Коом

Коом Страница 3

Жантөрө Сатыбалдиев ооруп, сотко келген эмес

Бишкек. 11.09.2019. informator.kg Коррупцияга шектелип, УКМКнын тергөө абагында жаткан мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин саламаттыгы начар. Бул тууралуу анын жактоочулары билдиришкен. Алардын айтымында, бүгүн Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш ишин соттук кароо ушул себептен кийинкиге жылдырылган. Анда абакта жаткан чиновниктин абалы жакшы болбой, сотко алынып келинген эмес.

Бирок, УКМК анын денсоолугу канчалык деңгээлде, кайсыл оорунун айынан начарлаганын азырынча айта элек.

Эртең саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митинг боло турганы айтылды

8-октябрь 2020/informator.kg-

Эртең, 9-октябрь күнү саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митинг болот. Бул тууралуу “Социал-демократтар” партиясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин, ошондой эле мыйзамдуулук жана тартип орнотулушун каалаган бардык саясий партиялардын лидерлеринин катышуусу күтүлүүдө.“Урматтуу кыргызстандыктар!Бүгүнкү күндө мамлекеттин эртеңи коркунучта турат. Мамлекеттик башкаруу системасы башаламандыкка батып бара жатат. Элден качып кеткен президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү ушундай мышык ыйлагыдай абалга жеткиргени аз келгенсип мамлекеттик органдарды шал кылуу аракетин улантууда. Мамлекеттик бийликти кечээ эле Жээнбековдук-Матраимовдук үй-бүлөлүк жана кландык режимин кубаттап жаткан күчтөр менен ыңгайлуу учурду күтүп отурган адамдар басып алууда. Булар кресло талашып жатканда чыныгы оппозиция эл менен чогуу Бишкектин көчөлөрүндө Жээнбековдук-Матраимовдук кылмыштуу мафиялык топторго каршы күрөшүп, шаарды коргоп жүрдү. Урматтуу мекендештер!Өлкөдөгү туруктуулук жана тартипти калыбына келтирүү керек. Матраимовдор менен Жээнбековдор агенттерин жөнөтүп, алар элдик революцияны жокко чыгаруу максатында Бишкекте жеке менчикке тийиштүү объектилерди атайылап талкалап жатышат. Биз кулатылган бийликтин кылмыштуу аракеттерин токтотушубуз зарыл. Буга байланыштуу 6-октябрда башкалар менен чогуу элдик кошуун уюштурдук. Алар шаарды коргоодо олуттуу салымын кошуп жатышат. Кулатылган бийликтин өкүлдөрүнөн турган уюшкан кылмыштуу топ реванш алуу максаты менен элдин арасына жик түшүрүп, аймактар аралык жек көрүүнү жаратууга аракет кылып жатышат! Биз буга каршы турушубуз керек! Биз бардык демократиялык, элдик-мекенчил жана башка прогрессивдүү күчтөрдү өлкөдө туруктуулук, тынчтык, мыйзамдуулукту орнотуу максатында үй-бүлөлүк жана кландык режимдердин реванш алуусуна жана талап-тоноочулукка каршы 9-октябрь күнү саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митингге чыгууга чакырабыз. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин, ошондой эле мыйзамдуулук жана тартип орнотулушун каалаган бардык саясий партиялардын лидерлеринин катышуусу күтүлүүдө”, – деп жазылат маалыматта.

“Орто-Сай” базарында чыккан өрттөн жабыркагандар жок

9-ноябрь 2020/informator.kg- Бүгүн түндө Бишкектеги “Орто-Сай” базарында чыккан өрттөн, баштапкы маалыматка караганда, адамдар жабыркаган жок. Бул  тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, өрт саат 00:18де, базардын Сүйөркулов көчөсүнө жакын тарабында башталган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү беш машина барган. Белгилей кетсек, саат 02:16да өрт чектөөгө алынып, эртең мененки саат 8:55де толук өчүрүлгөн. Билдирүүгө караганда, өрт каптаган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түзөт.

Атамбаевди абакта сүрөткө тарткандар карцерге киргизилди

Бишкек. 6.11.20 informator.kg  Бүгүн, кыргыз интернет айдыңында тараган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы сүрөтү боюнча ЖАМК түшүндүрмө берди. Андагы маалыматка караганда, мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди №47-түзөтүү абагында кечки сейилдөө маалында соттолуучулар тартып алышкан.

“Ушул жылдын 5-ноябрь күнү №47-түзөтүү колониясынын административдик имаратындагы кечки сейилдөө маалында мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев  башка соттолуучулар менен кыска маек курган мезгилди сүрөткө тартып алган соттолуучулар аныкталды. Атайын текшерүүнүн алкагында КРнын КЖКсынын 97-беренесинин 2-бөлүгү менен менен 30 жылга эркинен ажыратылган 1994-жылы туулган К.Бнын жанынан мобилдик телефон табылган. Ошондой эле  КР КЖКнын 97-беренеси менен 17 жылга эркинен ажыратылган 1996-жылы туулган соттолуучу А уулу Днын окуяга тиешеси бар экенин аныкталган. Абактын жетекчилиги мыйзамдарга ылайык эки соттолуучуну 15 суткага карцерге жаткыруу чечимин кабыл алды”,-деп айтылат ЖАМКнын маалыматында.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн козголгон бир нече сот иштери соттук тергөөнүн аягына чыга элек.

“АЛЛАХ” деп жазылган сатыктагы кыска юбкалар сынга кабылды


25.05.19 informator.kg Көз карандысыз сатуучулар өздөрүнүн жеке белгилери менен кийимдерди саткан Redbubble деп аталган онлайн-платформа “Аллах” деп аталган кыска юбка саткандыгы үчүн сынга кабылды.

kratko-news.com маалымат булагы жазган маалыматка таянсак, алардын биринде «Аллахка шүгүр», экинчисинде «Алахсыз мен эч киммин» деген сөздөр жазылган. Кийимдер сайтта 25-28 фунттан сатылган.

Платформанын коноктору бул чырлуу буюмду көрүшкөндө чуу түшүп калышкан. «Муну кимиңер көрдүңөр? Аллахтын аты менен кыска юбка! Бул абдан капалантат экен жана бул силер тараптан болгон акылсыздык», – деп жазган алардын бири Twitter аркылуу Redbubble платформасынын билдирүүсүнө жооп кылып.

Redbubble өкүлдөрү бул ыңгайсыздык жараткан буюмга көңүл бургандыгы үчүн рахмат айтуу менен аны сайттан өчүрүүгө аргасыз болушкан. Январь айында Air Max брендинин моделдери Nike спорттук кийими аркылуу мусулмандардын диний ишенимине шек келтиришкен. Сайка Норин аттуу активист кроссовканын таманына чапталган логотип арап тилинде Аллах деген жазууну камтыгандыгын айткан.

Акыркы суткада 167 адамдан COVID-19 жаңы аныкталды. Жалпы 46 миң 522 учур

29-сентябрь 2020/informator.kg-

Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 167 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавирус каршы Республикалык штаб билдирет. Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 522 адамга жетти. Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 9
  • Ош – 5
  • Чүй облусу – 15
  • Ош облусу – 38
  • Талас облусу – 1
  • Нарын облусу – 2
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу – 31
  • Баткен облусу – 55

Э.Сыдыманов Садыр Жапаровдон жардам сурады.Соттук отурум уланат…..

9-ноябрь 2020/informator.kg-

Блогер Элмир Сыдымановго козголгон иш боюнчасоттук отурум 12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда уланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына блогер өзү билдирди. Маалыматка ылайык, анын сөздөрүнө экинчи жолу жасалган комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыккан.

“Экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Кандай жыйынтык чыкканы толук айтылбайт экен. Бирок биринчи чыгарган жыйынтыкка окшош экенин жактоочум айтты. Мындан улам 12-ноябрда кайрадан сот иши уланат. Буга чейин мага козголгон берене менен бир киши 5 жылга соттолуп кетти. Экспертизанын жыйынтыгы оң натыйжа менен чыкпагандан кийин менде кайрадан коркунуч башталды.

Мен президенттин милдеттин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылуу кылам. Ал адам 313-беренени (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) кайра жакшылап карап чыкса деген өтүнүчүм бар. Анткени бул беренеде айып салуу, пробация деген жок. Болгону 5 жылдан 7 жарым жылга чейин соттолушуң мүмкүн. Ошондуктан менин ишимди көзөмөлдөп, акыйкат чечим чыгарып бергенге жардам берүүңүздү суранам”, – деп билдирет ал. Булак:Супер инфо

Мурдагы консул Эркин Сопоков кармалды

Бишкек. Informator.kg Истамбулдагы Кыргызстандын мурдагы консулу Эркин Сопоков кармалганын УКМКдан билдиришти. Анда минтип айтылат.

“Буга чейин маалымдалгандай, 2019-жылдын 22-ноябрында “Саймаити менен болгон сүйлөшүү жана анын Сопоков менен байланышы” тууралуу Kloop жана «Азаттыктын иликтөөсүндөгү» материалдардын жарыяланышы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренсинин 1-б. жана 130-беренесинин 1-б. (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганфакты боюнча тергөө тобу сотко чейинки өндүрүштүк ишин баштаган.
Тактап айтканда, 2019-жылдын 28-ноябрында КР Стамбул шаарынын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков УКМКга сурака чакырылган.
Эскерте кетсек А.Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан Сопоковдун дипломатиялык номердеги унаасы табылган.
Мындан тышкары КР Стамбулдагы консулу Э.Сопоковду комплекстүү текшерүү иш аракеттеринин жыйынтыгында КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери КР УКМК тергөө башкармалыгына жиберилген.
Алар:

  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынна кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталган Э.Сопоков тарабынан дипломатиялык номери менен «Лэнд Ровер – Рэндж Ровер» маркасындагы өздүк автоунаасын А.Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз берген фактысы
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2 пункту (мыйзамсыз баюу) боюнча катталган Э.Сопоковдун 200 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 млн. сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы.
  • Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси 2-бөлүмү (Кызмат абалынна кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталган Э.Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30% акча каражаттарын мыйзамсыз алуу фактысы. Анткени жубайы бул учурда Стамбул шаарында жашаган эмес. Ошондой эле жалпы суммасы 31 040 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирген мыйзамсыз түрдө медициналык жана өкүлчүлүк чыгымдарды алуу фактысы.
    Сопоковдун катышуусунда тиешелүү тергөө иш чараларынын жыйынтыгында ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
    Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатындабаардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары жүрүп жатат”,-деп жазылат билдирүүдө.

Ө. Текебаев менен Д. Чотонов парламенттик шайлоого катыша алат

Бишкек. 3.08.20 informator.kg

“Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдор быйыл күздө өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша алышат. Бул тууралуу алардын жактоочусу, юрист Таалайгүл Токтакунова билдирүү берди.

Анын айтымында, аталган эки саясатчы тең мурда соттолгон эмес жана алардын үстүнөн “Коррупция” беренеси менен козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлгөндүктөн, ал берененин өзү мыйзамдуу экенин талаш жаратат.

“Кыргызстандын мыйзамдарында менин кардарларымдын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуусуна тыйуу салган ченемдер жок. Ооба, сот жүрүп жатат, бирок, Текебаев да, Чотонов да соттолгон эмес, соттуулугу жок. Демек, алар толук шайлоого жана шайланууга укуктуу”,-дейт жактоочу.

Эске сала кетсек, аталган эки саясатчыга козголгон кылмыш иштери боюнча мурдагы соттук чечимдер Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, иш кайра кароого алгачкы инстанцияга жиберилген.

ЖАМК: “Садыр Жапаров абактан 230 адамды бошотуп, 38 соттолуучунун мөөнөтүн кыскартты”

20-ноябрь 2020/informator.kg- 18-ноябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун президенттин милдетинаткаруу учурунда ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык абактан 230 адам бошотулду, 38 соттолгон адамдын мөөнөтү кыскартылды. Учурда бул багытта иштер улантылууда. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ырайым кылуу маселелерин Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан гана жүзөгө ашыра алат. Ыйгарым кылуу актысы президенттин жарлыгы менен ага карата кайрылуу кабыл алынган соттолгон адамга жиберилет. Эгерде ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылса, президент расмий чечим чыгарат. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондорго ырайым кылуу боюнча 1800дөн ашуун кайрылууну Кыргыз Республикасынын президентине караштуу кайрымдуулук катчылыгына жөнөткөн. Учурда бул багытта иштер улантылууда.