Өмүрбек Текебаев ооруканага которулду
Бишкек. 31.05.19 informator.kg 47-абакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев саламаттыгындагы чукул өзгөрүүдөн улам ооруканага которулду. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду.
Анда саясатчы акыркы күндөрү бели катуу оруп, жүрөк оритмиясы да кармап жаткан. Ошондон улам абак жайдын дарыгерлери аны М.М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которушкан.
Эске сала кетсек, анын абактан бошоо мөөнөтүнө алты ай убакыт калды. Балким, саламаттыгынан улам үй камагына чыгаруу сунушу да бийликке жолдонушу мүмкүн