Коом

Коом Страница 2

Жириновский Кыргызстандагы окуяларга таң калуу менен комментарий берди

12-октябрь 2020/informator.kg- Орусиялык саясатчы жана Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский “Комсомольская правда” радиосуна берген маегинде Кыргызстандагы окуялар жөнүндө комментарий берди. “Кыргыздар өз президенттерин жек көрүшөт. Алар ушуну менен бешинчи президентти айдап жатышат. Аскар Акаев кайда? Ал Москвада жашынып жатат. Курманбек Бакиев кайда? Беларуссияда жашырынып жүрөт. Алмазбек Атамбаев кайда? Түрмөдө жатат. Сооронбай Жээнбеков кайда? Ал дагы качып кетүү аркетин көрүүдө. Бул эмне демократиябы? Көп партиялуу тоскоолдук 4 пайыз, аларда 7 пайыздык чек бар болчу. Азыр ошол 7 пайыздык өтүүчү чек кайда? Мындай дүйнөнүн эч бир жеринде болгон эмес, болбойт дагы. Болуп жаткандардын бардыгын Бишкектеги эле узурпаторлор, диктаторлор ойлоп тапкан. Израилде 1 пайыз босого чекти камсыздаган партиянын өкүлдөрү азыр парламентте отурат. ⠀ Кыргызстан Борбор Азиядагы эң жакыр өлкө. Менин ал жакта туугандарым, Бишкекте жерим да бар. Өлкө жакыр болгондуктан өзүмө тиешелүү жерди да сата албай жатам. Бизге ал жер мураска Совет бийлигинин тушунда берилген. Азыр ал жерде үйлөр бар, Бишкектин борборуна айланды. Мен өзүм ал жактанмын, Алмата жакын жерде, 150 чакырым. Душанбеден менин туугандарымды 90-жылдары кууп чыгышкан “, – деп билдирген Жирновский.

“Шамбала” тасмасы Россиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

12-октябрь 2020/informator.kg- Кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасынын Россиядагы бет ачары XXIX “Киношок” ачык кинофестивалында болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Фестиваль Анапа шаарында 17-23-октябрь күндөрү болот. Аталган тасма толук метраждуу тасмалардын негизги сынагында көрсөтүлөт. “Шамбала” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары ушул жылдын июль айында Шанхай кинофестивалында болуп өткөн. Тасма Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын негизинде тартылган.

Covid-19: Кыргызстанда жаңы 298 учур катталды

12-октябрь 2020/informator.kg- Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 298 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 49 миң 528 адамга жетти. Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 59
  • Ош – 33
  • Чүй облусу – 13
  • Ош облусу – 51
  • Талас облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 13
  • Жалал-Абад облусу – 40
  • Баткен облусу – 86

Акыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды

epa08530726 Medical staff carries the body of a deceased from COVID-19 near a day hospital in Bishkek, Kyrgyzstan, 06 July 2020. In connection with the increase of the number of patients with COVID-19, new day hospitals were opened in Bishkek. People with acute respiratory viral infections and pneumonia can receive consultations, injections and droppers here. EPA/IGOR KOVALENKO

12-октябрь 2020/informator.kg- Акыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарында бир, Ош облусунда 3, Талас облусунда бир адам каза болду. Белгилей кетсек, 12-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 298 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 528ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 522 киши айыгып чыкты, 1 миң 90 адам каза болду.

Равшан Жээнбеков кармалды

11-октябрь 2020/informator.kg- Саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда кармалып, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, 9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталган. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Бишкек шаарындагы кафелердин биринен Равшан Жээнбеков кармалды. Азыркы учурда ал ИИМдин Тергөө кызматында.

Жапаров жаңы ички иштер министри Улан Ниязбековду жалпы жамаатка тааныштырды

11-октябрь 2020/informator.kg-Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы курамы тарабынан өкмөт башчылыкка шайлаган Садыр Жапаров жаңы ички иштер министри Улан Ниязбековду жалпы жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы башкармалыгынын, башкармалыгынын жана кызматтарынын башчылары катышты. “Садыр Жапаров Улан Ниязбековду башкаруучулук иштерде тажрыйбалуу жаш кадр экендигин баса белгиледи. Улан Ниязбеков ыкчам кырдаалда кыраакылыгын көрсөткөн кесипкөй сабаттуу жетекчи. Мен анын уюштуруучулук жөндөмү менен тажрыйбасы алдына коюлган тапшырмаларды так аткарууга мүмкүндүк берет деп толук ишеним көрсөтөм. Өзүңүздөрдүн араңыздардан чыккан иш-тажрыйбасы бар кадрлардын бири. Сиздер дагы министриңерди жакшы кабыл алат деген ойдомун. Бүгүнкү күнү өлкөдө оор кырдаал түзүлүп калды. Башыбыздан үчүнчү төңкөрүштү өткөрүп жатабыз. Мына сиздер милиция кызматкерлери бул массалык башаламандыкка туруштук берип, анын алдын алууга, өлкөдө тынчтыкты, туруктуулукту сактап калууга чоң салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Мен сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Ички иштер министрлигинин өздүк курамына Кыргыз Республикасынын аймагында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо, өлкөдө туруктуулукту сактоо боюнча тапшырмаларды аткарууда ийгиликтерди каалайм” – деп баса белгиледи ал.

Башкы прокуратура абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерди өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылды

11-октябрь 2020/informator.kg- Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерден өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылып, эгер бул талап аткарылбаса катуу чара көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. “Камактан чыгып кеткен адамдар кармоонун белгиленген тартибин бузуп, администрациянын кызматкерлерин коркутуп, 6-октябрга караган түнү түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, камактан мыйзамсыз чыгып кетишкен. Мындан улам абактан мыйзамды бузуп чыгып кеткендерге карата Жазык кодексинде жаза чаралары караларын эскертебиз”, – деп жазылат маалыматта.

Акыркы суткада 22 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды

11-октябрь 2020/informator.kg-

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ош шаары – 6;
Баткен облусунда – 4;
Ош облусунда – 8;
Жалал-Абад облусунда – 4;

Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3415 катталса, алардын ичинен 3085 медкызматкер айыгып чыкты.

Covid-19: Эң көбү Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусунда катталды

11-октябрь 2020/informator.kg-

Бир суткада коронавирус илдети 306 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек – 53;

Ош – 54;

Чүй облусу – 20;

Ош облусу – 52;

Талас облусу – 2;

Нарын облусу – 9;

Ысык-Көл облусу – 12;

Жалал-Абад облусу – 63;

Баткен облусу – 41.

Жалпы: 49230.

Ө. Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн БШКга арыз менен кайрылды

11-октябрь 2020/informator.kg-

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул маселе кийинки аптада каралат. Өмүрбек Текебаев 2017-жылы ноябрь айында мандатынан ажыратылып, анын мандаты Искандер Гайпкуловго берилген.