктын мурдагы башчысы камалды

“Айыл банктын” мурдагы директору Мурат Акимов камакка алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынан билдиришти.

Андагы маалымат боюнча, ал 2017-2019-жылдары банкты башкарып турганда бир катар каржылык мыйзамсыз иштерге кириптер болгону аныкталган.

Бакыт Төрөбаев, ЖК депутаты: “Шайлоодо “Форма-2″ деген тизмеге тыйуу салышыбыз керек!”

Бишкек. 16.05.19.informator.kg “Шайлоого катышкан партиялардын Жогорку Кеңешке шайланууда 9 эмес 5 пайыз босогодон өтүшү керек” Бул боюнча ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев маалымат жыйынында айтты. Ал “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы иштеп чыгып, сунуштаган шайлоого карата мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча жазылган мыйзам учурда төраганын колунда турат.

“Шайлоого катышып, 3 пайыздан 5 пайызна чейинки босого добушун алган партияларга биз 5 мандаттык квота берели деп жатабыз. Ошондо азыраак добуш алса да, колдоочулары бар жаш партиялар парламентке келип, мамлекет үчүн кызмат кылышат”,-дейт ал.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда “ФОРМА-2” аталган кошумча тизме киргизүүгө тыйуу салынган. Ал эми административдик күчтү колдонбоо боюнча 26 пункттан турган ар кандай чектөөлөр киргизилип, бул шайлоого катышкан партиялардын каржылык теңдигин камсыз кылат.

Камчыбек Жолдошбаев, ЖКнын депутаты: “Турдакунов Усубалиев Кыргызстанды биримдикке алып келген киши”

Бишкек. 16.05. 19. informator.kg “Турдакун Усубалиев Кыргызстанын биримдикке алып келген, ынтымакка алып келген, өнүктүргөн киши. Анын 100 жылдыгын татыктуу белгилешибиз керек”. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев айтты.

Ал белгилегендей, Бишкектин 1-май районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу туура болмок. “Ал Кыргызстанды 24 жыл башкарган. Анын учурунда республика боюнча алдыга жылуу гана болгон. 1-май районундагу ушул Акүй, Спорт сарайы, тарых музейи, “Агропром” баштаган жаркыраган имараттарды ошол киши курган. Аэропортубуз да ал кишинин эмгеги. Андыктан, анын 100 жылдыгында ысымын борбордун татыктуу жерине калтыруу керек. Айрымдар колхоз-совхоздорду сунуштап жатат…”,-деди депутат.

Ошондой эле ал коомдук ишмердин тушунда Дуйнөлүк Олимпиадада Кыргызстанда 5 чемпион-призер чыкканын да кошумчалады.

Эске сала кетсек, быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө иш-чарасы Президенттин буйругу менен мерчемделген.