Коом

Коом Страница 2

Акылбек Жамангулов: “Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…”

“Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…” Бул тууралуу “Альфа Телекомдун” жетекчиси Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.

“Иманкадыр Рысалиев бир нече жолу менин дарегиме коркуткан сөздөрдү айтты, каттарды жазып, түбүңө жетем, укук коргоо органдарына каздырам, ал тургай балдарыңды жакшылап кара” дегенге чейин барган”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Иманкадыр Рысалиевдин Өкмөткө да, КТ-Мобайлга да расмий тиешеси жок…

Коендой ошкоштук. Мамкаттоонун башчысы “Мерседестеги” айымды кармалаган киши ал эмес экенин айтты

Бишкек. informator.kg Интернетке Кечээтен бери “Коопсуз шаардын” камералары тарабынан Бишкектин көчөлөрүндө тартылган сүрөттөр интернетке тарап, коомчулуктун кызыгуусун арттырууда. Анда 578 ACD мамлекеттик номери төрт башка унаага тагылып жүргөнүн көрүүгө болот. Ал эми алардын биринде ушул 2019-жылдын 1-декабрында Ибраимов көчөсүндө 73 км-саат ылдамдыкта ошол номер тагылган ак “Мерседес” маркасындагы унааны башкарып, жанындагы айымдын көкүрөгүнө колун салып бара жаткан айдоочуну көрүүгө болот. Соцтрамактардын колдонуучулары бул айдоочу КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетовго окшош экенин айтып чыгышты.

Бирок, айрым ММКларга жооп кылган Алмаз Мамбетов сүрөттөгү айдоочу ага окшош экенин, бирок, анын мындай унаасы, номери жок экенин, дем алуу күндөрү кара түстүгө унаа айдаарын айткан.

Анын бул сөзүн экономист, мурдагы “Айылбанктын” төрагасы Кайрат Маматов да бышыктап, сүрөт тартылган убакта Алмаз Мамбетов жубайы менен бирге чогуу башка иш-чарада отурганын кошумчалады.

КР ТИМи: «Непалдагы Кыргызстандын ардактуу консулунун кармалышы боюнча маалымат такталууда

Бишкек 10.04.20. informator.kg Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиядагы элчиликтин маалыматына таянуу менен Непалдагы Кыргызстандын ардактуу консулунун кармалышы боюнча «окуя боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын күтүш керек» деп билдирди.

Алардын айтымында, Непалдын өкмөтүнөн КР ТИМине ардактуу консулдун кармалышы боюнча расмий билдирүү келип түшө элек жана расмий Бишкектин суроолоруна да жооп бериле элек.

Эске сала кетсек, кечээ Кыргызстандын ардактуу консулу Сунил Агарвал Непалда мыйзам бузуп кармалганы боюнча чет элдик маалымат булактарынын кабар таратканын “Азаттык” жазып чыккан болчу.

Ал непалдык ишкер, ири компаниянын жетекчиси болуп эсептелет.

Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү пункту жабылды

12-октябрь 2020/informator.kg- Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү пункту жабылды. Бул тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашты. Өткөрүү пункту кытай тараптын демилгеси менен болгон. Анда жүк ташуучу унаалар убактылуу өткөрүлбөйт.

К. Боронов,вице-премьер: “Дарыгерлерге вирустун жукканы-бул кайталанууга болбой турган кейиштүү учур…”

Бишкек 8.04.20. informator.kg  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Республикалык ыкчам штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришкен.

Бүгүнкү күнү республика боюнча 42 жаңы учур аныкталды, жалпы 270 учур ырасталган.

Белгиленгендей, коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча иштер уланууда. Инфекция чыккан жерлерди дезинфекциялоо боюнча күчөтүлгөн иштер уланууда.

Штабдын жыйынында коронавирус менен ооругандарды дарылоо жайларында иштеген медицина кызматкерлерин жетишсиз камсыздоо боюнча маселе көтөрүлдү.

«Бүгүнкү күнү 30дан ашуун медициналык кызматкерге коронавирус жуккан. Бул кайталанууга болбой турган кейиштүү учурлар. Дагы бир ирет кайталап кетсем, ишке тартылган бардык медицина кызматкерлери коргоо кийимдери жана өздүк коргонуу каражаттары менен максималдуу түрдө корголушу керек. Бул биринчи кезекте дарыгерлерге жана башка медицина кызматчыларына, ошондой эле бир катар кызматтардын өкүлдөрүнө тийиштүү. Ушул маселе боюнча кемчилдиктерди кетирген жооптуу адамдар жазаланат. Медициналык мекемелерде бардык бекитилген эрежелер катуу сакталууга тийиш, медиктерге вирус жуккан фактылар мындан ары болбошу керек», – деди Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле белгилегендей, жер-жерлерде өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар болбоого тийиш, алардын иши токтобошу керек. Бул жаатта жергиликтүү бийлик органдарына маселени тактоо тапшырылды.

Ички иштер министрлигине калктын жана унаалардын кыймылын тартипке келтирүү, үйдөн тышкары чыгууларды болушунча азайтуу тапшырылды.

Айрым жарандар техникалардын бузуктугуна байланыштуу талаа иштерин жүргүзүүнүн мүмкүн эместигине нааразы болушуп, тетиктерди сатып алуу зарылдыгын билдиришкенине байланыштуу Чүй облусунун Токмок шаарында жана Сокулук районунда айыл чарба техникаларына тетиктерди сатып алуу түйүндөрү уюштурулду. Аймактарда жергиликтүү бийлик органдарына зарылдыгына жараша бул маселени иштеп чыгуу тапшырылды.

Медицина мекемелерин жасалма дем алдыруучу жабдуулар менен кошумча камсыздоо боюнча маселелер иштелип чыгууда.

Ошто “Бирик”- “Кыргызстан жаштар ынтымагы” блогунун ыктыярчылары 260 обьекти, 880 подьезди дезинфекциялашкан

Бишкек 9.04.20. informator.kg   Ош шаардык кеңешине бирге аттанган “Бирик” саясий партиясы менен “Кыргызстан жаштары ынтымагы” кыймылынын ыктыярчылары 18-марттан бери түштүк борбордо 260тан ашык обьектини 880 үйдүн подьездерин дезинфекциялап чыгышкан. Бул тууралуу ыктыярчылардын бири Медет Макенов бизге билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2020-жылдын 17-мартында коронавирус илдетинен улам карантин жарыялангандан тартып эле, “Бирик” партиясы менен “Кыргызстан жаштар ынтымагы” кыймылынын мүчөлөрү өз демилгелери менен Ош шаарын дезинфекциялап, вирустан жарандарды коргоонун аракетин көрүшкөн.

“Өзүм Түштүк Кореяда иштеп, Кыргызстанга келээрде бак-дарактарды дезинфекциялоо үчүн атайын жасалган унаа алып келген элем. Карантин башталганда Ош шаарын өкмөттү, мерияны күтүп отурбай эле дезинфекциялоо демилгесин көтөрсөм, тарапташтарым колдоп кетишти. Ошону менен 18-мартта шаардык санэпидеялык кызматтан уруксат алып, көп-кабаттуу үйлөрдүн кире бериштерин дезинфекциялоону баштадык. 23 күндүн ичинде  биздин ыктыярчы топ 880ден ашык үйдүн поддьездерин, 10 мамлекеттик ишкананын имаратын, 3 бала бакчаны, 7 жатакана, 8 базардын ичин, Юракадемиянын 3 имаратын, балдар аянтчалары менен аялдамаларды, таштанды таштоочу челектерден бери дезинфекциялап, шаарды зыянсыздандыруунун аракетин көрүп жатабыз. Азыр бизге бир жумалап кезекке тургандар бар”,-дейт Медет Макенов

Ал белгилегендей, бул ишке 2 тоннадан ашык хлор, 1 тоннага чукул күйүүчү май, беткап, колкап, коргоочу кийимдер менен бирге жалпысынан 320 миң сомдон ашык каражат жумшалган. Бул каражаттын баарын жогорудагы эки саясий блоктун мүчөлөрү өз чөнтөктөрүнөн чогултуп, шаардыктарды коронавирустан сактап калуунун аракетин көрүшкөн.

“Бизде эч кандай саясий кызыкчылык жок, эгер андай болгон болсо биз жергиликтүү шайлоолор токтотулганда эле ишти токтотот элек.  Мындай оор учурларда өкмөт эмне жасап берет кен деп карап отурбай, ар бир жаран өз мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошуусу керек деп эсептейбиз. Дезинфекциялоо иштери учурда да кызуу жүрүп жатат”,-дейт ал.

C.Жээнбеков Россиядан коронавируска каршы чыгарылган вакцинаны алып келеби?

3-октябрь 2020/informator.kg-

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде коронавируска байланыштуу Россиядан вакцина алуу боюнча айтып берди. «Бул боюнча дагы Владимир Владимирович Путин менен сүйлөштүк. Мен ал кишини дагы куттуктадым. Чынында, бул вакцинаны бүт дүйнө жүзү күтүп жаткан, бардык жерде кыйынчылык болуп жатат да. Ушул вакцинага баарыбыз тең чоң ишенич артып жатабыз, ушул ооруну токтотсок деген. Бул маселени сүйлөштүк. Буйруса, бул боюнча биздин тиешелүү мамлекеттик органдар иштеп жатышат. Анан өздөрү баштагандан кийин бизге дагы берүү боюнча маселе чечилди. Алар дагы эми баштап жатышат. Буйруса, алып келебиз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков

А.Атамбаев: «Я могу куда-нибудь вылететь при необходимости на один-два дня»

15.07.19 informator.kg «Я могу куда-нибудь вылететь при необходимости на один-два дня», — заявил сегодня журналистам бывший президент Алмазбек Атамбаев.

Однако, по его словам, он не намерен выезжать из страны навсегда.

«Я из своей страны улетать не собираюсь. Может быть, могу слетать на один-два дня, но для этого нужны определенные возможности и условия. Если этот момент у меня будет, я, может, куда-то и слетаю. Однако пусть никто не надеется, что я куда-то улечу и дам свою страну уничтожать дальше. Этого не будет, это моя страна, моя Родина и я тут буду всегда», — сказал Алмазбек Атамбаев.

Куда именно он может уехать, Алмазбек Атамбаев не сказал, но заявил, что обязательно об этом сообщит.

Отметим, в социальных сетях распространяется информация о том, что Алмазбек Атамбаев намерен вылететь в Москву по приглашению экс-таможенника России Андрея Бельянинова. Его называют «куратором Кыргызстана», сейчас возглавляет Евразийский банк развития.

Напомним, что парламент снялнеприкосновенность с бывшего президента Алмазбека Атамбаева. Ему выдвинуты пять обвинений, в числе которых незаконное освобождение вора в законе Азиза Батукаева и коррупция.

Источник: 24kg

09.06.19 informator.kg Бишкек шаарынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев, өзүнүн фейсбук баракчасына көчөлөргө илинүүчү көрнөкчөлөрдү чыгарган.

Анда, көчө аттары кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылган.

“Туристтер келет. Булар көчөнүн башына, ортосуна, аяагына койуулчулар. Ар бир үйгө кыргызча эле болот”,- деп комментарий берген.

Чет тилдерди үйрөнүүнү кааласаңыз. 8 өзгөчө кеңеш

17.06.19 informator.kg Чет тилиди үйрөнүү үчүн эреже керек, эрежелер дайыма бизге системалуу үйрөнүүгө жол ачат. Чындыгында тил үйрөнүүдө эң башкысы каалоо болуп саналат. Андыктан, каалоо 100%дык болуш керек. Ал эми, төмөнкү келтирилген кеңештер баарына эле ылайыктуу болушу мүмкүн эмес, бирок жасап көрүү сизге ашыктык кылбайт.

  • Сөз байлыкты көбөйтүү. Ооба, ар бир тилди үйрөнүүдө сөз жаттоо абзел, бирок, жөн гана жаттап койбостон эске салып, улам кайталап туруу да керек. Ал эми, мындай шартты биздин телефондогу тиркемелер түзүп берет. Мисалы Lingualeo,  Duolingo, What A Trip,  Intelli колдонууну сунуш кылабыз.
  • Кайталап окуу. Текстти, сөздү дептерге жазып, андан соң аны үн чыгарып кайра-кайра кайталап окуу. Жаңы сөздөрдү жазып жана окууда, мээ аларды тез кабыл алат.
  • Кыймыл учурунда. Чындыгында кыймыл учурунда жаңы сөз жаттоо мүмкүн эместей сезилиши мүмкүн. Бирок, изилдөөлөргө таянсак таза абада чуркап жана басып ж.б кыймыл абалында үйрөнүү эффективдүү.
  • Жумушка же хоббиге жараша. Эгер тил үйрөнүүнү өз кесибиңиз же хоббиңизге тиешелүү сөздөрдөн баштасаңыз жемиштүү болот. Андыктан, өзүңүзгө керек сөздөрдү биринчи жаттаңыз.
  • План. Тил үйрөнүүдө план түзүү абдан керек. Ар бир күнгө 10 жаңы сөз аларды эртең менен жаттоо, түштө кайталоо, кечинде кайталоо жана колдонуп көрүү.
  • Тасмалар. Эгерде башында түшүнүү кыйын болсо да, көрүү абзел. Угууну жакшыртуу үчүн 1 жумада 2 жолу кыска тасмаларды чет тилинде көрүү керек Бул метод башында билинбейт, бирок келечекте жемишин берет.
  • Каталар.  Эгерде сиз ката кетирсеңиз бул жакшы, себеби ката менен сиз ал сөздү же текстти дагы жакшы жаттап каласыз. Албетте, көңүл буруу менен мамиле кылсаныз. Каталарды жазып, кайталоо ашыктык кылбайт.
  • Айлана чет тил. Тил үйрөнүү эркти жана каалоону талап кылат, андыктан сиз болушунча үйрөнүп жаткан тил менен өзүңүздү байлашыңыз керек. Ырлар, телефондогу тил опциясы, стикерлер, кабарлар б.а айланаңыз жаңы тилде болуусу шарт.

Бул кеңештер сиз үчүн пайдалуу болот деген үмүттөбүз, жакын адамдар менен маалыматты бөлүшүңүз. Ийгилик!