Бишкек. 9.01.20. informator.kg
2019-жылдын
7-8-августь күндөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы
үйүндө болгон окуялар боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМ тергеп бүттү. Азыр бул
документтер менен күнөөлөнгөн тараптардын жактоочулары таанышып баштаганын А.
Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирген.
Анын айтымында,
тергөөдө бул кылмыш иши толугу менен канча томдон турганы айтыла элек, бирок,
жактоочулар баллистикалык экзпертизанын жыйынтыктары баштаган айрым документтер
менен макул эмес. “Тергөөнүн материалдары боюнча талаштуу жагдайлар бар, биз
макул болбой, кардарларыбыздын күнөөсүздүгүн далилдөөгө аракет көрөбүз. Буга
бир топ убакыт талап кылынып, ИИМдин Тергөө башкармалыгы бизди убакытты
атайылап чоюп жаткандай күнөөлөшү да мүмкүн. Бирок, иште далилдер жетиштүү
болушу керек”,-дейт ал.
Ошондой эле анын маалыматы боюнча, Кой-Таштагы окуялар Кылмыштарды жана Жоруктардын каттоо Бирдиктүү Реестрине “Массалык баш аламандык”, “Бейбаштык”, “Адам өлтүрүү”, “Адам өмүрүнө кол салуу”, “Бийлик өкүлдөрүн коркутуу жана зобмбулук көрсөтүү”, “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу”, “мыйзамсыз курал колдонуу” жана “Барымтага алуу” беренелери менен катталган.
Тергөө жарым
жылга чукул убакыт жүрүп, кылмыш ишинин алкагында 12 адамга иш козголгон. Алардын арасынан А.
Атамбаевге жакын делген Кыяс Смаилов менен Алга Кылычев тергөө менен
кызматташып, үй камагына чыгарылган.