Коом

Коом Страница 3

Фарид Ниязов 48 саатка камалды

11-октябрь 2020/informator.kg- Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, алгач Фарид Ниязов күбө катары сурак берген, бирок кийин ал шектүү деп өзгөртүлгөн.

— «Ал убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды. Темирлан Султанбеков, Алмазбек Атамбаев, анын мурунку күзөтчүлөрү Дамир Мусакеев жана Канат Сагымбаев дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле айдоочусу Анвар Арматов да бар», — деди Кундуз Жолдубаева. Алар 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө.

УКМК: Салайдин Авазов кайра кармалды

11-октябрь 2020/informator.kg-

6-октябрда митинг болгон түнү түрмөдөн мыйзамсыз чыккан “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. 11-октябрда ыкчам издөө ишинин жыйынтыгында кармалганы айтылат. Ал учурда Жазаларды аткаруу кызматынын камагында жаза өтөөсүн улантууда. Кошумчалай кетсек, Салайдин Авазов Бишкек жылуулук борборун модренизациялоодогу коррупциялык иш боюнча соттолгон.

“Ала-Тоо” аянтындагы митингде 5 адам жабыркаган

10-октябрь 2020/informator.kg

Кечээ Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында болгон митингде беш киши жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, үчөө ооруканага жатты, абалы орточо оор. Ал эми эки киши амбулатордук түрдө дарыланууда.

Сутка ичинде 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

10-октябрь 2020/informator.kg– Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте бир, Ош шаарында бир, Ош облусунда 3 Жалал-Абад облусунда 6, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда бир медик илдетке кабылды. Ал эми бир суткада үй карантининен 6 медициналык кызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3393 учур катталды, алардын ичинен 3081 медкызматкер айыгып чыкты. Белгилей кетсек, 10-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 307 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 924тү түзөт. Алардын ичинен 44 миң 227 киши айыгып чыкты, 1 миң 82 адам каза болду.

Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта иштеп баштайт – ИИМ

10-октябрь 2020/informator.kg-

Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Министрлик билдиргендей, 9-октябрь күнү президент Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20:00дөн баштап 2020-жылдын 21-октябрына саат 08:00гө чейин өзгөчө абал киргизилет. Бишкектин коменданты болуп ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалды.Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында өзгөчө абал 10-октябрдан тарта киргизилерин билдирет.

Бишкекте түндө талкалоолор жана талап-тоноолор болгон жок

10-октябрь 2020/informator.kg-

Бишкекте абал тынч. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирет. Түндө шаарда кандайдыр бир талкалоолор жана талап-тоноолор болгон эмес. “Шаардык милиция, аскер жана элдик кошуундардан турган түнкү кайгуул мыйзам бузуу жана кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кызмат өтөштү. Коомдук коопсуздук күч түзүмдөрүнүн жана элдик кошуундун көзөмөлүндө турат. Жеке жана мамлекеттик мүлк, ошондой эле стратегиялык объекттер коргоого алынган”, – деп билдиришти шаардык милициядан.

Кубатбек Бороновдун өкмөтү отставкага кетти

9-октябрь 2020/informator.kg-

Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновдун премьер-министрлик кызматынан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алды. Президенттин расмий сайтынын маалыматы боюнча, бул азыркы өкмөттүн курамы да кетти деп эсептелет. Өлкө башчынын буйругу кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет. «Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 65-беренесине, 87-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Респубикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсү кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта. Жарлыкка ылайык, отставкага кеткен Өкмөттүн курамы кызматтык ишин Өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп келгенге чейин убактылуу милдетин аткаруучу катары аткара беришет.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматтан бошотулду

9-октябрь 2020/informator.kg-

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды. Опумбаев Конституциянын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык иштен алынды. Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновдун премьер-министрлик кызматынан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алды. Президенттин расмий сайтынын маалыматы боюнча, бул азыркы өкмөттүн курамы да кетти деп эсептелет. Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгына 2019-жылдын 18-июнь күнү дайындалган.

Төрт партия Бабановду премьер-министр кызматына көрсөттү

9-октябрь 2020/informator.kg-

“Республика”, “Реформа”, “Ата-Мекен” жана “Бир Бол” партиялары Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке, ал эми Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министр кызматына сунуштоодо. Бул тууралуу аталган партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди. Алар “Акыркы үмүт” аталышындагы меморандумга кол койгонун билдирип, алардын билдирүүсүн “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова окуп берди. Билдирүүгө ылайык, аталган төрт партия Өмүрбек Бабановду премьер-министр кызматына, ал эми Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер кызматына көрсөтүүнү чечкен.

Бүгүн түштөн кийин Бишкектеги Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык бөлүмдөрү жабылат

????????????????????????????????????

9-октябрь 2020/informator.kg-

Бишкектеги түзүлгөн кырдаалдан улам Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборлору, “Унаа” мекемеси, “Кыргызпочтасы” ишканасы, “119” колл-борбору жана архив бөлүмдөрү бүгүн саат 12:30дан кийин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Каттоо кызматы жарандарды тартипти сактоого чакырат. Бардык объектилер нөөмөттө турган кызматкерлер тарабынан кайтарылат.