Коом

Коом Страница 115

9-май. Улуу жеңиш. Арабызда 356 баатыр калды…


Бишкек. 9.05. 19. informator.kg   Бүгүн Улуу Атамекендик согуштун жеңиш майрамы. Бул күндү мурдагы Советтик республикалардын көбү салтанаттуу майрамдашат. Анткени, арабызда ошол алааматка катышкан ардагерлердин аз болсо да көзү тирүү.

КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда Улуу Атамекендик согуштун 356 ардагери жашап жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир ардагерге бир жолку-20 миң сомдук материалдык жардам берүүнү буйрук кылды.

9-май СССРдин улутчул-фашисттик Германияын баскынчылыгын токтоткон күн катары 1945-жылдан бери майрамдалып келет. 1941-жылдын 22-июнунда таңга маал СССРдин аймагына кол салган Адольф Гитлердин армиясын Иосиф Сталин башында турган совет эли 1945-жылы Германиянын борбору Берлинге чейин сүрүп барып, Рейхстагга 9-майдын таңында жеңиш туусун сайган эле. Төрт жылдан ашык бул кармашта жалпысынан 27 млн. адам көз жумуп, бул дүйнөдөгү адамзаттын жашоосуна эбегейсиз залал алып келген кандуу согуш катары айтылып келет.

Кыргыз ССРнен жалпысынан 2-дүйнөлүк согушка 365 миң жоокер катышып,  анын 100 миңден ашууну кайтып келген эмес. 150 миң жоокер ар кандай эрдик орден, медальдар менен сыйланып, 72 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.

Informator.kg маалымат порталы жалпы кыргызстандыктарды 9-май Жеңиш Күнү менен куттуктайт.  Биздин бүгүнкү эркиндиктин башаты кечээки Улуу Согушта жеңген чоң аталарыбыз, тылда тынымсыз эмгектенген чоң энелерибиз! Алардын эрдиги эч качан унутулбайт! 

Жашасын, эркин Кыргызстан!

“Өлбөс полктун маршына” экс-президент Алмазбек Атамбаев катышуусу мүмкүн


Бишкек. 9.05. 19. informator.kg Бүгүн Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине арналган “Өлбөс полктун жүрүшүнө” экс-президент Алмазбек Атамбаев катышышы мүмкүн. Бул тууралуу порталга өздүк булактардан белгилүү болду.

Алардын маалыматына караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаев балдары менен бирге согушка катышкан чоң аталарын эскерип, кыргыз эли менен бирге жүрүшкө катышууга ниет кылган.

Эске сала кетсек, кечээ Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат кызматы Бишкек шаардык кеңеши аркылуу майрамдык жүрүштү дрон менен тартууга тыйуу салган чечим чыгарган болчу. Коомчулук бул чектөөнүн сырын түшүнө албай, соцтармактарда “Президенттин коопсуздугу коркунучтабы?” деген кабатырлануу күч алып жаткан эле.

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев 6 саат суралды

Бишкек. Informator.kg  7.05.19. Президент Сооронбай Жээнбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси, мурдагы Мамкаттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев УКМК тарабынан алты саат суралды.

Ал арада укук коргоочу Татту Мамбеталиева Дастан Догоев түшкү саат 11ден бери УКМКга чакырылып, сурак берип жатканын айтып, азырынча аны камоо тууралуу маалымат жоктугун айтууда.

Эске сала кетсек, электрондук паспорт бланкаларын чыгаруу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын өткөргөн тендери боюнча УКМК кылмыш ишин ачып, анын алкагында аталган кызматтагы үч жооптуу кызматкер камакка алынган. Ал арада бул ишке Президенттин электрондук маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Дастан Догоев да аталган чырга байланышы бар экендиги айтылып жаткан.

Жалил Атамбаев кечирген сөз эркиндигине Кожобек Рыспаев “секирди…”

Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

Бүгүн Октябрь райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин “Ачык саясат плюс” коомдук-саясий жана укуктук гезитинин үстүнөн жазган доо арызы каралууда. Бул боюнча гезиттин журналисти Нуркыз Бакасова билдирди.

«Былтыр, 2018-жылы август гезитке депутат Кожобек Рыспаев өз позициясынан тайып, эски-жаңы президенттин тартышында экинчи тарапка ооп жатканы боюнча куш тилиндей макала жазылган. Бирок, бир жылдан кийин ошол макаланы «эстеген» Кожобек Рыспаев абийириме шек келтирди деген жүйөө менен гезитти 300 миң сомго сотко берип, доо арыз жазыптыр. Бүгүн Кожобек Рыспаевдин тарапташтары доо арыздын көлмүн 300 миң сомдон 1 млн. сомго көтөргөнүн айтышты. Ушу тапта соттук процесс уланууда»,-деди ал. Informator.kg порталына.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев болсо макаладагы айрым “кыңшылап”, “сойкудай болуп”, “саткын” деген сөздөр ар-намысына шек келтиргенин, бир жылдан бери гезит токтотобу деп күтсө токтобой шыбай бергенин айтып, “300 млн. сомдон 1 млн. сомго көтөргөнүм ал жактоочулардын каталыгы болду. Алгач алган жактоочуларым туура эмес доо коюшкан экен. Керек болсо 2 млн. сомго берем, менин сойкулугумду далилдешсин” деген пикирин айтты.

Мухаммедкалый Абулгазиев Любовь Костылеванын батасын алды


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Любовь Костылевадан кабар алды. Бул боюнча Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бишкектин тургуну, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, жашы 100гө таяган  Любовь Костылеванын үйүнө баш баккан Өкмөт башчы 9-май – Жеңиш күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук каалады.

«Силер биздин мамлекеттин өзөгүсүңөр. Сиздердин эрдик кайраттын жана ар-намыстын айкын үлгүсү катары кызмат өтөйт. Согуш жылдары сиздер көз көрбөгөн сыноолордон өтүп, кыйынчылыктарга карабастан жеңишке жетиштиңиздер. Эң оор мезгилде эрдик жасап, өлкөнү коргоп калдыңыздар. Андан соң согуштан кийинки жылдары Ата Мекендин бакубат жашоосу үчүн тынымсыз иштеп, республикабыздын бүгүнкү негизин түздүңүздөр», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан ары ал Өкмөт дайыма согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтөт деп ишендирди.

«Эч ким көңүл буруусуз калбайт. Сиз сыяктуу адамдардын мисалында өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо зарыл. Сиз аркылуу бардык согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине чың ден соолук, руханий кайраттуулук жана узак өмүр каалайм. Мындан тышкары эртең улуу майрамды белгилей турган бардык мекендештерибизге – ачык асман жана бакубатчылык тилеп кетем!», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындайга жетине албаган Любовь Костылева Премьер-министр менен согуш жана андан кийинки жылдар тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык айтып, батасын берди

Кыргыз Өкмөтү: “Өзбекстанга азырынча утула элекпиз”


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

КР Өкмөтүнүн арбитраждык трибуналда пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулуусу тууралуу маалымат анык эмес экен. Бул боюнча Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

 «Бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда тараган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто Ысык-Көл облусундагы пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулду делген маалыматка тийиштүү төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Бүгүнкү күнү бул ишти Эл аралык арбитраждык сотто кароо уланууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар болушу каралат. Ошондон кийин гана маселенин маңызы боюнча кароо процесси башталат.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экендиги тууралуу чечим чыгарган. Буга байланыштуу бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто утулгандыгы тууралуу маалымат анык эмес болуп саналат.

Бүгүнкү күнү Өкмөт тарабынан чаралардын кеңири түрү көрүлүп жана далилдер базасын түзүү, доогердин аргументтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат»,-деп айтылат аталган маалымдамада.

Эске сала кетсек, кыргызстандык юрист Жоомарт Жолдошев Эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстан Өзбекстанга улутташтырган пансионаттар боюнча талашта юридикциялык жактан утулганын жазып чыккан эле.

Президентти уят кылышат…Иш башкармалыктын бала бакчасында да акча жыйналабы?


Бишкек. Informator.kg  7.05.19.

КРнын Президенти менен Өкмөтүнүн иш башкармалыгына тиешелүү №144-бала бакчада жеткинчектердин бүтүрүү кечесине эне-аталардан акча жыйналууда. Мындай кабар бизге өздүк булактар аркылуу жетти.

Андагы маалыматтар боюнча,  иш башкармалыктагы аталган бала бакчанын жетекчилиги бүтүрүү кечесине арналган иш-чара үчүн ар бир балага 5 миң сомдон чогултууну эне аталарга буюрган. «Бүтүрүү кечеси үчүн эле 5 миңден чогултсак, андан тышкары ар бир балага айына 6-8 миңге чейин акы төлөйбүз. Оюнчукка, оюнга, театрга деген, эне-аталар фондуна деген да акчалар бар. Бул министрлерге эле ылайыкталбаса, айрым аппарат кызматкерлери үчүн абдан чоң сумма. Иш башкармалыктан деле бала бакчаны кармоого оңбогондой каражат бөлүнөт. Ал кайда кетет? Булар президентти да уят кылмай болушту»,-деп билдирет атын атагысы келбеген эне-аталардын бири.

Бул боюнча Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоевге чалганыбызда ал мындай маалыматтан кабары жоктугун айтты. «Эч кандай акча чогултуу жөнүндө сөз уккан эмесмин. Андайга жол берилбейт! Мен азыр баарын тактап, иликтеп силерге жооп кылам. Бала бакча жетиштүү каржыланат…»,-деди ал. 

Эске сала кетсек, 144-бала бала бакчада  200гө чукул бала тарбияланат.

9-майда Президентти дрон менен тартууга тыйуу салынды

Бишкек. Informator.kg  7.05.19.  Бишкек шаар мэриясы эртең, 9-май-Улуу Атамекендик согуштун жеңишинин урматына өтүүчү «Өлбөс полктун» жүрүшүндө ММК өкүлдөрүнүн Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган элди дрон менен сүрөткө же тасмага тартуусуна тыйуу салды. Мындай маалыматты мэриянын маалымат кызматы билдирип, «балким, катышуучулардын бирине кулап кетиши ыктымал» деген чочулоо бар экенин билдирген.

Эске сала кетсек, былтыр Президент согуштан кайтпай калган чоң атасы Пирназаров Жээнбектин сүрөтүн көтөрүп, Бишкекте «Өлбөс полктун» жүрүшүн баштап Жеңиш аянтына барган болчу.

Оштун Шейит-Дөбө чөлкөмүндөгү жолдор оңдолуп бүттү


Бишкек. Informator.kg  7.05.19. 

Ош шаарынын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүн бириктирген Мамажан көчөсү толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров маалымдады.

«Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүткөрүлгөн курулуш иштеринин сапатын текшерип, жолдорго жаңы асфальт төшөө иштери уланаарын билдирди.

Аталган көчө шаардын Шейит-Дөбө аймагында жайгашып, жол каралбай калган. Мыйзамсыз курулуштар алынып, жол четине арыктар (лоток) коюлуп, жөө адамдар басуучу жол (тротуар) да курулду. Жолдун бир тарабына курулган тротуардын узундугу 260 метр, туурасы 2,25 метрди түзөт. Ал эми асфальтталган жолдун узундугу 260 метр, туурасы 7 метр. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланды»,-деп билдирет ал. 

Анда маалым болгондой мэр жолдун ачылышы боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аксакалдардын ыраазычылык батасын алып кайткан.

Мурат Суталинов абактан бошотулду

Мурдагы ИИМ министри, кийин УКМКны башкарган Мурат Суталиновду бүгүн Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Ага дарыгерлер өтүшкөн өнөкөт оору дарт аныктамасын, андан соң жактоочулары аны бошотуу боюнча сотко арыз жазышкан.

Эскерте кетсек ал, 2010-жылдын апрель ыңкылабында тынч митингчилерге ок атуу буйругун берген деп 20 жылга эркинен ажыратылган.

Сот залынан бошогон ал кыргыз элинен дагы бир жолу кечирим сурап, ынкылапта каза тапкан балдардын алдында айыбы бар экенин айтып, мындан аркы жашоосун кыргызстандык дарыгерлер менен бирге уланта турганын, чет жакка дарыланууга барбастыгын айтты